Көбөйтүү менен бөлүүнүн байланышы

  • 21.04.2024
  • 0
Көбөйтүү менен бөлүүнүн байланышы

Математика сабагы, 2-класс

Сабактын тиби: жаңы билимди калыптандыруу сабагы

Сабактын тиби: саякат сабак

Колдонулган методу: интерактивдүү, жекече, топто иштөө

Жабдылышы:  Слайд, ватман, маркер, сүрөттөр, Кыргызстандын картасы, боз үйлөр, самолёт макети, QR код, топко бөлүү жана баалоо үчүн билеттер, аркан тартыш оюну үчүн дидактикалык материал.

Сабактын максаттары:

  1. Көбөйтүү менен бөлүүнүн байланышы боюнча түшүнүк алышат.
  2. Берилген тапшырмаларды так, туура аткарууга көнүгүп, тууралыгын талдап салыштырышат. Бири-бирин уга билүүгө, бири-бирине жардамдаша билүүгө көнүгүшөт.
  1. Көбөйтүү менен бөлүүнүн байланышын күнүмдүк турмушта колдонууга үйрөнүшөт.

Баалоо критерийлери:

  1. Көбөйтүү менен бөлүүнүн байланышын түшүнсөңөр.
  2. Берилген тапшырмалары туура, катасыз эсептей алсаңар.
  3. Бири -бириңе жардам бере алсаңар.

Саламдашуу. Топторго бөлүү.

Балдар, бүгүн биз силер менен саякатка самолёт менен барабыз. Самолётто учуу үчүн бизге эмне керек болот? Анда азыр өзүбүзгө жаккан түстөгү билеттерден алып, ошол түстөгү топко барып отурабыз.

Бүгүн биз Кыргыстан боюнча саякатка барабыз. Кыргызстанда канча облус бар? Биз кайсы облуста жашайбыз?

Балдар: Талас.

Саякатыбыз Талас облусунан башталат. Саякатка барар алдында маанайыбызды көтөрүп алалы.

Жагымдуу маанай: Бий менен

Алтын эреже кабыл алуу. Окуучулар атын эреже кабыл алууга катышат.

Үй тапшырма текшерүү. Жалал-Абад облусуна учуп келип боз үйдөгү QR код аркылуу тапшырманы окушат.

Мугалим слайд аркылуу үй тапшырмасын текшерет. Окуучулар ар бир суроого туура  жооп бергенде экрандан карточка ачылып турат. Бардык суроолорго жооп бергенден кийин жаңы тема ачылат.

Суроолор:

  1. Көбөйтүүдөн келип чыккан жыйынтык эмне деп аталат?
  2. Бөлүүдөн келип чыккан жыйынтык эмне деп аталат?
  3. 29х1=?
  4. 86:86=?

Жаңы тема менен тааныштыруу. Көбөйтүү менен бөлүүнүн байланышы

Сабактын максатын жана баалоо критерийлерин окуучулар менен биргеликте түзүү. 

Жаңы теманы түшүнүү үчүн Чүй облусуна учуп келишет, боз үйдүн QR кодундагы катылган топтордун тапшырмасын окушат жана тапшырманы аткарууга киришишет.

Топторго тапшырма берилет.

2-тапшырма: Маселени чыгар.

Окуучулар топто тапшырманы КГА ыкмасын пайдалануу менен аткарышат.

1-топ

а)  4 кутуга 5тен жумуртка салынган. Бардыгы канча жумуртка болгон?

Шартын түзүп, КГАнын абстракттуу ыкмасы менен аткарышат.

а) 4 кутуга

5тен жумуртка    —   ?

4х5=20

Ж: 20 жумуртка болгон.

2-топ

б)  20 жумуртка 4 кутуга бирдей санда жайгаштырылган. Бир кутуга канча жумуртка салынган?  КГАнын графикалык ыкмасы аркылуу чыгарышат.

б)     00000    

        00000

        00000

        00000

1 кутуда канча жумуртка?

20:4=5   Ж: 1 кутуда 5 жумуртка.

в)  3-топ

20 жумуртканы ар бирөөнө бештен кылып кутуларга салышкан. Канча кутуга жумуртка салынган? КГАнын конкртеттүү ыкмасын пайдаланып аткарышат.

Көбөйтүү менен бөлүүнүн байланышы

Канча кутуга жумуртка салынган?

20:5=4  Ж: 4 кутуга салынган.

Талкуу: бир нече окуучу жообун түшүндүрүп берет. Топтор чүкө менен бааланат. 3 топтун жеңүүчүсү аныкталат.

Багыттоочу суроолор:

  • Кандай жооп алдыңар?
  • Бул мисалды кантип чыгардыңар, түшүндүрүп бере аласыңарбы?

Карама-каршы пикир жаратуу:

а)  4 кутуга 5тен жумуртка салынган. Бардыгы канча жумуртка болгон?  Ушул мисалды башка класстын окуучусу 9 болот деп айтты. Мындай жооп менен силер макулсуңарбы же макул эмессиңерби? Себебин түшүндүрүп бергиле? Кандай деп ойлойсуңар, окуучу андай жоопту кантип алды? Ал окуучуга силер эмне деп айтат элеңер? Окуучулар  өз ойлорун айтып жооп беришет.

Моделдештирүү жана жыйынтыктоо:

  • Окуучулардын көңүлүн буруу. Мугалим түшүндүрөт.

Мисалдарды салыштырып жыйынтыгын чыгаруу.

5х4=20

20:4=5

20:5=4

Көбөйтүүнүн жана бөлүүнүн компоненттерин кайталашат.

Көбөйтүндүнү көбөйтүүчүлөрдүн  бирөөнө бөлсөк, экинчиси келип чыгат.

Тийинди менен бөлүүчүнүн  көбөйтүндүсү бөлүнүүчүгө барабар.

Нарын облусуна учуп келип боз үйдөн QR кодундагы катылган тапшырманы окушат.

3-тапшырма: Практикалык иш

Сингапур методу менен тапшырманы аткарып, кайрадан топторго бөлүнүшөт. 12, 28 жана ? белгиси дубалга илинет. Окуучуларга ар бирине тапшырма жазылган карточка берилет, көбөйтүндүсү же бөлүнүүчүсү 12, 28 деп табышса дубалда илинген 12 жана 28 санынын жанына, эгер ким аткара албай калса ал “?” белги илинген жерге турат жана ал балдарга жардам беришет, ал өз тапшырмасын аткарып, 12 же 28 саны чыккан топко кошулат.

Көбөйтүү менен бөлүүнүн байланышы

Ошентип окуучулар кайрадан 2 топко бөлүнүп калышат.

4-тапшырма. Эс алуу мүнөтү.

Балдар, биз Ысык-Көлгө барганда эмне кылабыз? Ысык-Көл облусунан боз үйдөгү QR кодундагы катылган көнүгүү жаса деген сөздү окушат.

Мугалим  сүрөттөрдү алып чыгат. Мугалим көрсөткөн сүрөттөр боюнча көнүгүүлөрдү жасашат.

Бышыктоо: Андан кийин Ош облусуна келип боз үйдөгү QR кодундагы тапшырманы окушат.

5-тапшырма. Тапшырма тез эсепте.

Ыкчам текшерүү: эки топ эки жакка туруп кезеги менен суроолорго жооп беришет.

Бүгүн биз аркан тартыш оюнун ойнойбуз, аны менен бирге өз билимибиздин күчүн сынап көрөбүз. Суроолорго тез жооп беребиз. Эгер туура жооп берсек, аркан тартыштан жеңишке жетишибиз мүмкүн. Educaplay сайтында түзүлгөн “Froggy Jumps” оюн аркылуу өткөрүлөт. Ар бир туура жооп берген бала  бирден чүкө алат. Оюндун аягында 2 топтун чүкөсү саналып жеңүүчүсү аныкталат. Кийинки тапшырманы алуу үчүн Баткен облусуна учуп келип, боз үйдөгү QR кодундагыны окушат.

Баалоо жана үй тапшырма. Өзүн-өзү баалоо критерийи боюнча самолёттун билетине түзүлгөн өзүн-өзү баалоого  + белгисин коюу аркылуу баалашат. Окуучулар өздөрүн кандай баалаганын айтып беришет.

Рефлексия: Бүгүнкү сабакта эмне жакты? Эмнени үйрөндүңөр? Эмне кызыктуу болду? Үй тапшырманы кайсы облуска барып аткарабыз?

Балдар: Талас

№699, 700 120-бет

Көбөйтүү менен бөлүүнүн байланышыМагира Медетова, Талас районуна караштуу Рысбек Айдаралиев атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер