«Ит жана аюу» жомогу
- 21.04.2024
- 0

Адабий окуу, 2-класс
Сабактын максаты
Билим берүү: «Ит жана аюу» жомогунун мазмуну менен таанышып, алар жөнүндө кошумча маалымат алышат.
Өнүктүрүү: Түшүнүктөрүн далилдүү айтып берүүгө көнүгүшөт. Сүйлөө кеби өсөт.
Тарбия берүү: Бири-бирине жакшы мамиле кылууга, дос тандай билүүгө үйрөнүшөт.
Сабактын тиби: Жаңы материалды өздөштүрүү.
Колдонулуучу усулдар: Интерактивдүү, тыным менен окуу, “Угам, окуйм, түшүнөм”, чыгарманын картасы, жупта, топтордо иштөө.
Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, түстүү сүрөттөр, слайд.
Предмет аралык байланыш: Мен жана дүйнө, көркөм өнөр, музыка.
Уюштуруу: Саламдашам. Классымдын жалпы абалына көз салам.
Окуучунун ишмердүүлүгү: Окуучулар саламдашат.
Амансыңбы, кайрымдуу асман ата?
Амансыңбы, мээримдүү жер эне?
Амансыңбы, жаркыраган алтын күн?
Амансыңбы, досторум?
Амансызбы, эжеке?
Мугалимдин ишмердүүлүгү: Аманчылык менин сүйүктүү окуучуларым.
Жагымдуу маанай: Ар дайым ачык кабагым,
Дайым даяр сабагым.
Саламаттык каалаймын,
Жагымдуу маанай тартуулайм.
Маанайыбызды көтөрүп алдыкпы, анда сабагыбызды баштайлы.
Окуучунун ишмердүүлүгү:
Жалпыбыз тең бирдейбиз,
Жалкоолукту билбейбиз.
Мындай кызык сабакта,
Баарыбыз тең бешке жооп беребиз.
Шыктандыруу. Мугалимдин ишмердүүлүгү:
Кызыл, жашыл, сары өңдөрдү тандатып, 3 топко бөлөм.
Топтордун атын тааныштыруу.
Баалоону тааныштыруу: Кар бүртүкчөлөрү менен баалайм. Сүрөттөр аркылуу эрежени кабыл алам. Жаккан өңүн алышат, ошол боюнча 3 топко отурушат.
1-топ — «Кыш»
2-топ — «Чилде»
3-топ — «Аяз»
Алтын эреже
Кулак – кунт коюп угабыз.
Ооз – уккандарыбыздын баарын унутпай айтабыз.
Кол – кол көтөрүп жооп беребиз.
Саат – убакытты туура пайдаланабыз.
Аары – ызылдабайбыз.
Үй тапшырманы текшерүү: Мурунку сабакта кайсы теманы өттүк эле? Анда 3 топ өтүлгөн темага карата кайталоо жүргүзүп, тапшырманы текшерели. Ырды жаттап келдиңерби? Кана, баарыбыз ырдайбыз. Кыш мезгилине тартып келген сүрөттөрүңөрдү галереяга чаптайлы. Карап баалайм. РАФТ стратегиясын окутам.
Окуучулардын ишмердүүлүгү: «Жаады кар» ыры. Топтор тапшырмаларды айтып, ырдап беришет, сүрөттөрүн көрсөтүшөт, окуп беришет.
Мугалимдин ишмердүүлүгү: Акыл чабуулу. Табышмак айтам.
Тааныштары келгенде,
Такыр аны тоготпойт.
Чоочун бирөө келгенде,
Арсылдап үйгө жолотпойт.
Тоодо экен үңкүрү,
Топ жырткычтын күчтүүсү.
Тышка чыкпайт кышында,
Уктап жатат күн-түнү.
Окуучулардын ишмердүүлүгү: ит, аюу, темабыз ачылат.
Ит менен аюу жөнүндө эмне билесиңер? Экөө бири-бирине окшошпу? Алар кайда жашашат? Ойлорун айтышат.
Жаңы тема: «Күрөң аюу» боюнча видео көрсөтөм, “Баластан” журналдан кошумча маалымат берем.
Окуучулардын ишмердүүлүгү: Талкуулашат, маалымат алышат.
Китеп менен иштөө: Ролдоштуруп окутам. Ролдоштуруп аткартам. «Ооба» же «жок» деп өз оюңарды ырастагыла. («Ооба» же «жок» стратегиясы)
Окуучулардын ишмердүүлүгү: Ролдошуп окушат, автор, ит, аюу.
Эс алуу мүнөтү. Окуучулардын ишмердүүлүгү: «Мамалак» ырын ырдашат.
Интерактивдүү тапшырмалар. Мугалимдин ишмердүүлүгү:
Венндин диаграммасын толтургула, чыгарманын картасы менен иштөө. Текст менен иштөө.
Окуучулардын ишмердүүлүгү: “Кыш” тобу Венндин диаграммасын толтурат. “Чилде” тобу чыгарманын картасы менен иштешет. “Аяз” тобу текст менен иштөө.
Бышыктоо: Макалдардын экинчи бөлүгүн жебе аркылуу дал келтир.
Жакшы жолдош Жаман жолго баштаба
Жаман жолдош Кыйнаган мээнет
Жакшылыкты досуңа кыл Досуңдан артса өзүңө кыл
Жакшы досуң таштаба Жайнаган дөөлөт
Окуучунун ишмердүүлүгү: Ар бир топ бирден белгилешет.
Мугалимдин ишмердүүлүгү. Баалоо: Лидердин баалоосу, өзүн-өзү баалоо, мугалимдин баалоосу.
Үй тапшырма: Ит менен аюуга эссе жазуу.
Назира Исакова, Жети-Өгүз районундагы Бейшенбек Укуев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими.
Комментарийлер