АЙГҮЛ ГҮЛҮНҮН ТҮЗҮЛҮШҮН АНЫКТОО

  • 02.09.2022
  • 0
АЙГҮЛ ГҮЛҮНҮН ТҮЗҮЛҮШҮН АНЫКТОО

Назгул Алымсеитова,

Ноокен районунун №38 А.Тургунбаев атындагы мектебинин,

 Биология  мугалими

Баткен облусунун картасы.

Экскурсиянын темасы: 2022-жыл Эл аралык тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылына карата «Айгүл  тоосуна» экскурсия.

Экскурсиянын  максаты:

  1. Баткен облусунун Кара Булак кыштагында орун алган, кызыл китепке киргизилген эндемик Айгүл гүлүнүн жайгашкан жери жана тарыхы менен таанышуу.

2.Практикалык сабак: Айгүл гүлүнүн түзүлүшү жана  экологиялык абалын аныктоо.

Сабактын жүрүшү:

Айгүл гүлү Баткен облусунда, Кара Булак кыштагында жайгашкан. Жыл сайын апрель айында Айгүл гүлү гүлдоөй баштайт жана облуста буга байланыштуу «Гул майрамы» өткөрүлөт.

Ал жети жыл топуракта жатып, кичинеден өсүп чыга баштайт, дагы 5-6 жылдан кийин алгачкы гүлү ачылат. Илимпоздор бул гүлду эндемик деп аташат, анткени ал бир гана аймакта өсөт жана башка жакта аны жолуктурууга болбойт. Айгүл гүлү Кыргызтандын эки жер тилкесинде — Түркестан тоо кыркасында: Айгүл тоосунун түндүк капталынан (Силамташ), Козуланташ (Баткен шаарынан 17км түштүк чыгышы Исфара суусунун бассейни) жана Лайли мазар суусунун сол жээгиндеги капчыгайда (Баул кыштагына жакын Лейлек суусунун бассейнинде) өсөт. Декоративдик максатта, Баткен районунун жергиликтуу калкы өстурөт. Абдан сейрек кездешүүчуү өсүмдүк болгондуктан, Кызыл китепке киргизилген.

Айгүл гүлү жөнүндөгү уламыш: Илгери өткоөн заманда, Баткен аймагында, ай чырайлуу сулуу Айгүл аттуу кыз жашаган экен. Көптогөн баатырлар ал кызга жетүүнү самаган. Бирок сулуунун өзү тандап сүйгөн жигити болгон. Айгүлдүн сүйгөн жигити Козулан аттуу жигит, даңкы даалайга кеткен эр жүрөк баатыр болгон. Заман тынч эмес болуп, чет жактан басып кирген душмандардан коргоп туруу үчүн салгылашуулар болуп турган. Ошондой кол салуунун биринде элин, жерин коргогон согушка Козулан баатыр өз жигиттери менен аттанып кетет. Айылда жалаң кыз-келиндер, кары кемпир-чалдар калып, кеткендердин аман-эсен келишин күтүп калышат. Айгүл дайыма жигитин күтүп, тоого чыгып жол карап турчу. Согуштан келсе эки жаштын тоюн өткөрмөкчү болуп, айыл ичи камылга көрүп жатканда, жаман кабар келет. Козулан баатыр согушта баатырларча курман болгондугун Айгулгө угузушат. Сүйгөнүнөн айрылган Айгүл, чыдап тура албастан тоонун эң бийик жерине чыгып, аскадан өз боюн таштап жиберет. Анын каны чачыраган жерлерге гүл өсүп чыгат. Жергиликтүү калк аны Айгүл гүлү деп атап коюшкан. Айгүл тоосунун маңдайындагы тоону «Козулан баатырдын жүрөгү көмүлгөн» деп Козулан тоосу деп аташкан. Сөйүүсүнө жетпеген эки жаштын тоосу бири-бирине жакын, бирок армандуу махабатты элестеткен сыяктуу жетпей тура.

Кара-Булак айылы, Айгүл тоосуна кире бериште

Айгүл гүлү Баткендин эң кооз гүлү. Гүлдүн илимий аталышы Рябчик-Эдуардо. Анын бир артыкчылыгы, тоонун капталында өскөнүндө болуп саналат. Айгүл гүлүнүн бийиктиги 1 метрге жеткен бүт сабагы жашыл жалбырактуу өсүмдүк. Анын гүлү кызгылт саары коңгүроого окшош. Бул гүл 7жылда уругунан өсүп, 5-6 жылда гүлдөйт. Жылына бирден гүл кошот. Ошого байланыштуу, гүлдү көрүп туруп, канчага чыкканын аныктаса болот. Айтып жүрүшкөндөй, Айгүл гүлүнүн 34 гүлүн көргөндөр бар. Жаратылышта уругу аркылуу гана көбөйөт. Уругунун өнүмдүүлүгү 60% кем эгилсе: 7-9 жылдан кийин гүлдөйт.

Айгүл гүлүнүн түзүлүшү:  Айгүл Эдуард чаар гүлү — пияз түп, жумуру сымал, 4-9 см калыңдыкта (өстүрүүдө салмагы 1 кг жетет)

Сабагы — тик, бороздуу, түксүз, бийиктиги 37-95 см.

Жалбырагы —  созулуңку ланцетниктей,  узундугу — 12-24 см, туурасы5-12см, ачык жашыл түстө, 35-50 жалбырак, сабагынын жарымын курчаган.

Гүлү —  5тен 20 мага чейин гүл тобунда жайгашкан, коңгуроодой кызгылт-сары түстө,   4,5-6,5 см.

Мөмөсү — кургак кутуча, узундугу 6-7 см, уругу майда, күрөң сымал.

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер