ДҮЙНӨ ЭКОЛОГДОРДУН КӨЗ КАРАШЫНДА (ТАЛКУУЛОО)

  • 04.02.2022
  • 0
ДҮЙНӨ ЭКОЛОГДОРДУН КӨЗ КАРАШЫНДА (ТАЛКУУЛОО)

Асангулова Эркайым,

М. Жумаев атындагы  мектебинин китепканачысы,

 Кызыл-Туу айылы, Тоң району,  Ысык-Көл облусу

ДҮЙНӨ ЭКОЛОГДОРДУН КӨЗ КАРАШЫНДА (ТАЛКУУЛОО)

Классы: 4-класс

Китепкананын максаты:

  1. Китеп окуу аркылуу окуучулар жаратылышты коргоону, азыркы болуп жаткан экологиялык проблемаларды кантип сактоону.
  2. Жаратылыш байлыктарын, ресурстарын.
  3. Адамзат үчүн эң зарыл болгон жаратылыш байлыктарын.
  4. Жаратылышты коргоо үчүн сунуштарды үйрөнүшөт, эстеринде сакташат.

Саламатсынарбы балдар!  Биз бүгүн «Окуу Керемет!» долбоорунун алкагында илимий  стилде  жазылган  В.Солошенконун  «Дүйнө экологдордун көз карашында» — деген китепти талкуулайбыз.

ДҮЙНӨ ЭКОЛОГДОРДУН КӨЗ КАРАШЫНДА (ТАЛКУУЛОО)

Силер бул китепти үйдөн окуп келдиңер, эми ушул китепте жазылган маалыматтар жөнүндө  эки топко бөлүнүп  алып,  талкуу жүргүзөбүз.

Суроолорго толук жооп берип бүткөндө, эсибизде калыш үчүн, ар бир суроонун жообун кыскача стикерге жазып илебиз.

Талкуу  кылыш  үчүн  биз  эки топко  бөлүнүп  алабыз.

1-топтун аталышы:  Илимбек.

2-топтун аталышы:  Билимай.

1-суроо:                     Экологдор кимдер алар эмнени изилдешет? Сен эколог болсоң эмне кылат элең?

2-суроо:  Токойдун  жаратылыштагы  мааниси  кандай?  Силер токойдун кандай түрлөрүн билесиңер?

3-суроо:   Азыркы биздин жашап жаткан экология таза деп ойлойсуңарбы?  Таза болуш үчүн эмнелерди жасашыбыз керек?

4-суроо:   Биоартүрдүүлүк деген эмне?

5-суроо:   Биздин жашообузга зарыл болгон байлыктар кайсылар? Биз аны кантип үнөмдүү пайдалансак болот?

6-суроо:  Англияда, Австралияда, Индияда, Италияда экологияны таза сакташ үчүн эмне кылышат жана кандай мыйзамдары бар?

7-суроо:  Жаратылыш коомчулугунун тургундары деп эмнени түшүнөсүңөр?

8-суроо:  Суулар эмнеден улам кирдейт, сенин оюңча сууну кандай пайдаланыш керек?

9-суроо: Бул китептен өзүңөргө кандай жаңы маалыматтарды ала алдыңар?

ДҮЙНӨ ЭКОЛОГДОРДУН КӨЗ КАРАШЫНДА (ТАЛКУУЛОО)  Китепти талкулоону бышыктоо:

Автор “Дүйнө экологдун көз карашында” деп ат коюптур, силер дагы кандай ат коёт элеңер?

Келгиле экологияны ар бирибиз сактайлы. Мисалы: дүкөнгө барганда чүпөрөк баштык көтөрөлү. Атырды аз себинели, анткени  атыр себингенде озон  катмары бузулат. А озон  катмары бизди коргоп турган катмар экен. Бак тигели, бир бак 120 кг чаңды өзүнө соруп алат экен. Баарыбыз биргелешип экологиябызды сактайлы!

Үйгө тапшырма: Гвидо Ван Генехтен жазган  «Динозаврлар жөнүндө чындык»- деген аңгемесин  окуп  түшүнгөнүңөрдү айтып берүү.

Саламатта баргыла!

Бөлүшүү

Комментарийлер