БАЙЫРКЫ РИМДИН МАДАНИЯТЫ

  • 11.04.2022
  • 0
БАЙЫРКЫ РИМДИН МАДАНИЯТЫ

(Тарых, 5-класс)

Сабактын максаты: Римдин руханий жана заттык маданияты жөнүндө маалымат берүү, интерактивдүү ыкмалардын жардамы менен тапкычтыктарын жана эске тутумдарын өркүндөтүү жана маданияттуулукка тарбиялоо. 

БАЙЫРКЫ РИМДИН МАДАНИЯТЫ

Сабактын ыкмасы: Интерактивдүү.

Сабактын жабдылышы: Китеп, дептер, ватман, маркер, проектор, слайд, жебе.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу (саламдашуу, жагымдуу маанай, алтын эреже, экалогия, күн тарых, топко бөлүү), тапшырма суроо, жаңы тема, кызыктуу оюн, бышыктоо, үйгө тапшырма, баалоо.

Мугалим: Саламатсыңарбы балдар!

Окуучулар: Саламатсызбы эжеке!

Мугалим: Эң жакшы! Билесиңерби балдар, адамдардын мүнөзүн, максаттарын жакшы көргөн түсүнө карап билсе болот. Мен ар бир топко бирдей мүнөздүү балдар бирикти деп эсептейм.

Кана эмесе балдар, “Муз жаргыч” ыкмасы менен көңүлүңөрдү сабакка бурам. Эсиңерде болсо, өткөн сабакта “Рим империясынын кулашы” деген темада сабак өткөнбүз. Ар бир топтон бирден окуучу чыксаңар, өтүлгөн теманын каармандарынын катышуусу менен “Мен киммин” оюнун ойнойбуз.

Окуучу: Мен Римдин биринчи императорумун. Менин убагымда империя гүлдөп, өнүккөн. Августь айы менин атыман коюлган.

Окуучу: Октавиян Август.

Окуучу: Мен Римдин кулашына түрткү болгом. Хунндардын кол башчысымын. Римдиктерди салык төлөөгө мажбур кылгам.

Окуучу: Атилла.

Окуучу: Мен Ромул Августулду кууп чыкканмын. Вар-вар урууларынан чыккан баатырмын. Батыш Рим империясын кулатканмын.

Окуучу: Одоакр.

Мугалим: Эң жакшы балдар. Топтордун да аталыштарын тактап алдык. Өз аталыштарыңар жактыбы?

Окуучулар: Ооба.

Мугалим: Эмне үчүн?

Окуучу: Октавиан Август өз өлкөсүн акылдуулук менен башкарган. Биз ал сыяктуу акылдуу болгубуз келет.

Окуучу: Атилла Рим империясына кол салган. Биз ал сыяктуу күчтүү болгубуз келет.

Окуучу: Одоакр Рим империясын кулаткан. Биз ал сыяктуу эрктүү болгубуз келет.

Мугалим: Азаматсыңар, аябай жакшы жооп бердиңер. Үйгө тапшырма эмне болгон?

Окуучу: Рим империясынын кулашы жөнүндө эссе жазуу.

Мугалим: Аткарып келдиңерби?

Окуучу: Ооба.

Мугалим: Анда келгиле, “Сандагы сырдуу тамгалар” оюну аркылуу байкап көрөлү:

  1. Байыркы Римдеги плебейлер эмнени каалашкан? (3)
  2. Рим империясынын кулашына түрткү болгон хунндардын кол башчысы ким болгон? (1)
  3. Байыркы Рим кимдин башкаруу учурунда экиге бөлүнгөн? (4)
  4. Римдин акыркы императору ким? (1)
  5. Чыгыш Рим империясынын аталышы эмне болгон? (3)
  6. Амфитеатрларда жекеме-жеке же жырткычтар менен мушташтыруу үчүн машыктырылган кулдар эмне деп аталган? (5)
  7. Рим империясына баш ийген аймак эмне деп аталган? (9)
  8. 476-жылы кайсы империя кулаган? (3)
  9. Бирөөсү 100 жылга барабар? (2)

   БАЙЫРКЫ РИМДИН МАДАНИЯТЫ

Мугалим: Азаматсыңар! Үйгө берилген тапшырмага баарыңар жакшы даярданып келипсиңер. Сырдуу тамгалардан кайсы сөз куралды?

Окуучулар: Маданияты

Мугалим: Бүгүнкү тема: Байыркы Римдин маданияты

Силер бүгүнкү темада Римдин руханий жана заттык маданияты жөнүндө маалымат аласыңар, интерактивдүү ыкмалардын жардамы менен тапкычтыгыңарды жана эске тутумуңарды өркүндөтөсүңөр жана маданияттуулукка тарбияланасыңар.

Биздин Ош шаарыбыз менен дээрлик бир учурда б.з.ч 753-жылы тегиз, саздак аймакта пайда болгон Римдин маданияты гректердин маданиятынын негизинде пайда болуп, алардан да ашып кеткен. Доорлош дегенимдин себеби, эки шаар тең дээрлик бир учурда пайда болгон. Архитекторлор цирк, храм, мончо, ак сарай, көпүрө, суу түтүк жана башкаларды курушкан. Скульпторлор кудайлардын, батырлардын айкелдерин жасашкан. Акындар, жазуучулар Римди даңазалашкан. Римдиктер сүйлөгөн латын тилинен италян, испан, француз тилдери пайда болгон. Б.з.ч I кылымдын аягы б.з I кылымдын башы маданият өнүккөндүктөн “Алтын кылым” деп аталат.

Мугалим: Келгиле, Римдин маданиятын парадтан өткөрүп алалы.

Окуучу: Колизей.

Амфитеатр 72-80-жылдар аралыгында император Веспасиан тарабынан курдурулган. Колизей “абдан чоң” деген маанини түшүндүрөт. Гладиаторлордун бири-бири менен жана алардын жырткыч жаныбарлар менен болгон кармаштары көрсөтүлгөн. Байыркы 7 кереметтин бири.

Окуучу: Пантеон.

Б.з.ч 27-жылы Октавиан Августтун досу Марк Агриппи сунушу менен курдурулган кудайлардын храмы. Байыркы мезгилде курулуп, азырга чейин сакталган жалгыз храм.

Окуучу: Жол белгилери.

Эң алгачкы жол белгилери байыркы Римде пайда болгон. Адашып кетпөө үчүн жол жээгине чоң тамгаларга оюлуп, кайсы жерге бараары жөнүндө жазылган.

Окуучу: Бетон.

Сапатту бетондор 60-70 жылга чыдаса, Байыркы Римде пайда болгон бетондор 2000 жылдан бери турат.

Окуучу: Газета.

Эң алгачкы “Октадиуна” деп аталган газета б.з.ч 27-жылы Римде пайда болгон. Ага сенаттагы маселелер, буйруктар жазылып, көчөдөгү тактайчаларга илинип турган.

Окуучу: Акведук.

Рим империясында суу жетпеген жерлерге суу жеткирүү үчүн курулган.

Окуучу: Шоссе жол.

Шоссе жолдорун куруу жана аларды кооздоо байыркы римде эле пайда болуп, 88 миң чакырым жолдор курулган.

Окуучу: Медициналык инструменттер.

Байыркы Римде хирургиялык аспаптардын жардамы менен операциялар жасалып, 100дөн ашык дарынын түрлөрүн билишкен.

Айткылачы, Римдин маданиятын парадтан өткөрүүнүн негизинде эмне пайда болду?

Окуучу: Кластер.

Балдар, эгемендүү мамлекет болуу үчүн сөзсүз аймагы, калкы, башкаруу бийлиги болуусу шарт. Римдин аймагы кеңейип, калкы билимдүү болуп, башкаруу бийлиги темирдей бекемделген учурда өлкөнүн маданияты өнүгүп, өз учурундагы алдыңкы өлкөлөрдүн катарын толуктаган.

Мугалим: Эми бул жака көңүл буралы. Силердин дүйнө таанымыңарды кеңейтүү максатында ар тараптуу суроолорду даярдадым. Пирамиданын ар бир бөлүгүндө суроолор катылган. Силер аларга шамдагайлык менен жооп берүү аркылуу “Ат чабыш” оюнун ойнойсуңар. Көп суроого жооп берүү менен марага биринчи жетип, ат чабышта жеңүүчүлөр аныкталат. Мен бул үчүн дүйнөнүн жети кереметинин бири болгон пирамиданы тандадым. Анда баштадык.

БАЙЫРКЫ РИМДИН МАДАНИЯТЫ

Сандар: 1. Кыргыз Республикасы качан эгемендүүлүк алган? (1991-жылы)

  1. Жоогазын төңкөрүшүнө канча жыл болду? (17-жыл)

Терминдер: 1. Акча-тыйындардын келип чыгышын изилдөөчү илим. (Нумизматика)

  1. Жер-суу аттарын изилдөөчү илим. (Топонимика)

Инсандар: 1. “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” — деп ким айткан? (Исхак Раззаков)

  1. Биздин эпостук баатырыбыз ким? (Манас)

Логика: 1. Бир бөлмөдө күйүп турган 7 шамдын экөөсүн өчүрүп койсо канчоо калат? (2)

  1. Казанга биринчи эмне салынат? (Көз)

Мугалим: Кана балдар, бүгүнкү тема боюнча кимде түшүнбөгөн суроолор бар?

Окуучулар: Баары эле түшүнүктүү.

Мугалим: Өтүлгөн сабак баарыбызга түшүнүктүү болсо, сабакты бышыктап алалы.

Мен үч топко үч түрдүү тапшырма берем.

1-Октавиан тобуна “ооба-жок” оюну. Берилген суроолорго ооба же жок деп жооп бересиңер.

СурооОобаЖок
1Колизей байыркы дүйнөнүн 7 кереметине киреби?  
2Рим шаары б.з.ч 753-жылы негизделгенби?  
3Кагаз байыркы Римде пайда болгонбу?  
4Байыркы Римдиктер латын тилинде сүйлөшкөнбү?  
5Олимп тоосу Римде жайгашканбы?  

2-Атилла тобуна дал келтирүү. Терминдерди туура жооптордун тушуна жазасыңар.

ТерминТуурасыЖообу
1Алгачкы газета Суу жетпеген жерлерге суу жеткирүү үчүн курулган.
2Колизей Кудайлар үчүн курулган храм.
3Пантеон Б.з.ч 27-жылы пайда болгон. Ага жаңылыктар, буйруктар жазылып, көчөдөгү такталарга илинген.
4Акведук Римдеги амфитеатр. Байыркы дүйнөнүн жети кереметинин бири.

3-Одоакр тобуна сөздөрдүн парады. Сөздөрдөн сүйлөм курайсыңар.

Скульпторлорбаатырлардынайкелдерин
жасашканкооздопкудайлардын

Сүйлөм: Скульпторлор кудайлардын, баатырлардын айкелдерин кооздоп жасашкан.

РимдинмаданиятынынГректердин
негизиндеМаданиятыӨнүккөн

Сүйлөм: Римдин маданияты гректердин маданиятынын негизинде өнүккөн.

КолизейВеспасианимператору
тарабынанРимдинкурдурулган

Сүйлөм: Колизей Римдин императору Веспасиан тарабынан курдурулган.

Мугалим: Азаматсыңар! Үч топтун катышуучулары тең аябай жакшы жооп бердиңер.

Мугалим: Азаматсыңар балдар! Бүгүнкү сабакта бир нече предметтерге, кесиптерге кайрылып өттүк. Көптөгөн маалыматтарды ала алдык жана аябай кызыктуу болду деп эсептейм. Силерге да жактыбы балдар?

Окуучу: Ооба, сабак аябай кызыктуу болду.

Байкадыңарбы балдар, жаңы темадан бир нече терминдерге жолуктук.

Үйгө тапшырма: латын, алтын кылым, октадиуна сөздөрүнүн маанисин китептен таап, дептериңерге жазып келгиле.

Баалоо: Бүгүн үч топтун тең окуучулары сабакка жакшы катыштыңар. Бирок, “Атилла” тобунун жебелери көбүрөөк экен. Ошондуктан “Атилла” тобуна “эң жакшы”, “Октавиан” жана “Одоакр” топторуна “жакшы” деген баа коём.

Билесиңерби балдар, устара канчалык курч болгону менен даракты кыя албайт, балта канчалык күчтүү болгону менен чач ала албайт. Мен ар бириңердин максаттарыңар бар деп ишенем жана бири-бириңерге атаандашпай, өз мүмкүнчүлүгүңөр жана жолуңар менен максаттарыңарга жетесиңер деп ишенем. Бүгүнкү сабагыбыз ушуну менен аяктады. Эмки сабака чейин аманчылыкта болгула!

БАЙЫРКЫ РИМДИН МАДАНИЯТЫ

Ойгүл Кочкинбекова, Аксы районуна караштуу №10-Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектебинин тарых мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер