ЭРКИНДИКТЕ ӨСҮП ӨНГҮН, КЫРГЫЗСТАН!

  • 06.09.2021
  • 0
ЭРКИНДИКТЕ ӨСҮП ӨНГҮН, КЫРГЫЗСТАН!

Тыналиева Айжамал,

№50 мектеби, Бишкек шаары

ЭРКИНДИКТЕ ӨСҮП ӨНГҮН, КЫРГЫЗСТАН!

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүугүнүн 30 жылдыгына карата (тарбиялык саат)

 Классы: 3-класс

Тема:  Эркиндикте өсүп өнгүн, Кыргызстан!

Сабактын максаты: Эгемендүү кыргыз элинин түптөлүшү, элдик символдордон маалымат алышат.

Кыргызстан, эли-жери менен сыймыктанышат. Элдик мурастарды сыйлоого шыктанышат.

Мекенди коргоого милдеттүү сезими жаралат.

Сабактын жабдылышы: Слайд шоу, сүрөттөр, карта ж.б.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу. Кыргыз Республикасынын Гимни ырдалат.

Мугалим: Саламатсыздарбы, кымбаттуу коноктор, ата-энелер, окуучулар! Балдар, биз бүгүн Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата уюштурулган тарбиялык сабак өтөбүз.

Мугалим: (сабакты башынан аягына чейин слайд коштоп турат) Кыргыз эли кечээги, бүгүнкү эмес, кылымдап жашап келе жаткан түптүү элбиз. Кыргыздарды тээ байыркы Барсбек баба, Шабдан баатыр, Курманжан Датка энебиз, Байтик, Манас баатырларыбыз колдоп түптөгөн элденбиз. Биз тарыхта 1991-жылга чейин улуу СССРдин курамында болчубуз. Ушул жылы элибиз өз алдынча  түндүк булатып, эгемендүү  мамлекет болду. 1991-жылдан баштап, ар жылы 31-августта, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздык күнү белгиленип келүүдө.

Кыргыз мамлекетин башкалардан өзгөчөлөнтүп турган тили, символикалык белгилери бар.

Окуучу: Кыргыз тили – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик  тил күнү  23-сентябрда жылда белгилеп келе жатабыз.

Кылымдарды карытып кыргыз тили,

Улуу кыргыз улутун сактап келди.

Унутпайлы урпагы кыргызымдын

Кыргыз деген улуу тил-эне тилди.

Окуучу: Ушул тилде мыйзам, жарлык жазылат,

Ушул тилде мамлекет аталат.

Ушул тилде кыргыз гимни жаңырып,

Аскерибиз команда угуп какаят.

Окуучу: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни 1992-жылдын 18-декабрында кабыл алынган. Сөзү Ж.Садыковдуку жана Ш.Кулуевдики. Музыкасы Н.Давлесовдуку жана К. Молдобасановдуку.

Окуучу: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик  туусу  1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган. Туунун авторлору: Бекбосун Жайчибеков, Сабыр Иптаров, Эдил Айдарбеков, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков.

Ал эми Герб 1994-жылы 14-январда кабыл алынган. Гербдин авторлору: Асейин Абдраев, Садырбек Дубанаев.      

Конституция 1993-жылы 5-майда белгиленген.

Мугалим: Өз алдынчалыкка ээ болгондон баштап, кыргыз эли ар тараптан өнүгүп, өсүп келе жатат.

Окуучу: Кыргызстан, сүйөм сени чын жүрөктөн Кыргызстан! (ыр саптары)

Кучагыңда төрөлгөнмүн  Кыргызстан,

Ак бешикке бөлөнгөнмүн Кыргызстан.

Карааныңдан алыстасам куса  болуп,

Кайра айланып келээр жерим, Кыргызстан.

Окуучу: Байыркыны улап калган Кыргызстан,

Бакыт нуру сыяктанган Кыргызстан.

Өмүр кошуп өмүрлөргө аккан суулар,

Өзөн сайын булактардан Кыргызстан.

Окуучу: Өмүрлөргө нур түнөткөн Кыргызстан,

Көңүлдөргө сый түнөткөн Кыргызстан.

Комуз күүсү жан дүйнөнү дарылаган,

Конушуна ыр түнөткөн Кыргызстан.

Окуучу: Ала Тоонун жыттап абасынан,

Агарганмын, көгөргөнмүн  Кыргызстан.

Бар кубатын жанын берип, бизге жеткен,

Бабалардан мурас калган Кыргыстан!

Сүйөм сени, өнө турган, өчпөй турган,

Сүйөм сени, чын жүрөктөн Кыргызстан!

Окуучу: Мекеним (мекенди сүйүү саптары)

Бийик, бийик зоолордо, ак мөңгүлүү тоолордо,

Ата-бабам   менин жашаган.

Байыртадан элим, кылымдарга  өчпөй,

Ата мекен көчүн улаган.

Көз тиреген тоосу, мелтиреген суусу,

Көп адамдын көзүн арттырган.

Окуучу: Душмандардан сактап, урпактарга улап,

Манас ата бизди коргогон.

Үч буроосун бурап, колго комуз ойноп,

Ата-бабам мурас калтырган.

Көз арттырган жерим, көз тийбесин сага,

Көкөлөп өсө бер, алдыга.

Окуучу: Берекелүү  ыйык Мекеним,

Ата Мекеним кыргыз жерим.

Ак калпактуу кыргыз элим,

Алгалай бер, эркиндикте  кыргыз  элим.

Окуучу: Ата Мекеним! (мекенди коргоо саптары)

Кылымдардан кыйла келген, кыйла жолу жеңген,

Кыргыз элдин урпактарыбыз.

Азгырса да заман, алдаса да заман,

Кастык кылба, өз мекениңе!

Окуучу: Бейиштин төрүндөй, берметтин өңүндөй,

Берекелүү жерим, Кыргызстаным!

Ата-Мекеним  ардактуу  жерим,

Кылымдарга сени ырдап келемин.

Мекеним менин, кымбатым жерим,

Жүрөгүмө сени, сактап келемин!

Окуучу: Аргасыз кетсең да, алыска жетсең да,

Сагынаарсың ыйык Мекениң.

Биримдиктүү элбиз, көрөңгөсү берсиз,

Кыргызым деп, коргойм намысты.

Мугалим: Балдар, биз ата бабаларыбыздан калган баардык ыйык мурастарды сактап, кийинки муундарга өткөрүп беришибиз керек. Аларга эмнелер кирет?

Окуучу: Мурас

Ата-баба мурасы:

Боз үй, комуз, ак калпак.

Унутпастан буларды,

Уруналы ардактап.

Окуучу: Ар бир кыргыз баласы,

Ак калпакты кийишсин.

Ак боз үйдө олтуруп,

Манас айтып шартылдап ,

Комуз черте билишсин!

Эли –жерин сүйүшсүн!

Эне тилде эркин сүйлөшсүн!

Окуучу: Кыргыз элим көркөм сөздүн устаты,

Ар бир сөзү кылымдардын нускасы.

Өрнөк кылып муундардан муунга,

Кылым бою сактап келет мурасты.

Хор: “Кыргызстаным” (обондуу ыр ырдалат).

Чогуу: Эркиндигиң куттуу болсун кыргыз элим,

Эркиндикте өсүп, өнгүн, Кыргызстан!

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

:

+996555177691
 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер