Биз жашаган айыл жана шаар

  • 22.04.2024
  • 0
Биз жашаган айыл жана шаар

 Мекен  таануу, 2-класс

Сабактын   максаттары:

Билим берүүчүлүк: Окуучулар шаар менен айылдын айырмасын билишет, топто тапшырмаларды аткара алышат. Шаар жана айыл тургундарынын иштери менен таанышышат. Аңгеменин мазмунун “RACE” стратегиясы менен далилдеп иштешет.

Өнүктүрүүчүлүк: Өздөрү жашаган кичи мекени тууралуу маалыматты кеңейтишет. Иштин жүрүшүн бири-бири менен талкуулашат жана пикир алышышат. Баяндап жазуу көндүмүн өнүктүрүшөт.

Тарбия  берүүчүлүк: Мекенин жана эмгекти сүйүүгө тарбияланышат.

Сабактын  тиби:  Жаңы материалды окуп үйрөнүү сабагы.

Сабактын  ыкмасы: түшүндүрмөлүү, көрсөтмөлүү, интерактивдүү,  «RACE» стратегиясы.

Сабактын  жабдылышы: слайд, түстүү сүрөттөр, окуучулардын колунан жасалган китепчелер, буклеттер.

Сабактын жүрүшү:

Саламдашуу, окуучуларды жоктоо, жагымдуу маанай түзүү.

Келгиле, балдар, сабагыбызды баштаар алдында жагымдуу маанай түзүп алсак.

Жазгы күндөй жаркырап,

Биз көңүлдүү, биз куунак.

Биздин максат, биздин иш,

Ырыс алды ынтымак.

Топторго  бөлүү. Окуучулар столдун үстүнөн 4 түстүү быйтыкчалардан бирден тандап алып, түсү боюнча 4 топко бөлүнүп отурушат.

  • топ (жашыл) Свердлов
  • топ (кызыл) Биринчи май
  • топ (көк) Октябрь
  • топ (сары) Ленин топторуна бөлүнүшөт.

-Азаматсыңар, балдар! Анда, балдар, биз өтүлгөн темабызды эске салып, үй тапшырмасын сурап алсак.

Сабакка активдүү катышкан топтор быйтыкчалар менен бааланып турушат.

Акылга  чабуул  жасоо аркылуу үй тапшырманы суроо.

-Үйгө кандай тапшырма берилди эле?

-20, 100, 200 сомдо кимдердин элеси чагылдырылган?

-Экономика деген эмне?

-Биздин күнүмдүк жашообузда акча кандай ролду ойнойт?

-Азаматсыңар!

Жаңы тема: Балдар, биздин бүгүнкү өтө турган темабыз «Биз жашаган айыл жана шаар».

Биздин максатыбыз шаар жана айыл жөнүндө кеңири маалымат алып, экөөнүн окшоштуктарын, айырмачылыктарын талдайбыз. Андыктан баарыңар сабакка жакшы көңүл буруп, активдүү катышкыла.

Доскадагы слайдга көңүлүңөрдү бурабыз.

Шаар деп ири калктуу пунктту атайбыз. Шаарда көптөгөн бийик-бийик имараттар, соода борборлору, архитектуралык эстеликтер, окуу жайлар, театрлар жана автоунаалардын түрлөрү бар. Ал эми айыл чакан калктуу пункт. Айыл дегенде биздин көз алдыбызга табигый кооз жаратылыш, тунук, шар аккан суулар, бийик тоолор, талаада жайылып жүргөн малдар келет. Андагы тургундар жашылча-жемиш, тамак-ашка зарыл өсүмдүктөрдү айдашат, мал багышат.

ШаарАйыл
Көп калктууЧакан калктуу
Бийик имараттар, окуу жайлар, китепканалар, театрлар, соода үйлөр, эстеликтерЧакан жеке үйлөр, мектептер, бийик тоолор, шар аккан суулар
Чоң шосселер, трассалар, тротуарлар, аллеяларЧоң жолдор, жалгыз аяк жолдор
Коомдук унаалар (автобус, троллейбус, такси, трамвай, поезд)Жеке унаалар, айыл чарба унаалары
Тамак-аш, жашылча-жемиштерди дүкөндөрдөн сатып жешет.Өздөрү талааларда, огороддордо өстүрүп жешет.

 

-Балдар, биз кайсы шаарда жашайбыз?

-Ооба, балдар, биз Бишкек шаарында жашайбыз.

-Кана, балдар, Бишкек шаары тууралуу кандай маалыматтарды билесиңер?

Туура жооп берген балдар быйтыкчалар менен бааланышат.

Бишкек шаары боюнча маалымат берилип, суроо-жооп аркылуу бышыкташат.

-Бишкек шаарынын мурунку аталышы кандай экен?

-Бишкек кимдин атынан коюлган экен?

-Анда канча район бар экен?

Эс алуу мүнөтү: «Бишкегим» ырын коюп чогу ырдашат.

Сабакты бышыктоо:

«Нуржандын аңгемеси» аттуу текстти окуучулар абзацтарга бөлүнүшү боюнча чынжырча түрүндө  окуп  беришет. RACE стратегиясын колдонуу менен түшүнүктөрүн бышыкташат.

RACE — бул кыскартылган сөз

R – суроону кайталаңыз, суроону кайра түзүү.

A – жооп, суроого жооп берүү.

C – далилдерди берүү, далилдерди келтирүү (тексттен маалымат);

Е – жоопту түшүндүрүп берүү, жоопту түшүндүрүү.

Нуржандын аңгемеси

Биздин эл көбүнчө мал багат. Кой, уй, жылкы багууну абдан жакшы билет. Ар бир үйдө мал бар. Малды жайкысын жайлоого айдап кетишет. Кеч күздө талаада жыйым-терим иштери бүткөндөн кийин, айылдын четине кыштоого алып келип, жем-чөп берип багышат.

Чарбактарына картөшкө, пияз, сабиз, капуста айдашат. Биз жакта мөмө-жемиш жакшы бышпайт. Себеби биздин айыл тоо этегинде жайгашкандыктан, аба ырайы суук келет. Ошон үчүн алма, өрүк, чие сыяктуу мөмө-жемиш бактарын өстүрүшпөйт.

Жайында малга тоют камдап, тоонун бетинен чөп чаап жыйнап алышат. Талаачылыкта иштегендер буудай, арпа, сулу, беде өстүрүшөт. Алардан дан жана тоют даярдашат.

Суроо:

Нуржандын аңгемесинде айыл жеринде эмнеге мөмө-жемиштер бышпайт?

Сабакты жыйынтыктоо:

Синквейн түзүү аркылуу жыйынтыктоо жүргүзүлөт

1  Шаар

2  кооз, таза

3  жаңыланат, тазаланат, көрктөнөт

4  Бишкек шаары Кыргызстандын борбору.

5  калаа

Үйгө  тапшырма: Өзүлөрүнүн кичи мекени жана ал жактан чыккан атактуу инсандар жөнүндө билип келүү

Топтор бири-бирин баалайт.

Алган быйтыкчалардын санына жараша бааланышат.

Бүгүнкү  сабакта  силерге  эмне  маанилүү болду?

Гүлзат Карыпбаева, Бишкек шаарынын Свердлов районунуна караштуу №94  мектебинин башталгыч классынын мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер