АРХИМЕД КҮЧҮ. НЕРСЕНИН СУУДА ТҮЗҮҮ ШАРТТАРЫ

  • 17.02.2022
  • 0
АРХИМЕД КҮЧҮ. НЕРСЕНИН СУУДА ТҮЗҮҮ ШАРТТАРЫ

Рахманбердиев Санжар,

№33 Сарбан Жаанбаев атындагы орто мектеби,

физика мугалими,

Алай району, Ош облусу

 

Предмети: Физика

Классы:

Сабактын темасы: Архимед күчү. Нерсенин сууда түзүү шарттары.

Сабактын максаты:

1) Архимед күчү жана нерсенин сууда сүзүү шарттары боюнча түшүнүк алышат.

2) Тажрыйба, маселе, тест аркылуу алган билимдерин бышыкташат.

3) Алган билимдерин турмушта колдонушат.

Жүрүшү:

Саламдашуу!

Физиктер гимни ырдалат (жагымдуу маанай).

Архимед законунун ачылышы жөнүндө кыскача мультфилим көрсөтүлөт.  https://youtu.be/kmWLebc71XM

Жаңы теманы түшүндүрүү (слайд көрсөтүлөт)

Суюктукка (газга) матырылган нерсеге төмөнтөн жогору карай багытталган түртүү күчү аракет этет. Ал нерсенин көлөмүнчөлүк суюктукту сыртка сүрүп чыгарат.

Мында :

— Архимед күчү СИдеги бирдиги 1Н (Ньютон);

– Суюктуктун тыгыздыгы СИдеги бирдиги 1 кг/  (килограм / метр куб);

— нерсенин көлөмү СИдеги бирдиги  (метр куб);

g-эркин түшүүнүн ылдамдануусу 1 м/  (метр /секунда квадрат);

Тажрыйба көрсөтүлөт:

Нерсенин сууда сүзүү шарттары.

Эгерде , Архимед күчү оордук күчү менен барабар болсо, анда нерсе сууда сүзөт;

Эгерде , Архимед күчү оордук күчүнөн кичине болсо, анда нерсе сууда чөгөт;

Эгерде , Архимед күчү оордук күчүнөн чоң болсо, анда нерсе сууда калкыйт.

АРХИМЕД КҮЧҮ. НЕРСЕНИН СУУДА ТҮЗҮҮ ШАРТТАРЫ

Нерсенин сууда сүзүү шарттары боюнча тажрыйба көрсөтүлөт.

3 стаканга куюлган сууга  жумуртка салынат:

1-учурда жумуртка сууга чөгөт. Себеби дистирленген таза сууда ал чөгөт. Себеби Архимед күчү оордук күчүнөн кичине болот.  Архимед күчү суюктуктун тыгыздыгынан көз каранды. Ал эми 2-учурда жумуртка сүзөт. Себеби суюктукка бир аз туз аралашып, тыгыздыгы көбөйөт. 3-учурда жумуртка калкыйт бул учурда Архимед күчү оордук күчүнөн чоң болуп, сыртка сүрүп чыгарган болот.

Жогорудагы тажрыйыбаны окуучулар топтордо иштеп, өздөрү табышат.

Маселе иштөө.

Өлчөмү 6см х 2см х 1 см болгон жез брусогу бензинге толугу менен чөгөрулгөн. Ага аракет эткен күчтү тапкыла. Бензиндин тыгыздыгы                      710 .

Берилди:                                                       Чыгаруу:

а=6см=0,06м

b=2см=0,02м                              = 710 0.06м  0,01м 10м

с=1 см=0,01м                        = 0,852 Н

g=10м

=?

1-топ

Көлөмү 150  нерсе сууга матырылганда ага аракет эткен күчтү тапкыла. Суунун тыгыздыгы 1000 .

Берилди:                                                       Чыгаруу:

V=150

1000 .                                 = 1000 15  10м = 1,5Н

g=10м

=?

 

2-топ

Көлөмү 3000  шарик сууга чөгөрүлгөндө  ага аракет эткен күчтү тапкыла. Суунун тыгыздыгы 1000 .

Берилди:                                                       Чыгаруу:

V=3000

 

1000 .                                 = 1000  10м = 30 Н

g=10м

=?

 

3-топ

 

Көлөмү 0,5  нерсеге 5000 Н Архимед күчү аракет этет. Суюктуктун тыгыздыгын  аныктагыла.

Берилди:                                                       Чыгаруу:

V=0,5

000 Н

=?

 

Физминутка “Я ракета”.

Сүрөттөр сүйлөйт. Макалдарды табуу жана физикалык маанисин аныктоо (слайд көрсөтүлөт).

Макалдар:

Шибегени капка ката албайсың. (Басым) Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет. (Буулануу) Кургак кашык ооз кесет (Сүрүлүү). Баш иштебесе, буттун шору. (Механикалык кыймыл). Алма сабагынан алыс түшпөйт (оордук күчү). Шамал болбосо чөптүн башы кыйымылдабайт (Термелүү.)

Витуалдык лабораториялык иш №5. Сүрүп чыгаруу күчүн аныктоо.

АРХИМЕД КҮЧҮ. НЕРСЕНИН СУУДА ТҮЗҮҮ ШАРТТАРЫ

Тест менен иштөө.

Еdupage тиркемеси аркылуу окуучуларга онлайн форматта тсет жөнөтүлөт. Окуучулар уюлдук телефон аркылуу тесттерди белгилеп, кайра жөнөткөн учурда мугалимдин мониторунда тесттердин жыйынтыгы автоматтык түрдө көрсөтулөт.

Баалоо. Баало процесси жогорудагы тесттин жыйынтыгын, окуучулардын сабакта, топто активдүү катышкандыктарын жана баалоо баракчасы аркылуу алынган жыйынтыктарды эске алып, окуучунун кундөлугунө жана журналга жыйынтык баа коюлат.

АРХИМЕД КҮЧҮ. НЕРСЕНИН СУУДА ТҮЗҮҮ ШАРТТАРЫ

Рефлекция. Сүрөт галареясына саякат

АРХИМЕД КҮЧҮ. НЕРСЕНИН СУУДА ТҮЗҮҮ ШАРТТАРЫ

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер