ХИМИЯ окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн

  • 15.08.2023
  • 0
ХИМИЯ окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн

(2023-2024-окуу жылында базалык окуу план боюнча химия предметин окутууга 8-11-класстарда ар бир класста жумасына 2 сааттан жылына 68 сааттан убакыт бөлүнгөн).

Ааламдашуу шартында дүйнөлүк масштабдагы өзгөрүүлөр Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө багыт алуу зарылдыгын пайда кылды.

Адам потенциалы аркылуу гана өлкө социалдык экономикалык жактан дүйнөлүк глобализацияда өнүгө алат.

Демек, мугалимдер окуу-тарбия процессине: «Дүйнөнүн өзгөрүшү менен өзүм да кошо өзгөрөм» деген принципте мамиле жасоого тийиш.

Ошондуктан, 2018–2040-жылдарда Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында: «Билим берүү системасы ар тараптан өнүккөн инсандык сапаттарга жана билимин турмушта пайдалана алган, компетенцияларга ээ болгон адамдарды калыптандырууга багыт алуулары зарыл» — деп белгиленген [1].

Учурда тез өзгөрүлүп жаткан дүйнөдө өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде химиялык билим берүүнүн сапатын конкуренттүүлүккө жөндөмдүү социалдык-эмоционалдык ийкемдүү деңгээлге жогорулатуу талабы коюлууда.

Ааламдашуу доорунун талаптарына ылайык, билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун бир багыты анын мазмунун жаңылоо зарылдыгы келип чыгууда. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын билим берүү саясатында билимдин сапатын жогорулатуу аркылуу адамды инсан катары калыптандырууга, анын потенциалын коомдун кызыкчылыгы үчүн пайдалануу өзгөчө маанилүү болуп жатат.

Демек, химияны окутууда окуучулардын фунционалдык сабаттуулугун жогорулатуу б.а. турмушта өзүн-өзү таануу жана уюштуруу маселесин чече билүү компетентүүлүгүнүн калыптандырылышы зарыл.

Ошондуктан, Кыргыз Республикасында билим берүүнүн мазмунун жаңылоо, анын сапатын жогорулатуу жана адам потенциалын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик деңгээлде билим берүүнүн стратегиялык багыттары иштелип чыгууда.

2021–2040-жылдарда Кыргыз Республикасында Билим берүүнү өнүктүрүү программасында: «Сапаттуу билим берүү – адам потенциалын, анын практикалык билимдерин, көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана аны инсан катары калыптандырууга багытталууга тийиш — деп белгиленген [2]. Демек, ар бир жаран сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек.

Окутуунун сапаты болсо өз кезегинде билим берүүнүн максаты менен мазмунуна байланыштуу. Ал эми билим берүүнүн мазмунун чагылдырган ченемдик документтер – билим берүү стандарты, окуу планы, окуу программасы болуп саналат.

Химиялык билим берүүнүн сапаты төмөндөгүдөй параметрлерден:

— химиялык билим берүү стандарты;

— окуу программасы;

— окуу-методикалык комплекске;

— химияны окутуунун заманбап технологиясынан;

— потенциалдуу химик педагогдордун курамынан;

— окуучунун потенциалынан;

— билим берүү процессине тиешелүү сапаттуу окутуу каражаттардан (материалдык-техникалык, лабораториялык-эксперименталдык база, заманбап химия окуу кабинеттеринен) турат. Жогорудагы бардык параметрлер бири-бири менен байланыштуу болот.

Учурда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы №393 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарттын негизинде жалпы билим берүүчү уюмдары үчүн химиялык билим берүүнүн 8-11-класстары үчүн предметтик стандарттар иштелип чыкты.

Химиялык билим берүүнүн негизги максаты – аталган предметтик стандартта төмөндөгүдөй: «Окуучунун химиялык жалпы закон жана закон ченемдүүлүктөрдүн негизинде заттардын жаратылышта жана техногендик дүйнөдө пайда болуусун (айлануусун) жазууну жана изилдөөнү, жашоонун ар түрдүү областарында химиялык технологияны жана алардын продуктуларын рационалдуу жана коопсуз пайдалануунун жолдорун өздөштүрүүсүн камсыз кылуу» — деп белгиленген [5].

Жогоруда коюлган максаттарга ылайык учурда окутуу процессинде төмөндөгүдөй негизги милдеттер ишке ашырылууга тийиш:

— окуучулардын заманбап экологиялык көйгөйлөрдү, климаттын өзгөрүлүшүн, жаратылышка жана жашыл экономикага аяр мамиле жасоону түшүнүүсү;

— иштетүүдөн алган заттарды рационалдуу жана коркунучсуз колдонуунун практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу;

— окуучулардын экологиялык маданий сабаттуулукка ээ болуусу жана жашыл көндүмдөрүнүн калыптанышы;

— окуучулар химиялык эксперимент иштөөдө өзүнүн ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбегендей техникалык коопсуздук эрежелери жөнүндөгү билимдерди колдонууну камсыздоо.

Предметтик стандарт окуучунун инсандык жарандык төмөндөгүдөй сапаттарын калыптандырууну камсыздайт:

— Кыргызстандын маданий мурастары болгон «Манас» эпосуна жана жаратылыш байлыктарына аяр мамиле кылууга;

— глобалдык көйгөйлөрдүн өз ара байланыштарды түшүнүүсүн;

— адеп-ахлап маданиятын, баалуулуктарын сезе билүү жана кабыл алуусун;

— жарандык укуктарды түшүнүү менен бирге эркиндиктин адептик маанисин жоопкерчилик менен ажырагыс байланышта түшүнүү;

— социалдык, саясий турмушта толеранттуу жүрүм-турумдун негизи катары дүйнө элдеринин маданиятын жана өз өлкөсүнүн «Манас» эпосундагы маданий, руханий баалуулуктарын өздөштүрүү;

— окуучулар жаратылыштын туруктуу өнүгүү принциптерин, жашоонун коопсуздугун жана терс көрүнүштөрүн алдын ала алууда химиялык технологиялардын таасирин билүү;

— тектеш табигый предметтерде өздөштүрүлгөн билим менен бирге «Манас» эпосун окуп үйрөнүү аркылу дүйнөнүн химиялык картинасын окуучунун аң-сезиминде калыптандыруу.

Химия тектеш предметтер (биология, физика, география, астрономия) менен бирдикте өнүгөт. Жогоруда аталган стандартта химияны окутуунун компеттенттүүлүкө негизделген мазмунунун жана окуучулардын предмет боюнча даярдык деңгээлдерине коюлуучу талаптар аныкталат.

Мектепте химиялык билим берүүнүн мазмунун мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде модернизациялоо, химияны окутууда санариптик технологияны, SТЕМдик мамилени колдонуу анын сапатын жогорулатуунун жолдору болуп эсептелээри белгилүү болду.

Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө билим берүүгө STEMдик мамиле, келечекте STEM адистикке багыт берүү проритеттүү багыттардын бири.

STEMдик билим берүү аркылуу дүйнөнүн табигый илимий сүрөттөлүшүн окуучуларда калыптандыруу менен химия предмети боюнча сапатуу билимге жетишүүгө болот.

STEMдик билим берүүдө – табигый–илимий жана математикалык предметтердин мазмунундагы бирдей илимий түшүнүктү калыптандыруучу темаларды айкалыштыруу.

Химия предметин окутууда билимдин сапатын жогорулатуунун бирден бир жолу окутуунун мазмунун модернизациялоо жана окуу процессинде окутуунун заманбап технологиясын колдонуу болуп саналат.

Заманбап технологиялардын бири химия эксперименталдык илим болгондуктан эксперимент аркылуу окутуу технологиясын сунуштайбыз.

Мисалы: Химия кабинетинде иштөөнүн коопсуздук эрежеси менен тааныштыруу боюнча сабак санариптик технологияга ылайык иштелип чыккан. Сабактын темасы : Химия кабинетинде иштөөнүн коопсуздук эрежелери. Шилтемеси: https:// yotu.bt/MO5heRjgp2w

Химияны аралыктан окутууда санариптик технологияны колдонуу боюнча Кыргыз билим берүү академиясынын сайтына (https://www. kao. кg) «Электрондук ресурстар» бөлүмүндө мультимедиалык жана видео сабактарга пайдаланылуучу презентациялар жайгаштырылган.

Дүйнөнүн табигый-илимий картинасы (сүрөттөлүшү) жөнүндөгү өздөштүрүлгөн бирдиктүү билим химия предметин окуп үйрөнүүдө пайдалануу жакшы натыйжаларды берет. Бул болсо табигый илимий предметтер (физика, биология, астрономия, география, табият таануу) менен химия предметинин мазмунунун байланышын ачып көрсөтөт. «Манас» эпосу сыяктуу тарыхый маданий мурастар аркылуу химия предметин окутууда окуучулардын маданий компетенттүүлүгүн калыптандыруу кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө салым кошмокчу. Себеби, табият бир бүтүндүктү түзүп тургандыктан табиятты таануу бири-бири менен тыгыз байланыштагы (физика, химия, биология, астрономия, география) илимдери аркылуу адабий чыгармаларды предмет аралык байланышта окутуу жакшы натыйжаларды берүүдө» — деп белгилеген. Дүйнөлүк трендде STEM табигый илимдерге, математикага, инженерияга, технологияга багытталган билим берүүчү предметтер алдыңкы орунга чыгууда.

Себеби, коом жогорку квалификациялуу инженердик техникалык, айыл чарбалык ж.б. STEM адистерди талап кылууда. Учурда окуучуларда окуу жүктөмүн азайтуу маселесин чечүүнү да STEM предметтердин мазмуну аркылуу б.а. химия окуу китептин мазмунуна тектеш предметтердин ичиндеги бирдей илимий билим берүүчү темаларды айкалыштыруу менен бирдиктүү билим системасына алып келүү аркылуу чечсе болот. Сапаттуу окуу китеби – сапаттуу билим берүүнүн булагы. Ошондой эле сапаттуу билим берүүгө электрондук материалдар да чоң роль ойнойт.

Бирок күндө өзгөрүлүп жаткан дүйнө, анын экономикалык жактан өнүгүүсү билим берүү тармагынын алдына андан да жаңы талаптарды коюп жатат.

Учурда окумуштуу-педагогдор, мугалимдер, жалпы коомчулук анын ичинде билим берүү системасына түздөн-түз тиешеси бар окуучулар жана алардын ата-энелери билимдин сапатына өзгөчө маани бере баштады.

Билим берүүнүн сапаты – окутуу жана таалим-тарбия ишинде коюлган максаттар менен алынган натыйжалардын бири-бирине дал келүүсү болуп эсептелет.

Билим берүү сапатына кайсы факторлор таасир берет?

Окумуштуу педагог Э. Мамбетакунов билим берүүнүн сапатын жогорулатууга таасир этүүчү фактор катары окуучунун предметке болгон кызыгуусу, мугалимдердин теориялык жана методикалык жактан даярдыгынын сапаттуулугу биринчи орунда тураары жөнүндө белгилеген.

Демек, химиялык билим берүүнүн сапатын жогорулатуучу факторлор:

— окуучулардын химия предметине болгон кызыгуусу;

— химия мугалимдердин теориялык жана методикалык жактан даярдыгынын сапаттуулугу;

— билим берүүнү жөнгө салып туруучу мамлекеттик деңгээлдеги нормативдик актылардын, химиялык билим берүүнүн предметтик стандартынын өз убагында сапаттуу даярдалышы;

— химия окуу программалардын, окуу китептеринин, окуу-методикалык колдонмолордун учурдун талабына ылайык жогорку деңгээлде даярдалышы;

— окуучулар үчүн кошумча маалымат берүүчү булактардын (интернет, ж.б. кошумча окуу куралдардын жетиштүү санда болушу) ;

— химиялык эксперимент аткарууга керек болуучу химиялык реактивтердин, идиштердин, проиборлордун ж.б. жетиштүүлүгү;

— жаңы информациялык-технологиялык каражаттардын (интерактивдүү доска, электрондук ресурстар, химия боюнча видеосабактардын топтому ж.б. болушу;

— окуучулардын окуу иштериндеги жетишкендиктерин объективдүү натыйжалуу текшерүү жана баалоо, б.а. баалоонун жаңы формаларын окуу процессине киргизүү;

— педагогикалык коллективдин, окуучулар жамаатынын ортосундагы ыңгайлуу психологиялык климаттын түзүлүшү;

— билим берүүдө мугалимдердин материалдык жана моралдык, кесиптик муктаждыктарын финансылык жактан жетишээрлик каржылоо кирет.

Ошондой эле ата-энеге баласынын сапаттуу билимге ээ болуусу үчүн анын окуусуна жакшы шартты түзүп берүүсү менен гана чектелбестен, мектептеги сабак берген мугалимдери жана класс жетекчиси менен окуу-тарбия процессинде байланышта болушу эң маанилүү болуп эсептелет.

Окуучунун химия боюнча сапаттуу билимге ээ болуусу мугалимге да байланыштуу.

Алар төмөнкүлөр:

— химия мугалиминин өз предметине окуучуларды тарта билүүсү;

— мугалимдин профессионалдуулугу, өз квалификациясын дайым жогорулатып туруусу;

— окуучуларга химия илими боюнча кызыктуу суроолорун ачып берип, акыл эмгегин калыптандыруу менен жогорку окуу жайына даярдай билүүсү;

— окуучунун өз алдынча ойлонуп, талдап жана өз алдынча иштей билүүсүнө жетишүү;

— окуучунун жеке өзгөчөлүгүнүн, жөндөмдүүлүгүнүн жана мүмкүнчүлүгүнүн мугалим тарабынан эске алынышы.

Окуучулардын учурда билим алуудагы негизги максаты – мектепте химия предмети боюнча алган билимин практикада пайдалана билүүсү, б.а. функционалдык сабаттуулугунун калыптанышы, келечек кесибине багыт алуусу, б.а. турмушта өз ордун табуусу аркылуу ишке ашат.

Мугалим болсо, окуучусунун эл чарбасында эмгектенип өлкөнүн социалдык экономикасынын өнүгүшүнө салым кошуусу аркылуу кесиптик жана инсандык (жарандык) милдетин ишке ашырат.

Жогорудагыдай окуучунун, химия мугалиминин, ата-эненин бирдиктүү максаттары ишке ашканда гана химиялык сапаттуу билим, функционалдык сабаттуулук калыптанган болот.

Сапаттуу билим берүү – окуучулардын бүтүндөй өнүгүүсүн камсыздайт.

Мектепте химияны окутуунун сапатын жогорулатуунун айрым жолдорун сунуштайбыз:

Инсанга багытталган мамилени колдонуу

Максаты­­ окуучулардын активдүү таанып билүүсү үчүн шартты түзүү. Ар тараптан өнүккөн адамдык потенциалы жогору инсанды тарбиялоо.

Окуучулардын ишмердүүлүгүн уюштуруу, алган билимди турмушта практикада колдонуусуна басым жасоо; (Иш жүзүндө колдонуучу билимдерди, көндүмдөрдү калыптандыруу жана практикада колдоно билүү). (Старттык эксперимент методу аркылуу).

Санариптик технологиялар боюнча: «Кислоталардын химиялык касиеттери (шилтемеси: https://www.youtube.com/watch?v=n8a16milaeUY0uTub).

Химия кабинетте иштөөнүн техникалык коопсуздук эрежеси (шилтемеси: https://youtu.be/MO5heRjgP2w).

Химиялык билим берүүдө STEM технологиясын колдонуу.

Окуучулардын окуу жетишкендиктерин көзөмөлдөө (баалоо).

Химиялык билим берүүгө коюлган максатты ишке ашыруу ага карата коюлган милдеттерди чечүү үчүн окутуунун технологиясын өркүндөтүүнү талап кылат.

Химия – эксперименталдык илимдин катарына киргендиктен химия боюнча мектептин окуу программасында каралган химиялык эксперименттин (демонстрациялык, лабораториялык, практикалык иштердин) мазмунун жаңылоо учурдун талабы. Талапка ылайык, химиялык эксперимент өткөрүүнүн «микроилимий эксперимент», «тамчы методу» старттык эксперимент сыяктуу жаңы методдорун колдонууда реактивдер өтө аз санда үнөмдүү колдонулат. Мектеп дагы көптөгөн кымбат баалуу реактивдерге муктаж болбойт. Андан тышкары, жогоруда аталган методдор химия боюнча сабактардын практикалык багыттуулугун күчөтүүдө жөнөкөйлүгү, жеткиликтүүлүгү менен окуучулардын өз алдынча иштөөсүнө, таанып билүү иш-аракетин уюштурууга көмөк берет.

Окуучу тамчы методу менен эксперимент аткарууда реактивтер үнөмдөлөт, ал ашыкча чарчоодон кутулат, экологиялык сабаттуулугу калыптанат.

Ал эми кээ бир химиялык эксперименттерди окутууда санариптик, виртуалдык технологияларды колдонуу аркылуу окутуу окуучулардын ден соолугуна кам көрүү жана аларды экологиялык маданиятка тарбиялоо болуп саналат.

Албетте, мазмунду өздөшүрүүдө учурда санариптик технология зор мааниге ээ.

Санариптик технология – бул маалыматтарды, үндү, анимацияны жана графикалык сүрөттөлүштөрдү бириктирип алып жүрүүчү технология. Санариптик технологияны колдонгон учурда окуучулар материалды жакшы түшүнөт жана көз алдына элестете алат.

Ал эми химияны окутууда эксперименттерди электрондук ресурсттардын жардамы менен көрсөтүүдө окуучулар материалдын 75% тин эстеп калат.

Электрондук каражаттарды колдонууда күтүлүүчү натыйжа:

— материалды жакшы жана тереңирээк түшүнөт;

— аз убакыт ичинде материалды өздөштүрө алат;

— алган билимдерин көп убакытка чейин эстеп калат жана практикада экспериментти оңой аткара алат.

— уулуу заттар менен иштөөнү санарип технология менен алмаштырып экологиялык сабаттуулукка ээ болот.

— Электрондук каражаттар окуу процессинин ажырагыс бөлүгү болуп калды.

Мына ушундай мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу үчүн мектептер толук компьютер менен камсыз болушу керек.

Жогоруда аталган окутуунун методдору окуу программасында берилген бардык практикалык иштерди, лабораториялык тажрыйбаларды демонстрациялык эксперименттерди аткарууга ылайык келет.

Бул окуу жылында төмөнкү маселелерге көңүл буруу зарыл:

Август кеңешмесинде химия мугалимдеринин секциясында төмөнкү маселелерди талкуулоо сунуш кылынат:

Билим берүүнүн санарип платформасы жана жашыл көндүмдөр.

Ааламдашуу доорунда дүйнөлүк билим берүү шартында химияны окутуудагы учурдагы маселелер.

  1. Химиялык билим берүүнүн жаңы предметтик стандартынын негизинде окуу программалары, календардык- тематикалык план боюнча иш алып баруу.

Химияны окутууда экологиялык проблемалар аркылуу жашыл көндүмдөрдү калыптандыруу;

Химияны окутуунун мазмунуна STEMдик мамиле жасоо менен окуучулардын проекттик-изилдөөчүлүк иш-аракетин уюштуруу;

Химиядан билим берүү процессинде санариптик технологияны, аралыктан окутууну колдонууну уюштуруу;

Окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун жаңыча мамилелери;

Химия предметин тереңдетип жана профилдик окутуу маселелери;

Химия предмети боюнча 2025-жылы өткөрүлүүчү РISA га даярдоо маселелери;

2023/2024-окуу жылында химия предмети боюнча окутулуучу окуу китептер, окуу-методикалык колдонмолор;

Химия сабагынан эксперимент, лабораториялык тажрыйба жана практикалык иштерди аткарууга керектүү химиялык реактивдер, приборлор, идиштер жана заманбап техникалык каражаттар менен камсыздоо маселелери;

Химияны окутуу маселелерине байланыштуу конференцияларды, семинарларды жана кереге отурумдарды аралыктан онлайн жана вебинар форматта уюштуруу.

Тектеш табигый предметтерде өздөштүрүлгөн билим менен бирге “Манас” эпосундагы материалдарды колдонуу аркылуу дүйнөнүн химиялык картинасын окуучунун аң-сезиминде калыптандыруу.

Нормативдик документтер

  1. 2018-2040-жылдарда Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы «2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө» Президенттин 2018-жылдын 31-октябрындагы №221 Жарлыгы».
  2. 2021-2040-жылдарда Кыргыз Республикасында Билим берүүнү өнүктүрүү программасы (Кыргыз Өкмөтүнүн токтому 2021-жылдын 4-майы №200 менен бекитилген).
  3. Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамы 2003-жылдын 30-апрели, №92.
  4. Кыргыз Республикасынын Мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы №393 токтому менен бекитилген).
  5. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын химия боюнча предметтик стандарты (8-11-класстар үчүн) – 2023-жыл.
  6. Жалпы билим берүүчү уюмдардын химия боюнча 8-11-класстар үчүн программасы – 2023-жыл (https://www kao.kg).
Бөлүшүү

Комментарийлер