ДАРАЖАЛАР МЕНЕН БОЛГОН АМАЛДАР

  • 07.02.2023
  • 0
ДАРАЖАЛАР МЕНЕН БОЛГОН АМАЛДАР

ДАРАЖАЛАР МЕНЕН БОЛГОН АМАЛДАРНазгул Кыргызбаева,

Базар-Коргон районундагы Акман айылы

Тешебай Исак уулу атындагы №35 мектебинин

Математика, физика мугалими

Предмет: математика

Класс: 7-класс

Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү

Сабакта колдонулуучу усулдар жана ыкмалар: интерактивдүү

Сабакта колдонулуучу каражаттар жана материалдар: табличка, карточкалар, тех.каражаттар

Сабактын максаты:

1.Билим берүүчүлүк: Даражалар менен болгон амалдар жөнүндө алган билимдерин  бышыкташат. Көндүмдөрдү калыптандырышат.

2.Өнүктүрүүчүлүк максаты: Даражаларды көбөйтүүгө, бөлүүгө жана даражаны даражага көтөрүүгө берилген мисалдарды аткара алууга жетишишет.

3.Тарбия берүүчүлүк максаты: Адептүүлүккө, маданияттуулукка чакыруу. Улуттук баалуулуктарды билүүгө тарбияланышат.

Анда бүгүнкү сабагыбызды баштайбыз
а л т ы н    э р е ж е

  • Алгач классты сабакка даярдап алалы.
  • Мурунку сабакта берилген тапшырманы карайбыз.
  • Тапшырманы аткарып келдиңерби?

Үй тапшырмасын текшерүү: №458

Өтүлгөн теманы кайталоо:

                                                               Байыркы сырдын түйүнү

Байыркы математиктер сандарды кошууну, кемитүүнү билишкен. Бирок сандардын даражалары деген түшүнүк жок болгон. Алар кандайдыр бир сандарды өзүнө-өзүн бир нече жолу көбөйтүүдө ыңгайсыздык жаралган. Ошондой эле көптөгөн финансылык чыгымдарга учурашкан. Себеби ал кездеги жөнөкөй «папирустун» баасы да жогору болгон. Ошондуктан мындай ыңгайсыздыктарды жоюу үчүн ар түрдүү аракеттерди кылышкан.

Алгачкылардан болуп Диофант Александрийский математикалык атайын белгини ойлоп тапкан.

Белгисизди Диофант «сан» деп атаган жана ς тамгасы менен белгилейт

Белгисиздин квадратын ΔΥ – белгиси менен («даража» — степень  деген сөздүн кыскартылышы)

Белгисиздин кубун КΥ (куб – «κύβός» сөзүнүн кыскартылышы)

Андан кийинки акыркы эң чоң бурулушту Никола Шюке киргизген. Ал алгач терс көрсөткүчтүү даражаны, андан соң 0 үнчү даражаны киргизген. Азыркы биз колдонгон даражалардын жазылышы мына ушул математикке таандык.

Топтордо иштөө: Манас, Семетей, Сейтек

ДАРАЖАЛАР МЕНЕН БОЛГОН АМАЛДАР

                                                    “Манас” эпосунда кездешкен сандар

(22)3+(22)2=22*3+22*2=26+24=64+16=80

Бүгүнкү күндө «Манас» эпосунун 80 ге чукул варианты сакталып калган

(52)2— 52=52*2— 52=54— 52=625- 25=600

«Манас» эпосунда жалпы 600 дөн ашык каармандар сүрөттөлөт

202 + 202= 400 + 400=800

«Манас» эпосунда 800 гө жакын жер-суу аттары кездешет

ДАРАЖАЛАР МЕНЕН БОЛГОН АМАЛДАР

«Манас» топонимдери

Испанияда жана Кытайда «Манас» шаары,
Японияда Семетей шаары
Казакстанда «Манас» жайлоосу
Кореяда «Манас» чокусу
Венгрияда «»Манас»» айылы
Дагестанда да «Манас» айылы

Алтайда «Манас» көлү

Кыргызстанда «Манас» району

ДАРАЖАЛАР МЕНЕН БОЛГОН АМАЛДАР

Эс алуу мүнөтү: балдар кыймыл оюнун ойнойт

Мисал иштөө:

ДАРАЖАЛАР МЕНЕН БОЛГОН АМАЛДАР

Чайнек пиалага камтылган мисалдарды чыгаруу:

ДАРАЖАЛАР МЕНЕН БОЛГОН АМАЛДАР

ДАРАЖАЛАР МЕНЕН БОЛГОН АМАЛДАР

Жыйынтыктоо:

«Манас» тобу 2-орунга ээ болду.

«Семетей» тобу 1- орунга ээ болду.

«Сейтек» тобу 3-орунга ээ болду.

Үйгө тапшырма: №460

Билимдерди баалоо: сабакта активдүүлүгүн көрсөткөн окуучуларды баалоо.

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер