6 күнгө – 6 багыт
- 20.05.2024
- 0
Автордук усул
Тамчы айылындагы мектеп-гимназияда жуманын алты күнүн алты максаттуу багытка бөлүп, “6 күнгө – 6 багыт” автордук усулун иштеп чыгышкан.
Чындыгында “6 күнгө — 6 багыт ” автордук усулу бул жөн гана жуманын алты күнүн формалдуу алты багытка гана бөлүп коюу эмес, түшүнгөн адамга бул усулдун мааниси, максаты өтө терең, өтө масштабдуу болуп саналат. Автордук усулдун идеясы 2020-жылы мектепке жетекчи катары келгенимде пайда болгон. Эмнеден улам пайда болгон? Биз тарбия берип жаткан, биз өстүрүп жаткан “чырпыктар” кайсы багытта кетип бара жатат, кимдерди тарбиялап жатабыз, кийинки муун кандай болуусу зарыл, кыргыз элинин эл катары, улут катары сакталышы үчүн балдарыбыздын модели кандай болуусу зарыл, жетекчи катары мектепти кандай багытта алып кетем, кандай кылып билимге, тарбияга көп учурда суз мамиле кылып жаткан мектеп коомчулугун ойготом деген максатта автордук усул пайда болгон.
Бул биздин мектептин азыркы учурдагы билим берүүнүн талаптарына толук жооп берген ички идеологиясы десем болот. Түпкүлүгү, мазмуну жагынан президентибиз Садыр Жапаровдун жарлыктарына, Билим берүү жана илим министрлиги приоритеттүү катары коюп жаткан көп тилдүүлүк, STEAM ыкмасы, PISA эл аралык баалоо уюмунун баалоосуна даярдык көрүү сыяктуу иштерге мазмундаш, тутумдаш болгону биздин мектептин туура багытта кетип жаткандыгы жөнүндө кабар берет деген ойдомун.
Дүйшөмбү – Улуттук баалуулуктар күнү.
Шейшемби – Так жана табигый илимдер күнү.
Шаршемби – Чет тилдер күнү.
Бейшемби – Көркөм-эстетика күнү.
Жума – Ыйман, адеп-ахлак күнү.
Ишемби – Ден соолук күнү.
Улуттук баалуулуктар күнү
Кыргыз эли улут катары канчалаган кыйынчылыктарды башынан өткөрсө да, мамлекет катары сакталып калуубуздун бир себеби — бул анын улуттук баалуулуктары деп ойлойм. Алар: каада-салт, жазылбаган мыйзамдар ж.б. Ошондуктан биздин балдар кыргыз элинин баалуулуктарын (каада-салттардын чыныгы маңызын (тушоо кесүү, мисалы, тушоо кесүүдө мурун улуу кишилер, аялзаты чуркаган эмес) элибиздин илгерки астрономиялык, математикалык, биологиялык ж.б. билимдерин (айды карап аба ырайын аныктоо, макал-лакаптардагы химиялык реакциялар, макал-лакаптардагы физикалык кубулуштар, макал-лакаптардагы математикалык түшүнүктөр), унутулуп бараткан кесиптерди (саяпкер, мүнүшкөр, касапчы, тамырчы) ж.б. эстен чыгарбай, ошол эле мезгилде азыркы заманбап жашоо менен да теңтайлаш болуусу зарыл. Дүйшөмбү биздин мектепте Улуттук баалуулуктар күнү. Бул күндүн ички жана сырткы көрүнүштөрү бар. Сырткы көрүнүшү көбүн эсе улуттук кийимдерге байланыштуу. Мисалы, биздин окуучулар, агайлар калпакты 5-март гана кийбестен, ар дүйшөмбү мектепке кийип келсе, кыздарыбыз беш көкүл өрүп, аталган күнү мүмкүнчүлүккө жараша мугалимдерибиз да, окуучулар да улуттук колоритти камтыган кийимдерден киет. Ички көрүнүшү андан да маанилүү. Мисалы, сабактарды алсак, кайсы предмет болбосун сабагынын бир бөлүгүндө 1-2 мүнөт улуттук баалуулуктарга тиешелүү маалымат бере кетет. Мен математика мугалими болсом да окуучуларга “Өркөнүң өссүн” деген бата сөзүндө “өркөн” деген сөздүн маанисин айтып, чогуу талкуу кылабыз.
Так жана табигый илимдер күнү
Мамлекеттин өнүгүшү так жана табигый илимдердин өнүгүшүнөн түздөн-түз көз каранды. Ошондуктан биздин балдар так жана табигый илимдерге байланыштуу ар кандай ачылыштардын, окуялардын тарыхын, негизи эле так илимдер боюнча үстүртөдөн эмес, кенен, жугумдуу билим алуусу зарыл. Азыркы учурда популярдуу болуп жаткан “STEAM” багыты да акцентти ушул так жана табигый илимдерге койгон. Шейшемби биздин мектепте Так жана табигый илимдер күнү. Анткени аталган илимдер бул жашоонун өзү. Өнүгүүнүн кыймылдаткычы. Окуучуларыбызда жана мугалимдерибизде аталган предметтер боюнча түшүнүгү кең болсо, ой-жүгүртүүсү тунук жана терең болот деп ишенимдүү айта алам.
Чет тилдер күнү
“Канча тил билсең, ошончо адамсың” дегендей, мурун чет тилин билген адамдарга таң калсак, азыр чет тилин колдонуучу деңгээлде билбесең бирөөнү таң калтырып жана уят да болуп калуу коркунучу бар. Ошондуктан биздин балдар (Тамчы айылындагы мектеп-гимназиясы) чет тилдерди жакшы деңгээлде билүүсү зарыл. Бул жөн гана англис же орус тилин билүү эмес, мисалы, математика сабагында математикалык эң жөнөкөй, биология сабагында эң жөнөкөй биологиялык түшүнүктөрдүн ж.б.у.с. (физика, химия, кыргыз тил, …) предметтерин окуу процессинде колдонулуучу терминдерди (үч бурчтук, чекит, барабар, айлана ж.б.у.с.) англисче котормосун билүү. Же болбосо башка варианты кыргыз тилиндеги түшүнүктүн орусча котормосун билүү дегенди билдирет. Мисалы, кыргыз классында окуган балдар бөлчөктүн алымы — числитель, бөлүмү — знаменатель же орус класста окуган балдар неравенство — барабарсыздык болуп которуларын билбеши толук мүмкүн. Мен, математика мугалими катары, темама тиешелүү математикалык терминдердин беш-алтоосунун англисчесин сабак учурунда доскага жазып, бир учурда окуп, талкуулап коёбуз. Мисалы, айлана -“circle”, ушул жерден окуучулар циркуль деген сөз кайдан чыкканын аңдап-түшүнүшөт. Же болбосо квадрат — “square”. Бул скверь деген кадимки адамдар сейилдөөчү жай.
Көркөм-эстетика күнү
Адам баласы эстетикалык жактан өнүкпөсө, эстетикалык жактан тарбия албаса ал сезимтал, сезе билүү, кайгыруу ж.б.у.с. сапаттары жакшы өрчүбөй калат. Ал бала ата-энесине да, мектебине да, мамлекетине да кайдыгер, бейкапар болуп, алган билиминин пайдасы эмес, көбүрөөк зыяны тийип калат. Ошон үчүн бул күнү биз ар кандай тарбиялык маанидеги окуяларга, көркөм ырларга, ата-бабалардын накыл сөздөрүнө басым жасаган иштерди алып барабыз. Эстетика бул негизи эле сезе билүү, туя билүү деп которулат. Эгерде биз тарбиялап, өстүрүп жаткан окуучуларда сулуулукту көрө билүү же терс көрүнүштөргө боор ачуу сыяктуу сезимдер жок болсо, анда биз билимдүү роботторду тарбиялап жаткан болобуз. Анткени чыныгы кыргыз жараны табият, улут, мамлекет үчүн күйүүсү эң негизги фактор.
Ыйман, адеп-ахлак күнү
“Уулду төрөйт, уятын кошо төрөбөйт, кызды төрөйт, кыялын кошо төрөбөйт” дегендей, жыл сайын жаш улан-кыздар мектептин босогосун аттаса, башкалары ошол эле маалда мектепти окуучу катары аякташат. Максат — биздин жүзүбүз болгон биз тарбиялаган балдар ыймандуу, адеп-ахлагы жогору, үлгүлүү балдардан болуусуна кам көрүү, иш жүргүзүү. Анткени ыймандуу адам мугалимди да, окуучуларды да, деги эле коомду да сыйлаганды, коомдо өз жоопкерчилигин сезе билип, мамлекет үчүн таза, чын дилинен кызмат кылат. Адеп-ахлагы жогору болгон окуучу сабакта убактысын туура колдонот, билим алууга ашыгат. Адеп-ахлагы, ыйманы бекем окуучу билим алуунун кадырын билет, ал устаты болгон мугалимине, ата-энесине ар дайым сый мамиле кылат. Ошондуктан бул күнү окуучулар тараптан да сабакта таасирдүү окуялардан, учкул сөздөрдү жалпы классына айтып, чечмелөөсүнө убакыт бөлөбүз.
Ден соолук күнү
“Дени сактын — руху бийик” дегендей, жуманын бир күнүн ден соолукка арноо, албетте, аздык кылат, бирок биз “уктап жаткан” окуучуларды, айрым бир мугалимдерди балким сергек жашоого үндөө максатында жуманын ишемби күнүн “Ден соолук күнү” деп атадык. Анткени эгерде чың ден соолук болбосо жогорудагы айтылган багыттардын ишке ашышы толук кандуу болбойт деп ишенимдүү айта алам. Ишемби бизде Ден соолук күнү. Ошондуктан ишемби күнү биз мугалим, ата-эне, окуучулардын катышуусунда футбол, жөө жүрүш, чуркоо марафону ж.б.у.с. спорттук иш-чаралар, таймаштар өтөт.
Сиздерде, балким, жекшемби күнү жөнүндө суроо туулушу мүмкүн. Жекшемби биздин окуучуларга атайын багыт катары каралган эмес. Анткени бул күнү ар бир окуучу өзүн-өзү өнүктүрүү үчүн өзүнө жаккан багытты тандап алса болот.
Бул «6 күнгө — 6 багыт» автордук усулун 2020-жылы жазгам. Ал өлкөдөгү башка мектептерге да жайылып, максатына жетет деп ишенем.
Нурдан Эшимканов, Ысык-Көл районуна караштуу Тамчы мектеп-гимназиясынын математика мугалими жана директору
Комментарийлер