Ак илбирс — Кыргыз Республикасынын улуттук символу

  • 22.04.2024
  • 0
Ак илбирс — Кыргыз Республикасынын улуттук символу

Сабактын  максаты:   

А. Окуучулар тема боюнча алган малыматтарын талдашат.
Б. Ак илбирсти коргоо максатында президенттин «Ак илбирс — Кыргыз Республикасынын улуттук  символу» деген аталыштагы №369 жарлыгынын негизинде уюшулган иш-чарага активдүү катышуу менен бирге алган маалыматтарын башкалар менен бөлүшөт.
В. Биосферада жоголуу коркунучунда турган жаныбарларды коргоо, алар үчүн кам көрүүгө болгон иш аракеттерди арттырууга тарбияланышат.

Сабактын предметтер менен байланышы: география, экология, биология, тарых жана математика.
Сабактын формасы: Сот сабагы.
Сабактын жабдылышы: Галерея, буклеттер, кызыл китеп, окуучулардын төшүнө тагуучу табличкалар, слайд.
Окуучулардын формалары:  Соттун кийими, биосфера жана адам.
 

Ролдордо:   1. Сот – Азема
2. Секратарь – Альбина
3. Биосфера – Айбийке
4. Биосферанын адвокаты – Арууза
5. Адам – Абылай
6. Адамдын адвокаты – Сандикаш
7. Тоо – Нуржанат.
8. Тоо эчки –  Эрмек.
9. Милиция – Бексултан, Нургазы.

Сабактын  жүрүшү:
Секретарь:  Сот келе жатат, тургула!
(Сот кирип келет, ордуна отурат)
Сот: Ыракмат!  Орун алыңыздар. Саламатсыздарбы, урматтуу коомчулук! Бүгүн силер менен чогулуп жатканыбыздын себеби, биосфера адамды сотко бергенин баарыбыз эле билебиз. Сотко берүү мөөнөтү 2013-жылдын  23-октябрь күнү болуп саналат. Себеби дал ушул күнү  борборубуз Бишкекте болуп өткөн «Ак илбирсти коргойлу!» деген Бүткүл дүйнөлүк форумга байланыштуу. Анда негизинен Кыргызстандагы ак илбирстин кескин түрдө азайып кетиши, алардын бүгүн  307 (2015-ж.) гана калгандыгы аянычтуу абалды түзөт. Мына ушул боюнча бүгүн маселени чечип алсак.
(Ушул мезгилде сырттан милициялар адамды алып келишет)
Секретарь: Биосфера, келиңиз!
Биосферанын сөзү: Саламатсыңарбы? Жер жүзүндө адамдын пайда болгонуна кырк миң жыл өттү. Адам пайда болгондон бери эле биосферадагы сүт эмүүчүлөрдү пайдаланып келет. Алардын кээ биринин сүрөтү эле калды. Бүгүнкү мезгилде ак илбирс дагы ушундай ахыбалга келип жетти. Бул ак илбирстин так саны 307ни гана түзөт. Бул жандык тоо чокуларында жашап, башка сүт  эмүүчү жаныбарлардын санын жөнгө салып келет. 80-жылдары окумуштуулар буларды изилдеп, 1500 илбирс болгонун  айтышат. Акыркы жылдары саны аябай азайды. Илбирстин териси аябай баалуу  болгондуктан, мыйзамсыз кармап сатууга, аткезчиликке көп учурады. Себеби Кыргызстанда бир илбирстин терисинин баасы 10 000 доллар, ал эми чет мамлекетке алып чыгып сатса 40000 долларга бааланат экен. Бул өтө ысырапкорчулук. Адам өзү биосферанын  бир бөлүгү  аны өзү дагы сезиши керек.  Мен ушул суроомо жооп  табайын деген максатта  сиздин алдыңызга келдим.
Секретарь:  Адамга сөз берилет.
Адам (керсейип): Адам дүйнөнү өрчүтөт. Адамдын иш-аракети күчтүү. Ал бар кылат. Кааласа жок кылат. Илим  өнүктү. Жаңы парода жасап алабыз. Аларды сатып байыйбыз, үй курабыз, алардын терисинен  кооз нерселерди тиктиребиз жана жасатабыз. Бул адамдын кызыкчылыгы.
Сот: Мм, болуптур, демек, адам бул кылгандарыңызды моюнуңузга албайсыз!
Адам: Жок, албайм. Мен күнөө кылган жокмун.
Сот: Анда сөздү жабырлануучунун адвокатына береличи. Ак илбирс боюнча маалымат берсин.
Биосферанын адвокаты: Рахмат! Кыргызстандын Кызыл китеби 1985-жылы чыккан. Ошол жылдары эле ак илбирстин географиясына, биологиясына изилдөө жүргүзүлүп, кызыл китепке киргизилген. Ак илбирс мышыктар тукумундагы аскалуу бийик тоолордо жашоочу жырткыч айбан. Бул жырткычтын биологиясы толук изилденип бүтө элек. Анткени алар байырлаган аска-зоолор  6000 м. бийиктикти түзөт.
Ак илбирстин түзүлүшү:  Ак илбирстин бийиктиги 60 см, боюнун узундугу 230 см, анын ичинен куйругунун узундугу 100 см, эркегинин салмагы 75 кг, ургаачысыныкы 25 кг жетет. Жалпы  дүйнөдө 12 мамлекеттин аймагында байыр алышат. Булар өтө назик, күчтүү, санитар жаныбарлар  болуп саналат. Куутка  3-4 жашында катышат. Баласын курсагына 90-100 күн көтөрөт. Мышыгынын салмагы 300-400 гр болот. Тарп  жешпейт. Тоодогу  эчкилер менен  азыктанышат. Балдарына суур кармап беришип тамактандырышат. Аңчылыкка таң эрте жана кечки күүгүмдө чыгышат.  Өзүнүн салмагынан үч эсе оор жаныбарга кол сала алат. Негизинен  тоо-эчки, аркар-кулжа жана эликтерге кол салып өзүнүн жашоосун  өткөрөт. Бул жандыктын келе жатканы, добушу, шыбышы түк угулбайт. Жашоо узактыгы 13-18 жылга чейин эгерде колго бакса, 20 жашка чейин жашайт. Бүгүн булардын саны азайып кетти. Ак илбирстин санынын   азаюсу тоо-эчкилерге дагы тийип жатат.
Сот:  Анда тоо-эчкинин дагы оюн угалычы.
Секретарь: Күбө тоо-эчки келиңиз!
Тоо-эчки: Саламатсыздарбы?! Мен алыскы тоо чокуларынан келдим. Бизде чоң маселе болуп жатат. Негизинен саныбыз бирде көбөйүп, бирде азайып арабызда оору-сыркоо көбөйүп, тоо чокуларындагы биз жеген чөптөрдүн уруктары жерге түшпөй , азыгыбыз азайып кетти. Мунун баары ак илбирстин  бизге келип  саныбызды жөнгө салбай кетиши болушу керек. Саныбыз кескин өсө берсе же азая берсе, биздин дагы тукумубуз курут болот. Ошондой эле адамдардын бүгүнкү замандагы иш-аракеттерине чек коюп коюңуздар суранат элем. Бул боюнча тоодон дагы сурап көрсөңүздөр.
Сот: Мм, болуптур. Тоонун ак илбирстер жана тоо эчкилери үчүн кандай мааниси бар экендигин  түшүндүрүп беришсин.
Секретарь: Тоо, келиңиз!
Тоо:  Саламатсыздарбы?! Борбордук Азиянын  бийик тоолору Кытай, Орусиянын аймактары эсептелип, деңиз деңгээлинен  3350-6700 м бийиктикти мекендешет. Булардын түнөгү үңкүрлөр, аскалардын жаракалары болуп саналат. Бул түнөктү алар бир нече жолу пайдаланышат. Мына ушул түнөктөрдү адамдар тузакка айлантып, тоо этектеринен алтын казышып, башка кендерди казып, алар жашаган үңкүрлөрдү, тоолорду бузуп, аларды үйсүз-жайсыз калтырууда. Мына ушул жагын дагы карап койсоңуздар.

Сот: Адам айтыңызчы, ушунун баары туурабы?!
Адам:  Ооба (адам башын шылкыйтып).
Адам адвокаты: Урматтуу сот! Менин жоопкерим кылгандарын мойнуна алып жатат. Чын эле угуп отурсак, көп нерселер жасалыптыр. «Ак илбирсти коргоо» максатында  бизге дагы адамдын иш-аракети керек. Ал үчүн адамдын дагы үнүн угуп көрбөйлүбү!
Сот:  Мм, болуптур.
Секретарь: Жоопкерге сөз берилет.
Адам: Ооба, мен кылгандарымды моюнума алам. Бул боюнча көптөгөн иш-чараларды жүргүзүп келебиз. Бирок мен аны толук аткара албай калам. Мындан кийин жалаң эле ак илбирс эмес башка жаныбарларга да кам көрүүгө болгон өз аракетимди терең жумшайм. Мисалы, адам деле куру жүргөн жокпуз. Жоголуп бара жаткан жаныбарларга  Кызыл китеп ачтык, корук уюштурдук. Бул иш-чараларды эми көзөмөлдөшүбүз гана керек.
Адамдын адвокаты: (слайд кетет)
Урматтуу Сот, коомчулук жана Биосфера. Адам ак илбирс үчүн алгылыктуу иш-аракеттерди жасап келген экен. Мисалга алсак, Кыргыз Республикасында эле “Ак илбирс” улуттук кино сыйлыгы бар. Анда жогорку даражадагы, мааниси  зор, тарбиялык жана турмуштук мааниге ээ болгон киного берилет. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын спорт багытында “Илбирс” футбол клубу, “Илбирс плюс” Билим берүү борбору Бишкек шаарынын Киев көчөсүндө жайгашкан. Мында ар түрдүү кесип ээлерин даярдашат. Дагы борборубузда “Илбирс” тор кийим ишканасы, “Ак илбирс” транспорттук коому, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн атайын өзгөчөлөнгөн бөлүгү “Илбирс” деп аталат. Ошондой эле борборубузда “Илбирс” егерлер фонду уюшулган. Алар бүт Кыргызстандагы жоголуу коркунучунда турган жаныбарларды башка  мамлекеттер менен бирдикте көзөмөлдөп турушат. Мындан тышкары бир эле Россия  мамлекетин алсак, Дүйнө жүзүнө кызмат кылган РСК банкынын карточкасы менен визасына дагы Ак илбирстин сүрөтү коюлган, себеби Ак илбирстин ылдамдыгы менен башка мамлекеттерге акча которууну байланыштырып коюшкан. О.э. Ак илбирс электрондук капчыгы дагы биринчи орунда турат. Мындан тышкары Россияда  “Ак  илбирстин”  ылдамдыгын далилдеген Альпинистер клубу бүткүл дүйнөнү кызыктырып келет. Ал эми төмөнкү мамлекеттерде  Ак илбирсти коргоо максатында Татарстан Республикасынын , Хакасия Республикасынын , Россиянын Шушен районунун Краснодар  аймагынын, Казакстандын Алматы шаарынын, Өзбекстандын Самарканд шаарынын жана Борборубуз Бишкек шаарынын гербдерине Ак илбирстин сүрөтү коюлган. Бул гербдерге коюлганын максаты баардык  мамлекеттердики бирдей. Алар Ак илбирстей тазалыкты, тактыкты, бийиктикти жана ылдамдыкты каалашат. Рахмат көңүл бөлгөнүңүздөргө!
Биосферанын адвокаты: Бул иштерди тынымсыз жүргүзүү керек. Адам өзү жашаган чөйрөгө кам көрүп жашашы керек. Жоголуп бара жаткан  жандыктарды  көздүн карегиндей  сактап койсо, кайра алардын популяциясы бир нече жылда калыбына келет. Алар жаратылышты кооздоп, биринин санын бири жөндөп турат. Бул адам үчүн өтө жоопкерчиликтүү  милдет. Биз баарыбыз бирдикте иш жүргүзүүнү сунуштайм.
Секретарь: Тургула, сот чечим чыгарууга кетет (Сот тышка чыгат. Бир нече убакыттан кийин кайра келет)
Секретарь: Тургула, сот келе жатат (баары турушат).
Сот: Президентибиз Садыр Жапаровдун  «Ак илбирс- Кыргыз Республикасынын улуттук символу» деген аталыштагы №369 жарлыгына көңүлүңөрдү бурам (жарлык угулат).

Жогоруда айтылган сунуш-пикирлерди угуп, сот төмөнкүдөй Чечим кылат: Ак илбирстин тукумун сактоо максатында өткөрүлгөн форумдан кийин ар жылдын 23-октябры «Ак илбирсти коргоо күнү» деп белгиленсин!
-Ак илбирстин жашоо-тиричилигин изилдөө үзгүлтүккө учурабасын. Ошондой эле жаза “Ак илбирсти коргойлу!» иш-чарасын ар жылы уюштуруп туруу жалпы коомчулукка милдеттендирилсин.
Секретарь: Сот жабык!

Б. Нусупова, М. Туйтунов атындагы Бакайташ орто мектебинин биология мугалими, Талас району, Талды-Булак айылы   

Бөлүшүү

Комментарийлер