Ата-баба мурасы

  • 22.04.2024
  • 0
Ата-баба мурасы

Ачык класстык саат

Сабактын тиби: жаӊы билимди өздөштүрүү.

Сабактын усулу: түшүндүрүү, өнүктүрүү, көрсөтмөлүү, суроо-жооп, топ менен иштөө.

Сабактын жабдылышы: сүрөттөр, макалдар, плакаттар, карточкалар, таблицалар, ата-баба мурасы усулдук колдонмо китебим, буклеттер.

Сабак аралык байланыш: тарых, адабият, адеп, сүрөт, музыка.

Ата-баба мурасы

Күтүлүүчү натыйжа: Окуучулар бардык этнопедагогиканын эрежелерин, тарбиялоо факторлорун, үй-бүлө мүчөлөрүн, ата-тегин, ата-баба мурастарын, жети атасын биле алышат.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу. Окуучулардын көңүлүн сабакка буруу. Класс ичинде жакшы маанай түзүү.

– Саламатсыӊарбы окуучулар. Анда эмесе өтүп жаткан сабагыбыз этнопедагогика  илиминдеги ата-баба мурастардын элдик педагогикада баланы тарбиялоодогу факторлор тууралуу болмокчу (сабактын максатын айтып ɵтɵм).

– Балдар, этнопедагогика эмне жөнүндөгү илим?  (окуучулар ɵз ойлорун айтышат)

– Демек, балдар, этнопедагогика термини илимий лексиконго 60-70-жылдарда Г.Н. Волковдун эмгектери аркылуу кирди. Буга чейинки илимий адабияттарда элдин таалим-тарбиялык тажрыйбаларын изилдөөчү илим катары элдик педагогика термини колдонулуп келген. Элдик педагогика – элдин оозеки чыгармачылыкта, үрп-адат, каада-салтта, оюн жана оюнчуктарда сакталган педагогикалык идеяларынын жана тарбиялык тажрыйбаларынын тутуму.

Анда эмесе элдик педагогиканын негизинде даярдалган чыгармачылык сабагыбызды ачык деп жарыялайбыз.

«Балдар – турмуштун туткасы, элдин келечеги, таалим тарбиянын предмети» . Ошол турмуштун  туткасы, келечегибиз болгон балдарды тарбиялоодо элдик педагогиканын кенч-казыналары, булактары, элдик тарбиячылар, идеал туткан адамдар, факторлор болот эмеспи. Алар тууралуу маалымат бере кетсек: (окуучулар ар бири бирден айтып өтүшөт)

Тарбиялоонун булактары жана каражаттары: уламыш, дастан, жомоктор, макал-лакаптар, табышмактар, жаӊылмачтар, бат айтма, элдик ырлар, көркөм өнөр.

Элдик тарбиячылар жана инсандык идеалдар: ата-эне, аксакалдар, умай эне, усталар, манасчылар, саяпкерлер, жомокчулар, акындар, эр жигит, Акыл карачач.

Кыргыз эли тарбиялоонун максаты жана мазмуну жөнүндөгү кылымдардан берки түзүлгөн түптүү көз караштарын «адам кылуу» деген жөнөкөй жана улуу түшүнүк менен туюнтат. «Адам бол» деген бийик талапты ар бир ата-эне бала сөзгө түшүнө баштаганда эле кулагына куюп, жан дүйнөсүнө сиӊире баштайт. Анда эмесе баланын эӊ ыйык адамы чоӊ ата, чоӊ эне, ата-энелерге карата биздин эжейлерибиздин каалоо-тилеги, ата-энесине болгон мээримдүү сөздөрүнөн угалы.

1-бөлүм

  1. Кыргызда ата-тегин, жети атасын билүү деген түшүнүк бар. Аларды ар убак эстей жүр. Жети атаӊды билбесеӊ, жетесиз баласыӊ, түпкү тегиӊди билбесеӊ, тексиз баласыӊ. Баба сөзүн тыӊда, ата салтын сакта, эне адебин баркта. Алар баарыбызга калган мурас.

Баладан атага карай жети муундун аты: атаӊ, чоӊ атаӊ, бабаӊ, кубар, жотоӊ, жетеӊ, тек.

Атадан балага карай жети муундун аты: бала, небере, чөбөрө, чебере, чыбыра, кыбыра. 

(Окуучуларга да суроо берип, жети атасын айттыруу)

Мен ата-энемдин айткандарын угам, тартиптүү болом.

  1. Ата-энени сыйлоо — ыймандуулуктун өрнөгү. Ата-эненин тилин алуу, элпек болуу жакшы уул-кыздын касиети. Ата-эне үчүн бала табылгыс кымбат. Ата-энеӊди сыйласаӊ өз балаӊдан сый көрөсүӊ. Ата-энебиз бизди бапестеп, ак бешикке бөлөп чоӊойткон.

Биз үчүн канча күн, канча түндөрүн уйкусуз өткөрүп, эрезеге жеткирди. Урматтап, сыйлоого өзгөчө эненин акысы чоӊ. Сен чоӊойгондо ата-энеӊди багышыӊ керек.

«Бейиш эненин таманында», «Ата — аскалуу тоо, эне — боорундагы булак».     

Мен ата-энемдин алдында адептүү отурам, ата-энемден мурун дасторконго отурбайм.

  1. Мен ата-энем үчүн кудайдан узун өмүр, ден соолук сурайм. Аларга баардык жакшылыкты каалайм, дайыма бар болушсун.
  2. Чоӊ ата, чоӊ эне жана таята, таене – булар бөтөнчө ыйык, сый-урматка татыктуу адамдар. Небере алар үчүн ысык, сүймөнчүктүү. Алар көп жашап, көптү көргөн. Ошондуктан алардын акылы тереӊ. Биз бактылуу болгубуз келсе, алардын сөзүн угушубуз керек. «Карынын кебин капка сал», «Аталар сөзү-акылдын көзү»

Чоӊ ата, чоӊ энемди да сыйлайм, кадырлайм, чоӊ атамдын айткан кеӊештерин унутпайм.

5. Дүйнөдөгү энелердин эӊ жакшысы менин апакем, күлүп турат, эч урушпайт, апакемдей бар бекен.

Чогуу: Тамчыдай денедеги сүтүӊ менен, талпынтып ак бешикке баккан энем.

Нуруна, мээримине магдыраткан, маӊдайда менин батпас күнүм белеӊ.

2-бөлүм

Тарбиялоонун факторлору болгон ата-баба мурастарына кайрыла кетсек. Кыргыздын ыйык туткан улуттук жети касиети бар. Алар: боз үй, ак калпак, комуз, ат, Ала-Тоо,

Ысык-Көл, «Манас» эпосу болуп саналат.

Боз үй — көчмөндүк архитектуранын шедеври, элдин тарыхы, үй-бүлөнүн ыйык туткан табериги. Ата-бабаларыбыз ынтымактуу үй-бүлөгө ырыс-кешик, кут боз үйдүн тундүгүнөн түшөт деп ишенишкен.

Ак учук менен суп манап,

Каухардан чеге бастырган.

Керегенин боюна,

Каухардан чеге бастырган.

Ууктарын учтаган,

Туурдуктун баарысын,

Болоттон чеге кактырган.

Учуга менен тыштаган,

Түндүгүн алтын бастырган.

Ак калпак — боз үй, комуз, улуу «Манас» эпосу сыяктуу эле ыйык ата мурасы.

Жигиттердин башындагы символу, күчү, ыйык улуттук касиети. Аны урматтап мамиле кылуу, ар дайым кийип жүрүү кыргыз уулдарынын милдети. Ак калпакты барктабоо — бул ата-бабаларыбыздын мурасын, элдик наркыбызды эске албоону түшүндүрөт.

 Элечек, шөкүлө жана үкү топу — кыргыз энелерибиздин, кыз-келиндерибиздин эӊ эле жарашыктуу баш кийими. Аны илгери ата-бабларыбыз апаларга, кыздарына тойлордо, майрамдарда аземдеп кийгизишчү.

Комуз — элибиздин музыкалык аспаптарынын ичинен эӊ байыркысы. Анын үнү мукам, назик. Бул аспап өрүк, алмурут, жапайы жыгачтар: карагай, арча, талдардан жасалат. Ал эми кылдары болсо койдун ичегисинен кургатылып даярдалат. Комуз күүлөрүндө калкыбыздын бүткүл турмушу, элге жерге болгон сүйүүсү, эрдиги, эмгекчилдиги, кубанычы, тунук махабаты, кайгысы камтылган.

Ат — адамдын канаты. Кыргыз үчүн аттын мааниси айтып болгус. Илгери эле Семенов-Тяньшанский мындай деп жазыптыр: «Кыргыздар өмүрүнүн теӊ жарымын  ат үстүндө өткөрүшөт. Себеби ат алардын жашоо-турмушундагы баарынан кымбат нерсе».

Манастын тулпары — Аккула, Алмамбеттин тулпары — Сарала, Бакайдын тулпары — Көктулпар, Чубактын тулпары — Көкала, Сыргактын тулпары — Көкчебич, Коӊурбайдын тулпары — Алгара, Каныкейдики — Тайтору, Күлчоронун тулпары — Суркоён, Эр Төштүктүн тулпары — Чалкуйрук, Жолойдун тулпары — Ачбуудан.

Ала-Тоо — кыргыздын ажайып храмы, табият балдарына тартуулаган керемет. Тоолор биздин алтын бешигибиз, ата мурасыбыз, түгөнгүс байлыгыбыз. Ала-Тоо деп  аты эле айтып тургандай, бийик тоолуу тоо башынан жайы-кышы күн нуруна чагылышкан күмүштөй кар кетпегендиги, кооздугу. Ала-Тоону ата-бабаларыбыз кылымдар бою мекен кылып, душмандардан коргоп, өз үйүндөй сүйүп келишкен. Кыргыз эли Ала-Тоонун бийик чокусунун үлгүсүнө салып, апакай кийизден ак калпак жасап келишкен. Апаларыбыз кийген ак элечек да андан кем калышпайт.

Жыйынтыктоо: Жанатан бери биз силер менен сөз кылып жаткан ата-бабаларыбыздын мурасы, жети касиети, бизге эӊ жакын адамдарыбыз ата-энебиз, чоӊ ата, чоӊ эне, ата-бабаларыбыз биздин тарбия бере турган адамдарыбыз экендигин билдик. Эмесе ушул жакшы насаттарды биз эсибизден чыгарбай, жүрөгүбүзгө бекем түйүп, урматтоо менен мамиле жасай билели. Мамлекетибиздин ѳсүп-өнүгүшүнө  биз баба салтын, эне адебин сактасак гана салым кошобуз. Келгиле, бардыгыбыз ата-энебизди сыйлап, улууларды урматтайлы. Алардын айткан накыл сөздөрүн өзүбүзгө кабыл алалы.

Тамара Усупжанова, Ысык-Кѳл районундагы Бостери айылынын Академик Аман Мамытов атындагы мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабият мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер