ААЛАМ КЕЗГЕН АЙТМАТОВ

  • 21.12.2023
  • 0
ААЛАМ КЕЗГЕН АЙТМАТОВ

Замира АТАКУЛОВА, Ош облусунун Кара-Суу районунун №70 Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими.

4-“а” класс

Класстан тышкаркы окуу сабагы

Негизги компетенттүүлүк: НК-1; НК- 2; НК- 3;

Предметтик компеттенттүүлүк: ПК-2; ПК-3; ПК-4; ПК-5;

Сабактын максаты:

1) Дүйнөгө кеңир аты тараган залкар сөз чебери Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы, анын жазган чыгармалары жөнүндө түшүнүк алат.

2) Чыгармалардан үзүндү аткарып, ырлардан жатка көркөм айтат.

Текстти окуп, Чыңгыз Айтматов боюнча кластер түзөт жана “Биринчи мугалим” чыгармасынан фрагмент ролдоштуруп аткарат.

Дүйшөн жөнүндө синквейн түзүп, “Ак кеме” чыгармасынан фрагмент сүрөт тартат.

3) Кичи топтордо бири-бирин угуп жардам берүүгө көнүгөт.

Күтүлүүчү натыйжалар: Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча маалымат алып, түшүнүгүн айтып берсе;

Суроолорго жооп берип, чыгармалардын фрагментинен ролдоштуруп аткарса;

Текстти өз алдынча окуп, Чыңгыз Айтматов боюнча кластер түзүшсө;

Дүйшөн боюнча синквейн түзүп, “Ак кеме” чыгармасынан фрагмент сүрөт тартса;

Сабактын тиби: Аралаш сабак

Сабактын формасы: Жалпы,  кичи топто, жекече

Сабактын усулу: “Окурмандардын пикирлеринин тизмеси” стратегиясы

Сабактын жабдылышы: Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү, чыгармаларынын сүрөттөрү, учкул сөздөр, флипчарт, стикер, скоч, маркер, проектор, ноутбук ж.б.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу (Окуучулардын окуу куралдарына жана класстын гигиеналык абалына көз салуу) (1 мүнөт)

Шыктандыруу:  (1 мүнөт)

Ак куу болуп учабыз,

Бийик-бийик тоолорго.

Балык болуп сүзөбүз,

Терең-терең көлдөргө.

Биз окуйбуз бешке,

“Мыкты бала” дешке.

Сабактын темасын, максатын жана күтүлүүчү натыйжаларды окуучуларга угуза айтам. (2 мүнөт)

Жаңы тема: Аалам кезген Айтматов 7 ( мүнөт)

Окурмандардын пикирлеринин тизмесин окуучулардын бардыгы оңой көрө алгыдай жайгаштырам.

Суроо: — Чыңгыз Айтматов ким болгон?

— Эмне үчүн”Аалам кезген Айтматов” деп айтып жатабыз?

— Анын кандай чыгармаларын билесиңер?

— Силерге чыгармаларынан үзүндү жаттап, ролдоштуруп аткарып бересиңер деген тапшырма берилген. Андан сырткары Чыңгыз Айтматов боюнча ырлардан жатка жаттап, көркөм айтып бересиңер дедим эле.

Талкуу. 1-окуучу: Сөз зергери, кыргызды ааламга тааныткан, бир нече жогорку сыйлыктардын ээси Чыңгыз Айтматов 95 жашка толду.

2-окуучу:  Мына ушундай залкар, зор дүйнөлүк аренага чыгармалары белгилүү болгон Чыңгыз Айтматов 1928-жылы Таластын Шекер айылында туулган.

3-окуучу: Чоң майрамга арналган биздин 4-а классынын класстан тышкаркы окуу сабагына көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Майрамы деп Чыңгыз атанын,

Ыр алып келдик баарыбыз.

Кайсы чыгарма экенин,

Сөздөрүнөн тааныңыз.

Дүйшөн: — Мына көрдүңөрбү, мен силерди илимдүү-билимдүү жаштардан болосуңар дебедим беле!

Толгонай: — Ээй, асманда жаркыраган күн, жер кыдырып сен айткын. Ээй, сапар баскан булут, нөшөрлөнө төгүлүп, ар бир тамчың менен сен айткын.

Нургазы: — Тигине, ана ак кеме! Ак кеме! Арыба ак кеме! Көрдүңбү, менин китеп кабымды карачы? Таятам сатып берди. Мен окууга барам.

Авалбек: — Силер көргөн жоксуңарбы, ошол менин атам болчу. Аны пулемёт менен атпадыбы, ал өлбөдүбү?

Султанмурат: — Ээй турналар, карагылачы! Турналар! Турналар! Турналар! Түшүм мол болот! Турналар!

1-окуучу: Замана табышмактуу, кубанычтуу,

Закымдап учкан куштай, алп канаттуу.

Ошондой күндөрдүн бир күндөрүндө,

Кыргыз да Чыңгыз ата туулган экен.

2-окуучу: Чыңгыз деп Чыңгыз атын салт кылган бар,

Не билсин, ал жөнүндө жаш уландар.

Суусаган таттуу жомок ширесине,

Сөз кылат тамшанышып карыялар.

3-окуучу: Заманды жакшы көрөт, баркын билет,

Залкарды алдына алып эркелетет.

Быйыл биз майрамдайбыз зор майрамды,

Чыкканын токсон бешке Чыңгыз ата.

4-окуучу: Жылдызы жарык жайдары,

Күн нурундай жайнаган.

Жүрөктө музду эритип,

Повесттер, чыгармалар сен жараткан.

5-окуучу: Өрүшү кенен өркүндүү,

Түбү терең деңизден.

Агыны ылдам жашоодо,

Атагың кетти космоско.

6-окуучу: Өзөн мейкин, эгин кыр,

Атың менен ишиңден.

Миллион элдин оозунан,

Жаралат обон толгон сөз.

Калемиңдин учунан.

7-окуучу: Ардактуу элим жердеген,

Ала-Тоонун көркү шаң,

Алтын жайнап табылган,

Аскасы бийик Тянь-Шань.

8-окуучу: Ушундай жерди жердеген,

Кыргыз деген эли бар.

Ал кыргызды тааныткан,

Чыңгыз деген эри бар.

9-окуучу: Токсон беш жашың кут болсун, Чыңгыз ата,

Жетпегендир башкалар сендей жашка.

Жакшылыкта өчпөстөн жашай бергин,

Түбөлүктүү эске сактайт Алла талла.

10-окуучу: Повесттериң таратылды бүт ааламга,

Которулду көп тилге ошол жылда.

Чыңгыз деген атың чыкты бүт ааламга,

Улансын дагы-дагы көп жылдарга.

Моделдештирүү жана жыйынтыктоо:  (3 мүнөт)

ААЛАМ КЕЗГЕН АЙТМАТОВ

Мугалим: Дүйнөлүк жазуучу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Лениндик жана Мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, көп улуттуу совет адабиятынын атактуу өкүлү, Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу, академик ошондой эле Эл аралык “Эртурия” сыйлыктарынын лауреаты Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгын белгилеп отурабыз. Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовду ким билбейт. Анын повесттери, романдары дүйнө элинин көптөгөн тилдерине которулуп, миллиондогон окурмандарга ысымдары жат болуп, калган каармандары Жамийла менен Данияр, Асель менен Ильяз, мээримдүү эне Толгонай, Танабай, Бостон, Едигей, Алтынай, Дүйшөн, Султанмурат, Мырзагүл, Ташчайнар менен Акбара ж.б.

Кандуу согушта ар бир айылдагы кичинекей балдардын оор тагдырын Авалбек аркылуу чагылдырган, Султанмураттын образдары кимди да болбосун, бүт ааламды ойго салат. Адамдардын жүрөгүнө от жагып, мына ошондой сезимдерди жараткан Чыңгыз Айтматов экендигинде талаш жок. Өзүнүн баа жеткис чыгармалары менен кыргыздын Ала-Тоосунан жаркырап чыгып, бүт дүйнө элине ак шооласын чачып турган, Чолпон жылдыздай болгон улуу жазуучубуз быйыл он экинчи декабрда туптуура токсон беш жашка толот. Буга карата бүткүл жерлерде зор даярдыктар көрүлүүдө.

Чыңгыз Айтматов менен сыймыктанабыз, анткени чыгармалары ааламга таанылып, кыргыз эли дүйнө элине таанылып, суктандырып келебиз.

Практика: 1-тапшырма: (9 мүнөт)  1-кичи топ:

“Биринчи мугалим” повестинен үзүндү аткарып бергиле.

ААЛАМ КЕЗГЕН АЙТМАТОВ

Дүйшөн: — Оо, жеңе, иш илгери болсун! Мына, балдар болуп баарыбыз конокко келдик.

Жеңеси: — Келгиле.

Дүйшөн: — Кана, эмесе, бүгүн окуу башталат. Кызыңыздын жашы канчада?

Жеңеси: — Мунун жаш-пашын эмне кыласың? Буга окшогон томаяк куу жетим эмес, нанды нана деп жүргөн аталуу-энелүү да окубай жүрөт. Тээтиги ээрчитип жүргөн балдарыңды эле окутуп ал. Мында ишиң болбосун.

Дүйшөн: — Бул эмне дегениңиз? Жетим деген кудайга жазыптырбы? Жетим кыздар окубасын деген закон бар бекен?

Жеңеси: — Закон-паконуң менен ишим жок.

Дүйшөн: — Байкап сүйлөңүз, бул кыз сизге кереги жок болсо, кеңеш өкмөтүнө керек. Жооп берип жүрбөңүз.

Жеңеси: — Ой сен каяктагы чоң элең? Багып жүргөн кызымды мен билемби же тентип келген….

Агасы: Эй, качантан бери элди башкарып, билерман болуп кеткенсиң?! Көп сүйлөбөй ишиңди кыл! Анда Таштанбектин баласы, чатагыңды кой, алып кет кызды. Мектебиңе окутасыңбы, чокутасыңбы, айда, чатагыңдын кереги жок, алып кет.

Жеңеси: — Муну мектепке талтаңдатып коюп, сокуну ким жанчып, жаргылчакты ким тартат экен?

Агасы: — Жап, жаагыңды калжырабай! Дегеним деген, айтканым айткан.

2-кичи топ: Чыңгыз Айтматов боюнча текстти окуп, кластер түзгүлө.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында төрөлгөн. Атасы Төрөкул Айтматов, апасы Нагима Хамзаева өз кезинен эң билимдүү адамдарынан болушкан. Чыңгыз Айтматовдун балалык чагы Улуу Ата Мекендик согуш учуруна туш келип, ал 14 жашында айылдык кеңештин катчысы болуп иштеген. Анын “Гезитчи Дзюйо” аттуу эң биринчи аңгемеси 1952-жылы жарык көргөн. Айтматовдун “Биринчи мугалим”, “Жамийла”, “Ак кеме”, “Эрте келген турналар”, “Гүлсарат” жана башка чыгармалары дүйнө элдеринин көптөгөн тилдерине которулган.

              1928-жылы         12-декабрда            Талас облусунун      Кара-Буура

                                                                                                                       району

 

     Ч Айтматов

Шекер айылы                                                                         атасы Төрөкул Айтматов

Апасы Нагима Хамзаева                                                      14 жашында айылдык

кеңештин катчысы

“Гезитчи Дзюйо” аңгемеси                                               “Ак кеме”

“Биринчи мугалим”                                                         “Жамийла”

“Эрте келген турналар”                                           “Гүлсарат”

 

3-кичи топ:   Дүйшөн бонча синквейн түзгүлө.

  1. Зат атооч Дүйшөн
  2. Сын атооч Эрктүү, тайманбас, акылдуу
  3. Этиш Түшүндүрөт, окутат, шыктандырат.
  4. Фраза     Мектеп ачып, бала окуткан.
  5. Инсан.

4-кичи топ: “Ак кеме” чыгармасынан бир көрүнүш сүрөт тарткыла.

 

Белгиленген убакыттан кийин ар бир кичи топтор берилген тапшырмаларын презентациялашат. (15 мүнөт)

Сабакты бышыктоо: 1-окуучу: (5 мүнөт)

Оо, Чыңгыз, Чыңгыз, сен океансың толкуп ташкан,

Толкундарың күү-шаа болуп жээкке урунган.

Прозанын майданынан жанар тоодой атып чыгып,

Күн чыгышта дайра болуп атыласың.

Бир кыргызга эмес,

Дүйнөнүн эли үчүн жаралгансың.

2- окуучу: “Менин Чыңгызым” деп жапондор да, немистер да,

Француздар да, англичандар да, негрлер да,

Өз тилинде, өз дилинде сүйүп окуйт,

Сени талашат Манаска окшотуп.

3-окуучу:  Чыгыштан жанса бир Чыңгыз,

Чыгыштан жанат топ кыргыз,

Асманда жанса миң жылдыз,

Жерден жанат бир Чыңгыз,

Токсон беш жаш ааламды бийлеп турат.

4-окуучу: Туула электе Чыңгыздын,

Рухун көргөн кыргызым.

Миң жыл мурда эгерим,

Чыңгыздын бизге келээрин.

5-окуучу: Алла талла кудурет,

Атаа кылган турбайбы.

Акылга толуп Чыңгызым,

Ааламды ойлоп атабы.

Биз талыкпай эмгектенип, окусак, өзүбүз каалаган кесипке ээ болуп, дөөлөткө жетишебиз. Чыңгыз Айтматов: “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” дегендей, ар дайым изденип, талыкпастан эмгектенүү менен бийиктикке жетүүгө болот. Чыңгыз Айтматов өзү сабак болуп, чыгармалары аалам кезип, кыргыз элин даңктап турат.

Үй тапшырма: (1 мүнөт) Чынгыз Айтматовдун кинофильмдеринен көрүп келүү

Баалоо: (1 мүнөт) Кичи топтор бири-бирин баалашат жана мугалим жыйынтыктап баалайт.

Бөлүшүү

Комментарийлер