АК ЖОЛ САГА, “ДАВХА”!

  • 18.01.2021
  • 0
АК ЖОЛ САГА, “ДАВХА”!

Учурдагы маалыматтык мейкиндик окутуунун фактологиялык жана мазмундук бөлүгүн окуучулар  үчүн жеткиликтүү кылгандыктан, мугалимдин негизги функциясы дагы өзгөрдү: окуучуга билим бергендин ордуна, мугалим ага өз алдынча билим алып, маалыматты өздөштүрүүсү үчүн түрдүү көндүмдөрдү берүүсү зарыл. Биринчи кезекте мугалим ар бир окуучунун өзүнө ылайыктуу окуу стилин табууга жардам берүүсү тийиш, ошондо гана ар бир окуучу өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыра алат.                                                                           Мына ушул өңүттөн караганда, Бишкек шаарындагы «Давха» мектеп-комплекси  2020-2023-жылдарга карата   «Санарип технологиясын колдонуу аркылуу  жеке инсанга багытталган окутуу жана тарбиялоо» деген темада  иш алып барууну чечти. Ал бир нече артыкчылыктуу багыттар аркылуу ишке ашырылат:                                                                                                        Жеке инсанга багытталган билим берүү аркылуу  окуучулардын негизги компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу;                                                                                                          Окутуу процессинде маалымат технологиясын кеңири колдонуу аркылуу электрондук билим берүү чөйрөсүн түзүү;                                                                                 Окуучуларды  руханий,интеллектуалдык жактан  өнүгүүсүнө  жана   алардын чыгармачылыгынын өсүшүнө шарт түзүү;

  Мезгилдин талабына татыктуу талапкер мугалимдер жамааты

Мугалимдин чыгармачы­лыгы – анын ички маданияты, инсандык дарамети болсо, экинчиси – анын кесипкөйлүгү, азыркы тил менен айтканда, компентенттүүлүгү жана коомдун колдоосу болгондо гана педагог жаратман эмгек­тин бийиктиктерин багынта алат.  «Давха»  мектеп-комплексинин дагы бир артыкчылыктуу жагы-бул педагогикалык жамааттын кесиптик адистиги жогору, өз ишин мыкты билген, чыгармачыл күчтүү  мугалимдерден тургандыгында.                                                                                                             “Давха” мектеп-комплекси өз билимин келечектин муундарына  2003-жылдан бери талыкпастан, жогорку чыгармачылыкта, ар тараптуу берип келет. Бүгүнкү күнү үч жүздөй бала билим алат. Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Мектептин билим берүү миссиясы-келечектен өз ордун тапкан, жөндөмдүү инсанды тарбиялоо. Мугалимдер жамааты санына карабастан, сапаттык жактан өсүүнү бир добуштан колдоп, бири-бирин чыгармачылык колдоо менен учурдун тынымсыз өзгөрүлүп турган агымына карай “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” иштеп келишүүдө. Жамааттын бул күчүнө, ыңгайлуу түзүлгөн иш маанайына административдик жетекчиликтин колдоосу, кошкон салымы чоң.

Предметтик сабактарды тереңдетип окутуу                                                                                      Чет тили өсүп келе жаткан жаш муунга чет өлкөлүк элдер менен байланыштырууга, башка мамлекеттер менен болгон мамилени чыңдоого, келечекке ишеним кадам таштоого, ааламга жол ачып берүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Ал үчүн окуучуга мугалимдин берген билиминин пайдубалы бекем болуусу шарт. Ошондуктан, “Давха” мектеп-комплексинде компетенттүү, терең билимдүү, жогорку коомдук милдетин сезе билген, окуу тарбиялык процессти жакшы уюштура билген мыкты чет тилчи мугалимдер конкурстук негизде кабыл алынып, чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүп келишет. Чет тилдерге окутуунун максаты – окуучулардын коммуникативдик, баарлашуу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү болуп саналат. Бул болсо дүйнөлүк коомчулук алкагына кирүүгө жана андан ары ийгиликтүү эмгектенүүгө жол ачат. Чет тили предметинин негизги милдети – коммуникативдик компетенттүүлүктү б.а. дүйнө элдери менен инсандык, маданий аралык карым-катнашка даярдыкты жана ага болгон жөндөмдүүлүктү калыптандыруу болуп саналат. Бүгүнкү күндө чет тилин окутуу процесси мугалим менен окучуунун өз ара баарлашуусу, окучуулардын бири-бири менен болгон пикир алышуусу жана алардын биргелешкен ишмердүүлүгү катары түшүндүрүлөт. Чет тили мугалимдери окуучуларга жеке жана ар тараптуу мамиле жасоого таянып, инсанга багытталган, кызматташтыкта окутууну, долбоорлоо методдорун колдонуп ишке ашырышууда.                                                                                                         Анапияева Асель TEFL жана TESOL курстарынан сабак алса, Бейшеналиева Жанат Skyeng платформасында мугалим жана «Мугалим» проектисинде ментор (ZOOM, CLASSROOM). Мугалимдер ээ болгон сертификаттын дагы бир артыкчылыгы англис тили жогорку денгээлде экенин тастыктап аны өз эне тилиндей, англис тили эне тили  эмес окуучуларга, окутууга мүмкүнчүлүк берет. Бул курстардан тилди окутуунун жана окуу пландарын туура жазуунун жолдорун үйрөтүшөт. Окутуунун коммуникативдик методуна жана ар бир окуучуга кантип туура мамиле кылууга басым жасалган. TESOL жана TEFL күбөлүгү, түбөлүккө берилет жана анын негизги максаты бүт дүйнө жүзү боюнча англис тили мугалими болуп иштөөгө мүмкүнчүлүк берет!

Жыйынтыгында, Жанат Сапарбековнанын 11-класстагы окуучусу Нурланбекова Касиет Түрк мамлекетиндеги Анталия шаарында өткөн олимпиададан англис тилден 2-орунду, 6-класстын окуучусу Акимбекова Асия 2-орун, 6-класстын окуучусу Ушур Фатима 1-орунду багындырышты.

Эл аралык уюмдар менен өнөктөштүк

Окуучулардын билимин ар тараптуу өнүктүрүүнү жана мугалимдердин кесиптик тажрыйбасын жаңылап туруу максатында  «Давха» мектеп-комплекси эл аралык уюмдар менен бир нече долбоорлор аркылуу тыгыз кызматташып келет.  Алардын бири NAMA        ( NAMA INTEGRATED CENTER FOR EXCELLENCE) алдыңкы тажрыйбаларды интеграциялоо борбору-коомчулуктагы уюмдардын  билим берүү  мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү   жана аларды өнүктүрүү   боюнча  консултациялык кызматтарды аткарат.Билим берүү жаатында төмөнкү  программалар  ишке ашырылып жатат:

  • Мектеп жетекчилери үчүн – Edulead(Билим берүү лидерлери);
  • Мугалимдер үчүн – ROOTS(  алдыңкы мугалимдердин жол картасы)
  • Ата-энелер үчүн – Parent School(Ата-энелер мектеби);
  • Для учеников – BRIGHT BOOT CAMP(Окуу лагери).

Дагы бир долбоор бул-Mugalim. Mugalim – бул Кыргызстанда онлайн окутууну уюштурууда техниканы колдонуп билим берүүнү чечүүгө таяныч.

«MUGALIM» пилоттук долбоору 2020-жылдын 16-августтунан 26-августка чейин чыккан.

Долбоорго Google Classroom жана Zoom боюнча билимин сынап, конкурстан өткөндөрдү кабыл алышкан. Пилоттук долбоорго башталгыч класстын мугалими Гүлира Азимовна катышып,пилоттук долбоордун учурунда аралыктан окутуудагы куралдарды пайдалануу боюнча Ош жана Бишкек шаарынан эки мугалимди окутууга жетишкен.Ошондой эле,ушул аралыкта эл аралык билим берүү багытында зор тажрыйба топтоп, 1531 мугалимдин ичинен долбоордун жетекчиси Жамангулова Айсулуу Гүлира Азимовнаны бирге иштешүүгө чакырып, мугалим-ментор сертификатыны ээ болду.

 

Электрондук билим берүү чөйрөсү-замандын талабы

Мамлекетибиздин санариптештирүү жана автоматташтыруу программасына ылайык 2020-2021-окуу жылында   мектеп «Элжур.кg» электрондук платформасына кирген. Эң ыңгайлуусу чейрек сайын берилүүчү отчеттор,мониторингдер автоматтык түрдө чыгарылып турат. Мында ар бир окуучунун өздөштүрүүсү жөнүндө толук маалымат алууга болот. Электрондук журнал жана электрондук күндөлүктү колдонуу менен ашыкча убакыт коротуудан,ашыкча кагаз толуруу түйшүгүнөн арылуу менен ата-эне, мугалим,окуучу үчүн айкын маалымат камсыздалды. Автоматташтыруудагы негизги максат:  мугалимдин ишин  жеңилдетүү, ата-эне менен байланышты күчөтүү болду, Ошону менен катар эле, алдыда күтүлүп жаткан «Я класс» электрондук платформасы менен кызматташуу да өз жемишин берет деп ишенебиз.

Мектеп-комплекстин жетишкендиктери

Окуу жылынын башталышында “Аракет” коомдук фонду тарабынан уюшулган 2- респуб-ликалык олимпиадага катышкан 5-а классынын окуучусу  Акимбекова Асия англис тилинен 2-орун, 5-а классынан Марат кызы Азиза 3-орун,Мавлитова Эльназ 4-орун,Али Ибрагим Шаид 3-орун,Марат кызы Алия 3-орун,8-класстын окуучусу Эсен кызы Алтынай математикадан 5-орунга ээ болушкан.                                                                                                                                                   Райондук олимпиадага 19 окуучу катышып,5 окуучу алдыңкы орундарга татыган.Алсак, 11-класстын окуучусу Журобаева Фотимахон орус тилинен 1-орун, Эгембердиева Жаңылай тарых сабагынан 3-орунга ээ болуп, Республикалык олимпиадада Журобаева Фотимахон Шерали кызы орус тилинен 3-орунду багындырды.                                                                                                                  Аралыктан окутуунун кыйынчылыктарына карабастан, мектепте кадимки регламенттин негизинде түзүлгөн расписание менен сабактар үзгүлтүксүз өтүлүп, үзүрүн жалпы республикалык тест көрсөттү десек жаңылышпайбыз.Тестке 19 бүтүрүүчү катышып, “Алтын сертификатка” Журобаева Фотимахон Шерали кызы 225 балдык көрсөткүчкө жетишип, алдыңкы он мыктынын бирөө болду.

Балдар-биздин келечегибиз!

“Давха” мектеп-комплексинде мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоочу “Давха-Малыш” балдар бакчасы келечектин ээлери бөбөктөргө ар тараптуу билимдин, тарбиянын негиздерин берип, ата-энелердин алкышына татып, кызуу иштөөдө.                                   Балдарды мектепке даярдоодо негизги талаптардын бири-эстетикалык жана маданий тарбиянын үлгүлөрүнөн алгачкы маалымат берилет, көнүктүрүлөт. Балдар бакчасында майрамдык иш чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Иш-чаралардын негизги максаты: балдардын дүйнөнү таанып-билүү жөндөмүн өстүрүү, бири-бири менен болгон пикир алышууну өнүктүрүү.                Иш-чараларды өткөрүүдө педагогдор өзгөчө төмөнкү милдеттерди жетекчиликке алышат:          1.Тарбиялануучуларды чыгармачылык ишмердүүлүккө тартуу.                                 2.Эмоционалдуу маанайда болуу,ар дайым көңүлдүү жана ишмердүүлүк менен алектенүү.            3.Балдарды коммуникативдик байланышка көнүктүрүү, иш-чаралар учурунда көрүүчүлөр, катышуучулар, меймандар менен түшүнүшө алууга жекирүү.                                                           4.Балдардын чыгармачылыгынын жыйынтыгы ар убак позитивдүү маанайды тартуулоосу эске алынат.

Башталгыч мектептин балдары мугалимдин сөзүнөн өзүлөрүн күзгүдөн көргөндөй болушат.

«Адамдагы балалык абийир дандагы түйүлдүк сыңары, түйүлдүгү жок дан өспөйт» деп Ч.Айтматов айткандай, мектеп ишинде башталгыч класстар өзгөчө орунда турат.Окуу жайдын кенже курактагы балдарга башталгыч билим берүүгө багытталган атайын класстары заманбап усулдар жана технологияларды колдонуп, классикалык-салттык билим берүүгө таянып, эффективдүү окутууну улантып келет. Мектеп окуучуларын жана мугалимдерин сапаттуу окуу китептер жана колдонмолор менен жетиштүү санда камсыз кылат.      Мугалимдер дайыма билимин өркүндөтүп, сабак берүүнүн эң эффективдүү жолдорун билип жана жаңы ыкмаларын колдонушат. Мисалы, “Пликерс”, “Сократив” сыяктуу заманбап веб куралдар сабактарды формативдүү баалоодо күнүмдүк сабактарда колдонулуп, кадыресе салтка  айланып калды. окуучунун жетишкендиктерин белгилөө жана өзүн-өзү туура баалай билүүсүн жогорулатуу. Бул жерде эң маанилүүсү окуучунун жетишкендиктерин белгилөө жана өзүн-өзү туура баалай билүүсүн жогорулатуу. Билим берүүнүн сапатын арттырууда, айрыкча, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык методикалык ыкмаларды колдоно билип,  гуманитардык багыттагы сабактарга тыкандык менен ар тараптан даярдык көрүп, түшүндүрүп окутууну активдештирүүгө көнүккөн мугалимдердин эмгеги  окуучуларды өз алдынча иштөөгө көнүктүрүп, билим берүүнүн натыйжалуулугу жогорулугун айгинелеп келет.

Дени сак бала-улуттун келечеги!

Эң биринчи байлык — балдар. Ар тараптан өнүккөн, келечекте эмгекке даяр болуусуна, дени сак чымыр чоңойуусуна педагогдор, ата-энелер жана дарыгерлердин тыгыз байланыштагы иш аракетинде ишке ашырылат. Азыркы учурда балдардын ден соолугунун темендөшү жылдан -жылга курч абалга  жетүүдө.            Чың ден соолуксуз иште эле эмес, бекем гармониялуу үй-бүлө курууда да, руханий жактан өсүп-өнүгүүдө да ийгиликтерге жетишүү мүмкүн эмес. Ден соолукту калыбына келтирүүдөн керө, алдына ала ага байма-бай кам көрүп сактоо, туура жол экени баарыбызга маалым.Мектептин дагы бир ийгиликтүү багыты-балдардын ден соолугун чыңдоочу дене тарбия сабагы дарыгердин, мектеп психологунун айкалышкан аракетинин натыйжасында жүргүзүлгөн иш-аракетинде.Бул аракеттер өзгөчө пандемия учурунда балдар аралыктан окуп жаткан процессте өз жемишин көрсөттү.Окуучулардын иммунитетин бекемдөөчү ыкманын бирөө-дене көнүгүүлөрү. 1997-жылдан баштап мектепте жалпы 1-класстан 11-класска чейин  омуртка тутумунунун кыйшайышына ,кемирчектин зат алмашуусунун бузулушуна каршы дене көнүгүүлөрүнүн түрлөрү сабак аралыгында аткарылып келет. Йога боюнча кесипкөй адис көнүгүүлөрдү өткөрүп , флешмоб уюштуруп турат.                                           Жаңы окуу жылынан баштап  СССР спортунун чебери Сердюкова Светлана Анатолевна омурткалар, жүрөк кан-тамырлар системасынын иштөөсүн жакшыртуучу, көздүн чарчашынан арылтуучу  иммунитетти бекемдөөчү комплекстүү көнүгүүлөрдүн иштелмесин иштеп чыкты. Окуучулар үчүн видео көнүгүүлөр ойнотулуп, окуучуларга көрүлгөн иштин жыйынтыгында ооруп окуусун калтырган окуучулардын саны кыскарды.

Мектептин маданий турмушу

Окуудан тышкаркы убакытта окуучулардын билим, билгичтик жана көндүмдөрүн өркүндөтүү жана тереңдетүү, өз алдынчалыгын жана жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү, ошондой эле алардын акыл-эстүү эс алуусун камсыздоо үчүн мектеп тарабынан  максаттуу иш – чаралар уюштурулуп турат. Мектептеги класстан тышкаркы иштер ар түрдүү формада уюштурулуп, окуучулардын кеңири катмарын толук камтып келет. Мектепте “Карылар күнүн” белгилөө салтка айланган.”Карысы бардын-ырысы бар” демекчи, жыл сайын өтүлүүчү бул иш -чара жаштарды улуу муунду сыйлоого тарбиялап келет. Майрамга удаалаш келүүчү дагы бир майрам-Мугалимдер күнү да окуучулар менен мугалимдердин ортосундагы өзгөчө кылдат, сый алаканы дагы бир жолу бекемдөөгө шарт түзгөндөй маанай калтырат. Жаратылыш койнунда эс алуу да бул жылы өзгөчө көңүлдүн борборунда болуп, Кегети капчыгайында мектеп жамааты толук эс алууда болушту. Эс алуу атайын туристтик компания аркылуу уюштурулду.Ал эми, жеке класс жетекчилер тарабынан уюштурулган иш-чаралар Г.Айтиев атындагы Көркөм-сүрөт музейи,Чоң-Таштагы Ата-Бейит тарыхый-мемориалдык музейи,Аалы Токомбаевдин үй-музейи ж.б.көптөгөн маданий эс алуу жайларында өтүп турат. Ден соолукту чыңдоо боюнча салтка айланган мугалимдер, тарбиячылар,окуучулар ортосунда “Ден соолук күнү”  аталышындагы спорттук мелдеш да жылына кызыктуу өтүп келет. Жыйынтыктап айтканда, “Давха” мектеп-комплекси ааламдаштыруу доорундагы тездик менен алмашылып, жаңыланып жаткан билим берүүнүн агымында кыйынчылыктарга каршы сүзүп, жаңыны калпып алып, кагаз жүзүндө  эмес,турмуштун реалдуулугунда жашап жатат десем жаңылышпасмын. Ак жол сага “Давха”, бүчүрлөрүң дагы ачыла берсин!

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер