Ч.АЙТМАТОВ «АТАДАН КАЛГАН ТУЯК»

  • 25.04.2022
  • 0
Ч.АЙТМАТОВ «АТАДАН КАЛГАН ТУЯК»

Сабактын темасы: Ч.Айтматов “Атадан калган туяк” аңгемесин жыйынтыктоо жана бышыктоо

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк:

Окуучулар Чыңгыз Айтматовдун “Атадан калган туяк” аңгемеси боюнча алган билимдерин бышыкташат.

Суроолорго жооп берет, чыгарманын картасын толтура алышат, чыгармадагы кездешкен айрым сөздөрдүн маанилери менен туташтыра алышат.

Өнүктүрүүчүлүк: Логикалык ойлоо жөндөмдүүлүктөрү өнүгөт. Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө кыскача маалымат алышат. Айрым сөздөрдүн маанисинин чечмеленишин билишет.

Тарбия берүүчүлүк: Чыгармадагы тарбиялык идеяларды достору менен бөлүшө алышат. Бири-биринин оюн сыйлоону, мамиле түзүүнү үйрөнүшөт. Атанын барктуу экендигин туюшат.

Сабактын тиби: Билимдерди системалаштыруу жана жалпылоо сабагы

Сабактын усулу: Интерактивдүү, коммуникативдүү

Сабакты уюштуруунун формасы: Жекече жана жупта иштөө

Сабактын жабдылышы: ТСО, сүрөттөр, таратмалар, чыгарманын картасы, сырдуу сандык, балыктар көлмөсү.

Сабактын жүрүшү:

1.Уюштуруу: Окуучулар менен саламдашам.  «Конок келсе, үй ээси кубанат» дегендей, бүгүн бизге коноктор келип отурат. Бул үчүн биз абдан кубанычтабыз.   Анда эмесе, коноктор менен дагы амандашып алсак.

Балдар, бүгүнкү сабакты “Сыйкырдуу көз айнек” оюну менен сабак баштайбыз.

Сабактын максатын, алтын эреже жана баалоо критерийлерин айтып кетем.

2.Үй тапшырма суроо: Ч.Айтматовдун “Атадан калган туяк” аңгемесин окуп келүү

1.Өткөнкү сабакты кайсы теманы өткөнбүз?

2.”Атадан калган туяк” деген аңгеме кимдин чыгармасы?

3.Бул чыгармада кайсы мезгилди сүрөттөгөн чыгарма?

3.Чыгарманы кайталап, бышыктоо үчүн тапшырмалар

1-тапшырма:

Сөздүк менен иштөө: Сөздөрдүн маанилерин сөздөр менен туташтырабыз

Сөздөр                                                          Мааниси

Кашар                                                    Мал баккан жай

Кыркын                                                  Койлордун жүнүн кырккан убак

Көчмө кино                                           Ар башка айылдарга өчүп кино көрсөтүү

Замбирекчилер                                   Душманга каршы замбирек менен ок аткан адам

Телефонист                                         Почтада телефонго жооп берген адам

Согушта курман болгон                  Согуш болгондо өлгөн

Жалгыз бой                                          Күйөөсү же аялы жок жалгыз адам

Безерман                                                              Бекер жүргөн адам

 

 

“Атадан калган туяк” аңгемесинин мульфильмин көрөбүз (5 мүнөттүк)

2-тапшырма: Бул Ч.Айтматовдун “сырдуу кутучасы”. “Сырдуу кутучанын” ичинен таркатмаларды алып, суроолорго жуп-жубубуз менен талкуулап жооп беребиз:

1.Баш каармандын аты ким? — Авалбек

 2.Баш каармандын апасынын аты ким? — Жээнгүл

 3.Баш каармандын атасынын аты ким? — Токтосун

 4.Авалбектин апасы ким болуп иштейт? — Телефонист

 5.Авалбек менен Жээнгүл кинону кайсы жерден көрүштү? — Кашардан

 6.Кино эмне жөнүндө эле?Ата Мекендик согуш жөнүндө. Чыгарманын киносунан үзүндү коюлат.

7.«Атадан калган туяк» чыгармасы кайсы жанрда жазылган? — Аңгеме

 8.Авалбек кыркынга эмне үчүн келчү эле? — Анткени аны караганга эч ким жок

 9.Жээнгүл ал жерде кандай иштечү?  — Койдун жүнүн кыркчу
10.Көчмө кинону кантип сүйүнчүлөдү? — «Кино келди! кино келди!»

11.Кино эмне жөнүндө экен? — Улуу Ата Мекендик согуш

12.»Атадан калган туяк» чыгармасын ким жазган? — Ч.Айтматов

13.Ч.Айтматов канчанчы жылы туулган? — 12-декабрь, 1928-жылы

14.Ч.Айтматов кайсы жерде туулган? — Талас облусу, Кара-Бура району, Шекер айыл.

3-тапшырма: Чыгарманын картасын түзүү аркылуу сабакты жыйынтыктайбыз:

1.Бүгүнкү сабакта кайсы чыгарманы өттүк?

2.Чыгарманын автору ким?

3.Чыгармада болгон окуя кайсы жерде, кайсы мезгилде болуптур?

4.Чыгармадагы башкы каармандар?

5.Чыгарманын башталышы кандай?

6.Чыгарманын кульминациясы?

7.Чыгарманын аягы эмне болуп бүтөт?

4.Үй таршырма берүү:  Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлердин эскерүүлөрүн чоң ата, чоң энелерден сурап жазып келгиле.

5.Баалоо: Топтогон упайларга карап баалап коем.

Айбек Касымовдун аткаруусундагы “Эстелик” ырын угабыз.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер