ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН «ДЕЛБИРИМ» ПОВЕСТИНДЕГИ КААРМАНДАРДЫ ТАЛДОО

  • 16.04.2024
  • 0
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН «ДЕЛБИРИМ» ПОВЕСТИНДЕГИ  КААРМАНДАРДЫ ТАЛДОО

СУЛТАНАЛИЕВА Элмира, Ысык-Көл районундагы Акматша Түмөнбаев атындагы Чок-Тал жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

Сабактын планы:

Классы: 11-класс  

Предмети: кыргыз адабияты

Сабактын темасы: Чыңгыз Айтматовдун «Делбирим» повестиндеги каармандарды талдоо

Сабактын жабдылышы: ноутбук, проектор, слайд, сүрөттөр, карточкалар, тест, видео

Сабактын тиби: алган билимди кайталоо, бышыктоо

Сабактын методу: активдүү жана интерактивдүү ( хронологиялык мамыча, «Мен киммин?» ыкмасы , топ менен иштөө, жекече иштөө, К-4 ыкмасы, чыгарманын картасын түзүү ыкмасы)

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН «ДЕЛБИРИМ» ПОВЕСТИНДЕГИ  КААРМАНДАРДЫ ТАЛДОО

Сабактын максаты:                                                                                                                                                                      а) Билим берүүчүлүк: Чыңгыз Айтматовдун  «Делбирим» повестиндеги каармандарды талдоо;

б) Өнүктүрүүчүлүк:            Чыгарманын көтөргөн проблемасын билүү менен  өз көз карашын айтууга,баа берүүгө жана талдоого үйрөнүшөт;

в) Тарбия берүүчүлүк: Топто биримдикте иштеп, шамдагайлыкка көнүгүшөт, адамдын баркы тууралуу ой жүгүртүшөт.

Компетенттүүлүктөр:                                                                                                                                                                                                                                                                                                   1. Маалыматтык                                                                               1.Кептик

  1. Социо-коммуникациялык                             2.Тилдик
  2. Өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чече билүү         3.Маданият  таануучулук

Сабактын жүрүшү:

Сабактын этабы:  (Мугалим жана окуучунун ишмердүүлүгү берилет)                                            1.Уюштуруу                                                                                                                                                                    Саламдашат. Классты пазл аркылуу топторго бөлөт.                                                                                                   2.Үй тапшырмасын суроо                                                                                                                                                 Суроо-жооп өткөрөт;                                                                                                                                                      Өтүлгөн материалдар боюнча проблемалык суроолор коюлат;                                                        Хронологиялык мамыча аркылуу жазуучунун  өмүр-чыгармачылыгын кайталашат.                                          Бул сандар эмнеден кабар берет? 1928,14,1952,1957,1963

Жообу көрсөтүлөт:

  • 1928-жылы төрөлгөн
  • 14 жашында айылдык советтин секретары болуп иштейт.
  • 1952-жылы «Газетчи Дзюйо» чыгармасы «Кыргызстан» альманахына жарыяланат.
  • 1957-жылы «адабий дебюту» «Бетме-бет» жарыкка чыгат.
  • 1963-жылы «Тоолор жана талаалар» жыйнагы үчүн  Лениндик сыйлыктын ээси болот.

Киришүү сөз жасайт. Биз өткөн сабакта Айтматовдун “Делбирим”повести менен таанышканбыз. Бүгүн Чыңгыз Айтматовдун «Делбирим» повестиндеги каармандарды талдайбыз.

Сабактын максаты: Чыңгыз Айтматовдун «Делбирим» повестиндеги каармандарды талдоо; Чыгарманын көтөргөн проблемасын билүү менен  өз көз караштарыбызды  айтууга, баа берүүгө үйрөнөбүз; Топто биримдикте иштеп, шамдагайлыкка көнүгөбүз, адамдын баркы тууралуу ой жүгүртөбүз.                                                                                                                                                                              Бүгүнкү сабагымды бул эпиграф менен баштагым келди.  «Адамдын башкаларга кылар эң чоң жакшылыгы –үйүнөн адам болор балдарды тарбиялап өстүрүү».Бул эпиграф биздин бүгүнкү сабагыбыздын мазмунунун негизи болмокчу. (Мугалим ар түрдүү тапшырмаларды окуучуларга берүү менен сабактын максатына жетет).

Балдар, коомдук турмушубуздун, искусствонун, сахнанын, экрандын, өз жылдыздары болот.Ал эми акындар поэзиясынын жылдызы катары Алыкул Осмоновду мыкты таанысак, көркөм сөздүн мыктысы,Чолпон жылдызы катары Чыңгыз Айтматовду жакшы билебиз. Бүгүнкү сабагыбызга коноктор менен катар  Айтматовдун каармандары да  келишкен. Анда каармандарга  кезек берели.

1-тапшырма “Мен киммин ?” ыкмасы менен иштөө. (Мугалим окуучуларга   даярдалган тексттерди таратып берет, алар окушат, калган окуучулар ким тууралуу сөз болуп жатканын табышат). Мисалы: 1-окуучу «Жолуң болсун, багың ачылсын!» деп чын ыкластан тиледим. Кыз тийген күйөөсүнөн  багы ачылбады, мени менен турмушу болбоду. Чыныгы сүйүү эмне экенин, бирөөгө сүйүктүү болуу, бирөөнү  жаныңдан артык сүйүү деген эмне экенин билбесем, мен деле аны менен ысык жашай бермекмин го. Бул өзү адам айтып түшүндүрө алгыс нерсе экен. «Жолуң ачылсын, жаман ойдо кетпегин» — деп узаттым.  Мен киммин? (Ильяс)

2-окуучу. Байсалдуу, акылдуу жигитмин. Ээнбаштанып жалгыз ашууга жулунмак эмесмин. Жаныма өнөк алып туура кылдым. Ашуу ашарда мотордун күчү, колдун каруусу, акылдын токтоолугу керек. Жаныңда өнөгүң болсо, улам алмашып айдап, жол да эки эсе кыскарат. Мен анын баарын ойлоп чыккам. Прицепке тормоз орнотконбуз. Кадимки эле чынжырды дөңгөлөккө орогонбуз. Алактабай акыл менен жеңдим. Өзгөчөлөнгүм келген жок. Мен киммин?  (Алыбек)

3-окуучу: Аны менен сүйлөшкөндө жумшарып, назданып калам.Тамаша айтып чачтарымдан сылап өтсө жагат. Экөөбүз ар дайым бирдемеден улам кызаңдашып, талашып айтыша кетебиз, бирок аныкы натуура болсо да ийигип жөнүнө көнүп берем, ага ушунум жакчу. Кээде киного алып барып, кайра үйүмө  узатып коет. (Кадийча)

4-окуучу. Кесип алса кан чыкпаган сараңмын. Анан калса жакшылыкты көрө албаган ичи тарлыгым бар, куу каптал, митаам болом. Башкаларга окшоп жатаканага да жатпайм, бир аялдын үйүндө жүрөм. Бекер оокат, даяр тамак дегендей. Мен киммин? (Жантай)

5-окуучу. Айлам түгөнгөндөн кийин ийин куушуруп, бензин куючу москоол орус катынды таңыркай тиктедим. Ал баятан бери терезесинен бизди телмире карап отурган. Мага башын чайкады, кантесиз, тынчын албаңыз дегенсиди. Мен таң калдым. Мен киммин? (журналист)

Окуучулар пазл аркылуу топторго бөлүнүшкөн. Топторго төмөндөгүдөй тапшырмаларды берем.

2-тапшырма. Биз талкуулаганы жаткан чыгарма тууралуу силер билген эки маанилүү нерсени жаз.

Мисалы: 1.Чыгарманын жаралышына себеп болгон жагдай

2.Аселдин ролун аткарган актриса эмес сүрөтчү ж.б

3-тапшырма. К-4 ыкмасы менен иштөө

Окуучулар чыгарманын каармандарына бул ыкма аркылуу талдоо жүргүзүшөт.                    Мисалы: Ильяс

                          Күчтүү жагы               Күчсүз жагы
Ильястын күчтүү жагы ….Ильястын күчсүз жагы…
                          Келечеги               Коркунуч
Ильястын келечеги менин оюмча…Себеби…Анын жашоосунда мындай коркунучтар болду же болот…

4-тапшырма. “Делбирим” повестиндеги бул каармандардын айланасында кандай окуялар жүрөт? Каалаган каармандардан бирден тандап алып анын тегерегинде болуп өткөн окуяларды эске салуу менен каармандарга мүнөздөмө беребиз. Мисалы: Ильяс, Асель, Кадийча, журналист, Жантай, Алыбек Жантурин, Байтемир, Самат.

5-тапшырма. Чыгармадагы окуялардын ирээтин (сюжетин) сандар менен белгилеп көрсөткүлө.

Мисалы:

  1. Журналисттин баяны
  2. Жолчунун баяны ж.б

6-тапшырма

Чыгарманын картасын түзүү.

1.Окуя өтүп жаткан жердеги кырдаал (мезгил,чөйрө)

  1. Негизги каармандар
  2. Негизги маселе (тема)
  3. Маселенин чечилиши
  4. Окуя өтүп жаткан коомдун өзгөчөлүгү

Бышыктоо:             1) Видео көрсөтөм. https://youtu.be/jrXARpKf58?si=pNQ50sF80mH0Cqwz

Бул видеодон эмне маанилүү маалымат алдыңар? ж.б суроолор берилет.

2) https://www.educaplay.com/ сайт аркылуу тест

Ошентип, чыгармадагы каармандарга талдоо жүргүзүп жатып, чыныгы адам болуу эмне экенин дагы бир жолу терең түшүндүк деп ойлойм. Биздин өлкө үчүн жасаган эң маанилүү иш — үйүбүздөн адам болор балдарды, окуучуларды тарбиялоо. Бардыгыңарды чыныгы адамкерчиликти алып жүргөн  Байтемирге окшогон  адам  болууга чакыруу менен бүгүнкү сабакты жыйынтыктайм.

Баалоо: Өзүн-өзү баалоо баракчасынын жыйынтыгы чыгарылат. Активдүү катышкан топ чогулткан пазл толук ачылат.                                                                                                                                                        Үй тапшырмасы: Чыгармадагы  адамкерчиликтин берилиши.(Эссе)

Жыйынтыктоо рефлексия: Бүгүнкү сабакта: 3 жаңы сөз, 2 суроо жана 1 инсайт жаз.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер