Байчечекей 

  • 12.02.2024
  • 0
Байчечекей 

Сабактын максаты:

  1. Окуучулар байчечекей уламышын окуп түшүнөт. Мазмунун айтып берип, байчечекей жөнүндө маалымат алышат.
  2. Окуучулар китеп окуу менен бирге сөз байлыктарын, көркөм окуу көндүмдөрүн калыптандырышат.
  3. Байчечекей гүлүнүн дарылык касиетин, аяр мамиле жасоого, жаратылышты сүйүүгө тарбияланышат.

Байчечекей 

Сабактын жабдылышы: слайд, видео, тексттик материалдар, сүрөттөр (ватман), маркер, скотч.

Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү.

Окутуунун усулу:  интерактивдүү.

Сабактын жүрүшү:  үч түс менен үч топко бөлүү.

Жагымдуу маанай:

Кел досторум ар убакта,

Ынтымактуу бололу.

Таарынышып калсак эгер,

Кечиришип коёлу.

Көздөн көзгө тике карап,

Бир жылмайып коёлу.

Мугалим: Биздин сабагыбыз жылмаюудан башталат.

Маанайыңар беш болсун,

Кайгы капа жок болсун.

Бүгүнкү биздин сабакта,

“5” алгандар көп болсун (балдар кол чабышат).

Ураан: «Окуу – бул эмгек. Эмгекчил болсоң алга барасың, жалкоо болсоң артта каласың» деген ураан менен сабагыбызды баштайбыз.

Мугалим: Текст менен тааныштырам.

Баалоо критерийлери менен тааныштыруу. Бүгүнкү сабакта эгер силер чыгарманы шар окуп, түшүнгөнүңөрдү айтып бере алсаңар, берилген тапшырмалардын баарына туура, так жооп берсеңер анда “5” деген баа коюлат. Ал эми чыгарманы шар окуп, түшүнүктүү кылып айтып бере албасаңар, тапшырма аткарганда бир аз кыйналсаңар анда “4” деген баа коюлат. Чыгарманы шар окуй албай, түшүнүгүн айтып бере албай, тапшырма аткарганда көп ката кетирсеңер, балдар, анда “3” деген баа коюлат. Окуучулар, биз баалоо ченемдери менен таанышып алдык, эми сабакты актуалдаштырабыз.

Мугалим: Азыр кайсы мезгил?

Окуучу: Кыш.

Мугалим: Кыш мезгилинен кийин кайсы мезгил келет?

Окуучу: Жаз.

Мугалим: Жаз мезгилине кайсы айлар кирет?

Мугалим: Жаз келгенде эң алгач кайсы гүл ачылат?

Окуучу: Байчечекей.

Мугалим: Демек, балдар биздин бүгүнкү темабыз “Байчечекей” деп аталат.

Сабактын максаты менен тааныштыруу

Мугалим: Слайддан байчечекей жөнүндө маалымат көрсөтөм.

Байчечекей 

Байчечекейдин илимий аталышы лагантус деп аталат. Бул гүлдүн башы уулуу болгондуктан, кемирүүчү жаныбарлар ага тие албайт. Байчечекей “Кызыл китепке” киргизилген. Андыктан аларды үзүп, сатууга мыйзам жол бербейт. Эгер күнөсканада атайын өстүрүп, сертификаты бар болсо гана сатууга болот. Байчечекейдин түсү, формасы ар кандай. Жада калса шар түрүндөгү эльвис деген аталыштагы түрү бар, жалпысынан байчечекейдин 12ге чейин түрү кездешет.

Текст менен тааныштырам. Тексттин ортосунда топторго суроо берилет.

Мугалим: Думана пайда болгондон кийин эмне болот деп ойлойсуңар?

3 топтон божомолдоо жоопторун беришет. Текст менен таанышкандан кийин божомолдоо жоопторун туура, туура эместигин талкуулашат.

Китеп менен иштөө. Балдар чынжырча түрүндө окушат. Топторго суроолор  берилет. Ар бир топ берилген суроолорго китептен жооп таап окушат жана түшүнүгүн айтышат.

Кызыл түстөгү топко суроо

Байдын жалгыз кызынын оорусуна дабагер табылдыбы?

Сары түстөгү топко суроо

Белгисиз думана кайсы гүлдү оорунун дабасы деп айтты.

Жашыл түстөгү топко суроо

Дарылык касиети бар кичинекей сары гүл эмне себептен байчечекей аталып калыптыр? Дары чөптөрдөн кайсыларды билесиңер? Аларды пайдалануу жолдору боюнча айтабыз.

Уламыш жөнүндө түшүнүк.

Сабакты жыйынтыктоо: жыйынтыктоо иретинде топторго тапшырмалар берилет.

Кызыл түстөгү топко тапшырма — чыгарманын картасын түзөт.

Сары түстөгү топко тапшырма — байчечекей гүлүнө класстер.

Жашыл түстөгү топко тапшырма — таблица менен иштөө.

Баалоо: Сабактын башында баалоо ченемдеринин негизинде окуучулар өздөрүн баалашат.

Үч топко “Ата” кондитердик фирмасынын шириндиктери берилет.

Үйгө тапшырма: Текстти окуп, байчечекейдин сүрөтүн тартат.

Байчечекей Самара Мурзалиева, Жалал-Абад облусу, Сузак району. 

№3 Чаңгыр-Таш жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстын мугалими

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер