АЛДАР КӨСӨ ЖАНА ХАНДЫН ВАЗИРИ

  • 05.02.2023
  • 0
АЛДАР КӨСӨ ЖАНА ХАНДЫН ВАЗИРИ

Айнура Сейдалиева,

Ноокат районундагы “Нойгут” орто мектебинин

 башталгыч класс мугалими 

Предмети: Адабий окуу

Классы:  2- класс

Сабактын темасы: Алдар көсө жана хандын вазири

Сабактын максаттары

а) билим берүүчүлүк: окуучулар “Алдар көсө жана хандын вазири” деген чыгарманын тексти менен таанышат;

б) өнүктүрүүчүлүк: чыгармадагы каармандарды салыштырып, окуган чыгармага пикир жаза алышат;

в) тарбия берүүчүлүк: сөздү орду менен таап, ойлонуп сүйлөөгө тарбияланышат.

Сабактын тиби: жаңы билим берүү сабагы.

Колдонулуучу усулдар: тыным менен окуу, “Угам, окуйм, түшүнөм”, “Окуган чыгармага пикир жазуу” стратегиялары, жупта, топтордо иштөө.

Сабактын жабдылышы:  таркатма  материалдар, слайд, проектор, ноутбук, “Окуучунун  сөздүгү”.

Сабактын жүрүшү:

  • Саламдашам. Класстын жалпы  абалына көз салам.
  • “Биз кандай окуучуларбыз?” көнүгүүсү аркылуу сабакты уюштуруп алам. Доскага төмөнкү 4 сөз жазылат:

-тапкыч

-окурман

-аракетчил

-тырышчаак

  • Сабактын темасы жана максаттары менен тааныштырам.

Окуучунун ишмердүүлүгү

  • “Биз кандай окуучуларбыз?” көнүгүүсүн аткарышат.

Шартты:  Доскада жазылган  4 сыпаттоодон бирин тандап, ошол сыпаттоо жазылган түстөгү карточканы алышат да,ошол тандаган сыпаттоолор боюнча топторго бөлүнүп,хор менен өздөрүнө дем берип, топко бөлүнүп отурушат.

“Биз тапкычтарбыз!”

“Биз окурмандарбыз!”

“Биз аракетчилбиз!”

“Биз тырышчаакпыз!”

Үй тапшырмасын текшерүү: Окуучуларга  жаттап келген  ырларын баалоо үчүн критерийлерди түшүндүрөм.

Ыр жаттоону кантип баалайбыз?

  1. Ырды тоолук жаттаса — 2 упай.
  2. Көркөм айтып берсе — 1 упай.
  3. Сөздөрдү кайталабай, так, туура, айтса — 1 упай.
  4. Тынымдарды туура айтса 1-упай.

Жалпы: 5 упай

-Силер, балдар, кыргыз жериндеги кооз Соң-Көл жайлоосу тууралуу акын Жыпара Исабаеванын жакшы жазылган ырын билип алдыңар.  Биз ар дайым кооз жаратылышыбыз менен сыймыктанып да, аны коргоп да жүрүшүбүз зарыл.

Окуучулардын ишмердүүлүгү

  • Окуу китебиндеги “Соң-Көл жайлоосунда” ырын жаттап келүү тапшырмасы берилген. Мугалим түшүндүргөн баалоо критерийлерине таянып, жупта бири биринин жаттаган ырын угуп, бири бирин баалашат.
  • Упайларын окуучу сабактын башында алган карточкага жазып коюшат. Баалоо критерийлери аркылуу бири биринин үй тапшырмасын баалашат.
  • Текстти угууга чейинки ишти уюштуруп алам.
  • Сөздүк иши.

— Балдар, биз алдыда текстти жакшы түшүнүп алуу үчүн төмөнкү сөздөрдүн маанилерин билип алалы; ишарат кылуу, жапыс / жапысыраак, деметти, чечен, Алдар көсөө. Силер мен берген “Окуучунун күндөлүгү” китебин пайдаланып, ар бир топ бирден сөздүн маанисин таап көрөлү. Сөздүктө сөздөр алфавит тартибинде жайгашат.

— Балдар, азыр биз уга турган ”Алдар көсө жана хандын вазири” деген чыгарма эмне жөнүндө деп ойлодуңар? Ойлонуп көргүлөчү. Ойлогон окуяңарды бири бириңерге айтып бергиле.                                                             — Анда эмесе, чыгарманы уккула. Азыр өзүңөр айткан божомолдордун кайсынысы дал келерине көңүл бургула.

—  Окуучуларга биринчи тынымдагы окуяны түшүндүрүү учүн суроолорду берем. Талкуу уюштурам.       ● — Тексттин  кийинки бөлүгүн уккула. Алдар көсө Жээренче чеченди чындап эле  жыгып кеттиби, же жокпу? Ушуга көңүл бургула.

●     Кийинки бөлүктү уктуруп, суроолордун жардамы менен дагы талкуу уюштурам.

— Кимдин айтканы дал келди? Алдар көсө Жээренчи чеченди кантип жыгыптыр?                                                        — Ушул жерде айтылган Жээренче  чечендин сөзүн кыймыл аркылуу  көрсөтүп, туурап айтып бергилечи.

— Хандын вазири Алдар көсөнү жеңмек болду. Кандай ойлойсуңар , жеңе алабы же жокпу? Оюңарды айтып көргүлө…

Окуучулардын ишмердүүлүгү

  • Мугалим берген “Окуучунун сөздүгү” китебин пайдаланып , берилген 4 сөздүн маанилерин табышат. 4 топко бирден сөз берилет. Окуучулар өз алдынча сөздүктү пайдаланып, берилген сөздөрдүн маанилерин билип алышат: ишарат кылуу, жапыс/жапысыраак, демитти, чечен, Алдар көсө.
  • Алгач ишарат кылуу дегендин маанисин мугалимдин жардамы менен сөздүктөн карап, бул аркылуу сөздүкту туура пайдаланууга машыгышат.
  •  Тексттин окуясын алдын ала божомолдошот. Божомолун алгач жуптарда, андан кийин 4-5 окуучу жалпы класста айтып беришет.
  •  Окуучулар чыгарманы 1-тынымга чейин угушат. 1-тынымдан кийин суроолорго жооп беришет:    1.Кимдин божомолу дал келди?
  • 2. Кайсы каармандар катышты?
  • 3.Алдар көсөө менен Жээренче чечен кантип саламдашышты?
  • 4. Эмне үчүн Жээренче чечен “Мени Алдар көсө жыгып кетти”,-деп айтты? Чын эле жыгып кеттиби? Кандай ойлоносуңар? Окуучулар пикирлерин билдиришет.
  • Тексттин кийинки бөлүгүн окуп түшүнүшөт.
  •  Экинчи бөлүктөгү окуяны мугалим берген суроолордун жардамы менен  талкуулашат.
  •  Колум менен башымды кагып,”балээ башка кайдан келет?” деп сурадым эле, ал колу менен тилин кагып , ”балээ башка тилден келет” деп жеңип кетти. Жээренче чечендин ушул сөзүн сүйлөп, көрсөтүп беришет.

Өтулгөн   материалды бышыктоо

  Мугалимдин ишмердүүлүгү 

 ● Чыгарманы  аягына чейин уктуруп, суроолордун жардамы менен дагы талкуу уюштурам.                                    — Кимдин ою дал келди?

— Вазир Алдар көсөнү жеңе алдыбы?                              

  — Вазир Алдар көсөгө кайсы суроолорду берди?

  — Алдар көсө вазирди кантип жеңди?                                                                          

 — Вазир менен Алдар көсөнүн диалогун китептен карап, бири бириңе ролдоштуруп окуп бергилечи.                                                                           

  • Физкультминута.
  • ● Ооба/жок көнүгүүсү аркылуу чыгарманын түшүнгөнүн дагы бир жолу текшерип алам. 4 сүйлөм берип, ар бир топ бирден сүйлөмгө “ооба” же “жок” деп жооп беришет.
  • ● — Эми балдар, ушул кызыктуу чыгармага пикир жазалы. Ал үчүн колуңарга берилген баракчадан сүйлөмдөрдү тапкыла. Окуучулар менен бирге жумушчу барактагы таянычтар аркылуу пикир жазууну ишке ашырам.       “Мен бүгүнкү сабактан эмнени үйрөндүм?” деген суроого окуучулардын оозеки жоопторун угуу аркылуу кайтарым байланыш жасап, жыйынтыктап алам.               Окуучулардын ишмердүүлүгү:
  •  Текстти аягына чейин угушат. Суроолор аркылуу талкууга  катышышат. Вазир менен Алдар көсөнүн диалогун алгач жуптада ролдоштуруп окушат. Андан кийин 2 окуучу жалпы класска ролдоштуруп окуп берет.                                        
  •  Ооба/жок көнүгүүсүн  аткарышат.
  •  Берилген таянычтардан ар бир  пункттан  сүйлөмдөрдү тандап, толуктап жазышат. Жыйынтыгында окуган  чыгармасы боюнча пикири пайда болот. Сабактан эмнелерди үйрөнгөнүн айтып беришет. Аткарган тапшырмаларына  упайларын карточкасына  белгилеп отурушат.

Үй   тапшырмасы

Тапшырманы кантип аткаруу керектигин түшүндүрөм.

1.   Сабакта алган таянычтардын негизинде  өзүңөр окүган чыгармага пикир жазууга машыктыңар. Эми ошону дептериңерге жазып келгиле.                         

2.   Төмөнкү 3 тапшырмадан өзүңөргө жаккан  бир тапшырманы тандап, аткарып келгиле.    

1. “Алдар көсөө жана хандын вазири” деген чыгарманын окуясын чагылдырып сүрөт  тарткыла.                          2. Хандын вазири менен Алдар көсөөнү салыштырып, Вендин диаграммасын түзгүлө.                                              3. Чыгарманын негизинде өзүңөр китепче жасап келгиле.

Баалоо: Сабактын жүрүшүндө калыптандыруучу баалоонун техникаларын пайдаланам. Окуучунун жетишкендиктерин  критерийлер аркылуубаалоону уюштурам.

Доскага көрсөтүлгөн 3 тапшырмадан өздөрүнө жаккан 1 тапшырманы тандашат. Тапшырмалардын аткарылышы боюнча  суроолору болсо беришет, жооп алышат.

 Баалоо:

Окуучулар  өздөрү топтогон упайларды санап, анын негизинде өздөрүн  баалашат:

“Соң –Көл жайлоосунда” ырын жатка айтуу – 5 упай

Суроолорго жооп таба алганы — 2 упай

Ооба/жок көнүгүүсүн аткара алышы — 1 упай

Чыгармага пикир жаза алышы — 3 упай

Жалпы 12 упай

10-12  упай:   “5”

7-9  упай:       “4”

5-6 упай        “3”

Өз иш аракеттерин туура баалоого машыгышат.

Жыйынтыктоочу баалоо.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер