“Эки баатыр”: аңгемеге негизделген сабак

  • 22.05.2024
  • 0
“Эки баатыр”: аңгемеге негизделген сабак

  Адабий окуу, 3-класс

Сабактын  максаты

Билим берүү: Сүйлөө речиңерде жаңы сөздөрдү колдоно аласыңар. Тексттерди укканда жана окуганда лексикалык бирдиктерди түшүнүүгө  үйрөнөсүңөр.

Өнүктүрүү: Сүйлөө ишинин түрлөрүндө лексикалык бирдиктерди иштөө менен логикалык ой жүгүртүүлөр өсөт.

Тарбия берүү: Сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин сактоого жана  колдоно алууга калыптанат.

“Эки баатыр”: аңгемеге негизделген сабак

Баалоо баракчалары

“Эки баатыр”: аңгемеге негизделген сабак

Cабактын тиби: Жаңы сабакты өздөштүрүү.

Сабактын формасы: Интерактивдүү сабак.

Окуу иш-аракетин уюштуруунун формалары жана ыкмалары: 2-модуль: тил менен предметти интеграциялап окутуу,  № 1  “Сөздөн  сүйлөөгө”  стратегиясы, «Өзүн-өзү баалоо» баракчасы, https://youtu.be/DOldHpP2dGE?si=pIKqgC0tY7kLROU1(видео

https://wordwall.net/ru/resource/68536152

“Кейс-технологиясы” https://youtu.be/tAKj_gpaCB0?si=raHHWoXyyuI_C8ds (Ютубдан), «Мен бул сабактан билдим», «Туура жана калп».

Предметтер менен интеграцияланышы: Кыргыз тили, мен жана дүйнө сабактары.

Сабактын жабдылышы: ноутбук, проектор, таркатма материалдар, баалоо баракчалары.

Мугалим: Жалындуу салам!

Ритмикалык оюн https://youtu.be/tAKj_gpaCB0?si=raHHWoXyyuI_C8ds (Ютубдан)

“Муз жаргыч-видео” жаңы теманы ачып алуу үчүн:

https://youtu.be/DOldHpP2dGE?si=pIKqgC0tY7kLROU1 (видео көрсөтүлөт) видеодо эмне жөнүндө сөз болгондугун эсиңерге түйүп тургула.

Төмөндөгү бош орунга сөз коюп, сүйлөмдү толук айтып бергиле!

“Эки баатыр”: аңгемеге негизделген сабак

— Силер, байкадыңарбы? Видеону, сүйлөмдү толуктадыңар, демек, бүгүнкү өтө турган темабыз кандай аталат?

  • Өз пикириңерди жуп-жупта талкуулагыла.
  • Көңүл бургула: жупта талкуулап, өз шеригиңдин кандай пикир айтканын бизге айтып бер.

“Эки баатыр”: аңгемеге негизделген сабак

Азаматсыңар! Бүгүнкү биз өтө турган чыгармабыз «Эки баатыр” аүгемеси, автору Халида Токоева, сүрөтчүсү Жыргал Касмамытова.

Айткылачы, балдар! Темага ылайык ой жүгүртүп көргүлөчү, текст эмне жөнүндө баяндалышы мүмкүн деп ойлойсуңар? (Окуучулардын жообу)

Анда, балдар, бүгүнкү сабактын темасы, күтүлүүчү натыйжалары, баалоо баракчалары жөнүндө таанышып алалы. 

  • Сүйлөө речиңерде жаңы сөздөрдү колдоно аласыңар.
  • Тексттерди укканда жана окуганда лексикалык бирдиктерди  түшүнүүгө  үйрөнөсүңөр.
  • Сүйлөө ишинин  түрлөрүндө лексикалык бирдиктерди  пайдаланасыңар.
  • Сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин сактоого жана колдоно  алууга калыптанасыңар.
  • Жаңы сөздөрдү/ түшүнүктөрдү, терминдерди ажырата аласыңар.
  • Жаңы сөздөрдү/түшүнүктөрдү, терминдерди аныктайсыңар.
  • Жаңы сөздөрдү/түшүнүктөрдү, терминдерди оозеки жана  жазуу  жүзүндө аныктап өз кебиңерде пайдалана  аласыңар.

Окуучулар сабактын максаты, күтүлүүчү натыйжалары, баалоо критерийлери, кандай стратегиялар менен иштештей тургандыгы,  аткарылуучу тапшырмалар менен таанышат.

“Эки баатыр”: аңгемеге негизделген сабак

Мугалим: Китепти ачып, кунт коюп окуп чыккыла! ЭСКЕРТҮҮ: жогорудагы  жаңы сөздөрдүн астын чийип, тааныш  эмес сөздөр болсо, суроо белгисин коюп окугула!

«Эки баатыр» текстинде эмнелер жөнүндө баяндалды?   

Окуучулар жупта талкуулап, өз шеригиңин эмнелерди түшүнгөндүгүн баяндап бизге айтып берет.

Ритмикалык оюн https://youtu.be/H3jbfL0zUYo?si=w3boeuzI8ExhJJ9J (видеодон көрүп аткарышат)

Алган материалады колдонуу жана бышыктоо: 

Саптагы ашыкча сөз жана сөз айкаштарын сап катарынан чийип салгыла.

а/ Баяман, Максат, Рысбек, Айдай.

б/ тез жардам унаасы, суунун агымы, машинага секирүү, сактап калуу.

в/ чакап-чукап, аттап-буттап, жүгүрүп-жыгылып, тыгылып-сыгылып,

г/ баатыр, коркок, эрдик, ыраазычылык.

Туура жана калп

  • Максат, Баяман кызды суудан алып чыга албай калышты.
  • Балдар ТТКН сабагынан үйрөнгөнү боюнча алгачкы жардамды көрсөтүштү.
  • Айдайды арыктагы сууга досу түртүп жиберди.
  • Мектептен Бактыгүл эжейи биринчи жардамды үйрөткөн.
  • Чакырылган тез жардам унаасы келбей койду.
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү адам өмүрүн сактап калгандыгы үчүн балдарды  «Жаш  баатыр» деген төш белги менен сыйлады.
  • Классташтары Максат менен Баяманга капа болушту.

Сүрөттөрдү көңүл бөлүп карап чыккыла.

ЭСКЕРТҮҮ:  сүрөттөгү бардык деталдарга көңүл буруп, оозеки баяндап айтып бергиле!

Үй тапшырмасы:

  1. Сууга түшүүнүн коопсуздук эрежелери боюнча кроссворд түзүп келүү.
  2. Эрежелер боюнча сүрөттөрдү тартып келүү.
  3. Сөздүктөрдү, талкуулаган түшүнүксүз сөздөрдү кошуп, 7 сүйлөмдөн турган «Айдайдын жоруктары» деген темада текст түзүп келгиле.

“Эки баатыр”: аңгемеге негизделген сабак

Алтынай Мусаева, Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейинин мугалими 

Бөлүшүү

Комментарийлер