“АТА-ЭНЕ ОКУМАЙЫНЧА, БАЛА ОКУБАЙТ”

  • 12.02.2021
  • 0
“АТА-ЭНЕ ОКУМАЙЫНЧА, БАЛА ОКУБАЙТ”

Ош областы Кара-Суу району № 97 “Учкун” орто мектебинин башталгыч класс  мугалими Ажиматова Гүлбара Исмановна. Билим берүү тармагында 38 жылдан бери жаш муундарга изденүү менен талыкпай билим берүүдө. Айыл өкмөттүн,  райондун бир нече грамоталары менен жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим  министрлигинин Ардак грамотасы менен, “Кыргыз Республикасынын Билим берүү отличниги” төш белгиси менен 2012-жылы сыйланган. 2019-2020-окуу жылынан “Энелер мектебинин негиздөөчүсү Гапыр Мадаминовдун усулдарынын негизинде энелер менен иштөөнү жүргүзүп келүүдө. Жыйынтыгында класста окуучулардын билим сапаты жогорулап, тарбиясында да чоң өзгөрүүлөр байкалган.

“АТА-ЭНЕ ОКУМАЙЫНЧА, БАЛА ОКУБАЙТ”

        

Тема: Ата-эне окумайынча, бала окубайт

Сабактын максаты: Мектеп менен ата-энени тыгыз байланыштыруу.

Окуучулардын тарбиясын жакшыртуу жана билим сапатын жогорулатуу.

Мектеп менен ата-эненин байланышын күчөтүү окуучулардын тарбиясын жакшыртууга, билим сапатын жогорулатууга негиз болот. Ата-энелер өз балдарынын мыкты билимдүү адеп-ахлактуу болушун каалайт ошону менен бирге өмүрүн тилейт. Бирок көпчүлүгүбүз балдарыбыз билим тарбия алуучу эң ыйык жер мектеп менен байланышууга барып кабар алууга кызыкпайбыз. Биздин балдарыбыздын окууга кызыкпагандыгы, тартибинин начардыгынын себеби дал ушунда болушу мүмкүн. Ата-эне мектеп мугалим менен байланыш түзүп турса, эң биринчи балаңыздын таалим-тарбиясына керек андан кийин ошол тарбияны ишке ашыруу үчүн мугалимге керек. Ал мугалимге дем берет. Ата-эненин активдүү колдоосу аркылуу гана мектепте билим, тарбия берүү толук максатына жетет.

Энелер мектебинин негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов 1992-1993-жылдардан баштап билим, тарбия сапатынын түшүп кеткендигин байкап эксперимент жүргүзгөндө күнөө мугалимдерде эмес анын тамыры үй-бүлөдө анын ичинен энеде экенин билишкен.

Мен мугалим катары Гапыр Мадаминов агайдын эмгектери менен таанышканымдан кийин  энелер аркылуу билим сапатты жогорулатууга тарбияны жакшыртууга болоорун түшүндүм. Өз классымда энелер менен иштөөнү уюштуруп төмөнкүдөй иштерди жүргүздүм.

  1. Ата-энелер менен иштөө боюнча түзүлгөн жылдык иш план.
АйларӨтүлүүчү темаларКим аткарат
1. Январь айы1. Салттуу окууга өтүү

2. «Ким сулуу жазат?» конкурсу

3. Энелер мектебин уюштуруу

4. Үй-бүлөлү китепкана түзүү

Абдракманова Гулмира

Ата-энелер комитети

2. Февраль айыUSAID «Окуу керемет» долбоору тарабынан жүргүзүлгөн “Менин сүйүктүү каарманым” сынагын уюштурууЮлдашева Назгул

Калмарзаева Айзат

Курбаналиева Гулнур

3. Март айы1. Окуу техникасын текшерүү

2. “Айым апам, күнүм апам мага дайым керексиң!” конкурсун уюштуруу

Авазматова Гулназ

Каныбек кызы Самара

Кенжебаева Керемет

4. Апрел айы1. Көңүлдүү старт конкурсу

2. “Айылым алтын турагым”

Дыйканбаева Элнура

Дорбекова Фарида

Ташиева Нурзат

5. Май айы1. Ким билерман конкурсу

2. Жылдык жыйынтыктоо

“Мыкты үй-бүлөө”

“Мыкты эне” номинациясын аныктоо

Ата-энелер комитети

Класс мугалими

Мектеп жетекчилик

 

  1. Ата-энелер күнүн уюштуруу. Ата-эне жума сайын сабакка катышып туруу графигин түзүү
Ф.И.О.Жуманын

күндөрү

              
1               
2               
3               
4               
5               
6               
7               
8               
9               
10               
11               
12               
13               
14               

 

  1. Жуманын шаршемби күнүндө графикте көрсөтүлгөн ата-эне келип сабакка катышат алар үчүн №1, №2 дептерлери уюштурулган №1 дептерге мугалим менен өз баласынын тартиби, тазалыгы билим сапаты боюнча баарлашуусу жазылат.
  2. №2 дептерге ата-эне катышкан сабагына анализ жазып өз баласынын сабак мезгилиндеги жетишкендиктери кемчиликтери белгиленет. Ар бир эне үчүн өзүнчө баарлашуу дептери уюштурулган.
  3. Максаты энелер менен жекече сүйлөшүү менен баланын тартибин жакшыртуу, окууга болгон кызыгуусун арттыруу.
  4. Жылдын иш план түзүлүп ай сайын ата-энелер менен бирдикте конкурстар өтүлүп окуучулардын билим сапатына көңүл бурулуп турат. Ай сайын ата-энелер чогулушу өтүлөт. Чогулушта тарбия берүүдөгү ата-эненин кемчиликтери боюнча талкуулар болуп турат. Балага тарбия берүү жашообуздун бир бөлүгү болгон соң ага чоң маани берүү абзел. Анын келечекте кандай адам болооруна эң биринчи үйдөгү тарбия роль ойнойт. Баланын өз алдынча калыптануусу коомдогу орду мунун баардыгы ата-энеге байланыштуу.

Энелерге төмөнкүдөй суроолорду берип талкуу жүргүзөбүз.

  1. Эмне үчүн көп учурда ата-энелер балдарынын чоңойуп калганына маани бербей мурдагысындай эле мамиле кыла беришет. Же тескерисинче кичинекейинен эле жоопкерчиликтин баарын артып салышат?
  2. Эмоционалдык баарлашуулардын жоктугуна эмне себеп?

Көп учурда ата-эне кагып силкип “Ыйлаба”, “Оозуңду жап”, “Тынч отур” деген сыяктуу сөздөр менен балдардын табиятындагы эмоциясына тыюу салат. Мунун таасири кандай болот?

  1. Баланы инсан катары кантип тарбиялоо керек?
  2. Ар бир баланын мүнөзүн ага гана тиешелүү жеке сапаттарын ата-эне эмнеге өзгөрткүсү келе берет?
  3. Эмне үчүн балага ишеним артуу жок, ата-эне ага ишене бербейт?
  4. Балага өтө эле үйрүлүп түшүү туурабы? Өтө эле үйрүлүп түшүү баланын келечегине балта чаппайбы?
  5. Тарбия берүүдө эне менен атанын ролу кандай болушу шарт. Энеси бирди айтса атасы башканы айтат кош стандарттуулук десе болобу муну?
  6. Эмне үчүн балага манипуляция же алдоо менен тарбия бербеш керек?

Мына ушундай талкуудан соң төмөнкүдөй суроолор менен кайрылам.

  1. Байкасак жомоктогу хандардын байлардын кичүү балдары акылман, таланттуу сүрөттөлгөн. Турмушта карасак да көпчүлүк үй-бүлөлөрдө кичүү баласы таланттуу ческиндүү болушат. Эмне себептен деп ойлойсуңар?

Себеби эң кичүү балдарын кичүүсү болгондуктан эркин, жакшы көрүп ар тараптан колдоп таяп өстүргөндүктөн кичүү балдар ийгиликтүү, таланттуу, чечкиндүү болуп чоңоюшат.

Ошондуктан биз баардык балдарыбызга бирдей тарбия бирдей мээрим берүүгө аракет жасашыбыз керек.

Туура тарбиялоо баланын келечегине чоң таасирин тийгизет. Ошондуктан биздин сүйлөгөн сөздөрүбүз, жасаган жумушубуз, кыймыл аракетибиз да балдар үчүн чоң мааниге ээ. Анда эмесе бул сөзүбүз курук болбош үчүн төмөндөгүдөй окуяларды угуп көрөлү.

  1. Мугалим окуучудан энесине кат берет.

“Урматтуу……………… сиздин балаңызды мындан ары акыл жагынан артта калгандыгынан, сабактарга жетише албагандыктан окута албайбыз,”-деп жазылган болот. Бала энесинен эмне деп жазыптыр деп сураса, энеси:”

“Урматтуу……………………. сиздин балаңыз акыл-эси аябай жакшы болгондуктан сабактарды алдын ала билгендиктен сабактарга катышпай койсо да болот” – деп жазыптыр” – деп жооп берет баласына. Апасы андан ары: “Сен аябай акылдуу экенсиң,” – деп баланы мектепке баргызбай өзү тарбиялаган. Бул бала дүйнөгө таанымал окумуштуу Томас Эдисон болгон.

  1. Дем алууга чыккан мугалимдин ордуна бул сапар башка мугалим кирди ал сабак баштагандан бир аз өтүп окуучулардын бирине суроо узатты. Балдар баары күлүп жиберишти. Ал окуучуларды сыдыра тикте, алар эмне үчүн мынчалык каткырып күлгөндөрүнүн себебин түшүндү. Ага себеп класста акылсыз “Жаман”, “Экичи балага” суроо берген экен. Сабак бүткөндө жанагы баланы өзүнө чакырды да, аны менен класста жалгыз калды. Кагазга жазылган эки сап ыр берди да: -Муну атыңды кандай жаттасаң ошондой жаттап ал. Эчкимге айтпа, — деди. Кийинки сабакта мугалим ошол эки катар ыр саптарын доскага жазып алардын маани-маңызын түшүндүрдү, андан соң өчүрүп салып – Ким азыркы ыр саптарын жаттап калды? — деген суроону узатты. Эчким чурк этпеди. Класс ичин жымжырттык каптады. Бир гана баягы баары “Экичи,” “Акылсыз” – деп келекелеген бала акырын колун көтөрдү. Мугалим дал ушуну күтүп тургансып: — Жооп бер, деди акырын гана. Жанагы бала ырды куюлуштуруп айтып берди. Маанисине да токтолду. Окутуучу аны көпкө чейин мактады башкалар да андан өрнөк алса жакшы болоорун айтты. Окуучулар классташынын мындай капысынан кол көтөргөнүнө ишенип ишенбей таңыркап тиктеп турушту. Айрымдары анын үстүнөн күлүп жүргөндөрүнө кыжаалат да боло түшүштү. Мындай көрүнүш бир канча жолу кайталанды. Класстагы “Экичи” аталган баланын жан дүйнөсү өзгөрүп оң жагына оой баштады. Өзүнө болгон ишенич ан сайын артып баратты. Мектепти эң жакшы баалар менен бүтүрүп жогорку окуу жайына окууга кирди. Аны аяктаган соң магистратурада окуй баштады. Илимдин доктору болууну алдына максат койду. Ал өзүнүн илимий эмгегинин аягында мугалимдер туурасында төмөнкүдөй ой пикирин жазып койду: “Мугалимдер эки тайпада болушат биринчилери жакшылыктын ачкычы болсо, экинчилери анын жапкычы. Биринчилери баланын шык жөндөмүн аңдап, колунан жетектеп, алга карай үмүттөндүрөт. Окуучуга досундай ортоктош болуп, турмуш жолун салууга жардам берет. Талантын тактап, алга жылдырат. Экинчилери болсо өздөрүнүн туура эмес берген тарбиясы аркылуу окуучудагы эрктүүлүктү мокотот. Ишенимди жоготуп үмүтсүздүккө жетелейт. Талантын өчүрүп, жоготуп жиберет. Жарыктыкта биринчи эмес, экинчи мугалимдин колуна түшкөн канчалык инсандар бар. Алар бүгүн деле жашоолорунда өздөрүн таппай жүрүшөт. Жашоодогу эң чоң оомат балалыкта мыкты окутуучунун колуна түшүү”. Урматтуу энелер сиздер да улуу окумуштуу Томас Эдисондун энесиндей бала үчүн күйгөн келечекке кам көрө билген энелерден болуңуздар!

Кесиптештериме биринчи тайпадагы мугалим болуу окуучунун турмуш жолуна жарык чачып баланын жүрөгүнөн орун табышыңарга тилектешмин!

Колдонгон адабияттар:

Ийгилик — бул сен Жуманазаров А. К

Акыл эмгегинин маданияты Г. Мадаминов

Тарбия берүүдөгү ата-эненин 8 катасы Т. Жакыпов

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер