ҮЧ ОРУНДУУ САНГА ЖАЗУУ ТҮРҮНДӨ БӨЛҮҮ. 279-283-МАСЕЛЕ, МИСАЛ, 270-БЕТ

  • 15.04.2023
  • 0
ҮЧ ОРУНДУУ САНГА ЖАЗУУ ТҮРҮНДӨ БӨЛҮҮ. 279-283-МАСЕЛЕ, МИСАЛ, 270-БЕТ

Перизат ИШЕКЕЕВА,

 Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи

ҮЧ ОРУНДУУ САНГА ЖАЗУУ ТҮРҮНДӨ БӨЛҮҮ. 279-283-МАСЕЛЕ, МИСАЛ, 270-БЕТ

(Математика, 4-класс)

 

Сабактын тиби: Жаңы материалды өздөштүрүү

Сабактын максаты: Окуучулар санды 3 орундуу санга жазуу түрүндө бөлүүнүн жолдорун  жана үч орундуу санга бөлүү менен маселе, мисалдарды өз алдынча иштөөнү үйрөнүшөт, так, туура бөлгөнгө, таза, сулуу жазууга аракеттенишет.

I бөлүм. Сабакты ачуу жана киришүү

Жагымдуу маанай.

Жаралып сандан,

Жарыгын сунган.

Жаратман илим математика,

Бийиктен жанган.

Фигуралар баш багат

Математика башталат.

А биздин сабак жылмаюудан башталат.

(Слайд№1 жылмаюу быйтыкча)

 

Жетиш үчүн жаркыраган жылдызга,

Арнайлычы бардык күчтү сабакка!

 

Бүгүнкү сабакка активдүү катышкыла!

Азыр анда 4 топко мезгилдер боюнча бөлүнүп алалы. (Слайд №2 мезгилдер боюнча сүрөттөр көрсөтүлөт). Окуучулар жакшы көргөн мезгилдери боюнча топ болуп отуруп калышат.

Бүгүнкү сабакта өзүн-өзү баалоо болот. Сабактын аягында көрсөтөсүңөр.

 

 

  • Бөлүү амалынын компоненттерин ким атап коёт?
  • Бөлүү амалынын жыйынтыгы эмне деп аталат?
  • Бөлүү амалы кайсы разряддан баштап аткарылат?
  • Тийинди канча орундуу сан болорун алдын ала аныктап алса болобу?

 

Бүгүн, биз санды үч орундуу санга жазуу түрүндө бөлүүнү үйрөнөбүз.

Азыр маселе чыгарабыз.

Эскертүү: Маселенин шартын экрандан окуучулардын арасынан бир окуучу окуп берет.

 

Курулушка 120 т цемент, андан 2 эсе көп кум, цементке караганда 4 эсе көп шагыл алып келишти. Бетон алуу үчүн бардык материалдардын үчтөн бирин сарпташты. Канча тонна курулуш материалдары калды?

 

II Окуучулардын түшүнүүсүн калыптандыруу.

 

  • Маселе эмне жөнүндө экен?
  • Маселеде эмнелер берилген? Эмнени табышыбыз керек?

Эскертүү: Окуучуларга ойлонууга 1 мүнѳт убакыт берилип, маселенин шартын түзүүгѳ карата ойлорун сурап, багыттоочу суроолор берилет

(маселенин шарты жазылат)

 

  • Берилген шарты боюнча маселени кантип иштейсиңер?

 

Окуучулар өз алдынча же топтордо чыгарышат. Окуучуларга 2-5 мүнөт убакыт берилет. Окуучуларды аралап, окуучулардын активдүүлүгүн байкап турам.

 

Талкуу: Кана, балдар ар бир топтон бир окуучу мисалды кантип чыгарды жана жыйынтыгы канча чыкканын түшүндүрүп айтып берсин.

Багыттоочу суроолор:

  • Маселенин жообу канчага барабар болду?
  • Маселени кантип чыгарганыңарды түшүндүрүп бере аласыңарбы?
  • Дагы ким кандайча иштеди?
  • Башка ыкмасы менен ким бөлүшөт?

 

  • Карама-каршы пикир.

Башка класстын окуучусуна дал ушул эле маселени сунуштаганда ал окуучу маселенин жообу 840 болот деген жоопту  айтты.

  • Силер, ал окуучу менен макулсуңарбы же макул эмессиңерби?
  • Себебин түшүндүрүп айтып бергилечи?
  • Кандай деп ойлойсуңар, окуучу 840 деген жоопту кантип алды? Ал окуучуга  силер эмне деп айтаар элеңер?

Байэл: 120 цемент, андан эки эсе кум болсо (120 ∙2 = 240 т.)  120 ны 2 ге көбөйтүп, кумдун санын таап алдым.

Кайра, шагылдын санын табыш үчүн 120 ∙4 кө көбөйттүм 480 тонна  болду. Эми бардыгын кошсом 480+ 120+ 240= 840 тонна курулуш материалдарын алып келишкен болот.

Эми 840 ты 3 кө бөлөм анткени үчтөн бир бөлүгүн сарпташты дейт. 840 : 3 = 280 (тонна) болот.

Ал окуучу жалпы курулушка алып келинген материалдын жалпы санын гана таап койгон. Ал эми курулушка сарпталган материалдарды таппай калган. Маселесинин жыйынтыгы чыкпай калган.

Самира: Маселенин берилишин окуп, түшүнүп, маселенин суроосуна так жооп бергендей чыгар деген кеңешти бермекмин.

 

Моделдештирүү жана жыйынтыктоо: Силердин түшүндүрмөңөргө таянып, маселе кандайча чыгарылганын карап көрөлү.

 

 

 

 

 

120 тонна                      ? 2эсе көп                     ? 4 эсе көп

 

 

 

 

 

 

Цемент – 120 тонна

Кум  — ? 2 эсе көп

Шагыл — ? 4 эсе көп

Сарпташты — 1/3

Калды — ? т.

 

 

 

  1. 120∙2 = 240т. (кум)
  2. 120 ∙ 4 = 480 т. (шагыл)
  3. 480+120+ 240= 840 т.
  4. 840:3=280 т.

Жообу: 280 тонна курулуш материалдарын сарпташты.

 

  1. 840-280=560 т.

Ж: 560 колдонулбаган материалдар.

 

Бөлүү кандайча аткарылды?

 

738 санын 246 га бөлүү керек. Бөлүү жогорку разряддан башталат.Тийиндиде канча орундуу сан келип чыгарын алдын ала аныктап алабыз. 738 санын 246 га бөлүүдө тийинди бир орундуу сан болот.

 

Тийиндини оңой табуу үчүн 738 ди 200 гө бөлөбүз.Ал үчүн 7 ни 2 ге бөлөбүз, тийиндиде 3 келип чыгат.Бул болжолдуу цифра, аны текшерүү керек.

246 ны 3 кө көбөйтөбүз, 738 болот.Демек, тийинди 3.

 

 

738246
7383
000

 

Практикалык иштер:

Жогорку деңгээл:

Берилген чийме боюнча маселе түзүп, чыгаргыла. Кандай чоңдуктар берилген?

 

 

Ортоңку  деңгээл:

Чоңдордун 15 шейшебине канча кездеме керектелсе,балдардын 21 шейшебине ошончо кездеме кетет.Эгерде балдардын бир шейшебине 1м 50 см керектелсе, чоңдордун бир шейшебине канча кездеме сарпталат?Узундукту сантиметр менен туюнт).

Дал келген деңгээл.

875:354 =                             912:219=                    375:125=

3964:526 =                          205:642=                 615:123=

 

III  окутуунун жыйынтыгын баалоо.

Ыкчам баалоо (Манжалардын жардамы аркылуу көрсөтүшөт).

  • Эгерде, мисалдын жообу туура болсо баш бармакты өйдө көтөрүшөт.
  • Мисалдын жообу туура эмес болсо, баш бармакты төмөн көрсөтүшөт.
  • Калган учурда манжалары менен көрсөтүшөт.

 

  • 54тү 6 га бөлсөк 9 болот.
  • 25 ти 4 кө көбөйтсө 100 болот.
  • 18 ди 9 га бөлсө … болот
  • 30кг ды 6 га бөлсө 6 кг болот
  • 60 мүнөт 2 саатты билдирет
  • 2 тоннада 200 кг бар

Демек, балдар биз силер менен санды үч орундуу санга бөлүүнү үйрөндүк. Бөлүү амалын жазуу түрүндө мамыча жазып иштегенди үйрөндүңөр. Маселени чыгарууда активдүүлүгүңөрдү көрсөтүп, сабакка активдүү катыша алдыңар.

Ыкчам баалоодо да активдүүлүктү көрсөтүп, тез ойлонуп жооп бердиңер.

 

Үй тапшырма: 2072:518 туюнтмасын  өз алдыңарча аткарасыңар. Ким тез иштей алат?

Окуу китебиндеги №283 туюнтмаларды иштеп келгиле.

Баалоо: Ким өзүн  кандай деп баалады?

              Манжаларыңарды көтөрүп койсоңор? Эмне үчүн ?

Ар бир окуучунун оюн угуп, баалоо жүргүзөм. Жетишкен жактарын мактап, ошол эле учурда сунуштарымды дагы айтып өтөм.

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер