Даражанын аныктамасы

  • 31.01.2024
  • 0
Даражанын аныктамасы

Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү.

Сабактагы колдонулуучу усулдар жана ыкмалар: интерактивдүү.

Сабакта колдонулуучу каражаттар жана материалдар: слайд, формулалар, окуу китеби.

Сабактын максаты:

Билим берүү: Сандын даражасын таба алат. Берилген тапшырмаларды эркин аткарат.

Өнүктүрүү: Билимин билгичтигин, активдүүлүгүн ѳнүктүрѳт.

Тарбия берүү: Достук мамиледе болуу менен ѳз алдынча кѳнүгүү иштѳѳсүнѳ тарбиялайт.

Негизги компетенттүүлүктөр:

1. Маалыматтык компетенттүүлүк (НК1)

2. Социалдык коммуникативдик компетенттүүлүк (НК2)

3. “Өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү” (НК3)

Предметтик компетенттүүлүктөр:

1. Эсептөө (ПК1)

2. Аналитикалык-функционалдык (ПК2)

3. Көрсөтмөлүү-образдуу (ПК3)

4. Статистикалык-ыктымалдык (ПК4)

Сабактын жүрүшү

Уюштуруу, өтүлгѳн теманы кайталоо, жаңы теманы түшүндүрүү, мисал иштѳѳ, өтүлгѳн теманы бышыктоо, физминутка, баалоо (суммативдик, ѳзүн-ѳзү баалоо), үй тапшырмасын текшерүү.

Окуучулар менен саламдашып жагымдуу маанай түзүү.

Баалоо боюнча окуучуларга жалпы түшүндүрмѳ берүү (ар бир окуучунун ѳзүндѳ баалоо баракчасы болот, ар бир аткарган тапшырмалары үчүн мугалим тарабынан баа коюлат жана сабактын соңунда арифметикалык орто сан менен баасын чыгарышат).

Ѳтүлгѳн темаларды кайталоо: (слайдда жазылган формулаларды окуп түшүндүрмѳ беришет)

y=5x+4

y=-2x-4

y>-25

a+b=b+a

ab=ba

a+(d+c) = d+(a+c)

25<x<28

Жалпы даража деген сѳздүн маанисине түшүнүк берүү (окуучулар менен биргеликте даражанын синонимдерин табуу)

даража-наам-деңгээл-дѳѳлѳт-чин-оомат

Аныктама: бирдей кѳбѳйтүүчүлѳрдүн кѳбѳйтүндүсү даража деп аталат.

Даражанын аныктамасы                                                                                                       Даражанын аныктамасы Даражанын аныктамасы Даражанын аныктамасы

 

 

 

Мисалдар:

4×4×4×4×4= 45

(-0,12)×(-0,12)×(-0,12)×(-0,12)= (-0,124)4

-52  =(-5)*(-5)=25 

-(5)2= — (5*5)=-25

-52> -(5)2

53 =(-5)*(-5)* (-5)= -125 

-(5)3= — (5*5*5)=-125

-53=-(5)3

 Мисал иштѳѳ

  • №385 (а,б,в,г,д)
  • №386
  • №387 (а,б,в,д,ж)

Билимибизди бышыктайбыз. Физминутка

Окуучулардын сезгичтиги аныкталат (5 окуучу чыгат. 1-окуучу 2-окуучунун далысына барак коюп сандын даражасын жазат, 2-окуучу кандай сан жазылганын сезүү менен 3-окуучуга жазат, ушундай темпте кайталанат).

Ар бир окуучу баалоо баракчасындагы алган баалар менен арифметикалык орто санды эсептешип баалаарын чыгарат.

Yй тапшырма: №387 (г,е),  № 388

Мыскал Шергазиева, К. Бектенов атындагы Кара-Ой жалпы орто билим берүү мектебинин математика мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер