Көлөмдүү фигуралар. Куб, параллелепипед

  • 27.05.2024
  • 0
Көлөмдүү фигуралар. Куб, параллелепипед

Математика, 4-класс

Сабактын тиби: жаңы билимге ээ болушат, билимдерин жана билгичтиктерин бышыкташат.

Предметтер аралык байланыш: сүрөт, технология, информатика, геометрия.

Сабактын жабдылышы: санариптик каражаттар, ватман, скотч, маркер, математикалык таблицалар, геометриялык фигуралар.

Сабактын сүрөттөлʏшʏ:

Сабактын  баскычтары:   сабактын  баскычтарга  карата  жʏрʏшʏ:

Сабакка  киришʏʏ: Уюштуруу, жагымдуу маанай жаратуу (күн менен саламдашуу), топторго бөлүштүрүү (3 топко бөлүнүшөт: “Куб”, “Параллелепипед”, “Шар”). Чакан тапшырмалар берилет, топтун атын коргошот.

Сабактын темасы: Көлөмдүү фигуралар.  Куб, параллелепипед

Сабактын максаты: Окуучулардын көлөмдүү фигуралар жөнүндө түшүнүгүн калыптандыруу; алардын ар түрдүүлүгүн көрсөтүшөт.

Таанып билүү активдүүлүгүн, жаратылышты изилдөөгө кызыгуусун, көңүлүн, эс тутумун өнүктүрүү. Так бөлүштүрүү жөндөмүн иштеп чыгуу менен турмушта айкалыштырууга көнүктүрүшөт.

Билим берүү ишинин ийгилигинин критерийинин негизинде өзүн-өзү баалай билүү, маселелерди талкуулоого катышат.

Болгон билимдерин актуалдаштыруу. Классты жана окуучуларды сабакка даярдоо, келбеген окуучуларды жоктоо, окуу куралдарын текшерүү)

Үй тапшырмасын суроо (текшерүү, жыйынтыктоо)

Алдыңкы  сабакта аянттын кандай чен бирдиктери менен тааныш болдуңар эле?

S=cм²,S=дм², S=м² Бул узундук бирдиктери менен ар кандай узундукту таба аласыңар. Силер үчүн тааныш эмес болгон кандай узундук бирдиктерин билесиңер?

Чоң-чоң талаа аянттарын эсептөө үчүн кандай бирдик керек болот деп ойлойсуңар? (слайддан өтүлгөн тема менен жаңы теманын ортосуна өбөлгө түзүү үчүн дидактикалык материалдар көрсөтүлөт)

Окуучулардын  тʏшʏнʏʏсʏн  калыптандыруу

Жаңы темага өбөлгө түзүү

Жаңы тема боюнча окуучуларга түшүнүк берүү (слайд)

Балдар, келгиле, сүрөттөгү фигураларды 2 топко бөлөбүз. Ооба, булар жалпак фигуралар жана көлөмдүү фигуралар болуп 2 топко бөлүнөт.

Көлөмдүү фигуралар. Куб, параллелепипед Көлөмдүү фигуралар. Куб, параллелепипед

№1022. Кубдун грандарын атап, тамгалар менен жаз. Мунун канча кыры бар? Гранычы?  Канча кыры жана граны бизге көрүнбөй жайгашкан?

Маселеде жалпак фигура менен көлөмдүү фигуранын жалпы бетинин аянтын табууда, окшоштуктарды жана айырмачылыктарды аныкташат.

Көлөмдүү фигуралар. Куб, параллелепипед Көлөмдүү фигуралар. Куб, параллелепипед

Ооба, АВСD-квадрат, ал жалпак, столдун, китептин бетине барат. Экинчи фигура — куб. Кубдун бети бирдей 6 квадраттан турат. Алар — ABCD, BKFC, CFED, BKNA, KFEN, ANED — кубдун грандары деп аталышы. Ал эми АВ, ВС, СD, AD, BK, KF, CF, FE, DE, KN, NE, AN — кубдун кылары. Ооба, 3 граны жана 3 кыры бизге көрүнбөй, үзгүлтүктүү сызык (штрих) менен сызылат.

Тапшырманы аткаруу

Окуучулар маселеде эмне белгилүү экендигин аныкташат, топто иштешет.

Картошка — 2т 400 кг                     1т = 1000 кг

Пияз — 8 эсе көп сат.                    2400:8=300

Бардыгы — ? жашылча                  2400+300=2700

Жообу: 2т 700 кг жашылча

Ар бир топ өз жоопторун айтышат, талкуу жүргүзүлөт, маселенин тууралыгы текшерилет.

Талкуу иретинде багыттоочу суроолор:

Көндʏмдөрдʏ өнʏктʏрʏʏдөгʏ прогресс

Жообуңарды  тʏшʏндʏрʏп бергиле.

— Кандай жооп алдыңар?

— Бул мисалды кантип чыгарганыңарды  тʏшʏндʏрʏп бере аласыңарбы?

— Бөлʏʏнʏ дагы башкача чыгаруу ыкмасы менен ким бөлʏшө алат?

Карама-каршы пикир жаратуу

— Интернетте силерге окшогон 4-класстын бир окуучусу ушул маселенин жообун 2500 деп коюптур.

— Силер бул баланын жообу менен макулсуңарбы?

— Кандай деп ойлойсуңар, ал окуучу мындай  жоопту кантип алды?

— Ал окуучуга эмне деп  айтат  элеңер?

Моделдештирʏʏ  жана  жыйынтыктоо: Эреже чыгаруу: 1-топ: конкреттүү түрдө: Демек, балдар, сүрөттү тышкы чеги боюнча кесип алып, пунктирдик сызыктар боюнча тыкандык менен бүктөп, чогултуп чаптагыла.

Көлөмдүү фигуралар. Куб, параллелепипед

— Чогултулган фигуранын канча кыры, канча граны, канча чокусу бар?

Мисалы: 6 граны, 12 кыры, 8 чокусу бар.

Графикалык ыкма:

Көлөмдүү фигуралар. Куб, параллелепипед

Абстракттуу түрдө: Кубдун кыры 3 см. Анын толук бетинин аянтын эсепте?

а=3см                                         S1=3cм*3см=9см2

S=?                                             S=S1*6

S1=?                                            S=9см*6=54см2

S1=a*a

Практикалык иш.

Тʏшʏндʏрʏʏ жана негиздөө стратегиясы боюнча окуучулар аткарган иштерин тʏшʏндʏрʏп берет.

Турмуштук  маселелер: Топто иштөө.

Жогорку деңгээл: 

Көлөмдүү фигуралар. Куб, параллелепипед

Кубдун жайылмасына эки карама-каршы грандарында бирдей фигура болгондой кылып тарткыла. Кубду чогулткула жана текшергиле.

Ортоңку деңгээл:

Фигуранын жайылмасынын чиймесин карап чыккыла, эгер төмөнкү граны боёлгон болсо, кайсы граны жогорку болуп саналат? Фигураны чогулткула.

Көлөмдүү фигуралар. Куб, параллелепипед

 

Төмөнкʏ  деңгээл:

Калын түстүү кагаздан жасалган жайылманын, атайын белгиленген сызык менен кесип, кубду чогулткула.

Көлөмдүү фигуралар. Куб, параллелепипед

(Жасаган кубдарды пайдаланып интернет аркылуу ыкманы чыгаруу)

Окутуунун жыйынтыктарын баалоо. Ыкчам текшерʏʏ. Формалдуу  эмес калыптандыруучу баалоо.

Суроолор жана тесттер.

Көлөмдүү фигуралар кайсылар?

а) квадрат, тик бурчтук, куб

б) куб, шар, квадрат, пирамида

в) куб, параллелепипед, шар, пирамида

Кубдун бети бирдей канча квадраттан турат?

а) 4,    б) 6,    в) 2,

Кубдун канча кыры бар?

а) 12,   б) 8,   в) 4

Кубдун кыры 2 см болсо, толук бетинин аянты канча?

а) 12см2, б) 24см,  в) 24см2

Мына ушундай бир нече тесттер менен иштешип, өз түшүнүктөрүн калыптандырышат.

Жыйынтыктоо/рефлексия       

Өтʏлгөн жаңы көндʏмдөрдʏ кайталоо 

Турмушта кубдун зарылдыгын окуучу сабактан алган билими аркылуу тастыктоо иретинде ар кандай буюмдардын моделин, ченемин, конструкциясын түзүшөт.

Yйгө тапшырма: № 1028 (аттуу сандарды майдалоо жана ирелетүү менен)

Көлөмдүү фигуралар. Куб, параллелепипедЖазгүл Калетова, З. Кутманова атындагы №53 Кара-Башат мектебинин мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер