БИР ОРУНДУУ САНДАРДЫ ОНГО ТОЛУКТОО ЖОЛУ МЕНЕН КОШУУ, МАСЕЛЕ, МИСАЛ ИШТӨӨ

  • 21.04.2023
  • 0
БИР ОРУНДУУ САНДАРДЫ ОНГО ТОЛУКТОО ЖОЛУ МЕНЕН КОШУУ, МАСЕЛЕ, МИСАЛ ИШТӨӨ

Иманалиева Турсунай,

Бишкек шаарындагы А.Молдокулов атындагы №5 УИТМЛнин

башталгыч класстарынын мугалими

Предмет: Математика

Класс: 1-класс

Сабактын темасы: Бир орундуу сандарды онго толуктоо жолу менен кошуу, маселе, мисал иштөө.

Сабактын тиби: Жаңы материалды өздөштүрүү

Сабактын максаты: Окуучулар бир орундуу сандарды онго толуктоо жолу менен аткарууну, ар кандай маселе, мисалдарды өз алдынча иштөөнү үйрөнүшөт.

Түшүнүп, маселе мисалдарды аткарууга машыгып, таза, сулуу жазууга аракеттенип, өз ойлорун эркин жана ырааттуу баяндоого машыгышат.

Бири-биринин пикирин угууга, ынтымактуу болууга тарбияланышат.

I бөлүм. Сабакты ачуу жана киришүү

Жагымдуу маанай.

Дайым ачык кабагым,

Дайым даяр сабагым.

Саламаттык каалаймын,

Саламатсыңарбы балдарым? (Слайд№2 жылмаюу быйтыкча)

Бүгүнкү сабакка активдүү катышкыла!

Сабакта аткарылуучу иш аракеттер менен таанышышат. (Слайд №3)

Рефлекция (артка кайрылуу)

  • Кошуу амалынын компоненттерин ким атап коёт?
  • Кемитүү амалынын компоненттерин ким айтат?
  • Бир дециметрде канча сантиметр бар?
  • Бир ондукта канча бирдик бар?
  • Бүгүнкү сабакта өзүн-өзү баалоо болот.Сабактын аягында көрсөтөсүңөр. (№5-6 слайддар)

Сабактын темасы муундардан сөз куроо менен ачылат. (№7-слайд)

Бүгүн, бир орундуу  сандарды онго толуктоо жолу менен аткарууну үйрөнөбүз.  (№9-слайд)

1-тапшырма: Туюнтмаларды онго толуктоо жолу менен оозеки иштейбиз. (№10-слайд)

2-тапшырма: Компотенттүүлүккө багытталган тапшырмаларды иштейбиз. (№11-слайд)

3-тапшырма: Маселе иштөө.

Азыр маселе чыгарабыз.

Эскертүү: Маселенин шартын экрандан окуучулардын арасынан бир окуучу окуп берет.

Машинанын багында 9 л бензин болгон. Май куюучу жайдан дагы 10 л бензин куюшту. Шаарга жеткенче 10 л бензин сарпталды. Бакта канча литр бензин калды?

II Окуучулардын түшүнүүсүн калыптандыруу.

  • Маселе эмне жөнүндө экен?
  • Маселеде эмнелер белгилүү?
  • Эмнени табышыбыз керек?

Эскертүү: Окуучуларга ойлонууга 1 мүнѳт убакыт берилип, маселенин шартын түзүүгѳ карата ойлорун сурап, багыттоочу суроолор берилет

(маселенин шарты жазылат)

  • Берилген шарты боюнча маселени кантип иштейсиңер?

Окуучулар өз алдынча же топтордо чыгарышат. Окуучуларга 3-5мүнөт убакыт берилет. Окуучуларды аралап, окуучулардын активдүүлүгүн байкап турам.

Талкуу: — Кана, балдар ар бир катардан бирден окуучу маселени кантип чыгарды жана жыйынтыгы канча чыкканын түшүндүрүп айтып берсин.

Багыттоочу суроолор:

  • Маселенин жообу канчага барабар болду?
  • Маселени кантип чыгарганыңарды түшүндүрүп бере аласыңарбы?
  • Дагы ким кандайча иштеди?
  • Башка ыкма менен чыгаргандар барбы, ким бөлүшөт?
  • Карама-каршы пикир.

Балдар, ушул эле маселени башка класстын окуучусуна  сунуштаганда ал окуучу маселенин жообу 19 болот деген жоопту  айтты.

  • Силер, ал окуучу менен макулсуңарбы же макул эмессиңерби?
  • Себебин түшүндүрүп айтып бергилечи?
  • Кандай деп ойлойсуңар, ал окуучу 19 деген жоопту кантип алды? Ал окуучуга  силер эмне деп айтаар элеңер?

Айназик: Машинанын багында 9 л бензинге, дагы 10 л бензинди ( 9+10=19) кошуп, машинанын багындагы 19 литр  бензин бар экенин таап алдым.

Кайра, машинанын багында канча литр калганын табыш үчүн 19-10=9 кемитсем 9 литр  болду.

Ал окуучу машинанын багындагы жалпы  бензинди гана таап койгон. Ал эми шаарга келгенче сарпталган бензинди таппай калган. Маселесинин жыйынтыгы чыкпай калган.

Мадина: Маселенин берилишин окуп, түшүнүп, маселенин суроосуна так жооп бергендей чыгар деген кеңешти бермекмин.

Моделдештирүү жана жыйынтыктоо:

Эс алдыруучу көнүгүү     (№1-слайд)                                  

   Практикалык иштер:

 Жогорку деңгээл:

 4-тапшырма; маселе иштөө

6 кг салмактагы ашкабакты бөлүктөргө бөлүп кесишти. Биринчи кардар  2 кг, экинчиси 1 кг ашкабак сатып алышты. Канча килограмм ашкабак сатыла элек?

Ким кыскача шартын жазып чыгарып берет?

Нурислам:

Болгон -6 кг                               Чыгаруу:

1-кардар -2 кг                             1) 2+1=3 кг

2- кардар-1 кг                             2) 6-3=3 кг

Калды -? кг                                Жообу: 3 кг

Дагы башка ыкма менен чыгаргандар барбы?

Мырзайым, 6-2-1=3 кг болот

Алихан, 6-2=4                   4-1=3 кг болот

Ортоңку  деңгээл:

  • Балдар, ар бир партада саргыч конверт турат. Ошол конверттин ичиндеги фигураларды алып, кошунаңар менен эки топко бөлгүлө. (1мүнөт убакыт)
  • Кандай кылып бөлдүңөр, ким айтып коёт?
  • Тунук, көк жана гүлгүн
  • Эмне себептен?
  • Тунук, өңдөрүнө карата
  • Эми, бөлүнгөн ар бир топту кайрадан бөлүп чыккылачы. (1мүнөт)
  • Көк түстөгү фигураларды кандай кылып эки топко бөлөсүңөр?
  • Бермет, көп бурчтук, сүйрү
  • Гүлгүн түстөгүлөрдүчү?
  • Анжелика, тегерек жана көп бурчтук

Азаматсыңар балдарым, баарын туура аткардыңар.

III  окутуунун жыйынтыгын баалоо.

Ыкчам баалоо (Манжалардын жардамы аркылуу көрсөтүшөт).

Бүгүнкү сабакта кандай иш аракеттерди аткардык?

  • Биз, бүгүнкү сабакта туюнтмаларды 10го толуктоо жолу менен коштук.
  • Ондук жана бирдиктерин атадык.
  • Туюнтмалардын компоненттерин атап, оозеки иштедик
  • Маселелерди иштедик.
  • Топтук, жуптук тапшырмаларды аткардык

Азаматсыңар, балдарым бүгүнкү сабакка абдан жакшы катыштыңар.

Маселени чыгарууда активдүүлүгүңөрдү көрсөтүп, сабакка активдүү катыша алдыңар.

Ыкчам баалоодо да активдүүлүктү көрсөтүп, тез ойлонуп жооп бердиңер.

Үй тапшырма: Окуу китебиндеги  71-бет,  №4,6 туюнтмаларды иштеп келгиле.

Баалоо: — Ким канча стикер топтоду?

              Ар бир катардын топтогон стикерин санап, кайсы катардыкы көп болсо, ошол катарды активдүү топ деп эсептеп, желекти коём.

Жетишкен жактарын мактап, ошол эле учурда сунуштарымды дагы айтып өтөм.

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер