7 саны менен таанышуу

  • 22.01.2024
  • 0
 7 саны менен таанышуу

Негизги компетенттүүлүктөр:

1. Маалыматтык компетенттүүлүк.

2. Социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк.

3. Өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү компетенттүүлүгү.

Предметтик  компетенттүүлүк:

ПК-1. Математикалык жаңы маалыматтарды таанып билүү, аны колдонуу жана элементи менен жаза билүү компоненттүүлүгү.

ПК-2. Математикалык түшүнүгүн тереңдетүү жана бышыктоо компоненттүүлүгү.

ПК-3. Математикалык көндүмдөрдү талдоо.

ПК-4. Жашоо тиричилик менен байланыштыруу.

Сабактын максаты: 7 саны менен таанышат. 7 санын элементи менен жазганды үйрөнүшөт. Өз алдынча алган билимди пайдаланып, турмушта колдонгонду билишет.

Сабактын тиби:  жаңы билимди өздөштүрүү.

Сабактын формасы: өз алдынча, топтордо эсеп чыгаруу.

Колдонулуучу методдор жана ыкмалар: “Моделдердин көптүгү” стратегиясы көрсөтмөлүүлүк, түшүндүрүү, айтып берүү, өз алдынча, жупта, топтордо иштөө ыкмалары.

Сабактын жабдылышы: окуу китеби, иш дептери, темага карата сүрөттөр, 1-100 таблица матрицалар, боолонгон таякчалар, слайд.

Сабактын жүрүшү:

1 этап. Сабакты ачуу жана сабакка киришүү, мотивация уюштуруу, шыктандыруу (2 мүнөт)

Классты жана окуу жабдыктарын даярдоо. Окуучуларды сабакка уюштуруу. Сабакты кабыл алууга жагымдуу маанай түзүү. Класс геометриялык фигуралардын жардамы менен бөлүнүшөт. Турмушта саноо, ченөө эсептөө бар. Жети өлчөп, бир кес деп элде айтар. Мектепте окуп үйрөнөбүз тактыкта жашоонун өзү бул математика.

Үй тапшырмаларын текшерүү (2 мүнөт): Өтүлгөн темаларды кайталоо: 6 санын кантип алабыз? Доскада жазып көрсөтүп беришет.

2-этап. Окуучуларда түшүнүүнү калыптандыруу, теманы жана күтүлгөн окуу натыйжаларын жарыялоо (4,5 мүнөт).

Сүрөттүү табышмак айтылат. Талаага сейилдегени 3 коён келет. Аларды көрүп дагы 4 коён секирип келип калат. Баардыгы канча коён болуп калды? Окуучуларга сабактын темасы жана максаты айтылат. Мотивация  берилет. 6 жана 7 сандарын кантип алууга болорун билебиз. 7 цифрасын жазууну үйрөнөбүз.

Слайд менен тааныштыруу. Силер билесиңерби?

  • Музыкада 7 нота бар.
  • Күн желеси 7 түстөн турат.
  • Кыргызстанда 7 область бар.
  • Кыргыз элинин өткөн ата-бабаларын саноодо 7 саны колдонулат.
  • Келечектеги адам баласынын тукумунун аталышы 7 санына байланыштуу.
  • Бир жумада 7 күн бар.
  • Нооруз майрамында жасалуучу сүмөлөк 7 даам менен жасалат.

7 цифрасын жазуунун элементин доскадан слайддан көрсөтүп берүү. Сөөмөйлөрү менен абага жазуу. Биринин далысына жазуу. Слайддагы  сүрөттөр менен иштөө.

Талкуулоо:

Бир нече окуучудан жооптору менен бөлүшүүсүн жана өздөрүнүн ой жүгүртүүсүн түшүндүрүп берүүсүн өтүнүү.

Багыттоочу суроолор

  • Силер кандай жооп алдыңар?
  • Жообу 7 балык экенин кайдан билдиңер?
  • Алган жообуңду түшүндүрүп бере аласыңбы?
  • Ким өзүнүн чыгарылышы менен бөлүшө алат?

Карама-каршы пикир жаратуу:

Башка мектептин окуучусу 5 балык кармады дейли.

  • Силер макулсуңарбы же макул эмессиңерби? Эмне үчүн?
  • Силердин оюңарча, эмне үчүн ал ушундай деп ойлойсуңар?
  • Бул окуучуга силер эмне деп айтат элеңер?

Практикалык машыгууларды жүргүзүү (15-20 мүнөт): 

Ар бир поездде канча вагон бар? Кайсы поездде вагондор көп? Канчага көп? Карточкаларда кайсы сандар көрсөтүлбөй калган?

7-1=

6-1=

5-    =4

№3

Сүрөткө карап жазууларды танда.

№ 4

4-3 жазуулар боюнча аңгеме түзгүлө.

Доскада, өз алдынча иштеген окуучулардын билими бааланат.

3-этап. Окутуунун жыйынтыктарын баалоо (4-5 мүнөт):

Ыкчам текшерүү. № 5

Кесиндилерди узундугу боюнча салыштырабыз. Сандарды чоңунан баштап ирети менен санашат (мактоо, демилгелөө менен баалоо, бири-бирин баалоо).

Үйгө тапшырма берүү: жумушчу дептердеги 7 санын жазып келүү, 21-бет. 7 атаңарды билип алуу. 

 7 саны менен таанышууЖылдызкүл Өмүрова, Ү.Калиев атындагы Чолпон жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер