АСМАНГА САЯКАТ

  • 20.04.2022
  • 0

Рахат Шапалаева,

 Ысык-Кѳл облусунун Балыкчы шаарындагы

№7 «Келечек» бала бакчасынын тарбиячысы

Сабактын темасы: Асманга саякат

Сабактын максаты: Космос мейкиндиги жана космонавттар жѳнүндѳ

билишет, алар жѳнүндѳ айта алышат.

Сабактын тиби: Аралаш сабак – саякат

Сабактын жабдылышы: Космос мейкиндигин камтыган слайд, косманавттардын, планеталардын сүрөттөрү, космос кораблинин макети.

Сабактын жүрүшү:

  • Келгиле балдар, биз бири-бирибизге жагымдуу маанай түзүп алалы.

АСМАНГА САЯКАТ

 Бүгүнкү темабыз: “Асманга саякат» (тема ачылат).

Кана, айткылачы, түнкү жымыңдаган жылдыздар, күндүз нурун чачып, мээримин төккөн күн силерге кандайдыр бир кызыгууну жаратабы?

  1. Эмне үчүн жылдыздар учат?
  2. Жылдыздар учпайт, алар кометалар деп аталат.
  • Азаматсыңар, балдарым. Эми космос жана космонавттар жөнүндө эмнелерди билесиңер? (болжолдуу жооптор)
  1. Космос мейкиндиги – бул Жер шары жана 8 планета, же болбосо Күн системасы.
  2. Космос – бул абасыз мейкиндик.
  3. Ал жактан биздин Жер тоголок болуп көрүнөт.
  4. 12 апрель космоско учкан күн.
  5. Биринчи космоско учкан Ю.Гагарин, ал “Восток” корабли менен учкан.
  6. Аялдардан биринчи космонавт В.Терешкова болгон.
  7. Кыргызстандын тунгуч космонавты С. Шарипов. ж.б.
  • Жакшы. Анда биз ошол космос мейкиндигине саякат жасайбыз.

Келгиле балдар биздагы сыйкырдуу асманга саякат жасайлы.асманда эмнелер бар?

Биз сөздөрду окуп көрлучу

Ай .Күн. Жылдыз. Булут

Космостон  косманавтар эмнелерди кѳргѳнүн   билгилейли.

Космоско эмне менен учат?

Ракета .Туура биз ракета деген сөзду жазышыбыз керек экен.Эми балдар

колуңарды партага коюп, көзду жумуп, менин ар бир айткан сөзүмдү элестетип отургула, ар бир сөзүмдү көз алдыңарга алып келгиле. Биз “Арал — 2021” аттуу космостук кораблиндебиз. Учууга даярданып жатабыз. Баарын курларды байланып камдангыла. “Учууга уруксат сурайбыз”. “Уруксат берилди”. 5,4,3,2,1 учтук, биз учтук.. Карагылачы, биздин планетабыз көгүш шар болуп көрүнүп турат. Керемет, ажайып кооздук. Жерди айланып учуп жүрөбүз… мынакей биз кончу чекит да көрүнө баштады. Конууга уруксат сурайбыз. ОйгонгулаЭмнени сездиңер, кандай сезимдер болду? (балдардын  жоопторун угам)

  1. Мен өз салмагымды жоготуп койдум.
  2. Жер шарыбыз кичинекей болуп көрүндү.
  3. Абасыз мейкиндик сезилди.
  4. Учуу башталганда менде коркуу сезими пайда болду.
  5. Мен өзүмдү космонавт сездим. ж.б

Биздин көз алдыбыздагы табигый көрүнүштөрдүн ичинен эң эле чоңу – жылдыздуу асман. Бирок биз көрүп турган нерсе  — Галлактика жылдыздарынын кичинекей эле бөлүгү. Адамзат ушундай жылдыздардын биринин айланасында айланып жаткан кичинекей планета – Жерде жашайт.

Балдар, биз космостон тапшырмаларды да аткарышыбыз керек. Келгиле эң биринчи тапшырма бул сѳздү окуп кѳрѳлү – Күн.

  • Азаматсыңар! Демек, биз күнгѳ жакындап калыппыз.
  • Ким эмнени сезип жатат? Ысык.
  • Биз күндүн жанына бара алабызбы? Жок. Эң ысык, эң чоң жылдыз бул күн экен. Жерден бизге кичинекей болуп кѳрүнѳт экен.
  • Канча планета бар? Келгиле санап кѳрѳлү .
  • Балдар,  күндү планеталар айланып жүрүшөт.
  1. Азаматсыңар! Эми ар бир планетанын аттарын билип алалы.

1-планета бул кайсы экен, окуп билип алалычыМеркурий.

  • Азаматсыңар! Меркурий күнгө жакын жайгашкан планета, аябай ысык, планетада суу аба жок.

2-планета – Венера — бул планета, балдар,  аябай жаркырап тургандыктан, “эң кооз планета” деп аташкан, көмүр газы көп болгондуктан ал жакта жашоо жок.

3-планета — Жер. Космостон жер шары көк түстө көрүнөт экен. Жер күндөн алыс эмес, кунгѳөжакын эмес. Бул жерде температура аябай ысык.муздак болбойт. Суу.аба бар .

4планета Марс. Марста төрт мезгил болот экен, жерге окшош.

Кызгылт сары, кызыл түстө экен.

5планета  — Юпитер.  Чоң планета,  жерден 11 эсе чоң.

6Сатрун  — кооз планета. Бул планета айлана менен курчалган, ал жакта суу тоңуп, муз каптаган.

7Уран планетасы. Бул планета дагы айлана менен курчалган,  башка планеталардан өзгөчөлүгү жалпак болуп айланганында.

8-Нептун  — көк түстүү планета. Ал жакта газ бар, бул жер суук, 40 жыл кыш болот экен.

9Плутон күндѳн аябай алыс жайгашкан, муздак, кичинекей планета. Ал күндү 250 жылда айланып чыгат экен.

Биз планеталарды билдик.  Биз кайсы планетада жашайтбыз. Жер келгиле анда жер планетасына жѳнѳйлү. Балдар карагылачы жер планетасын жакын  планета бар го .ким билет бул кайсы планета

Ай – жерге жакын жайгашкан планета. Айда тоолор кѳп

  • Балдар, келгиле анда бир аз денебизди эс алдырып кѳнүгүүлѳрдү жасап алалы.

АСМАНГА САЯКАТ

Балдар, биздин ракетага метеориттер жакындап калды, биз 2-тапшырманы аткарышыбыз керек экен.

Бизге эсеп берилиптир:

4+3=6,7,5

7-2=4,5,1

5+5=8,9,10

2+5=6,9.7

6+4=10,11,12

5-1=2,4,3

Азаматсыңар, эми жерге конолу. Жерге конуш үчүн дагы бир тапшырма аткарышыбыз керек .

 Биз ааламда эмнелерди көрдүк? Сүрѳт тартышыбыз керек.

Балдар, бүгүнкү сабак силерге жактыбы?

Биз эмнелерди билдик? Канча планета бар экен? — 9.

Эң биринчи космоско ким учкан? — Ю.Гагарин.

Жыйынтыктоо

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер