Алиппе менен коштошуу

  • 25.03.2024
  • 0
Алиппе менен коштошуу

Сахна-сабак

Окуучулар алган билимдерин, үйрөнгөн чеберчиликтерин ар тараптуу жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүшөт. Бири-бирин сыйлоого, улууга урмат, кичүүгө ызаат менен кароого үйрөнүшөт.

(Чоң залдагы сахнада көшөгө тартылган. Ортосунда жасалган чоң “Алиппе” китеби турат. Көшөгөнүн арт жагында балдар)

Мугалим: Саламатсыздарбы, бүгүнкү “Алиппе менен коштошуу” майрамын көрүүгө келген коноктор жана ата-энелер. Мына жаш жеткинчектер бир жылдан бери окуган сүйүктүү китеби “Алиппе» менен коштошкону турат. Анда эмесе, жаш жеткинчектерди чакыралы. (Китеп ачылып, андан окуучулар кезеги менен музыканын коштоосунда чыгып, бирден катар тизилип турушат)

Балдар: Саламатсыздарбы! Биздин майрамга кош келиңиздер!

КР гимнин ырдашат.

Мугалим: Бүгүнкү аземдин негизги коногу сүйүктүү Алиппебизди чакырабыз.

Балдар: Хор

Кош келиңиз Алиппе!

Кош келиңиз Алиппе!

Сизди күттүк биз мында. (китеп ачылып Алиппе чыгат)

Алиппе: 

Салам айтып баарына,

Турган ушул жалпыга.

Окуп, билим алдыңар,

Барактарын бир-бирден,

Ачып көрүп баарыңар.

Жатка билип алдыңар.

Мен Алиппе китеби

Көргөнү келдим силерди.

Мугалим:

Сүйүктүү китебибиз Алиппе,

Төрдөн орун алыңыз.

Ариптердин айтканын,

Көрөлү турган баарыбыз.

Кана эмесе, балдар,

бир-бирден тамгаларды

Тааныштырып баарыбыз айталычы.

“А”

Алиппени ачканда,

Алгач сапта биринчи.

Мен боломун “А” тамга,

Ариптерге баш болуп.

«Б»

Билек түрүп жулуна,

“Б” тамгасын уккула.

Билем баарын тартынбайм,

Билимдүүмүн баарынан.

“В”

Варенье жеп кудуңдап,

“В” тамгасы таттуумун.

Үчүнчүдө турсам да,

Досторума барктуумун.

“Г”

Гүлдөр гүлдөп супсулуу,

“Г” тамгадан башталат.

Ак гүлдөр деп, көк гүлдөр,

Элдин баары суктанат.

“Д”

Достукка бекем болгон,

“Д” тамгасы мен болом.

Дайым даяр жардамга,

Дилгир тамга боломун.

“Е”

«Е” тамгасы дегенде,

Енотту эстейм эмнеге.

Ак-кара го куйругу,

Өзү сулуу эмнеге?

“Ё”

“Ё” тамгасы кызыктуу,

“Й”, ”О” тамгадан туруптур.

Ёлка, щётка дагы эмне?

Ииий, кыргызчасы жок беле.

“Ж”

Жөжөм, жыттуум, жаным деп,

Апам жакшы көрөт да.

“Ж” тамгадан башталган,

Жылуу сөздөр көп тура.

“З”

Зымыраган кум болуп,

Бийик аска-зоо болуп.

“З” тамгасы мен болом,

Зыңк-зыңк сүйлөп тың болом.

“И”,”Й”

Иним менен ынак ойноп,

“И” тамгасы мен болом.

Калпак кийсем башыма,

“Й” тамгасы да болом.

“К”

Күн нурундай кубаттуу,

“К” тамгасы урматтуу.

Карыларын сыйлаган,

Кыргызым менин кымбаттуу.

«Л»

Лампочкага, лыжага,

“Л” жазылат башына.

Лола кооздоп алыптыр,

Лента байлап башына.

“М”

Мыктысың сен ушу деп,

Мактап салса мына кеп.

Уяламын, кызарам,

Момун тамга “Ммын” деп.

“Н”

Нанды жерге таштаба,

Нарк салтыңды сен сакта!

Нукура сөз байлыктар,

“Н” тамгада бар тура.

“О”

Тоголонгон топко окшоп,

“О” тамгасы тоголок.

Ойноп алам так чуркап,

Отурбастан күч топтоп.

“Ө”

“Ө” тамгасы эң керек,

Өмүр деген керемет.

Өтөгөнгө саначы,

Канча тамга “Ө” келет.

“П”

“П” тамгага окшогон,

Парта “Пдан” башталат.

Түз отуруп, так сүйлөп,

Сабак дайым башталат.

“Р”

“Р” тамгасын айта албай,

“Й” деп улам кайталап.

Рустам болду бушайман,

Рахмат деп туура айтпай.

“С”

“С” тамгадан баштаган,

Сахна сыйга арналган.

Сырдап, кооздоп коюшса,

Сонун сыйкыр башталган.

“Т”

Тырмоокко окшогон,

“Т” тамгасы мен болом.

Тырмап жерди тазалап,

Тазалыкка умтулам.

“У”

Улуу тоодо жашаган,

Уккулуктуу сайраган.

Улар аттуу канаттуу,

“У” тамгадан башталат.

“Ү”

Үйдө отуруп бир түндө,

Үкү үнүн угупмун.

“Ү” тамгасы үтүк деп,

Алгач жолу окупмун.

“Ф”

Фартук менен фонарга,

“Ф” жазылат баш тамга.

Фотоаппарат эң керек.

Мыкты сүрөт тартканга.

«Х»

Хан болууну самаган,

“Х” тамгасы аябай.

Акыл менен башкарса,

Окуш керек чарчабай.

“Ц”

Айлананы кагазга,

Циркуль менен чиебиз.

Сонун оюн көргөнү,

Циркке барып киребиз.

“Ш”

Шабдаалыны Шарипа,

Жакшы көрөт аябай.

Шабдаалыны үзөм деп,

Шакир чыкты шатыга.

Шашканына карабай,

Кулап кетти байкабай.

“Щ”

“Щ” тамгасы башталат,

Щётка кийим тазалайт.

Шатырата күн жааса,

Плащ жаандан калкалайт.

“Ч”

Чуркап ойноп тажабай,

Окуйм кечке чарчабай.

“Ч” тамгасы чайнек деп,

Жаттап алам аябай.

“Ь”, “Ъ”

Алигече атым жок,

“Ичкертүү” деп коюшат.

Мүйүз улап башыма,

“Ажыратуу” деп аташат.

“Ы”

“Ы” тамгадан башталат,

Ырыс алды — ынтымак.

Ырыскылуу элиме,

Жыргал болсун ар убак.

“Э”

Эне десем эркелеп,

Эргип кетет жамалың.

“Э” тамгадан башталат,

Эң бир кымбат адамың.

“Ю”

“Й” менен “У” биригип,

“Ю” тамга деп айтылат.

Юбка кийип бөбөгүм,

Бийлеп, ырдап айланат.

“Я”

Сап астында болсом да,

Жыйынтыктап турсам да.

“Я” тамгасы боломун,

Жаттап алгын унутпа.

Алиппе: Азаматсыңар! Мени аябай кубанттыңар.

Мугалим: Урматтуу Алиппе китебибиз, эми сизге балдар ырдап, бийлеп беришет. Чыгармачылык каалайм. (Адабий окуу китебин чакырышат. Алиппе китебин узатышат. Аягы…)

Алиппе менен коштошууГовар Насиридинова, Жайыл районундагы Сосновка орто мектебинин башталгыч классынын мугалими 

Бөлүшүү

Комментарийлер