АДЕПТҮҮЛҮКТҮН БАШАТЫ – ТАТЫКТУУ ТАРБИЯ

  • 09.05.2023
  • 0
АДЕПТҮҮЛҮКТҮН БАШАТЫ – ТАТЫКТУУ ТАРБИЯ

АДЕПТҮҮЛҮКТҮН БАШАТЫ – ТАТЫКТУУ ТАРБИЯХалида Токоева,

Бишкек шаарындагы № 78 мектеп-гимназиясынын

кыргыз тили жана адабияты мугалими

тарбиялык саат

Сабактын максаттары:

Билим берүүчүлүк: икая, девианттуу жүрүм-турум, этнеопедагогика, ааламдашуу жана улуттук баалуулуктар жөнүндө түшүнүк алышат.

Өнүктүрүүчүлүк: өз көз карашын коллективге далилдей билүү, башка бирөөнүн пикирин уга билүү жана топ менен бирге жыйынтык чыгара билүү жөнөмдүүлүктөрү өнүктүрүлөт.

Тарбия берүүчүлүк: окуучулар  улуттук баалуулуктарды, анын ичинде элдик тарбияны сактоого үйрөнүшөт. Адептүүлүккө, жоопкерчиликке, убакытты туура пайдаланууга тарбияланышат.

Сабактын тиби: Жаңы сабак

Сабактын формасы: класстык саат

Сабак аралык байланыш: Тарых, адеп,  укук таануу

Сабактын жабдылышы: ТСО, ватман, маркер ж.б.

Сабакта колдонулган ыкмалар: Т схемасы,  Томастын торчосу, Проблемалык окутуу

Сабактын жүрүшү:  — Саламатсыңарбы, балдар! Биздин бүгүнкү класстык саатыбыз өзгөчө болгону турат.  Сабакты баштардан мурда, жагымдуу маанай тартуулап алайын.

— Балдар, белгилүү драматург Ульям Шекспир: “Бул жашоо — театр, андагы адамдар – актерлор” деп айткан экен. Эгерде андай болсо, силер ушул жаш курагыңарда канча актердун ролунда болдуңар экен? Кана, санайлычы.

Мисалы: Ата-эненин алдында – бала,

Кыздын (баланын) жанында – жигит,

Жигиттин жанында – бийкеч,

Бөбөктүн жанында – байке, эже,

Дос, курбунун жанында —  дос.

Ал эми балдар, азыр силер кимдин ролуңдасыңар?

 — Окуучунун.

Кандай окуучунун?

  • Билимге умтулган;
  • Акылдуу
  • Бири-бирибизди сыйлаган;
  • Өз оюн тартынбай айта алган;
  • Сүйлөп жаткан адамды кунт коюп уккан;
  • Сезимтал;
  • Позитивдүү ж.б.

— Азаматсыңар, балдар, анда биз бүгүнкү сабакты жагымдуу маанай менен уялбай, коркпой, өзүбүздү эркин алып баштаганга даярбызбы?

— Ооба!

— Кана, мен жүзүңөрдөн жылмаюуну көрбөй турам го. Мына бул быйтыкчаларды карагылачы. Көңүлү жок быйтыкчадай болбой, көңүлдүү быйтыкчадай болуп, жылмаюу менен сабагыбызды баштайлы. Бири-бириңерди карап жылмайып коёбуз.

Балдар, мен силерге бир икая айтып бергим келип жатат.  Икая – деген тарбиялык мааниси бар кыскача аңгеме.

Икая “Чындык” деп аталат.

       Аалам, Жер, Жылдыздар, Күн жаралгандан кийин, алар жаратылышты – тоолорду, көлдөрдү, мухиттерди, токойлорду жана гүлдөрдү жаратышты. Андан кийин алар Адамды жаратып, анан Чындыкты жаратышты. Бирок, Чындык адамга бекер эле, эмгексиз  таандык болушун каалаган жок.              Адам өзү аракеттенип, мээнеттенип, Чындыкты ачышы керек эле. Ошондо Чындык кайда бекинерин ойлонду. Алгач Чындык тоонун эң бийик чокусуна, андан кийин мухиттин эң терең түбүнө, же эң алыскы жылдызга бекитип калууну ойлонду, бирок бул жерлердин баарына адам оңой жетчүдөй көрүндү. Ошондо ал мындай чечимге келди. “Мен адамдын жүрөгүнө жашынып калайын. Ал жерден, асмандан, токойдон, же суудан издейт, бирок ал мени жүрөгүндө өзү менен алып жүргөндүгүн сезбейт”. 

— Балдар, мен бул икаяны бекер айтып отурган жерим жок. Биз бүгүнкү сабакта да бир чындыкты колубуздан келишинче издеп көрөлүчү. Эмне жөнүндөгү чындык деген суроо пайда болду болуш керек. Аны бүгүнкү сабактын темасы айтып берет.

 (доскадагы теманын жабуусу алынат)

Тема: Адептүүлүктүн башаты – татыктуу тарбия

Бүгүнкү сабакта:

  • Икая, девианттуу жүрүм-турум, этнопедагогика, ааламдашуу жана улуттук баалуулуктар жөнүндө түшүнүк алабыз;
  • Ааламдашуу процессинде элдик тарбиянын ордун биле алабыз. Ошону менен бирге адептүүлүккө, жоопкерчиликке, убакытты туура пайдаланууга үйрөнөбүз.

— Туура, балдар. Адеп, ыйман маселеси мамлекеттик деңгээлге чейин көтөрүлгөнүнүн себеби эмнеде деп ойлосуңар?

  • Азыркы мезгилде адепсиз көрүнүштөр көбөйүп, адамдар ыймансыз боло баштады;
  • Коомубуз адеп, ыйманга суусап турат; ж.б.

— Бүгүнкү биздин сабагыбыз да адеп, ыйман жана маданият жылына байланыштуу, кана силер таап көргүлөчү кандай тема деп ойлойсуңар?

  • Адеп-ахлак, тарбия жана маданият
  • Адептүүлүк – тарбиянын өзөгү ж.б.

Демек, улам кийинки муундарга татыктуу тарбия жок болуп бара жатабы?

Мындай көйгөйлөрдүн келип чыгышынын себеби эмнеде болду экен?

Алгач, төмөнкү сюжетке көңүл бурабыз. (видеосюжет көрсөтүлөт)

Кыргыз эли улуу эл катары кылымдан кылымда сакталып келген. Тарыхта жазуу-сызууга ээ боло элек кезибизде деле жүрүм-турум эрежелерибиз катуу сакталып, жаза колдонулган. “Башканы коюп Манасты айт” демекчи, “Манас” үчилтигинде биздин таш доордон 18-кылымга чейинки жашообуз камтылгандыгын окумуштуулар далилдеп келет. Бул улуу эпос кыргыз турмушунун бардык тармактарын камтып, энциклопедиялык кызматын аткарып келгендигин билесиңер. Анын ичине этнопедагогиканын эң сонун үлгүлөрү камтылган.

Этнопедагогика дегенибиз – элдик тарбия, элдик жүрүм-турумдун жазылбаган эрежелери.

Ал эми бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү адамзат бири-бири менен оңой эле байланыш-катнаш түзүп турган ааламдашуу доорунда, жетиштүү турмушта эмне үчүн сюжетте айтылгандай руханий дүйнө бааланбай, адептүүлүк азайды?

Мындай көйгөйлөрдүн  келип чыгышынын себеби эмнеде болду экен?

Окуучулардын жооптору:

  • Элдик тарбиянын жок болуп бара жатканы
  • Батыштан келген туура эмес багыттар
  • Жоопкерчиликтин азайышы
  • Материалдык кызыкчылыкка умтулуу
  • Жашоо принциптеринин жоктугу ж.б.

— Анда оюбуз ар түрдүү болуп жатат. Мен эки негизги себепти бөлүп алгым келип турат жана аларга силер менен бирге тактоо киргизгим келип жатат.

Булар:

  • Элдик тарбиянын жок боло бара жаткандыгы
  • Батыштын бизге тийгизген таасири

— Силердин жоопторуңардан 2 маселеге өзгөчө токтолгум келип турат.

Анда “Т” схемасы менен иштейли.  (“Т” схемасы чийилген даяр, тактада илинип турат)

1.  Элдик тарбиянын таасири

 2. Батыштын таасири

1-ойду жактагандар жашыл түстү, 2-ойду жактагандар кызыл түстү чаптагыла.

(Окуучулар өз позицияларын түстөр аркылуу билдиришет)

Эми тандаган позицияңар менен эки топко бөлүнгүлө, жашылдар бул тарапка, кызылдар бул тарапка.

Өз позицияңарды далилдөө үчүн төмөнкү таблицаны колдоносуңар.

(ватмандан даяр таблицалар берилет) Убакыт 5 мүнөт.

1-топ: Элдик тарбиянын натыйжалуулугун жана кемчиликтерин белгилейбиз.

2-топ: Батыштын таасиринин натыйжалуулугун жана кемчиликтерин белгилейбиз.

Презентациялоо: 5 мүнөт

— Азаматсынар, балдар! Эки топ тең  ойлоруңарды жакшы айтып бердиңер. Ар бир ой баалуу.

Азыр эки топтун топ башчылар келгиле.  Оюн ойнобуз. 10 секунддун ичинде кабинеттин ичинде 2 түстү байкагыла. Сен кызыл түстөгү эмнелер бар экенин, ал эми сен жашыл түстүү эмнелер бар экенин байкап эсиңерге тутуп алгыла. Калгандарыбыз 10го чейин санайбыз.

1, 2, 3, 4,5, 6, 7, 8, 9, 10

Эми экөөңөр тең көзүңөрдү жуумгула.

Кандай буюмдарды көрдүңөр? Атап көргүлөчү. (балдар аташат)

— Азаматсыңар! Күрөң түстө эмнени көрө алдыңар?  (балдар аташат)

Балдар, бул оюнду жөн жерден ойноткон жокмун. Байкасаңар, бул кабинетте көп түстөр бар экен. Бирок силер керектүү эле түстөргө маани бердиңер да, калган түстөр калып калды.  Мен муну менен эмнени айтмакчы болуп турам. Силер  жыйынтык чыгарып көргүлөчү.

  • Биз укуктук ченемдерди гана билип, башка нерселерди маанилүү деп эсептебейбиз.
  • Биз өзүбүз көргүбүз келген гана нерселерди гана көрө алабыз.
  • Биз өзүбүзгө керектүү гана маалыматтарды алганга аракет кылабыз.
  • Берилген нормалардан чыкпай жашаганга аракет кылабыз.

Демек, азыр силер элдик тарбиядагы жана укуктук тарбиядагы артыкчылыктарды жана кемчиликтерди гана көргүңөр келди жана көрө алдыңар. Көрсө, экөө тең маанилүү экен. Демек, биз өзүбүзгө керектүү, пайдалуу гана жактарын алсак болот экен да.

Азаматтар, мына эми менин колумда 1 стакан суу турат. Бирөөлөр ичүүгө муктаж, бирөөнү ичүүгө укугу бар. Айырмасы эмнеде?

  • Муктаж болгон адам кандай жол менен болбосун ичүү керек. Ал суусап турат. Ал эми укугу бар адам ичүүгө укугу бар, бирок суусаган жок. Суусабаса деле укугум бар деп иче берсе болбойт да.

Туура, муктаж адам менен укугу бар адамдын шарты башка болуп жатат.  Эмне үчүн биздин жашоодо да бардык жүрүм-турум эрежелери мыйзам тарабынан белгиленсе да, кайра эле туура жүрүм-турумга, туура тарбияга муктаж болуп жатабыз?

Демек, жалаң укуктук ченем менен гана жашоо жетишсиз экен, мындан кылмыштуулук азайган жок, тарбия маселеси чечилген жок. Илгертеден каныбызга сиңип калган элдик тарбяны ала жүрсөк жаман болбос эле. Батыш өлкөлөрү өнүккөн өлкөлөр деп, аларды курулай ээрчий берүү да туура эмес.

Силер билесиңерби?

Чыгыш философиясы менен Батыш философиясындагы өзгөчөлүктөр: Чыгыш жашоо философиясы руханий баалуулукка басым коёт экен. Батыш философиясы руханий баалуулукка басым коёт. Кытай элинин ойчулу Лао Цзы: “Акылмандар окумуштуу эмес, ал эми окумуштуулар акылман эмес” –деген экен.

Карап көрсөк, дүйнөдөгү улуу ойчулдардын көбү Чыгыштан чыккан. Кыргыз элинин ойчулдары Калыгул, Арстанбаек, Жеңижок, Асан Кайгы ж.б дагы жаратылыш менен гармониялуу жашоо, түбөлүктүүлүк жөнүндө сөз кылышат.

Жыйынтыктоо:

— Балдар, сабагыбызды жыйынтыктап жатып дагы бир икаяга көңүлүбүздү бурсак:

“ Бир жолу үч акылман талаша кетишти, “Адам үчүн эмне маанилүү – өткөн чакпы, азыркы учурбу же келечекпи?”

Алардын бирөө мындай деди:

— Өткөн чак гана адамды жасайт. Мен эмнени билсем, баарын илгери үйрөнгөм.

— Макул эмесмин! –деди экинчиси. – Адам келечекти жасайт: бүгүн мен кандай билимдүү, жөндөмдүү болсом да, улам жаңыларын, менден келечек талап кылгандарын үйрөнө берем. Менин ким болгум келгенине карата, алга умтулууга мажбур кылат.

— Сиз эсиңизден чыгарып ийдиңиз, деп үчүнчүсү кошулду, — өткөн чак менен келечек биздин ой-кыялыбызда гана жашайт. Өткөн чак азыр жок. Келечек али алдыда. Сиздин ар бир ишиңиз, ушул учурда гана аткарылат, ушул гана учурда сиз келечекке карай барасыз, бүгүнкүңүз, өткөн чак үчүн акыркы чекит болбойбу, анын баарын бүгүнкү күн гана аныктайт”, — деп талашышат экен.

Чындап эле, биз кыргыз элинин келечекте улут катары улуу эл катары жашап калышы үчүн эмне маанилүү. Кечээкибизби, бүгүнкү күнбү же келечекпи?

(Окуучулардын жооптору)

Балким балдар, башында айтылган икаядай чындыкты өз жүрөгүбүздөн издесек, жообу деле өз элибиздин нарк-насилинде, элдик салт-санаа, үрп-адаттарында, макал-лакаптарында болуп жүрбөсүн?

                                   Ээси жок жерди көрүнгөн ээлейт,

                                   Эси жок элди көрүнгөн жөөлөйт.

“Үч чак” икаясындагы каармандардын кайрадан чакыргым келип турат. Келгиле терең ойлонуп, кечээкибизди чанбай, бүгүнкү күндө колдонуп, келечекке туура өткөрүп берсек, келечегибиз жаман болбос.

Мен келечек каарманын бекеринен ушундай формада көрсөткөн жокмун. Ааламдашуу доорунда биз өз улуттук жүзүбүздү жоготпой, өз ордубуз болгон эл катары сакталып каларыбызга ишенем.

Бөлүшүү

Комментарийлер