Чыңгыз Айтматов — кылымдын залкар жазуучусу

  • 21.04.2024
  • 0
Чыңгыз Айтматов — кылымдын залкар жазуучусу

Сабактын максаты:

а) Кыргыз элинин залкар жазуучусу Ч. Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы менен таанышат. Чыгармалардын маани-мазмунун түшүнүшөт.

б) Сөз байлыгы кеңейип, көркөм айтууга такшалат.

в) Турмуш чындыгын билүүгө, адептүү жүрүм-турумга тарбияланат.

Сабакта колдонулуучу дидактикалык материалдар: Ч. Айтматовго арналган газеталар, учкул сөздөр, улуттук кийимдер, слайд. Уктурулуучу ырлар: «Таласым», «Илястын ыры». “Маңкурт”, “Ак кеме”, “Эрте жаздагы турналар” боюнча видеосюжеттер.

Сабактын жүрүшү. Мугалимдин сөзү:

Кана, балдар, биз сабакты дайыма жагымдуу маанай менен баштап алабыз.

Ушул жылы 95ке толмоксуз,

Жакындардын сый төрүндө болмоксуз.

Аткарам деп көздөп койгон иштердин,

Бир нечесин бүтүрүп да коймоксуз.

Саламатсыздарбы, урматтуу бүгүнкү салтанаттуу кеченин коноктору. Ааламыбыздын залкар жазуучусу Ч. Айтматов агайыбыздын 95 жылдыгына карата өткөрүлүүчү «Ч. Айтматов — кылымдардын залкар жазуучу» деген аталыштагы сабагыбызды ачык деп жарыялайбыз.

Элибизди эл кылып, улут катары тааныткан улуу белгибиз бул – эне тилибиз кыргыз тили. Эне тилибиз көрөңгөлүү, кунарлуу тил. Бул тилде Манас атабыз ураан чакырып, эли-жерин коргоп келсе, Чыңгыз атабыз алакандай кыргыз элин дүйнө жүзүнө тааныткан. Бул тилде Каныкей эне бешик ырын ырдаса, Бакай атабыз накыл кептерин айткан. Андыктан эне тилибиздин улуулугу менен сулуулугун даңазалап, көзүбүздүн карегиндей кастарлап муундан-муунга өткөрүп берүү биздин ыйык милдетибиз. Демек, эгемен элибиздин эне тили болгон кыргыз тилин сыйлаган, туулган жерин, Ата журтун чексиз сүйгөн, элинин кызыкчылыгын өзүнүкүнөн жогору койгон инсан, заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов жөнүндө сөз башынан болсун.

Видеосюжет: Ч. Айтматов “Кылым сыймыгы”

Мугалимдин сөзү: Ч. Айтматовдун өмүр баяны

XX к. залкар жазуучубуз. Ч.Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусуна караштуу Киров районунда (азыркы Кара-Буура) Шекер айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.

Атасы Төрөкул Айтматов, энеси Нагима Айтматова өз мезгилинин мыкты инсандары болгон. Ч. Айтматов жаш кезинде көп кыйынчылыктарды башынан өткөргөн. Ал 9 жашка чыкканда атасы Төрөкул күнөөсүз жерден репрессияланып, атылып кеткен. Апасы Нагима Чынгыздай уулду тарбиялоодо зор салым кошкон. Айтматовдун жазуучу болуп калышына Айымкан энесинин салымы зор. Анын эскерүүсүндө: “Чыңгыз жомокту кунт коюп угар эле. Жомок түгөнүп калган күндөрү бир аз уктап туруп көргөн түштөрүмдү жомок кылып айтып берер элем!»

Айтматовдун «Жамийла», «Кызыл алма», «Кыямат», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Биринчи мугалим», «Ак кеме», “Кылым карытар бир күн”, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”, “Кызыл жоолук жалжалым”, “Кассандра тамгасы”, «Эрте жаздагы турналар», “Бетме-бет” ж.б. элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан.

Чыңгыз Айтматов - кылымдын залкар жазуучусу

Маржана

  • Алп жазуучунун ааламы Шекер айылынан кайталангыс кооз жаратылышынан, карапайым адамдарынан, Айымкан чоң апасы менен Нагима эненин чексиз энелик мээриминен башталган.

Акылай

  • 9 жашында атасынан ажыраган сезимтал бала эне сүйүүсүнүн, туулган жердин жана уруу ынтымагынын күчүн ошол кыйын мезгилде терең сезген.

Зияда

  • Чынгыз Айтматов 20-кылымдын гениалдуу жазуучусу катары адамзаттын көркөм маданиятына түбөлүк өчпөс из калтырды.

Айбийке

  • Манас бабабыздын улуу руху жашаган кутман жердин кулуну Чыңгыз агабыз, алакандай элибизди алп таланттын күчү менен ааламга тааныткан.

Асия

  • Айтматовдун чыгармасы боюнча 300дөн ашуун спектаклдер жаралып сахнага коюлган.

Жазгүл

  • Кыргыз эли үчүн Манас, Ысык-Көл жана Чыңгыз Теңирим берген теңдешсиз баалуулук экенин мезгил аныктады.

Бурулай

Кыргыз десем Чыңгыз келет эсиме,

Чыңгыз десем кыргыз келет эсиме.

Кыргызым деп, Чыңгызым деп эргисем,

Кубангандан жаш кылгырат көзүмө.

Чыңгыз Айтматов - кылымдын залкар жазуучусу

Видеосюжет: “Эрте жаздагы турналар”, “Ак кеме”

Мугалимдин сөзү: кыскача корутунду

Кыз. Чыңгыз атам дүңгүрөтүп ааламды,

Калем иши эң жогорку бааланды.

Ай-ааламга аты кетти даңктана,

Кыргыз жүрөт Чыңгызына мактана.

Бала. Чыңгыздын чыгармасы гүлдөн бүткөн,

Гүл жыттуу ар барагы бүктөн-бүктөн.

Жамийла, Сейде жана Толгонай,

Турмушта сени туура жолго түрткөн.

Айгерим: көркөм окуу

Ак кеме» чыгармасынан көрүнүш

“Ак кеме” повестинен үзүндү окуучулар аткарышат.

— Балээ баскыр. Муну кара. Нургазы, оо-ууй Нургазы!

Сениби, сени, сени, сениби! Үйгө келесиң, шашпа. Келерсиң үйгө! Аай, алдагы Орозкулдун дүрбүсүн талкалап бүтүрмөй болдуң го. Оо, балакет. Орозкул сени соёт, оо соёт. Оой Гүлжамал, оо сени кудай урду го бала менен бала болуп. Желмогуздай болгон сетер.

— Эжекем эми үйгө кантип барат. Мени менен ойнойм деп келип, эми тил уга турган болду. Сен дагы дүрбү, күнөөлүүсүң. Дайыма эле көлдү карайбыз дей бересиң.

(Дүрбү менен карайт).

Ак кеме! Ак кеме!

Эээй, эй ак кеме!

Орозкул ава, мени кечириңиз!

Дүрбүңүздү сурабай алдым эле.

Аа, дүрбүбү?

— Оо кудай, өз баламды өзүмдүн алдынан чуркатып чыгарбадың? Башкалардан эмнеге кем кылдың? Мени куу баш кылгандай эмнеден жаздым?!

Чыңгыз Айтматов - кылымдын залкар жазуучусу

Делбирим”

Нечен-нечен чыгармалар жаратып,

Дүйнө элине белек кылып таратып.

Асел менен Илясты эскерем,

Долон деген белди ашып баратып.

Биринчи мугалим

Султанмурат сүйгөн кызы Мырзагүл,

Согуш апаат күндөрүндө иштеген.

Жаш болсо да ойлонгону орундуу,

Жашап кетти жакшынакай иш менен.

Ак кеме

Тууган жер, туу көтөрүп дем берип,

Толкун ойноп, үйлөп улам жер көрүп.

Салкын жели, сылап саамай чачтарын,

Кетип барат Ак кемедей термелип.

Кызыл алма

Күз мезгили кечээги,

Калың бактын этеги.

Кимге буйруйт дегенсийт,

Кызыл алма тээтиги.

Ч. Айтматовдун чыгармалары 170тен ашуун тилдерге которулган. 60 миллион окурмандын жүрөгүнөн түнөк тапкан.

Ч.Айтматовдун учкул сөздөрү. Ар бир окуучу учкул сөздөрүнөн айтышат.

Жыйынтыктоо: Тарбиялык саатыбызды жыйынтыктап жатып эмне айткыбыз келет? Аалам алпы – Айтматов кыргыз элине өлбөс, өчпөс из калтырды. Айтматовдун талантына таазим кылып, жүрөгүбүзгө бек сактайбыз. Анын чыгармалары муундан-муунга, атадан-балага белек болуп кала бермекчи.

Турдукан Юлдашева, Сузак районуна караштуу Көк Арт айыл өкмөтүнүн №100 Б. Төрөгелдиев мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер