“Бакчамда”. “Кайда?” деген суроого жооп берген сөздөр
- 30.05.2024
- 0
Кыргыз тили, 2-класс (окутуу өзбек тилиндеги класстар үчүн)
Сабактын тиби: аралаш
Сабактын методу: изденүүчүлүк жана интерактивдүү методдор.
Сабактын жабдылышы: окуу китеби, сүрөттөр, таркатмалар, проектор, окуу методикалык колдонмолор, карточкалар.
Сабактын этаптары: Мугалимдин ишмердүүлүгү.
- Саламдашуу;
- Жагымдуу маанай түзүү;
- Өтүлгөн теманы кайталоо:
«Жагымдуу маанай» ырын ырдоо менен сабакты башташат.
Сабактын темасын планын жарыялоо, 3 мүн.
Үй тапшырмасы менен өтүлгөн сабакты кайталоо үчүн берилген тапшырмаларга жооп беришет.
Сабактын темасы жарыяланат, максаты жана күтүлүүчү натыйжа айтылат. Доскадагы сүрөттөр аркылуу өтүлө турган сабактын темасын окуучулар өздөрү табышат.`
Баалоо критерийи менен тааныштырылат. Окуучуларга смайликтер берилет:
7-10 чейин упай топтосо 5;
4-6 чейин упай топтосо 4;
2-3 чейин упай топтосо 3;
1-2 чейин упай топтосо 2;
Жаңы теманы өтүү: Чакырык
Тил жатыктыруу үчүн табышмакты окуп, жандырмагын табышат.
Кичине гана сары киши,
Өзү жер алдында,
Сакалы жер үстүндө.
Бул эмне? (🥕 Сабиз)
Окуучулар жашылчалар жөнүндө табышмакты табуу менен теманы актуалдаштыруу. Сен кандай салатты жакшы көрөсүң? Мөмө жемиштерден эмнелерди жакшы көрөсүң?
Апаң ашкабактан эмнелерди жасап берет?
Мөмө жемиштерден эмнелерди жасаса болот?
А сен эмне үчүн лимонду жаман көрөсүң?
Маектешүү…
1-тапшырма: Жаңы сөздөр менен таанышат. Сөздөрдү кайталап, сөз айкаштарын түзүшөт.
Тоголок, сүйрү, катуу, жерде, бакта, жердин үстүндө, жердин астында.
2-тапшырма: Төмөндө берилген аныктамаларга ылайык сөздөрдү таап, жазгыла.
а) Алма, чие, шабдалы, өрүк бакта өсөт.
б) Дарбыз, карагат, бадыраң, сарымсак, кызылча, коон жерде өсөт.
3- тапшырма:
«Чыпалак бала базарда» деген диалогду окугула. Белгиленген сөздөргө суроо бергиле. Алардын маанилерин түшүндүргүлө (текст проектор аркылуу көрсөтүлөт).
Чыпалак бала базарда
Чыпалак бала:
— Бул пияз канча сом турат?
— Картөшкө, бадыраң, пияз канча сом турат?
Сатуучу:
— Пияз 20 сом турат?
Картөшкө — 30 сом.
Капуста — 25 сом.
Бадыраң — 40 сом турат.
Мына, алыңыз.
Чыпалак бала:
— Мага 1 килограмм пияз, 2 килограмм картөшкө, 3 килограмм бадыраң бериңизчи.
Сатуучу: Мына алыңыз.
Чыпалак бала: Канча төлөймүн?
Сатуучу: 200 сом.
Чыпалак бала: Ыракмат.
5-тапшырма: Бул кайсы жашылча, тапкыла.
Бышыктоо: Ырдагы сүрөттөрдү чечмелеп окушат.
Үйгө тапшырма берүү: Окуу китебиндеги 75-бет, 7-көнүгүү.
Халида Мурзаева
Комментарийлер