Биз тандаган кесип

  • 18.01.2024
  • 0
Биз тандаган кесип

Сабактын максаты: Кесип жана анын түрлөрү жөнүндө маалымат алышат. Кесип тандоого багыт алуу менен бүгүнкү күндө кайсы кесип актуалдуу экенин билип, келечекке максат коё билүүгө, кесип ээлерин сыйлоого тарбияланышат.

Сабактын тиби: жаңы теманы өздөштүрүү.

Жабдылышы: сүрөттөр, макалдар, ватман, маркер, скотч, кроссворд, карточка, колонка, уюлдук телефон, проектор ж.б.

Усулдар: топто, жупта, жекече иштөө, мээге чабуул, аңгемелешүү, суроо-жооп ж.б.

Сабактын жүрүшү:

а) Уюштуруу

б) Өтүлгөн теманы суроо

в) Жаңы тема өтүү

г) Тапшырма берүү

д) Баалоо

Саламдашуу, окуучулардын сабакка даярдыгын суроо, топко бөлүү.

“Чолпон-Ата” жана “Каракол” тобуна бөлүнгөндүгүн балдар шаардын желеги жана герби аркылуу билип, желек жана герб жөнүндө билгендерин айтышат.

Жагымдуу маанай каалоо. Балдар өздөрүнүн эң жакшы сапаттарын айтып, кол кармашат. Бири-бирибизге эң жакшы сапаттарыбыз кармашкан колдор аркылуу өтөт.

Алтын эреже. Сабакта кол көтөрүп жооп берүү, убакытты туура пайдалануу, өз оюн айта билүү, бирөөнүн оюн уга билүү, топто активдүү иштөө ж.б.

Баалоо критерийлери менен тааныштыруу.

Тегерекчелер менен баалоо. 5 т-5, 4 т-4, 3 т-3

Үй тапшырмасы. Ар бир окуучуга жекече суроо берилүү менен өтүлгөн тема кайталанат.

Мээге чабуул. Биз жогоруда бири-бирибизге кандай жагымдуу маанай кааладык?

-Ооба, өзүбүздүн жөндөмдүү жагыбызды айттык. Ошол жөндөмдү өнүктүрсөк, биз ким болушубуз мүмкүн?

-Ооба, кайсы бир кесиптин ээси болушубуз мүмкүн. Биздин бүгүнкү жаңы темабыз «Биз тандаган кесиптер».

Сабактын темасын, максатын айтуу жана түшүндүрүү.

«Адамдын жашоо мүнөзү кайсы жерде жашаганына, кандай билим алганына, иштин кандай түрү менен эмгектенгенине жараша болот.

Бул жашоонун пайдубалын тургузса,

Ар бир кесип ардактуу бул турмушта.

Сен жактырган, ардактаган кесипке,

Талбай окуп жетүү керек унутпа.

Кандай кесиптерди билесиңер? Тактайга жазгыла. Дептерине көчүрүшөт.

Слайд көрсөтүү. Мындан тышкары дагы төмөнкүдөй кесиптер бар: программист, диетолог, минеролог, сот, адвокат, архитектор, дизайнер, стилист, диктор, механик.

Лондондук Августа Ада Лавлейст биринчи программист аял (окуу китебиндеги сүрөттөр боюнча аңгемелешүү).

Топторго тапшырма.

1-тапшырма ”Каракол” тобу

Таяныч сөздөр аркылуу кесиптердин аталышын таап жазгыла.

Шланг, суу, костюм_____________________

Күзгү, кайчы, тарак______________________

Щётка, валик (ролик), чакасы менен боёк_____________

Чөмүч, капкак, мискей___________________

Топ, кеда, форма_________________________

Уй, чакадагы сүт________________________

Боёктор, кыл калем, картина_____________

Автобус, билет, акча_____________________

Компьютер, флешка, стол________________

”Чолпон -Ата” тобу

Кимиси кайсы кесиптин ээси? Туура жооп берүүгө аракет кылгыла. Ар бир саптан керектүү сөздү таап, анын алдын сыз.

 Тиш дарылайт: хирург, тиш доктур (стоматолог), медайым

 Уй саайт: саанчы, малчы, короо шыпыргыч.

 Үй салат (курат): сүрөтчү (маляр), куруучу, механик.

 Балдарды окутат: китепканачы, бала багуучу, аял, мугалим

 Көйнөк тигет: тигүүчү, өтүкчү, саат оңдогуч.

 Чек араны кайтарат: тракторчу, чек арачы, почточу.

 Көмүр казат: айдоочу, сүрөтчү, шахтёр, программист

 Короо шыпыргыч: айдоочу, учкуч, короо шыпыргыч, малчы

2-тапшырма.

2 топко бирдей тапшырма берилет.

Бул турмушта эмнелерди самайсың,

Баалап билип, кайсынысын санайсың?

Сага жакын, жүрөгүңдү жылыткан,

Кесиптердин кайсынысын каалайсың?

Сен үчүн кайсы кесип эң башкы болуп саналат? Берилген кесиптердин ичинен каалаган кесибиңер жөнүндө айтып бергиле (окуучулар тандаган кесиби жөнүндө билгендерин айтат).

Бышыктоо жана жыйынтыктоо. 2 топко бирдей тапшырма берилет.

Негизги сөздөгү кесиптер кроссвордун ирети менен толтургула.

1. Ооруп калсаң, даяр кылып дарысын,

Ким дарылайт жашы менен карысын?

2. Иштебейт эч бир техника,

Ансыз үй да караңгы.

Кана, балдар, айткылачы

Бул кайсы кесип пайдалуу?

3. Оюндар бар көптөгөн:

Күрөш, чуркоо, муз тебүү,

Футбол, хоккей, волейбол.

Ким машыгат бул менен?

4. Окуганды, жазганды,

Жаратылышты сүйгөндү,

Улууларды сыйла деп,

Балдарга ким үйрөттү?

5. Капустадан щи,

Тамшандырган котлет,

Салат менен винегред,

Мунун баарын ким жасайт?

6. Бул кесип менен дүйнөгө атагы чыккан Гагариндин.

7. Китептин баары колунда,

Сурасаң берет окууга

Ал ким?

8. Он кабаттуу бул үйдө,

Жашайт экен көп киши.

Заңгыраган бул үйдү,

Куруп берген ким өзү?

Келгиле балдар, терең билим алалы,

Жалкоолордун тийбей бизге залалы.

Жаркын жашоо келечекке умтулуп,

Билим менен алга карай баралы.

Билимдүүгө ар бир кесип жылмаят,

Турмуш жолу билинбеген жылгаяк.

Тоодой болгон тоскоолдукту женгенди,

Эли баалап, сыйлык менен сыйланат.

Мына, балдар, айта берсек кесиптер абдан көп. Ар бирибиз кесиптердин баркын билип, терең ой жүгүртө билүүбүз зарыл. Келечекте бир кесиптин ээси болуш үчүн акыл-эстүү, эмгекчил, жакшы окуган, үлгүлүү балдардан болушуңарды тилеймин.

Үйгө тапшырма берүү: “Айылдын турмушунан бир күн” же “Мен сүйгөн кесип” деген темада дилбаян жазуу.

Окуучуларды сабакка болгон активдүүлүгүнө жараша баалоо.

Биз тандаган кесип

Узубалиева Жамалкан, Талас облусунун Айтматов районунун Айтпаев атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер