Күн менен булуттун кармашы

  • 23.04.2024
  • 0
Күн менен булуттун кармашы

Адабий окуу, 3-класс

Күн менен булуттун кармашы

Сабактын максаты

Билим берүүчүлүк: окуучулар Дамира Арстанованын “Күн менен булуттун кармашы” тексти боюнча маалымат алып, окуп, мазмунун түшүнөт.

Өнүктүрүүчүлүк: чыгарма боюнча берилген суроолорго жооп берип, өз ойлорун эркин баяндап бере алышат.

Тарбия берүүчүлүк: ичи тар, ач көз, өзүмчүл болбой, боорукер, адилеттүү болууга тарбияланышат.

Күтүлүүчү натыйжалар: Б. Абдихамидованын “Булут” деген китебин интеграциялайт. Мында окуучулар эки теманы салыштырып, өз ойлорун айтышат. Берилген тапшырманы ой жүгүртүү менен аткара алышат. Адептүү, боорукер, ак ниеттүүлүккө тарбияланышат.

Окутуунун тиби: ачык сабак

Колдонулуучу стратегиялар\ыкмалар: макта, сура, оңдо стратегиясы

Окутууну уюштуруунун  формасы: жекече, жуптарда, жалпы класс менен иштөө

Керектелүүчү каражаттар: китеп, ручка, маркер, ватман, схемалар жана тех.каражаттары ж.б.

Уюштуруу: 

Арбаңыздар агайын, туугандар,

Көздүн астына көптөгөн шаарды батырган.

Көкөтөйдүн ашына дүйнө элин чакырган,

Каркырага карк журттун,

Барктуу журтту батырган.

Тор айгыры тескейдеги күнгөйгө сүзүп өткөн,

Тоо атагы, жер атагы далай жерге кеткен.

Пейили кенен, берер ашы белен,

Акылы, көрөңгөсү көлдөй терең.

Касиеттүү жети акенин улуу журту,

Амансыздарбы?

Алтын эреже кабыл алуу: бирин-бири сыйлоо, топто иштөөдө бири-бирин сыйлоо, убакытты туура пайдаланабыз, кол көтөрүп жооп беребиз, мугалимди кунт коюп угабыз.

Баалоо критерийи: үй тапшырмага берилген “Көктөм” ырын көркөм айта алса —  бир упай. Күндүн бетиндеги булуттарды сүрүп чыгарууда берилген суроолорго жооп бере алса — бир упай. Жаңы тема боюнча берилген суроолорго жооп берсе — бир упай. Топторго берилген тапшырмаларды аткарып жактап берсе — бир упай. Жыйынтыктоодо берилген суроолорго жооп берсе — бир упай.

Топторго бөлүү: окуучулар партанын астындагы жашырынган сүрөттөр аркылуу топторго бөлүнүшөт.

Үй тапшырмасын кайталоо: Көктөм ыры

Бардык-бардык өсүмдүк,

Бардык-бардык жаныбар.

Күтө-күтө көктөмдү,

Абдан-абдан сагынар.

Аппак-аппак булуттар,

Бийик-бийик асманда.

Көчүп-көчүп баратат,

Алыс-алыс жактарга.

Чексиз-чексиз талаалар,

Күндө-күндө кулпунат.

Шаңдуу-шаңдуу ыр менен,

Кучак-кучак гүл сунат.               Токтосун Самудинов 

Актуалдаштыруу. Топторго бөлүү

Окуучулар партанын астындагы жашырынган сүрөттөр аркылуу топторго бөлүнүшөт. Сабактын темасын, максатын айтат түшүндүрөт.

Күн менен булуттун кармашы

Текст менен таанышканга чейин мугалим окуучуларга багытоочу суроолорду берет: Күн эмнеге шашты? Сур булут анын өтүнүчүн аткардыбы? Күн эмне үчүн ыйлап жиберди? Булутту ким, кантип сүрүп чыгарды?

Текстти окуу: чыгарманы мугалим же окуучулар кезек менен көркөм окушат (1-тиркеме).

Балдар, Батмахан Абдухамидованын «Булут» деген китебин окуп, «Күн менен булуттун кармашы» текстине салыштырып көрөлүчү.

Текст менен таанышкандан кийин окуучулардын тексттин мазмуну боюнча алган түшүнүктөрүн бекемдөө үчүн бир нече тапшырмалар берилет.

Топторго тапшырма: биринчи топ: Күн. Сүрөттөргө карап аңгеме түз.

2-топ: Булут. Макта, сура, оңдо стратегиясын колдонуп аңгемени баалоо

Сура:

Сен автордон эмне жөнүндө сурагың келип жатат?

1_______________________________________________

2_______________________________________________

3_______________________________________________

Оңдо:

Сенин оюң боюнча, текстте эмнени оңдоо керек?

1_____________________________________________

2_____________________________________________

3_____________________________________________

Жыйынтыктоо: ырастоо схемасы

Күн менен булуттун кармашы

Рефлекция: Бүгүнкү күтүлүүчү натыйжабыз максатына жеттиби? Балдар, бүгүнкү сабак түшүнүктүү болдубу? Силерге сабак жактыбы?

Үй тапшырма: Күн менен булутту салыштырып, венндин диаграммасын түзүү.

Баалоо: Баалоо критерийи менен мугалим ким активдүү катышкандарды топтордо баалап өтөт.

Арзиева Айгүл, Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Өрнөк” орто мектебинин башталгыч классынын мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер