ИНФОРМАТИКА МУГАЛИМДЕРИНЕ ЖЕҢИЛДИК ЖЕ САБАКТЫН КОНСПЕКТИСИ ТУУРАЛУУ

  • 07.05.2021
  • 0
ИНФОРМАТИКА МУГАЛИМДЕРИНЕ ЖЕҢИЛДИК ЖЕ САБАКТЫН КОНСПЕКТИСИ ТУУРАЛУУ

Буга чейин мугалимдердин кагаз иштеринин көйгөйүнө, өзгөчө, сабактын конспектисин жазуу түйшүгүнө жаны күйгөн бир топ педагогдор (Д.Шаматов, А.Токтомаметов, А.Батыралиев, А.Асаналиева ж.б.) жазып, айтып, талкуулап келишет. Мугалимдерди формалдуу кагаздарды толтурууга түртүп жаткан бюрократиялык текшерүүлөр, конспектилердин айынан мугалимдердин укуктары тебеленип жаткандыктары тууралуу бир нече макалалары алды китеп болуп жарыкка чыкса, арты гезит беттеринде архивде калды, социалдык тармактарда жарык көрдү. Мугалимдердин түнү бою сабакка даярданып эмес, текшерүүчү үчүн конспект жазып жатышкан “жазмакерлик” түйшүгүн түшүнүп, коомчулукка коңгуроо кагып жатышкан аты аталган педагогдорубузга ыракматтан башка эмне айтмакпыз?!

Кагаздын сазына баткан иштерден арылтуу маселесин чечүүнү Билим берүү жана илим министрлиги колго алгандыгы – мугалимдердин коомчулугун ого эле кубантып койду.

Бирок, учурда сабактын конспектисин жазуунун ар түрдүү формалары «ойлонуп табылып» эми ошол шылтоо менен текшерүүлөр жүрүп жатканы маалым болууда. Алар конспектиде НК, ПК, КНдер (НК – негизги компетенция, ПК – предметтик компетенция, КН – күтүлүүчү натыйжа) сөзсүз болсун, алар номерленип берилсин (НК1, НК2, ПК1, ПК2, КН1, КН2
ж.б.у.с.) дешсе, кээ бири конспектилерди электрондук жазышсын дешип, кээ бири колго жазылыш керек деген сыяктуу негизсиз талаптар мугалимдердин жанын кейитип жатканы айтылууда. Мындай талаптардан эптеп кутулуу үчүн айрым мугалимдер жогорудагы НК, ПКларды биринен сала экинчисине көчүрүп жазып жатышкандарын жашырышкан жок. Себеби, мындай НК, ПКлардын коюлушунун тууралыгын эч ким текшерген жок дешүүдө.

Демек, «Мындай формалдуулук бизге керек беле…?!» деген суроо туулат.

Мындай НК, ПК, КНдерди жогорку окуу жайлардын окутуучулары УМКларды түзүүдө колдонуп келишет. Бул – туура. Себеби профессионалдык билим берүүдө студенттер ээ боло турган НК, ПК, КНдер стандартта бир нечелеп саналат.

Эшикте технологиянын заманы, үйдө ата-эненин балага койгон талабы, мектептин, мекемелердин компетенттүүлүккө карай багыты, коомчулук билим берүүнүн өнүгүүсүн күтүп отурушат, а биз эмнени талап кылып, эмнени текшерип отурабыз?

Конспект – бул сабактын башынан аягына чейин берилүүчү материалдардын ырааттуулугу, мугалим менен окуучунун ишмердүүлүгү системалуу түрдө жазылышы. Тактап айтканда, мугалимдин сабакка болгон даярдыгы үчүн өзү түзүп алган өзүнүн кагаз иши (одоно айтканда, шпаргалкасы).

Эми, ошол мугалимдин өздүк кагазын тескөөгө алуу – бул анын укугун тебелегендик эмеспи?!

Эгерде окуу жайды жаңыдан бүтүп келген жаш мугалим болсо, анда сөз башка эле… Беш жылга чейин аны конспекти жазууга көндүрүш үчүн «мындай жаз, тигиндей жаз» деп чоң чыккан «чоңдор» четтен чыга бериши мүмкүн. Ал эми 15-20 жылдан бери иштеп келе жаткан тажрыйбалуу мугалимдерденчи… алардан конспектин жок деп, укугун билип, милдетин билбеген методисттин ишин ким буга чейин текшерүүгө алды эле?! – деген суроо пайда болот.

Коом азыр конспектини эмес – компетенттикти, окуткан сааттын санын эмес – окутуунун сапатын күтүп отурат…

Компетенттик демекчи, балада компетенция качан калыптанат?

Качан гана ал мектеп партасынан алган билимдеринин элементтерин практикада, өзүнүн жашоосунда колдонгондо алат. Өзүн ишенимдүү сезип, окуган-үйрөнгөн билимин турмуштук кырдаалдарда өз алдынча пайдаланганда алат.

Ал үчүн мугалим эмне кылыш керек?

Мугалим класста өтө турган тема боюнча сабагынын максатын баланын практикада, турмушта колдонуп кете алуусуна багыттала тургандай кылып коюш керек. Максат абстракттуу эмес, конкреттүү коюлуп, баладагы билимдер жөнөкөйдөн татаалды көздөй калыптанышы керектиги эске алынып түзүлүшү зарыл. Максат – так, түшүнүктүү, ченеп өлчөнүүчү жана жете ала тургандай коюлушу шарт.

Сабактын максаты – мугалимдин позициясынан коюлат. Себеби, сабакты уюштуруучу – бул мугалим. Мугалимдин максаты окуучуга предмет боюнча билим берүү, окутуу, үйрөтүү. Ал сабактан-сабакты улантып жүрүп отуруп, компетенттүүлүккө ээ кылууну максат кылат.

Ал эми милдет – окуучунун позициясынан коюлат. Себеби, бала мугалимдин сабагына билим алуу, аны өздөштүрүү үчүн келет. Бала компетенттүүлүктүн калыптанышын жана өздөштүрүү деңгээлин өзүнүн иш-аракеттери менен көрсөтүүгө тийиш.

Сабактын максатынан жана анын милдетинен күтүлүүчү натыйжа келип чыгат. Күтүлүүчү натыйжада балада тема боюнча предметтик компетенциялар, предметтен сырткаркы (метапредметтик) компетенциялар жана тарбиялык сапаттар кандай калыптангандыгы күтүлөт. Мындай үч компетенция боюнча күтүлүүчү натыйжаны эч кандай табышмактатпай эле (НК, ПК, КН дебей эле) толук ачып, жазып берсек болот.

Дагы бир эске ала турган жагдай, бир сааттык бир тема аркылуу баланы предметтик, метапредметтик жана тарбиялык компетенцияларга ээ кыла албайбыз. Себеби, Блумдун таксономиясы боюнча алып караганда деле, баланын өздөштүрүү деңгээли бир сааттын ичинде жогорку деңгээлинде калыптанышы мүмкүн эмес. Аны бир баскычтан, экинчи баскычка көтөрүү менен бөлүмдөр аркылуу компетенцияларды калыптандырууга жетишсек болот.

Демек, компетенция бир сабакта эмес, бир нече сабактардын системасында, билим элементтеринин топтому аркылуу калыптануучу нерсе.

Ошондуктан, сабактын конспектисинин структурасы компетенттикти калыптандырууга негизделип жазылышы зарыл.

Компетенттик негизде жазылган сабактын структурасы − бул окуучулардын теориялык окуу ишмердүүлүктөрүн практикалык колдонуу деңгээлине көтөрүүнү камсыз кылган сабактын максаттарынын, милдеттеринин жана күтүлүүчү натыйжаларынын системасы деп эсептейм.

2014-жылдан баштап Мамлекеттик билим берүү стандарты, 2015-жылдан баштап предметтик стандарттар, ага ылайык окуу программалар компетенттик негизде түзүлүп, ишке ашырылып келе жатканын билебиз.

Бирок, сапат түшүнүгүнө келгенде чындап эле компетенттүүлүктү камсыздап жатабызбы? — деген суроо пайда болот.

Ушундай маселелерди кандайдыр бир деңгээлде чечүү, сапатты камсыз кылуу, компетенттүүлүккө жеткирүүнүн бир ыкмасы катары мугалимдер үчүн сабактардын технологиялык картасын түзүү иши ойго келди.

Ушул жылдын март айында Кыргыз билим берүү академиясынын ИКТ жана арт компетенциялар лабораториясында информатика мугалимдери үчүн баардык класстардын (5-6-7-8-9-кл.) Технологиялык картасы (сабактардын конспектилери) иштелип чыкты.

Технологиялык карта жалпы билим берүүчү мектептердин окуу программасынын негизинде жазылып, окуу китебинин мазмунун сабакта ишке ашыруу максатын көздөдү.

Бул технологиялык картаны мектептеги мугалимдердин методикалык бирикмесинде талкуулап, жактырылган соң, жарым жылга жана/же бир окуу жылына бекитип, пайдаланууга болот.

Мында теориялык жана практикалык ишмердиктер Блумдун таксономиясы боюнча аныкталды. Сабактардын максаттары ар бир бөлүмдүн алдына коюлду. Бул өз кезегинде окуучулардын ошол бөлүм аркылуу ээ боло турган компетенциялардын жыйындысын бир бүтүндүктө кароого негиз болмокчу. Бөлүмгө карата максаттардан кийин милдеттер аркылуу окуучулардын иш-аракеттери таксономия боюнча аныкталды. Андан соң күтүлүүчү натыйжаларда предметтик, метапредметтик жана жеке тарбиялык компетенциялар ачылып, жазылып берилди. Андан ары ар бир темага сабактардын жүрүшү кадимки тартипте уланып, мугалимдин ишмердүүлүктөрү жана окуучунун ишмердүүлүктөрү жазылат.

Бөлүмдөрдүн аягында окуучулардан мини тесттер, тесттер, контролдук иштер, атайын тапшырмалар, практикалык иштер, лабораториялык иштер ж.б.у.с. текшерүү каражаттары аркылуу окуучулар ээ болгон компетенциялар текшерилет, бааланат. Мугалим Блумдун таксономиясы боюнча атайын тапшырмаларды түзсө болот.

Информатика предметинин сабактарынын технологиялык картасы: киришүүдөн, баалоо системасынан, Блумдун таксономиясынан, сабакты пландоо бөлүгүнөн, сабакты уюштуруу бөлүгүнөн, адабияттардан турат.

Төмөндөгүдөй структурадан түзүлгөндүгүн мисал катары карасак болот.

1-БӨЛҮМ. «______________________________»

Жалпы: 5 сабак

 ТемаларСаатыӨтүү мөөнөтү
§1. 1 саат 
§2. 1 саат 
§3. 1 саат 
§4. 1 саат 

 

  1. САБАКТЫ ПЛАНДОО БӨЛҮГҮ
Бөлүмдүн максаты:
1-сабак. БИЛҮҮ. Окуучуларга информатика предметин тааныштыруу, предмет жөнүндө түшүнүккө ээ кылуу, объект, анын касиеттери, түрлөрү жөнүндө маалымат берүү.
2-сабак. ТҮШҮНҮҮ. Объекттин касиеттерин, түрлөрүн жана классификацияларын айырмалап түшүндүрүү.
3-сабак. КОЛДОНУУ. Объект жана системага чөйрөдөн турмуштук мисалдарды келтирүүгө көнүктүрүү, чөйрөдөгү түшүнүктөрдү колдонууга ээ кылуу.
4-сабак. АНАЛИЗ, СИНТЕЗ. Файлдык жана операциялык системаларда иштетүү, өз алдынча файлдарды, документтерди түздүрүү жана файлдарды, документтерди колдонуунун маанисин баамдатуу.
5-сабак. БААЛОО. Окуучуларды өз алдынча операциялык системада жаңы файлдар, документтер менен иштөө компетенциясына ээ кылуу.

 

Бөлүмдүн милдеттери: Окуучунун иш-аракеттери төмөндөгүдөй аныкталууга тийиш:

БИЛҮҮ
ТҮШҮНҮҮ
КОЛДОНУУ
АНАЛИЗ

СИНТЕЗ

БААЛОО

 

Бөлүмдөн күтүлүүчү натыйжалар
Предметтик компетенциялар

Аналитикалык ишмердүүлүк:

 

Практикалык ишмердүүлүк:

Метапредметтик компетенциялар

Таанып-билүүчүлүк.

Уюштуруучулук.

Коммуникативдик.

Жеке/тарбиялык компетенциялар

 

 

 

  1. САБАКТЫ УЮШТУРУУ БӨЛҮГҮ
1-сабак

Тема:

Сабактын тиби:

Колдонуу каражаттары:

Мотивация:

Жаңы материалды түшүндүрүү

Практикалык иштер

Өтүлгөн материалды бышыктоо

Сабакты жыйынтыктоо.

Кайтарым байланыш.

Баалоо

Үйгө тапшырма

2-сабак

Мындай даяр конспектини мугалимдерге түзүп берүү үчүн бир нече анализ жүргүзүп көрүүгө туура келди. Мугалим бир класстын конспектисин жазуу үчүн бир күндө үч саат коротсо, жылына 720 саат коротот экен. Даяр конспектиден үнөмдөгөн 720 саатты мугалим өзүнүн билимин өркүндөтүүгө, жеке өнүгүүгө, эс алууга арнаса, анда өзүнө да башкага да пайда алып келмек эле.

Мугалим бир класстын конспектисин чыгаруу үчүн бир баракка үч сом, бир сабактын конспектисине 27 сом, болжол менен бир класстын конспектисине 2160 сом коротсо, беш класстын конспектиси канча болоору белгилүү. Эгерде, мугалим даяр конспектини ала турган болсо, анда убактысын да, материалдык каражатын да үнөмдөмөк.

Бул макала жаңы бир эмгекти жар салуу максатында да, информатика мугалимдерине жаңылыкты кабарлоо максатында да жазылды. Себеби, мугалимдин ишин жеңилдетүү мезгили келип жетти.

Мугалим кагаз менен байланбаса, ал мүмкүнчүлүгүн кеңейтсин, өнүксүн.

Мугалимге мугалимдик убакыт берилсе, ал өзү терең окусун, башканы терең окутсун.

Мугалимге мугалимдин эс алуусу берилсе, ал иштегенди билсин.

Мугалимге мугалимдин жумушу берилсе, ал билимдин сапатын жогорулатсын.

Мугалимге мугалимдин маянасы берилсе, ал тоюнсун, алдым-жуттумду токтотсун, башкаларды да ошого үйрөтсүн.

Мугалимге мугалимдик сый-урмат берилсе, ал балдарга каарын эмес, мээрин төксүн.

Кандайдыр бир суроолор, сунуш-пикирлер, тактоочу маселелер болсо [email protected] электрондук почтага кайрылууга болот.

А.Ибирайым кызы,
п.и.к., а.и.к. Кыргыз билим берүү академиясынын ИКТ жана арт компетенциялар лабораториясынын башчысы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер