ГҮЛ ИДИШИН ЖАСОО

  • 12.05.2021
  • 0
ГҮЛ ИДИШИН ЖАСОО

Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун “Мурас”ийриминин мугалими

 Кыдыралиева Асел

ГҮЛ ИДИШИН ЖАСОО

Ийрим  сабагынын  темасы:   Гүл идишин жасоо

Ийрим сабагынын  максаты: 

                                           — Окуучулар  өз колдору менен буюм  жасоого кызыгышат.

                                           — Окуучулар гүл идиштерин жасоону  үйрөнүшөт.

— Окуучулар сарамжал, сабырдуу, чыдамкай болууга тарбияланышат.

Ийрим  сабагынын  жабдылышы: Цемент, кебез кездеме, суу, кайчы, желим бөтөлкө, желим баштык, банка, кленка, медициналык кол кап, чуңкур идиш, таякча, аэрозоль красскасы жана башкалар.

Ийрим сабагынын  жүрүшү:

а)Уюштуруу

саламдашуу

окуучулардын  маанайын текшерүү

б) Үй тапшырмасын суроо (кластер түзүү)

Цемент

 

Кленка Кайчы

 

Чуңкур  идиш Мед.кол кап

 

Аэрозоль  краскасы Гүл идишин жасоо Желим бөтөлкө

 

 

Суу Банка

 

Кебез кездеме Желим баштык

 

Таякча

в) топторго бөлүү (2 топ)

                  1-топтун аты                                        2-топтун аты

Кол иштүүлөр                                 Чыдамкайлар

Демек, биз гүл идишин жасоого керектелүүчү  дидактикалык каражаттар менен камсыз болгонубузга байланыштуу жаны теманы баштайбыз.

г) Жаны тема:  Гүл идишин жасоо.

 Цемент немисче майдаланган, урулган таш, органикалык эмес байланыштыргыч зат, курулуш материалдарынын бири болуп саналат. Суу менен аралаштырганда катып калуу касиетине ээ. Цементтин 100 баштап 700 чейинки үлгүлөрү бар. 300  төмөн жана 600 дөн жогорку үлгүсүндөгүлөр турмушта өтө аз колдонулат. Себеби 600-700 үлгүсүндөгүлөрдү аскердик объектилерди курууда гана колдонулат. Ал эми  биздин күнүмдүк жашообузда колдонулуучу 400-500 үлгүсүндөгү цементтер баасы жана сапаты жагынан ыңгайлуу болгондуктан кеңири колдонуп келебиз. Биз да бүгүнкү ийрим сабагыбызда дал ушул үлгүдөгү цементти пайдаланабыз.

***2 даана төрт бурчтук  жана диаметри 12 см болгон 2 даана  айлана

формасында  кебез  кездемени  кыркып алуу.

1.

 

1 литрлик банка =

35см Х 35см

кебез

кездеме

2.

        

           2 литрлик банка =

45см Х 45см

кебез кездеме

 

 

 

 

 

                         3.

1 литрлик

Банка =

диаметри

12 см

 

*** Желим бөтөлкө, банка жана башка ушул сыяктуу идиштердин сыртын желим баштык  менен ороо, калп даярдоо.

*** Колго кол кап кийүү.

*** Чуңкур идишке цемент салып, суу куюп  аралаштыруу жолу менен цемент боткосун даярдоо (өтө коюу же өтө суюк болбоосу зарыл).

*** Даярдалган цемент боткосуна  търт бурчтук жана айлана формасындагы   кебез кездемелерди  салып, кургак жерин калтырбастан аралаштыруу.

*** Цемент боткосуна  аралашкан  төрт бурчтук формасындагы кебез кездемени даярдалган  калпка гүл идишинин  1-кабатын  жабуу жана гүл идишнин түп  жагы катуу, көпкө чыдамдуу болуусу  үчүн  айлана формасындагы 2 даана кебез  кездемени жабабыз. Андан соң төрт бурчтук формасындагы кебез   кездемени 2-кабаты катары жабып, чекелерине кыр чыгарып кооздойбуз.

ГҮЛ ИДИШИН ЖАСОО

***  Кургатууга 1 сутка (24 саат) коюу.

***  Кургаган гүл идишин калптан чыгаруу.

***  Калптан чыгаргандан соң сыртына аэрозоль  красскасын  чачуу.

***  Толук бүткөн гүл идишине даяр гүлдөрдү  салуу.

ГҮЛ ИДИШИН ЖАСОО

Ийрим сабагын жыйынтыктоо: Гүл идишинин жасалуу ыкмасы тууралуу окуучулардан суроо аркылуу ийрим сабагын бышыктоо. Ийрим сабагына активдүү катышкан окуучуларды жакшы сөздөр жана кол чабуулар менен  баалоо. Мисалы: «Азаматсың!», «Эң жакшы!», «Жакшы!» жана башка.

ГҮЛ ИДИШИН ЖАСОО

Үй тапшырмасы:  Айлана  формасындагы гүл идиштерин жасап келүү.

Бөлүшүү

Комментарийлер