БАЛДАР МЕНЕН БИРГЕ ОКУУ — АТА-ЭНЕНИН МИЛДЕТИ!

  • 17.01.2024
  • 0
БАЛДАР МЕНЕН БИРГЕ ОКУУ — АТА-ЭНЕНИН МИЛДЕТИ!

Бактыгүл Искакова,

Балыкчы шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы

 №2 жалпы орто билим берүү мектебинин

башталгыч класстар мугалими

 

Ата-энелер университети (класстан тышкаркы семинар-сабак) 

Тема: Балдар менен бирге окуу – ата-эненин милдети!

Мугалимдин сөзү: Ата-энелер, эжей-агайлар жана окуучулар! Бүгүн Ж.Бөкөнбаев атындагы №2 жалпы орто билим берүү мектебинин 3-“Б”классынын ата-энелер университетинин негизинде түзүлгөн, класстан тышкаркы семинар сабагыбызды баштоого уруксаат этиңиздер!

Бүгүнкү сабакка 3-“А”класстын ата-энелери  жана окуучулары да бизге мейманга келип, сабакка катышып беришет.

-Келгениңиздер  үчүн терең ыраазычылык билдирем!

-Анда  эмесе, бүгүнкү “Балдар менен бирге окуу — ата-эненин милдети!” деген темадагы сабагыбызды баштайбыз.

Сабагыбыздын максаты:

— Ата-эне менен баланын ортосуна жакындык пайда кылуу.

-Ата-энелер педагогикалык сабаттулугун жогорулатышат.

— Китеп окууга,балдардын китепке болгон кызыгуусун ойготууга, түрткү берүүгө үйрөнүшөт.

— Бири-бири менен баарлашууга, бири-бирин сыйлоого багыт алышат.

Мугалим:

-Бүгүнкү сабакта ата-энелер менен бирдикте окуучулар ушул отурган боюнча  топторго бөлүнөбүз. Ар бир топ бааланып турат.

-Ал үчүн алгач калыстар тобун шайлап алабыз. Калыстар тобу бүгүнкү сабакка келген мугалим  эжейлерден болушат. Калыстар тобу, Сиздер топтордун аткарган тапшырмаларын “эң жакшы” – жашыл тегерекче, “жакшы” – кызыл тегерекче, “орто” — сары тегерекче менен баалап, ар бир тапшырмадан кийин дароо эле топторго тегерекчелерди берип турасыздар. Аягында топтор өзүлөрү жыйынтык чыгарышат.

Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү сабагы.

Сабактын усулу: жеке, топто, жалпы иштөө, изденүү.

Сабактын формасы: Семинар сабак

Сабактын жабдылышы: ОТК, таркатма материалдар.

Сабактын жүрүшү:

Алтын эреже: -Бүгүнкү сабагыбызга алтын эреже киргизип алалы (хор менен кайталайбыз).

Жагымдуу маанай:

        -Азыр  бири-бирибизге жагымдуу маанай тартуулайбыз

-Бири-бирибизди  карап жылмаюу тартуулайбыз.

            1-тапшырма:  -Топ башчыларын шайлайбыз. Топ башчысы ата-эне болуу керек. Топтор өзүнүн тобуна ат коюшат жана эмне себептен топтун атын ошондой аталганын топ башчысы жактап  берет.

 

-Убакыт кетти. 1мин.(кум  саат)

Убакыт бүттү, топтор жакташат. Кол чабуулар. (Калыстар тобу баалайт)

               2-тапшырма:

“Ыр окуу” деп аталат. Окуунун түрлөрү менен окуу керек. (Ар бир топко бирдей ыр берилет) (Калыстар тобу баалайт.)

1-топ                                    2-топ                                              3-топ

1.Обондуу окуу              1.Манас  айтып окуу                         1.Рэп айтуу менен окуу

          2.Бийлеп окуу               2.Үнүн ичке чыгарып окуу               2.Үнүн жоон кылып  окуу

Тыныгуу убактысы:

Ар бир топтон   бирден ата-эне чыгып баласынынын  эң жакшы сапаттарын жакшы сөздөр менен  санап  айтып берет. (Жерде ак барактар коюлган, карыштап ар бирине карыш сайын бирден сөз айтыш керек)

3-тапшырма: -кесме сөздөрдөн сүйлөм куроо (ар бир топко кесме сөздөр таркатылып берилет)

-(кесме сөздөрдү курашат)

Бул жерде макалдар же фразеологизмдер болушу мүмкүн.

Фразеологизм – бул ойду курч мааниде берген сөз айкашы.

— Беш өрдөгүн учурду

— Ырыс алды — ынтымак.

-Адам акылы менен адам. (Калыстар тобу баалайт. Кол  чабуулар)

4-тапшырма:

-Топ башчылар, келсеңиздер. Тапшырманы алабыз.

Үч топко  үч тапшырма берилет. Кырдаалдар.

-Ушул кырдаалдарды  инценировкалап, көрсөтүп берүү керек.

-Бул тапшырманы ата-энелер аткарат. Балдарды жардамга алсаңыздар болот.

1-кырдаал:

Атасы да, энеси иштешет. Чоң энеси же таяэнеси үй жумуштары менен алек. Бирок булар биргелешип балага, сабагына жардамдашууга, окутууга убакыт табышат.

              2-кырдаал:

Баланын өз, ата-энеси мигрант, чет өлкөдө. Ошол убакта чоң атасы, чоң апасы же тайэнеси, таятасы балага сабагын окутууга убакыт таба албайт.

3-кырдаал: 

Үй-бүлөдө атасы да, энеси да иштейт. Чоң энеси же тайэнеси үй жумушу жана майда жумуштар менен алек. Баласына биргелешип сабактарына жардам берүүгө, окутууга убакыт жок. (2-3-кырдаал боюнча стоп кадр)

-Ар бир топтогу ата-энеге тапшырманы даярданып, аткарууга убакыт берилет. (кол чабуулар, калыстар баалап тегерекчелерин берет)

Кырдаалдар боюнча талкуу. Топторго тапшырмаларыбыз аяктады.

Видео ролик (тарбиялык маанидеги видео)

Видео боюнча талкуу.

Жыйынтыктоо (ар бир өзүлөрүнүн тобунун өчогулткан жашыл,

кызыл,сары тегерекчелеринин негизиндн өзүлөрүн баалашат.

Мугалимдин сөзү:

-Азаматсыздар демекчимин.

-Ушуну менен сабагымды жыйынтыктап жатып,

-Балдар менен бирге окуу ата-эненин милдети деп эсептейм.

-Сабаттулукка үйрөтүү — үйдөн, ата-энеден башталат. Ошондуктан, ата-энелер үйдөн балдарга көбүрөөк жардам беришибиз керек.

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер