БИЗ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА КАРШЫБЫЗ!

  • 19.03.2023
  • 0
БИЗ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА КАРШЫБЫЗ!

Сабактын  максаты:

  1. Зордук-зомбулук жөнүндө  түшүнүк  алабыз.
  2. Тарбия үй-бүлөдөн  башталып,  коомдон уланып, адам  баласы  адамдык  улуу  сапатка  ээ болот.
  3. Окуучуларды чечкиндүүлүккө, туруктуулукка, сабырдуулукка, боорукерликке тарбиялоо.

Cабактын  жабдылышы: Проектор, кыргыз  элинин  үрп-адатын, каада-салтын, жаратылышын чагылдырган жана зордук-зомбулуктар жөнүндө сүрөттөр, буклеттер, карточкалар, ватман, стикер.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу: Кутман күнүңөр менен менин кымбаттуу окуучуларым. Кана эмесе балдар, бүгүн маанайыңар кандай? Силердин маанайыңар жакшы  болсо, менин да  маанайым эң сонун. Балдар, бул ажайып кооз сүрөттөр — биздин  мекенибиз! Кыргызстандын жаратылышын карагылачы,  биз кандай гана кооз, ажайып өлкөдө жашайбыз. Ооба, бул менин, сенин, баарыбыздын өлкөбүз — Кыргызстан. Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанам!

“Кечеги күн-тарых, эртенки күн-табышмак, бүгүнкү күн-белек” демекчи,   “ Жакшы окуп, жакшы жүрүшүм — мекенге кошкон үлүшүм” деген девизди туу тутуп, сабакты  жакшы  окуп, талыкпай билим алалы.  Билим силерге керек, себеби  туура, так сүйлөөгө, келечекте туура  жолду тандоого  жана туура, сүйүктүү кесипти  ээси болууга, зордук-зомбулуксуз жашоого  өбөлгө түзөт. (Проектордон сүрөттөр көрсөтүлөт.

Мугалим: Балдар, көргөн сүрөттөрүңөр боюнча оюңарды айткылачы. Эмнелерди көрдүңөр?

Окуучулар:

  • Бири-бири менен мушташкан балдарды;
  • Ата-энесинен кордук көргөн баланы;
  • Карыган ата-энесин кордогон баланы;
  • Чоң балдардын кичине балдарга жасаган үстөмдүгүн ж.б.

Мугалим: Демек, балдар, биздин бүгүнкү темабыз “Биз зордук-зомбулукка каршыбыз!” деп аталат.

БИЗ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА КАРШЫБЫЗ!

Зомбулук — бул адамдын эркин  чектөө, анын үстүндө бийликке ээ болуу жана башкаруу максатын көздөгөн, системалык түрдө кайталанып туруучу адам эркине каршы физикалык, психологиялык, экономикалык жана сексуалдык мүнөздөгү таасир. Мындай мамилелерде көптөгөн адамдар, балдар күн кечиришет, зомбулук болуп жатканын билишпейт. Адамдарда сүйүү, ишеним жок болуп, бир адамдын экинчисине болгон кемсинтүүсү, тарбиялоосу, чектөөсү менен мүнөздөлөт.

Зомбулуктун түрлөрү:

  1. Физикалык.
  2. Психологиялык.
  3. Экономикалык.
  4. Сексуалдык.
  5. Гендердик.
  6. Үй-бүлөлүк. (видео ролик көрсөтүлөт).

Мугалим: Кана, балдар, экранга  көңүл бөлөлү, эмнелерди көрүп атасыңар?

Балдар, азыр силер көргөн видео роликтен силер ким тарапта болгуңар келет?

Окуучулар: Кордук көргөндөргө жардам бергибиз келет.

Мугалим: (балдардын оюн угуп, кайра суроо берет). Кордук көргөндөрдүн ушул абалга туш болушуна эмне себеп? Силер кимди күнөөлүү деп ойлойсуңар?

Окуучулар: Тарбиясыз балдар, мээримсиз балдар, жоопкерчиликсиз ата-энелер.

Мугалим: Окуучуларарды доскага чыгарып, үй-бүлөдөгү, мектептеги, коомдогу зордук-зомбулук боюнча көрүнүштөрдү ролдорго бөлүп аткартат.

Балдар,  силер  бул  ролдорду аткарып жатканыңарда  кандай сезимдер пайда  болду?

Окуучулар: Азыркы коомдо болуп жаткан зордук-зомбулук бизге терс таасирин тийгизерин сездик.

Мугалим: 1989-жылы  20-ноябрында  БУУнун Башкы  Ассамблеясында  “Баланын  укугу жөнүндө” декларация  кабыл  алынган. Кыргыз  Республикасынын  Балдар жөнүндө  Кодекси,  балдардын Кыргыз Республикасынын  Конституциясында каралган укуктарынын  эркиндиктеринин жана мыйзамдуу  талаптарынын  негизги  кепилдиктерин  белгилейт жана  мамлекет  тарабынан  балдардын  дене-бой, акыл-эс, адептик,  руханий жана  социалдык жактан  өнүгүүсү,  турмуштун оор кырдаалда    калган  балдарды коргоо жана өзгөчө камкордук көрүү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлин камсыз кылууга багытталган.

Сабакты  жыйынтыктоо: Балдар, биз бүгүн силер менен зордук-зомбулук боюнча  теманы талкуулап,  бир топ маалымат алдык. Зордук-зомбулуктун күчөшүнө коомдогу абалды күнөөлөй бербестен ар бирибиз мээримдүү, кайрымдуу бололу. Улуу коомдук ишмер атабыз И. Раззаков  “Коом деген сен жана мен. Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот”— деп айтканы чындык. Тарбия кичинекей мамлекетибиз  болгон  үй-бүлөдөн башталат. Эң негизгиси  үйүбүздө, мектепте мээримдүү, күйүмдүү  болуп бири-бирибизге түшүнүү менен  мамиле жасап,  кыйналгандарга жардам  берели, терс  көрүнүштөрдүн болбоосуна өз салымыбызды кошолу. Ал эми биздин окуучулары зордук — зомбулукка  жол беришпейт, бош убактысында китеп окушат, үй-бүлөсүнө жардам беришет, кружокторго катышат деп ишенели жана ушул ишенимди актай сыздап деп ойлойм.

Тапшырма:  Бүгүнкү “Зордук-зомбулукка жол жок!”  темасында эссе жазып  келүү.

 

Нургүл КАЗЫБЕКОВА,

Аксы районундагы Темиркул Үмөталиев атындагы орто мектептин мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер