ДАРАК ЖЫЛДЫН ТӨРТ МЕЗГИЛИНДЕ

  • 08.02.2023
  • 0
ДАРАК ЖЫЛДЫН ТӨРТ МЕЗГИЛИНДЕ

Айчүрөк Соорбекова,

Аксы районундагы № 30 Аркыт мектебинин

башталгыч классынын  мугалими

 

Предмети: Мен жана дүйнө

Классы: 1-класс

Сабактын максаты:

  1. билим берүүчүлүк: Өсүмдүктөрдүн, дарактардын жыл мезгилдерине жараша өзгөрүшүн түшүнүшөт;
  2. өнүктүрүүчүлүк: Элестетүүнү, көңүл бурууну, эс тутумду, ой жүгүртүүнү өнүктүрүшөт;
  3. тарбиялык: Жаратылышты сүйүүгө, өсүмдүктөргө, дарактарга аяр мамиле жасоого тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, дептери, темага карата сүрөттөр, ТСО.

Сабактын тиби:Жаңы билимди өздөштүрүү.

Сабактын усулу: Көргөзмөлүү, түшүндүрүү.

Сабактын жүрүшү:

Сабакты уюштуруу

Мугалим менен биргеликте окуучулардын иш-аракети.

Саламдашуу, сабакка даярдоо.

Жагымдуу маанай түзүү. Мугалим менен окуучулар биргеликте:

Кел, досторум ар убакта, ынтымакта бололу.

Таарынышып калсак кокус, кечиришип коёлу.

Көздөр көзгө тике карап, бир жылмайып коёлу.

Алтын эреже кабыл алуу.

Өтүлгөн материалдарды кайталоо.

Топту ыргытып суроо берүү.

  1. Өткөн сабакта эмне деген теманы өттүк?
  2. Денектин өнүшү үчүн эмнелер керек?
  3. Дарактын өсүп чоңоюшу үчүн эмнелер керек?
  4. Алма данегинин өсүшүнө байкоо жүргүзүп көр? (Китептеги сүрөткө карап түшүндүрөт.)

Жаңы теманы түшүндүрүү

Мугалимдин иш аракети:

Балдар, бир жылда төрт мезгил бар: алар күз, кыш, жаз жана жай мезгили. Дарактар төрт мезгилге карата өзгөрүп турат. Бүгүн биздин өтө турган темабыз: Дарак жылдын төрт мезгилинде.

Келгиле, баарыбыз экранга көңүл буруп слайддарды көрөбүз.

Мугалим темага карата даярдалган сүрөттү карап, дарак жылдын төрт мезгилинде кандай өзгөрөрүн сүрөттөп, айтып, түшүндүрүп берет.

Китеп менен иштөө.

Мугалим менен окуучунун   иш аракети.

Балдар, китепке көңүл бурабыз.

Дарактын өсүшүн түшүндүрүп берүү үчүн китептеги схеманы жана сүрөттөрдү карашат окуучулар.

Мугалим Г.Чичинадзенин “Данек” аттуу ырын окуп берет.

Данек

Кичинекей данекти, ким дүйнөгө жаратты?

-Бак.

Бак бутагын силкинтип, ким туш-тушка таратты?

-Жел.

Ал данекти агызып, ким качырып баратты?

-Суу.

Данек ачка болгондо, ким ичирди тамакты?

-жер.

Ал данекти кайрадан, ким даракка айлантты?

-Күн.

Окуучулар топтордо талкуу жүргүзүп, өсүмдүктүн өсүшү үчүн аба, суу, күн керек деп жыйынтык чыгарышат.

Физ.минутка.

Бийик-бийик тоолордон, Ак куу болуп учабыз.

Терең-терең көлдөрдөн, Балык болуп сөзүбүз.

Жакшы бала дешке, Жакшы окуйбуз «5»ке.

Сабакты бышыктоо:

Окуучулар дептердеги дарактардын сүрөтүн боёшот, дарактардын жылдын төрт мезгилиндеги көрүнүшү келип чыгат.

Сабакты жыйынтыктоо: (Кайтарым байланыш суроо-жооп.)

  1. Балдар, бүгүнкү сабакта эмнени үйрөндүңөр?
  2. Эмне үчүн дарактар жыл мезгилине жараша өзгөрүп турат?

Баалоо:

Комментарийлөө жолу менен баалоо.

Быйтыкчалар менен баалоо.

Үй тапшырма: Дарак жылдын төрт мезгилинде (кайталап окуп келүү).

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер