АДАМДЫН КӨРКҮ — АДЕПТҮҮЛҮКТӨ     

  • 01.05.2024
  • 0
   АДАМДЫН КӨРКҮ — АДЕПТҮҮЛҮКТӨ     

Жанаркул РАЙЫМБАЕВА,  «Кун-Чубак» бала бакчасынын тарбиячысы,  Ак-Суу району, Ысык-Көл облусу

Автордук сабак

   АДАМДЫН КӨРКҮ - АДЕПТҮҮЛҮКТӨ     

Киришүү бөлүмү

Адеп тарбиясы — адамдын коомдогу моралдык аң-сезимин жашоодогу максатка жараша калыптандыруу, ызааттуу жүрүм-турум көрүнүштөрүн пайда кылуу, ошондой эле өз элинин үрп-адаттарынын үлгүлөрүн сактоого, байытууга, башка улуттардын салтын урматтоого тарбиялоо. Адамдын эрки менен рухий байлыгынын шайкеш келиши, адептүүлүккө жатат. Адеп тарбиясы эмгекке жана коомдук мүлккө туура мамиле жасоо, ,чынчылдыкка, адептүүлүккө жана ар ким өзүнүн жүрүм-турумун чын көз караш менен кароого жана башка кемчиликтерин сактоого үйроөөтөт. Ал коомдук аң-сезимдин эң маанилүү форматы болуп саналат. Адам өмүр бою тарбияланып такшалат. Ошондуктан тарбиянын башаты жүрүм-турумдун тигил же бул эрежелерине калыптануусу негизинен балалык, өспүрүм кезинен башталат. Демек “адам көркү — адептүүлүктө”. Автордук программанын негизги багыты.

  1. Адеп деген эмне? Адептүүлүк тарбиясы деген темада түшүнүк алат. ”Адамдын көркү — адептүүлүктө” түшүнүк берүү .3. Адептүүлүк боюнча макал-лакаптар менен тарбияланат. 4. Кызыктуу окуя айтылып адептүүлүккө багыт берет.

Сабактын максаты:

  1. Билим берүүчүлүк: ”Адамдын көркү — адептүүлүктө» деген тема боюнча түшүнүшөт.
  2. Өнүктүрүүчүлүк: Адептүүлүк боюнча өз ойлорун толук айтуу менен ой жүгүртүүсү өсөт.

3. Тарбия берүүчүлүк: Адептүүлүккө, ыймандуулукка, сыйчылдыкка, тазалыкка,  урматоого тарбияланат.

Күтүлүүчү натыйжа: Балдар адептүүлүк боюнча билишет, макалдар боюнча тарбияланат.

Методикалык ыкма: Сүрөттөрдү көрсөтүү, суроо-жооп, макал-лакаптар боюнча бышыктоо.

Сабактын жабдылышы: Түстүү сүрөттөр,буклет.

Сабактын жүрүшу: 1.Уюштуруу

  1. Макал-лакап боюнча тарбиялоо
  2. Негизги бөлүм

                 Жаңы тема

Максаты боюнча тааныштыруу:

Адеп деген эмне? Адеп деген бул силер ойлогондой эле адамдын күзгүсү, башка бирөөгө болгон мамилеси жана дагы адептүү, тыкаан алып жүрүүсү.

Ата-энелерибиз бизге дайыма айтып келишет. Балдар менен эч качан урушпа, чоң адамдар менен саламдаш, ар дайым адептүү бол, улуу адамдарды сыйла деген сөздөрдү көп айтышат. Балдарды илгертеден бери ата-бабаларыбыз макал-лакаптардын мааниси менен тарбиялап келишкен.

  1. ”Адам көркү — адеп”

2.”Адеби жоктун, уяты жок”

3.”Адеби жоктун, аты-жөнүн сураба”

  1. ”Адептүү алкыш алат, адепсиз каргыш алат”
  2. ”Адептүү бала абийир табат, адепсиз бала жабыр табат”
  3. ”Адептүүлүк адамдын көркү”
  4. ”Ыйманы жоктун, адеби жок”
  5. ”Адам көйнөгүнө эмес, адеби менен бааланат”
  6. «Адамдын көркү — адептүүлүктө, жигиттин көркү адептүүлүктө”
  7. ”Ата сыйлаган абийир табат”

Анда эмесе, силерге кызыктуу окуя айтып берейин. Адептүүлүк тууралуу. Бир илимпоз киши бир бай менен сүйлөшүп турган эле. Ошол кезде алардын жанынан бир жарды адам өтүп бара жатып окумуштууга ийилип салам берди. Окумуштуу башын ийип, колун берип саламдашты. Анда жанында турган бай, «таксыр сиз илимдин адамысыз, ал кедей. Сиз эмнеге ага башыңызды ийип салам бердиңиз?» —  деп сурады. Анда илимпоз киши:  «Эч бир илим билимден кабары жок киши ийилип, адептүүлүк көрсөтүп жатса, мен андан адепсиз көрүнсөм ылайык келбес бекен», —  деген экен. Мына көрдүңөрбү, балдар, адептүүлүк бул кандай гана жогорку сапат. Элибизде жакшы сөз бар эмеспи: “Ийилгенге ийилгин, башың жерге тийгиче” деп жыйынтыктаган экен.

Сабакты бышыктоо: Балдар эгер силерге айтып берген окуя түшүнүктүү болсо,төмөнкү суроолорго туура жооп бере аласыңар.

  1. Адеп деген эмне?
  2. Адеп тарбиясы дегенди силер кандай түшүнөсүңөр?
  3. Макалдар менен тарбия алсак болот бекен?
  4. Окумуштуу жарды адамга салам бергени туурабы?
  5. Силер анын ордунда болсоңор эмне кылмак элеңер?
  6. Бай киши илимпоздон эмне деп суроо берди?

Колдонгон адабият:

  1. “Кыргызстан” Улуттук энциклопедия. 1-том. Башка редактор: Асанова У.А.
  2. Интернет китеп дүйнөсү.
  3. 5-6 класстын адеп китеби. Ж.Ысманова, К.Ибраимова., В.Мусаева.
Бөлүшүү

Комментарийлер