Айлананын узундугу. Тегеректин аянты
- 27.05.2024
- 0

Математика, 6-класс
Сабактын тиби: Жаны теманы өздөштүрүү
Сабактын усулу: Интерактивдүү
Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, циркуль, проектор, быйтыкчалар, фигуралар, сүрөттөр ж.б.
Уюштуруу: 1) Жоктоо. 2) Класстын тазалыгын кароо
Быйылкы жыл биздин райондо кандай жыл деп жарыяланды?
Топторго бөлүү:
- Ички айлана
- Сырткы айлана
«Сократтын семинары» стратегиясы
- Байкоочулар
- Талкуулоого катышкан окуучулар
«Сократтын семинары» стратегиясы («сократтык семинар» , «сократтык маектешүү» , «эвристикалык сүйлөшүү» катары дагы белгилүү ). Байыркы грек философу Сократ өзүнүн окуучулары менен колдонгон методиканын негизинде иштелип чыккан окутуу стратегиясы.
Жагымдуу маанай:
- Бир орундуу сан ойлон;
- Ага андан кийинки санды кош;
- Келип чыккан санга 9ду кош;
- Келип чыккан санды 2ге бөл;
- Келип чыккан сандан биринчи ойлогон санды кемит;
- Канча чыкты?
Алтын эреже
Үй тапшырмасын текшерүү:
«Мурдагы билимдерди кайталоо жаны билимдерге жол ачат» Н.Лейбниц.
1,6 : 0,2- 3,4*10 = 46
2,3 + 0,7- 2 ¾ *8 =2
Жаңы темага өбөлгө түзүү. Тегерек деген эмне? Айлана деген эмне?
О – айлананын борбору, ОА, ОС, ОД – радиустары, СД – диаметри
Айлананын узундугу
Аныктама: Айлананын узундугу деп туруктуу сандын айлананын диаметрине болгон көбөйтүндүсү аталат.
П– 3,14
П санынын келип чыгуусу гректин «периферия» деген сөзүнүн баш тамгасынан алынган. Ал сөз «айлана» дегенди билдирет. Л. Эйлер 17-кылымда киргизген. П санынын атайын күнү дагы бар. Ал 14-мартта өткөрүлөт. Америкалык форматта (айы/күнү) П — 3,14 деп белгиленет.
П саны турмушта. Сиэтлдеги сүрөт музейинин алдындагы тепкичке П эстелиги орнотулган.
Тегеректин аянты
Турактуу сандын тегеректин радиусунун квадратына болгон көбөйтүндүсү тегеректин аянты деп аталат.
Тегеректин аянты — ПS=r². Мында S — тегеректин аянты. П — 3,14 барабар, r — тегеректин радиусу.
Китеп менен иштөө:
Жыйынтыктоо: Бүгүнкү сабак силерге эмнеси менен кызыктуу болду?Сабакта кандай жаңы маалымат алдыңар? Турмушта айлананын узундугун, тегеректин аянтын кантип табасынар?
Үйгө тапшырма:
- №409
- №410
Бири-бирин баалоо.
Гүлипа Надырбекова, №42 Т. Сатылганов мектебинин мугалими
Комментарийлер