КӨПТҮКТӨР МЕНЕН ЖҮРГҮЗҮЛҮҮЧҮ АМАЛДАР
- 24.11.2023
- 0

Токтомушева Элиза,
Кара-Кулжа районунун Козу Ормокеев атындагы орто мектебинин математика мугалими
Математика 5-класс
Сабактын темасы: Көптүктөр менен жүргүзүлүүчү амалдар
Сабактын тиби: жаңы билимдерди өздөштүрүү
Сабактагы колдонулуучу усулдар жана ыкмалар: Интерактивдуу.
Сабактын максаты: Көптүктөрдүн үстүнөн жүргүзүлүүчү амалдарды жүргүзүүгө үйрөнөт, турмуштук мисалдарды келтире алат, ынтымакка, достукка тарбияланышат.
Күтүлүүчү натыйжа: Көптүктөрдүн үстүнөн жүргүзүлүүчү амалдарды жүргүзөт, турмуштук мисалдарды келтирет, ынтымакка, достукка тарбияланышат.
Сабактын жүрүшү:
1.Сабакты уюштуруу жана жагымдуу маанай түзүү
- Үй тапшырмасын проектордун жардамы менен көрсөтүп текшерип алуу.
- M1 көптүгүн ЦЮРИХ сөзүндө колдонулган тамгалар жана M 2 көптүгүн РИМ деген сөздө колдонулган тамгалар түзсүн дейли. Көптүктөрдү тапкыла:
a) M1={Ц; Ю; Р; И; Х }; b) M2={Р; И; М}; | e) M1 \ M2={Ц; Ю; Х }; f) M2 \ M1= {M }. |
- c) M1 ∪M2={Ц; Ю; Р; И; Х ; M};
- d) M1 ∩ M2={Р; И };
Класс 2 топко бөлүнөт. Ар бир топ өз атын коргойт.
1-топ Боз үй тобу
2-топ Ак калпак тобу
Мугалим: Математика илим ушул күндө,
Жайылды туш тарапка, бүт дүйнөгө.
Кызыгат дүйнө эли, жалпы адамзат,
Математика илимин үйрөнүүгө.
1-топ: Ак боз үй
Сан миң койдун жүнүнөн,
Сансыз түйдөк түрүшөт.
Сай талдардын түрүнөн
Кереге-уугун сүрүшөт.
Түндүктүн буурул таңында,
Көк мунарык шаңында,
Көркү сонун боз үйдү,
Көкжал көчмөн эрендер
Көк жайыкка тигишет.
2-топ: Ак калпак
Балпайышып аталар,
Бакай калпак кийишкен.
Түрлөп көркүн чыгарып,
Ууз энелер тигишкен.
Ак кар жатса тоолордо,
Бийиктигин билдирет.
Калпак кийген атанын
Ыйыктыгын билдирет.
- Топторго өз алдынча иштөөгө окуу китебинен мисал берилет.
1-топко тапшырма
№50 U = {1; 6; 8; 4; 2; 11}, универсалдуу көптүгү жана анын көптүкчөлөрү W1 = {2; 4; 6; 8} жана W2 = {1; 2; 4; 11} болсо, анда тапшырмаларды аткаргыла.
№53 Эгер U = {В; Ь; Е; Т; Н; А; М}, универсалдуу көптүгү жана анын көптүкчөлөрү А1 = {В; Е; Н; А} жана А2 = {Т; Е; М; А} болсо, анда тапшырмаларды аткаргыла.
2-топко тапшырма : №52 Эгер X = {3; 7; 9; 14; 2; 11} универсадуу көптүгү жана анын көптүкчөлөрү Y1 = {2; 7; 9} жана Y 2 = {7; 2; 14; 11} болсо, анда тапшырмаларды аткаргыла.
№51 U = {☺; ☼; ♥; ♦; ♪; ♫} универсалдуу көптүгү жана анын: А1 = {☺; ☼; ♥; ♫} жана А2 = {♥; ♦}. көптүктөчөлөрү болсо, анда төмөнкү тапшырмаларды аткаргыла.
Топторго көнүгүүлөрдү аткаруусуна карай упайлар берилип, мугалим тарабынан алкыш, мактоо сөздөрү айтылып турат.
- Жыйынтыктоо. Ар бир топ өз упайларын эсептешет. Окуучулар бааланат.
- Үй тапшырма окуу китебинин 20-бети №9
Комментарийлер