1-СЕНТЯБРДАГЫ САБАК: ЭЛДЕРДИН БИРИМДИГИ МАДАНИЙ КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТӨ 5-6 КЛ

  • 21.08.2022
  • 0

5 — 6-класстар үчүн класстык саат

Сабактын максаттары:

Билим берүүчүлүк:

— үйдүн жасалгаланышына улуттук маданият кантип таасир этерин сыпаттайсыӊар;

— коомдоштуктар менен маданияттардын айырмалуу жана окшош белгилерин аныктайсыңар;

Өнүктүрүүчүлүк:

— ар кайсы маданияттардагы үйлөрдүн айырмачылыктарын жана окшоштуктарын атап көрсөтөсүңөр;

— өз үйүңөргө, үй-бүлөңөргө карата болгон сезимиңерди түшүндүрүп бересиңер;

Тарбия берүүчүлүк:

— үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоонун маанисин чечмелейсиӊер.

Негизги түшүнүктөр: улуттук маданият, үй-бүлөлүк салттар, жаран (кыргыз жараны), жарандык.

Улуттук маданият – бул белгилүү өлкөдөгү, мамлекеттеги коомдоштуктун рухий турмушун мүнөздөгөн символдор, ишенимдер, ынанымдар, жүрүм-турум ченемдери.

https://tsput.ru/res/other/kulturolog/lec3.html

Үй-бүлөлүк салттар – бул үй-бүлөдөгү муундан-муунга өтүп келе жаткан ченемдер, жүрүм-турум адаты, жөрөлгөлөр жана көз караштар.

https://molportal.ru/node/13680

Кыргыз жараны – этностук, диний, социалдык жана аймактык таандыктыгына карабастан, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык укуктарга жана милдеттерге ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны.

Сабактын жүрүшү

Чакыруу

1-көнүгүү. Эки-экиден болуп иштегиле. Үйдөбүз деп элестеткиле. Эмнени сезип-туйганыңарды сыпаттагыла. Силер кайсы бөлмөдө турасыңар? Силердин айланаңарда эмнелер бар? Кандай жыттарды сезип жатасыңар?

 Маалымат менен иштөө

2-көнүгүү. Үйдө кандай буюмдар болушу мүмкүн, жазгыла.

1-СЕНТЯБРДАГЫ САБАК: ЭЛДЕРДИН БИРИМДИГИ МАДАНИЙ КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТӨ 5-6 КЛ

3-көнүгүү. Салыштыргыла: Силер көрсөткөн буюмдар кайсы үйлөрдө болушу мүмкүн? Эмне үчүн ушундай деп ойлогонуӊарды түшүндүргүлө.

1-СЕНТЯБРДАГЫ САБАК: ЭЛДЕРДИН БИРИМДИГИ МАДАНИЙ КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТӨ 5-6 КЛ

Боз үй

1-СЕНТЯБРДАГЫ САБАК: ЭЛДЕРДИН БИРИМДИГИ МАДАНИЙ КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТӨ 5-6 КЛ

Өзгөчө үй

1-СЕНТЯБРДАГЫ САБАК: ЭЛДЕРДИН БИРИМДИГИ МАДАНИЙ КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТӨ 5-6 КЛ

Көп батирлүү үй

 

 

 

 

 

1-СЕНТЯБРДАГЫ САБАК: ЭЛДЕРДИН БИРИМДИГИ МАДАНИЙ КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТӨ 5-6 КЛ

Жыгач үй 

 

 

 

 

 

 

 

1-СЕНТЯБРДАГЫ САБАК: ЭЛДЕРДИН БИРИМДИГИ МАДАНИЙ КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТӨ 5-6 КЛ

Коттедж

 

 

 

 

 

 

 

1-СЕНТЯБРДАГЫ САБАК: ЭЛДЕРДИН БИРИМДИГИ МАДАНИЙ КӨП ТҮРДҮҮЛҮКТӨ 5-6 КЛ

Алачык

 

 

 

 

 

 

 

 

4-көнүгүү. Текстти окугула. Тексттен кийин  тапшырманы аткаргыла.

Өз үйүм – өлөӊ төшөгүм

Үй бизге бейпилдик тартуулайт, бизди сырткы дүйнөдөн, оорчулуктан жана жат көздөрдөн калкалайт, биздин инсандык өзгөчөлүгүбүздү чагылдырат.

Бирин-бири сыйлап, дасторконго чогуу отурган, бири-биринин көзүнө жылуу караган жер – менин үйүм. Азыр бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү эки же үч үйдө жашашы мүмкүн. Бирок учурдагы кишилерге дагы үй, жеке чөйрө, туугандарынын алака-катышы керек. Кээ бирлер үчүн үй түнөк үчүн гана зарыл, ал эми калгандар өз киндик каны тамган коломтосун абат кылат, оңдоп-түзөйт, жасалгалайт.

Адамдар көбүнесе үйдү ал сырткы оорчулуктардан коргогондугу үчүн жактырышат. Бул адам өзүн коопсуз сезген жер, жакындары менен болгон ысык мамилелердин очогу. Көнүмүш буюмдар, тааныш жана жагымдуу жыттар, жагымдуу эскерүүлөр кишилерге коопсуздук сезимин тартуулайт. Биз үйүбүздү эстегенде, көбүнчө ойлорубуз биз унутуп калгансыган ата-энебиздин коломтосуна чабыттап учат. Анда сыйлоо, жакшы көрүү бар, дасторкондо ысык нан жатат, үй-бүлөлүк майрамдар шатыра-шатман болуп өтөт. Андай көз ирмемдерде жан дүйнөң жарып, жеңилдене түшөсүң.

Бардык замандарда бир орунда турбай, көчүп-конуп, ар кайсы шаарларда жашаганды жактырган кишилер болгон. Бирок ар ким дүйнөдө дайыма кайрылып келе турган жери барлыгын билиши зарыл.

Каалаган адамдын үйүнө кирип, бир нече сааттын ичинде анын кандай экендигин, кайсы түстөрдү, буюмдарды жактырарын, убакытты кантип өткөрөт, тазалыкты, жайлуулук менен ыңгайлуулукту канчалык баалай турганын билүүгө болот. Үйүн көргөндө, анда кандай адам жашаарын билсек болот. Үйдөгү маанай адамдын табити эле эмес, анын маданияты менен ынанымдары жөнүндө да кабар берет.

Чакан тайпаларда талкуулагыла.

Адамдын жашоосунда үйдүн мааниси кандай?

– «Үйүн көргөндө, анда кандай адам жашаарын» кантип билүүгө болот?

Үй-бүлөлүк салттар силердин үйүңөрдүн жасалгасынан кантип чагылдырылган?

Үйдүн жасалгасына улуттук маданият кандай таасир этет?

https://styldoma.ru/novosti/moj-dom-mesto-gde-vsegda-uyut

5-көнүгүү. Талкуу

Эмне үчүн үй менен өлкө көп учурда салыштырылат?

«Кыргызстан — биздин жалпы үйүбүз» деген сөздү кандай түшүнөсүңөр?

Үй-бүлө үйдө жашайт.  Өлкөдө ким жашайт? (жарандар — кыргыз жараны)

Кыргыз жараны кандай түшүнөсүңөр? (3-4 окуучу)

6-көнүгүү. Рефлексия       

Ойду уланткыла:

Биздин өлкөдө түрдүү элдер жашаган ар кандай үйлөрдү көрүүгө болот …

 

Орусбаева Д.Н., КББА

Марченко Л.Ю.

Бөлүшүү

Комментарийлер