АЯЗ АТА

  • 21.12.2023
  • 0
АЯЗ АТА

АЯЗ АТА

Айтигүл Туркова, Токтогул атындагы санаториялык мектепинтернатынын башталгыч класс мугалими

Адабий окуу               

3-класс

Сабактын темасы: Аяз Ата

Сабактын максаты:

  • Чыгарманы окуп, анын мазмунун түшүнө алат.
  • Кыш мезгилинин өзгөчүлүгүн байкап, кышкы ызгаар, аяз, жаратылыштын кышкы кубулуштары жөнундө билет.
  • Бири-бирин угууга калыптанат.

Күтүлүүчү натыйжа:

  • Чыгарманын мазмунун түшүнсө;
  • Кыш мезгилинин өзгөчөлүгүн байкап, кышкы ызгаар, аяз, жаратылыштын кышкы кубулуштары жөнүндө билсе;
  • Бир бирин укса, Сөзгө конок берсе.

Сабактын тиби:

Жаны материалдарды өздөштүрүү.

Сабактын формасы:

Жеке, жупта, иштөө.

Сабактын жабдылышы:

Карточкалар, окуу китеби, ноутбук, телевизор.

Сабактын журушу:

          А) Уюштуруу мезгили

Жагымдуу маанай тартуулайбыз.

Саламатсызбы, эжей!

Саламатсыңбы, досум!

Сага маанай: Ар дайым ачык асман болсун!

Билимиң терең болсун!

 

1-Тапшырма.

        Б) Үй ишин кайталоо

  1. Кыш мезгили кайсы учурдан кийин?
  2. Канча ай кыш мезгили болот?
  3. Кышындагы аба ырайы кандай болот?
  4. Кышындагы майрамдарды билесиңерби?

 

        В) Жаңы теманы түшүндүрүү

Кебездей экен сакалы,

Алтындай экен чапаны.

Балдардын баарын күттүргөн

Тааныйсыңбы   ___________? (Аяз атаны)

Демек, бүгүнкү өтүлүүчү сабактын темасы: Аяз ата

Кулагыңарды төшөп, кунт коюп угуп отургула. (Көркөм окуп берем).

Аяз Ата

Кеч күз. Асмандагы сүрүлгөн булуттар кез-кез муздак жамгырын төгүп өтөт. Бир күнү апам: “Арыктагы суу каймактап калыптыр “, — деди.

Барып көрсөм, арыктын бетин жалтыраган муз каптап, анын астындагы суу чулдурап агып жатат. Апама келдим да:

— Суунун каймагы жок тура, — дедим.

— Бетиндеги жука музду суунун каймагы дейт, — деди апам.

— Аны ким жасады?

— Аяз ата келе баштабадыбы? Түн ичинде ошол жасаган тура.

Аяз атаны көрбөй, анын сууну кантип каймактатып муз болуп калганын билбей калганыма аябай өкүндүм.

Эртеси кечке асман түнөрүп, самсаалап кар жаап турду.

Кечке жуук чыгыштан бир аз шамал жүрдү да, түнөргөн булуттарды алда кайда айдап кетти. Түн киргенде асманда Ай жаркырап көрүнүп турду. Айрыкча, үйдөгү жарык өчкөндөн кийин терезеден бадырайган жылдыздарды тиктеп жатып уктап калыпмын.

Апам эртең менен ойготуп:

— Карасаң, сен уктап жатканда Аяз ата келип, терезеге гүл тартып койгон тура, — деп терезенин айнегин көрсөттү.

Чын эле сырт көрүнбөйт.Терезенин айнегинен бир да жылчык калтырбай, кооз гүлдөр менен ар түрдүү жалбырактын сүрөтү каптап калыптыр. Деги эле мындай сүрөттү биздин класстан эч ким тарта алгыдай эмес.

— Аяз ата кайда? — деп сурадым апамдан.

— Сыртта жүрөт.

Шашкан бойдон жүгүрүп эшикке чыгып, эки жакты карадым. Айлана аппак кар. Бак-дарактар ак тон кийген адамдай дүпүйөт. Ал жактан да Аяз атаны көрө албадым. Бетим  менен колумдун учтары, кулак, мурдум кошо бирөө чымчылагандай тызылдап чыкты. Аяз атаны көпкө күтө албай үйгө кире качтым.

— Аяз ата көрүнбөйт, кетип калган окшойт, — дедим апама таарынчымды билдирип.

— Эмне үчүн кетмек эле, — деди апам жай гана — бетиң менен кулагыңды тызылдата чымчып ким кызартты?

Кызык. Көрсө кулак, мурунду тызылдата чымчыган Аяз ата тура.

 

Тапшырма

— Суроо: Окуя кайсы убакта болуп жатат?

— Кайсы каармандар катышты?

— “Арыктагы суу каймактап калыптыр“ дегенди кандай түшүнөсүңөр?

— Терезеге кышында гүл тартылабы же жокбу?

— “Бетиң менен кулагыңды тызылдатып ким чымчыды?” дегенди түшүндүңбү?

— Чыныгы Аяз Атаны качан көрдүңөр беле? Деги ал барбы?

АЯЗ АТА

Тапшырма

Табышмактын жообун тапкыла.

Көргөнүм чын, жалган эмес,

Көктөн түштү сансыз кебез.

(Кар)

 

 

Баса албайт, бирок жылат,

Балдарды курсант кылат.

(Чана)

Үйү — жарда,

Үшүбөйт карда.

(Карга)

 

 

 Пазыл оюнун ойноо аркылуу суроолорго жооп бергиле.

 

 

Бышыктоо:

Тапшырма: Чыгарманы окуп, Аяз атанын сүрөтүн тартып келгиле.

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер