АЛА КИЙИЗ ЖАСОО

  • 24.05.2021
  • 0
АЛА КИЙИЗ ЖАСОО

Алай райондук балдардын чыгармачылык борборунун «Уздар» ийриминин мугалими

Төрөканова Калипа

Ийрим сабагынын темасы: Ала кийиз жасоо.

Ийрим сабагынын максаты:

а) Окуучулар жүндү иштетүү жолун үйрөнүшөт.

б) Окуучулар ала кийиз жасоого кызыгышат.

в) Окуучулар сабырдуулук менен бири-бирине көмөктөшүүгө  тарбияланышат.

Ийрим сабагынын жабдылышы: Жүн, суу, самын,  ала кийиз, кездеме, сокмо чий  ж.б.

 Ийрим сабагынын жүрүшү: Уюштуруу.

Саламдашуу, жагымдуу маанай тартуулоо, үй тапшырманы суроо, жаңы тема.

Жаңы тема: Ала кийиз жасоо.

Ала кийиз жасоонун  жолдору.

  1. Жүндөрдү  тандоо
  2. Жүндү сабоо, тытуу, тазалоо.
  3. Ала кийиз жасоо.

Жүндөрдү тандоо.

Кийиз жасоодо  козунун жана койдун  күздө кыркылып алынган  тыбыт жүнүн пайдаланабыз. Ал эми, жазгы жана кылчыктуу жүн кийиз жасоого жарабайт. Себеби, кылчыктуу жүндүн кийиз болушу кыйын жана өзүбүзгө көптөгөн көйгөй жаратат.  Анда эмесе жүн тытууга киришебиз.

                                                        Жүндү тытуу.

 Тытууга кыйыныраак  жана  жуулбаган жүндөрдү  ыргайдан, табылгыдан жасалган таякча(сабоо) менен  сабоолоп, чөп-чарынан арылтууга  шарт түзүлөт да, тытууга абдан  ыңгайланышат. Тытуу — бул жүндү бири-биринен ажыратып үлпүлдөтүү деп түшүнсөк болот. Техниканын өнүккөн заманында  жүн тытуучу аппараттан  тыттырып алсак да болот.

Ала кийиз жасоо.

1.Тандалып, сабоолонуп, тазаланган  даяр жүндү чий бетине тегиздөө аркылуу

жайгаштырабыз (2 кабат – он жана сол жакты карай  жулуу аркылуу).

  1. Сокмо чий бетине жайгашкан кара же ак жүндүн бетине даяр түстүү же

табигый түстөгү жүндөрдүн жардамында  өз ой чабытыбызга жараша

оймолорду түшүрүп алабыз.

  1. Сокмо чийдин бетине жайгашкан оймолуу жүндүн үстүнө (баш жагынан төмөндү карай улам-улам кайнак суу куюп,  бекем ороп аягына чыгабыз.
  2. Оролгон сокмо чийдин сыртынан кыл аркан менен байлап, бат-баттан оңго

жана солго 2 адамдын жардамында (50-100 чейин) тартабыз.

  1. Оролгон сокмо чийдеги байланган кыл арканды чечип, ала кийизге айланып

келе жаткан  кийизди оңдон солго оодарып, сокмо чийге ороп, кайрадан кыл

аркан менен байлап бат-баттан оңго  жана солго 2 адамдын жардамында (50-

100 чейин) тартабыз.

  1. Сокмо чийден кыл арканды чечип, сокмо чийден ала кийизибизди

ажыратабыз.

  1. Ала кийизди узундоого өтөбүз. Узундоо — ала кийизди үчкө бүктөп, ортосунан

бир адам тебелеп эки учунан 2 адам тартып, силкүү (10-12 чейин) болуп

саналат.

  1. Ала кийизди 4кө бүктөп, ороп, суу куюп тазартабыз (куюлган суу тунук

болгонго чейин).

  1. Тазартылган ала кийизди кургатуу үчүн көлөкө жерге жаябыз.
  2. Ала кийизди бышырууга өтөбүз. Сокмо чий бетине кургаган ала кийизди

төшөп, кайнак суудан куюп ороп, кыл аркан  менен байлап,  бат-баттан оңго

жана солго 2 адамдын жардамында (50-100 чейин) тартабыз.  Кыл

арканды чечип, сокмо чийден ала кийизди ажыратып алып, муздак суу  менен

чайкап, кургатабыз (көлөкө жерге жаюу) .

Биз ийрим сабагында  ийрим   окуучулардын жаш курагына карап   ала кийиздин  көлөмүн чоңойтуп же кичирейтсек болот.

Ийрим сабагын бышыктоо: Ала кийиздин жасалуу ыкмасын окуучулардан суроо аркылуу ийрим сабагын бышыктайбыз.

Үй тапшырмасы: Ала кийиздин сүрөтүн тартып келүү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер