“БАЛА ЖАКШЫСЫ-АТАНЫН ДАҢКЫ, КЫЗ ЖАКШЫСЫ-ЭНЕНИН БАРКЫ”
- 05.02.2021
- 0
![“БАЛА ЖАКШЫСЫ-АТАНЫН ДАҢКЫ, КЫЗ ЖАКШЫСЫ-ЭНЕНИН БАРКЫ”](https://kutbilim.kg/wp-content/uploads/2021/02/whatsapp-image-2021-02-05-at-15.14.24-e1612516529554.jpeg)
ТАЛАС ОБЛУСТУК ЧЕТ ТИЛДЕР ЛИЦЕЙ-КОМПЛЕКСИНИН ГЕОГРАФИЯ САБАГЫНЫН МУГАЛИМИ
“бала жакшысы-атанын даңкы, кыз жакшысы-эненин баркы”
- Сабактын максаты
- Билим берүү: Окуучулар үй-бүлөнүн коомдук, социалдык жана адеп-ахлактык мааниси жөнүндө түшүнүк алышат
- Тарбиялык: Окуучулар үй-бүлөлүк биримдикке, ынтымакка, ата-энесин жана бир туугандарын урматтап, сыйлай билүүгө үйрөнүшөт
- Өнүктүрүү: Окуучулардын сынчыл ойлору өнүгөт жана аларды топтордо иштей билүүгө үйрөнөт
- Сабактын тиби: Жаңы материалдарды өздөштүрүү
- Сабакты өтүүнүн формасы: Интерактивдүү сабак.
- Сабактын жабдылышы: “Үй-бүлө” (чийме) ватман, маркер, макал-лакаптар жана сабакка тийиштүү сөздөр жазылган плакат
презентация.
- Сабактын жүрүшү.
1-кадам ( 3 мин).
Уюштуруу.
- Окуучуларды тактоо.
- Класстык кабинетти сабакка даярдоо.
- Окуучуларды 4 топко бөлүү.
2-кадам (2мин).
Мээ чабуулу.
- Үй-бүлө деген эмне?
- Үй-бүлө кандай түрлөргө бөлүнөт?
- Үй-бүлөнүн курамы кимдерден турат?
- Үй-бүлөдө кимдин орду жогору? (Ата-эне,бала)
3-кадам (7мин).
Үй-бүлө деген чийменин негизинде мугалимдин кыскача баяндамасы.
Бүгүнкү биздин өтө турган темабыз “Бала жакшысы ата даңкы, кыз жакшысы эне баркы” деп аталат. Сабакта биз силер менен үй-бүлө деген эмне экендигин, ата-эне баланын үй-бүлөдөгү орду тууралуу пикир алышабыз.
ЖЕКЕ | СОЦИАЛДЫК | ЭКОНОМИКАЛЫК |
ФУНКЦИЯ | |
Үй бүлө | |
сүйүү | ишеним |
сыйлоо | ынтымак |
сабыр | милдет |
жоопкерчилик | |
ТҮР |
ТОЛУК ЭМЕС ҮЙ-БҮЛӨ | ӨЗӨК ҮЙ-БҮЛӨ | ЧОҢ ҮЙ-БҮЛӨ |
Үй-бүлө ыктыярдуу никеде негизделген адамдардын майда топтору.Үй-бүлө мамлекеттин ячейкасы. Үй кирпичтерден куралган сыяктуу үй-бүлөдөн мамлекет куралат. Үй-бүлөдө мамлекеттин келечектиги жарандары өсүп тарбияланат. Социалдык курамы боюнча үй-бүлө толук эмес үй-бүлө, өзөк үй-бүлө, чоң үй-бүлө деп бөлүнөт.
Толук эмес үй-бүлөгө атасыз же энесиз жашап жаткан үй-бүлөлөр кирет. Балалуу болуунун каалабаган, кааласа да мүмкүнчүлүгү же шарты жок жубайлар бар. Андайлар өзөк үй-бүлөнү түзүшөт.Чоң үй-бүлөдө кайната, кайнене, уул-келини, уул-кыздары небере-чөбөрөлөрү бирге жашашат. Үй-бүлө коомдо жеке, социалдык, экономикалык функцияларды аткарат. Жеке функцияга тукум улоочулук, социалдык функцияга балдарды турмушка аралаша билүүгө тарбиялоо, экономикалык функцияга тамак-аш,кийим-кече турак-жай менен камсыз кылуу иш-аракеттери ж.б.кирет
Сүйүү, сыйлоо, сабырдуулук, ишеним, ынтымак, милдет, жоопкерчилик үй-бүлөнүн бирден-бир адеп-ахлактык дөөлөтү болуп эсептелет.
4-кадам (3мин).
Окуучуларга жогорудагы таблицаны өз алдынча толтурууну сунуш кылуу. Белгиленген убакыт аяктагандан кийин аткарган тапшырмасын 3 окуучуну жалпы класска угуза окутуп көрүү.
Менин үй-бүлөм
№ | Аталышы | Аты |
1 | Чоң атам | |
2 | Чоң энем | |
3 | Атам | |
4 | Апам | |
5 | Агам | |
6 | Жеңем | |
7 | Эжем | |
8 | Сиңдим | |
9 | Карындашым | |
10 | Иним |
5-кадам (15мин).
Ар бир топко бирден суроо берип,берилген суроого биргелешип жооп жазууну жана белгиленген убакыт бүткөндөн кийин ар топтон бирден окуучу чыгып презентациялоосун сунуштоо.
1-топ:Ата-энелер балдарына кандай мамиле жасоого тийиш?
2-топ:Ата-энелер балдарына кандай мамиле жасабоого тийиш?
3-топ:Балдар ата-энесине кандай мамиле жасоого тийиш?
4-топ:Балдар ата-энесине кандай мамиле жасабоого тийиш?
6-кадам(2мин)
Оюн мында окуучулар өздөрү көргөн 7 жаныбардын атын жазышат. Мугалим 1 же 2 окуучуну окутуп көрүп,төмөндөгү тартипте алардын үйүндөгүлөргө жасаган мамилесин аныктайт.
1.Атасына 2.Апасына 3.Агасына
4.Женесине 5.Эжесине7.Инисине
6.Синдисине (карындашына)
7-кадам (3 мин)
Макал-лакаптарды талкуулоо
“Куш уядан эмнени көрсө,учканда ошону алат”.”Ата коргон ок жонот,эне коргон тон бычат”.
8-кадам (3 мин)
Окуучуларды “Эсиңде болсун” деген адеп ахлактык эрежелер менен тааныштыруу.
1.Ата-энене акарат айтпа
2.Ата-энендин айтканын эки кылба
3.Тамакка ата-эненден мурда озунуп кол сунба
4.Ата-энендин женилин жерден,оорун колдон ал
5.Жасаган тамагындан алдын ала ата-энене ооз тийгиз
6.Калп сүйлөп эч качан ата-энеңди алдаба
7.Ата-эненден озунуп сөз сүйлөбө.Сөзүн бөлбө
8.Ата-энеңден саламынды жазба
9.Ата-энеңдин ден-соолугун дайыма сурап тур
10.Сыркоолосо жардамыңды аяба
11.Баардык жакшыл буюмду ата-энеңе арна
12.Тийиштүү майрамдарда ата-энеңе белек берип турууну унутпа
13.Иштеп тапканыңды алгач ата-энеңе алып келип бер
14.Каарып калган ата-энеңди кароосуз калтырба
15.Ата-энеңди бөөдө убара кылба
9-кадам (5-мүн)
Рефлекция (бышыктоо)
1)Үй-бүлө деп эмнени айтабыз?
2Үй-бүлөнүн кандай түрлөрүн билесиңер?
3)Үй-бүлөнүн кандай функциялары бар?
4)Үй-бүлөдө ата кандай милдетти аткарат?
5)Үй-бүлөдө ата кандай милдетти аткарат?
10-кадам (2мүн)
Баалоо:
Бүгүнкү сабакта силерге кайсы топтун,кимдердин жооптору айрыкча жакты?…
11-кадам (1-мүн)
Үйгө тапшырма
“Ата аскалуу тоо,эне-боорундагы булак,бала ортодо күйүп турган шам чырак” деген темада эссе жазып келүү.
Комментарийлер