БИОЛОГИЯ САБАГЫНДА    ЭКСКУРСИЯЛЫК САБАКТЫН МААНИСИ

  • 23.11.2023
  • 0
БИОЛОГИЯ САБАГЫНДА    ЭКСКУРСИЯЛЫК САБАКТЫН МААНИСИ

Жакшылык Тойчубеков, Т.Молдо атындагы №71  жалпы орто билим берүү мектеп-интернатынын биология мугалими, Бишкек шаары

БИОЛОГИЯ САБАГЫНДА    ЭКСКУРСИЯЛЫК САБАКТЫН МААНИСИ

БИОЛОГИЯ САБАГЫНДА    ЭКСКУРСИЯЛЫК САБАКТЫН МААНИСИ

Экскурсиялык сабак

Жаратылыш шарттарында ар кандай объектилерди, кубулуштарды жана процесстерди байкоого жана изилдөөгө мүмкүндүк берүүчү билим берүүнү уюштуруунун формасы. Окуу планында каралган экскурсиялар милдеттүү болуп саналат жана тигил же бул предметти үйрөнүү үчүн бөлүнгөн окуу убактысынын алкагында өткөрүлөт. Жалпы жаратылыш кубулуштары, анын ичинде жандуу жана жансыз жаратылыштын негизги кубулуштары жана мыйзамдары менен таанышуу билим берүү мектебинин эң маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат. Мугалимдин жетекчилиги астында жаратылыш кубулуштарына түз байкоо жүргүзүү окуучуларда дүйнөнүн материалдыгы жөнүндө баштапкы жана эң негизгиси туура түшүнүктөрдүн калыптанышына шарт түзөт.

Экскурсиялык сабактын уюштурулушу

  1. Экскурсия өтө турган аймакты мүнөздөө (географиялык абалы, биргелештик шартты аныкталат).
  2. Максаты аныкталат.
  3. Өз алдынча ишти уюштуруу (балдарды топко бөлүү)
  4. Окуучулар (атайын убакыт берилет) материал чогултушат, байкоо жүргүзүшөт.
  5. Чогулган маалыматты топ-топ болуп отуруп, кайрадан иштеп чыгышат.
  6. Тамактанып, түштөнүшөт жана сөзсүз түрдө ар түрдүү ыр-бий коштолуучу кызыктуу оюн өткөрүлөт.
  7. Окуучулар топ-тобу менен көргөзмө курал жасашат.

  Экскурсиялык сабактын максаты

  • Окуучулардын жаратылышка болгон кызыгуусун, билимге болгон мотивациясынын пайда болушуна жана өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
  • Жаратылышка окуучулардын кызыгуусун арттыруу менен аны коргоо жана сактоо зарылдыгын үйрөнүшөт.
  • Эстетикалык сезимдерди, жаратылышка болгон сүйүүнү тарбиялоого түрткү берет.

Биологияны окутууда экскурсиянын мааниси

Биологияны окутууну жаратылыш менен жандуу байланышсыз элестетүү мүмкүн эмес. Мугалимдин жетекчилиги астында жаратылыш кубулуштарына түздөн-түз байкоо жүргүзүү мектеп окуучуларынын предметке болгон кызыгуусун ойготуп, аларга көрүүгө гана эмес, көргөндөрүнөн жыйынтык чыгарууга да шарт түзөт. Ушуга байланыштуу экскурсиялар бизди курчап турган объектилердин толук жана ар тараптуу мазмундуу чагылдырылышын түзүүнүн кубаттуу каражаты катары биринчи орунда турат. Экскурсия     эбегейсиз    зор билим берүүчү потенциалга ээ, бул класста алынган бардык билимдерди жаратылыш жөнүндө кеңири түшүнүккө айкалыштырууга мүмкүндүк берет.

Экскурсиялардын тарбиялык мааниси чоң, анткени алар курчап турган жандуу жана жансыз жаратылыш менен жакыныраак жана конкреттүү таанышууга мүмкүнчүлүк түзүп, жаратылышта айрым чачыранды формаларды жана кубулуштарды эмес, бир бүтүндүктү көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Биологиялык экскурсиялардын түрлөрү

Окуу процессинде колдонуу убактысына жараша экскурсиялар төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

1) Киришүү: мындай экскурсиянын максаты — окуучулардын жаңы окуу материалын, жаңы бөлүмдү үйрөнүүгө кызыктыруу, класста иштөө үчүн зарыл болгон демонстрациялык материалдарды чогултуу болуп саналат.

2) Күнүмдүк: тиешелүү темаларды үйрөнүү менен сабактарда алынган материалдарды бекемдөө максатында өткөрүлөт

3) Жыйынтыктоочу: белгилүү бир бөлүмдү аяктагандан кийин же окуу жылынын аягында алынган билимди жыйынтыктоо үчүн өткөрүлөт.

БИОЛОГИЯ САБАГЫНДА    ЭКСКУРСИЯЛЫК САБАКТЫН МААНИСИ

Бишкек шаарынындагы Кара-Жыгач эс алуу багында  жайгашкан, суу чөйрөсүнүн байыраган кош   капкалуу моллюскарды изилдөө учуру (7-класс)

БИОЛОГИЯ САБАГЫНДА    ЭКСКУРСИЯЛЫК САБАКТЫН МААНИСИ

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын алдындагы С.Касиев атындагы зоологиялык  музейине экскурсия

Бишкек шаарында экскурсия уюштура турган  кээ бир жайлардын  тизмеси

 

Тизмеси Жайгашкан жери
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бакчасыБишкек шаары, Ахунбаев/ 7-апрель кесилиши

Телефон: 0312 517 355

Күн сайын иштейт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бакчасы (2 филиалы)Бишкек шаары, Горький көчөсү, 212

+996 (312) 51‒79‒32

Күн сайын 8:30-17:30

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын алдындагы С.Касиев атындагы зоологиялык музейБишкек шаары, Чүй проспектиси

Телефон: +996 (312) 64‒19‒80

Күн сайын 10:00-15:00.

Ишемби, жекшемби күндөрү жабык.

Ала-Арча Улуттук жаратылыш паркыЧүй облусу, Аламүдүн району

Телефон: 0701 551 026

Кара-Жыгач эс алуу багыБишкек шаары

Күн сайын иштейт

ФЛЮИД коомдук фондуБишкек шаары,

7-апрель көч 1А/9

Күн сайын 9:00-18:00

Телефон: 0312 533 766

К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдында түзүлгөн суу музейиБишкек шаары,

Медеров  көчөсү, 68

Телефон: 0312 545 210

Жаныбарларды реабилитациялоо борборуБишкек шаары,

Асанбай паркы

Телефон: 0556 666 602

Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычыЧүй облусу, Аламүдүн району

 

Кичи зоопарк, жандуу экзотикаГУМ соода борбору. 5-кабат.

Телефон: 0550 882 383

 

Кичи зоопаркЧүй облусу, Аламүдүн району

Байтик айылы

Чүй өрөөнүндөгү канаттууларЧүй облусу, Аламүдүн району

Озерный айылы

Бөлүшүү

Комментарийлер