АТАМДАН КАЛГАН ЭЛЕСТЕР

  • 15.01.2024
  • 0
АТАМДАН КАЛГАН ЭЛЕСТЕР

Бегимжан Каскеримова,

Бишкек шаарындагы №64 мектеп-гимназиясынын

кыргыз тили жана адабияты мугалими

Кыргыз тил 9-класс (орус класстар)

Сабактын грамматикалык темасы: Текст менен иштөө

Сабактын кептик темасы: Атамдан калган элестер

Сабактын максаттары:

— Ч.Айтматовдун ата-энесинин өрнөктүү өмүрү тууралуу таанышасыңар;

Ч.Айтматовдун ата-энеси тууралуу маалыматты аргументтеп анализдейсиңер;

 Ч. Айтматовдун залкарлыгын кандай бааласак болот?

Сабактын тиби: жаңы тема

Сабактын методу: коммуникативдик метод (логикалык ой жүгүртүүгө карата суроолорду түзүү жалпы топ менен иштөө, жалпы топ менен талкуулоо), интерактивдик методдор:       ( пирамидалык окуя, эки бөлүктүү күндөлүк, жөндөмөлөр боюнча байланыштуу текст түзүшөт).

Сабактын формасы: аралаш;

1.жекече иштөө

2.топ менен иштөө

3.коллектив аралык иштөө

Сабактын жабдылышы:   жаңы сөздөр, даярдалган текст, техникалык каражаттар(проектор).

Сабак аралык байланыш: орус тили, кыргыз адабияты, тарых.

Текст менен иштөөнүн ыкмалары:

1.Текстти окуп, таанышышат.

  1. Сөздүк иш
  2. Сөздүк карта
  3. Көйгөйлүү суроолорду түзүү
  4. Концептуалдык суроолорду түзүү
  5. Талкуу жүргүзүшөт
  6. Тесттик суроолор
  7. Цитата-комментарий

                                       Сабактын жүрүшү:

  1. Сабакты уюштуруу:
  2. Жагымдуу жагдай түзүү: Г.Сатылганова “Ысык-Көлүм”

Сабактын негизги бөлүгү:

1.Сөздүк иш:

булгаары- кожаные

араба – телега

кат-сабаты-грамотный

саясий куугунтук- политическая репрессия

  1. Сөздүк карта:

сөз- кайраттуу

котормосу- сильный, смелый

сөз тизмек- кайраттуу ата

синоним- чыдамкай, күчтүү

антоним- алсыз

сүйлөм- ЧыңгызАйтматовдун атасы кайраттуу адам болгон.

Атамдан калган элестер

Атам мага дайыма көз алдыма капкара коюу чачтары, талаага кийген көйнөгү, кончу узун булгаары өтүгү менен эсимде калды.

Атам кат сабаты жоюлган, Жамбылдагы орус мектебин бүтүргөн, отузга чыга электе жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген.

Кийин атамды Москвага жиберишти. Бир жарым жыл өзү болду, андан кийин апам менен үч бир тууганым болуп бардык. Туугандарыбыздын баары бизди Фрунзеден узатышты. Поезд менен туптуура беш күндө жеттик.

1-2-классты Москвадан окудум. Бизге бир бөлмө үй берген.

1937-жыл. Саясий куугунтук башталды. Ал бизди Кыргызстанга жөнөттү. Фрунзеге келгенге дагы болбойт, Таласты, Шекерди көздөй жөнөдүк. Иниси Рыскулбекке жөнөттү.

Ошондогу апамдын көз жашы, атамдын кайраттуулугу көз алдымда калды. Атам поезд менен кошо чуркап баратты, кол булгалай берди…

Купенин кребетинин үстүндө кечке ыйлай бердим, апам мени сооротту. Атамдан мына ушинтип алыстадык. 1937-жылы 1-сентябрда Маймак станциясына келдик, туугандарыбыз бизди күтүп жатышыптыр.

Ошентип, Шекерде жашап калдык…

“ Ата, мен сага эстелик тургуза албаймын. Сенин кайсы жерге көмүлгөнүңдү да билбейм. Мына ушул эмгегимди атам Төрөкул Айтматов, сага арнаймын. Апа, сен бизди өстүрүп адам кылдың. Сенин узак өмүр сүрүшүңдү тилеп, апам Нагима Айтматова, сага арнаймын”-деп “Саманчынын жолу” повестин ата-энесине арнады.

“Ата-Бейиттеги» мүрзө табылганда Чыңгыз Айтматов атасына минтип кайрылган: «Мен сизди элүү жыл издедим, күттүм, кыдырбаган жерим калбады. Балким, башка бирөөгө үйлөнүп алды деген ойлор да келди. Эгер көз жумган болсо жерге өз колум менен көмө албаганым үчүн өзүмдү күнөөлүү сездим. А сиз ошол жылдар бою ушул жерде жаттыңыз беле?».

1.Текстке карата фактологиялык суроолорду түзгүлө:

  1. Атасын кантип сүрөттөдү? Эмне үчүн?
  2. Атасы кандай кызматтарда иштеген?
  3. Атасын Москвага эмнеге жиберишти?
  4. Туугандары кайдан узатышты?
  5. 5. Саясий куугунтук качан башталды?
  6. Атасы үй-бүлөсүн каякка жөнөттү?
  7. Чынгыздын көз алдында атасынын кайсы сапаты калды?
  8. Чынгыздын абалы кандай болду?
  9. Кайсы чыгармасын эне-атасына арнады?
  10. “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде эмне деген ойду айтты?
  11. Концептуалдык суроолорду түзгүлө:

1.Атасынын тышкы келбетин Айтматов кантип сүрөттөп жатат, эмне себептен?

  1. Москвада кандай жашашты деп ойлойсуңар?

3.Саясий куугунтук дегенди кандай түшүнөсүңөр, Айтматовдун үй-бүлөсүнө таасири кандай болду?

  1. Шекер айылы Ч.Айтматов үчүн эмне?
  2. Эмне үчүн “ Атамдан калган элестер” деп атады деп ойлойсуңар?
  3. Атасына болгон сагынычын кантип байкап жатасыңар?
  4. Эмне себептен “Ата-Бейит” деп атады?
  5. Талкуу жүргүзгүлө:
  6. Демек, Ч.Айтматовго атасы чоң тарбия берген, себеби…
  7. Демек, Ч.Айтматовго апасы билим берген, анткени….
  8. Демек, чыгармалары турмуштагы чындыкты баалаган, анткени…
  9. Ч.Айтматовдун чыгармаларына саякат:

   1.Бүт ааламдын энеси-жер

Жалпы адамзаттын энеси-Толгонай.

Кайсы чыгармасы тууралуу айтылган?

  1. “Дүйнөдөгү махабат жөнүндө эң сонун баян”.

Кайсы чыгармасы тууралуу, ким айткан?

3.“Адам үчүн эң кыйыны – күн сайын адам болуу”. Кайсы чыгармага карата айтылган?

  1. Бул кайсы роман?

Бул роман Ч.Айтматовго таандык. Андагы идея адамзат жаратылышынын карама-каршылыгынын негизинде түзүлгөн. Бир жагынан адам өзү жаратылышты колдонот жана багынтат, өз ишмердүүлүгүнүн жемишин пайдаланат, экинчи жагынан кайра куруулары менен аны бузат. Ошентип, жаратылыш адамзаттын дүйнөсүнө айланат. Дисгармония трагедияга айланат.

Романда карышкырлар менен адамдардын тагдыры сүрөттөлөт.

  1. Бул кайсы чыгарма?

“Султанмурат башын шак көтөрүп асманды карады. Төбөсү ачык, түбү жок, тунук көктө коңгуроодой үн салып, кээде бири-бирине орун алмашып коюп, эки ача тизилген турналар учуп баратыптыр. Бийик учуп баратышат. Бирок асман андан да бийик”.

  1. Бул кайсы чыгарма?

“Ак кар, көк муз жердеген бу жаныбарды ушундан улам мөңгү барсы дешет, ал эми тоо жырткычтарын изилдеген илим анын түпкү тегин мышыктарга алып барат да, андан кийинкисин кабылан тукумунан тараган Теңир-Тоонун мөңгү барсы экендигин айтат…”

    7. Жыйынтыктоо:

  1. Эмне себептен Ч.Айтматов эң чоң жетишкендиктерге жеткен?
  2. Жашоодо көргөн кыйынчылыктар анын турмушуна таасир эттиби? Кантип?

Чыгарма жазууда жашоодо болгон кыйынчылыктары колдонулганбы?

  1. Ата-энесинин тарбиясынан улам ал ушундай залкар адам, жазуучу болдубу?
  2. Эмне үчүн чыгармаларын дүйнө жүзү кызыгып окуйт?
  3. Жашоосунда Ч.Айтматов эмнелерди жасай алган эмес?
  4. Цитата-комментарий: Ч.Айтматовдун айткан ойлорунун маанисин түшүндүрүп бергиле.
                  цитата     комментарий
Адам кайгыга батып турганда, анын ар бир сөзүнүн артында ондогон айтылбаган сөздөрү бар
Адамдын башкаларга кылар эң чоң жакшылыгы – үйүнөн адам болор балдарды тарбиялап өстүрүү
  1. Көзү өтсө да, кыргыз элине тийгизген таасири тууралуу окуяны айтып берем:

     2008-жылы Ч.Айтматов каза болгондо такси кызматында жыйырма жыл иштеген Бакыт деген жигит “Манас” аэропортунан Сергей деген Орусиядан келген кишиге жолугат. Ошол убакта көп чет элдиктер келишкен.

Машинасына отурганда сураса, Ч.Айтматов менен коштошкону келген окурманмын деп айтат. Мейманакана издеп, такыр таба албай койгондуктан, менин үйүмө жаша, сага жатакана, тамак-аш бекер болсун, бензинге эле акча берсең болот деп, шаар четинде жаңы конушта жашаган үч бөлмөлүү, чакан жер тамга алып барат.

Кыргыздын той-топуру көп эмеспи, ал маалда таксичи байкени ар ким тойго чакырып, тигил мейманын кошо ала жүрөт. Бирок ким экенин, кайда иштерин такыр сурабаптыр. Кетеринде Айтматовдун күйөрманы Бакытка ыраазычылык билдирип, колуна 30 миң рубль карматат. Ошол кездеги миң доллар болчу дейт, Бакыт. Көрсө, ал орусиялык окурман өз шаарындагы  тың бизнесмен экен. Бакыт байкеге кийин дагы 40 миң рубль салып, кышка калбай үйүн жылуулап алуусун айтат тигил мейманы, кийин Бакыт байкенин машинеси эскирип, жаңы алуу зарылдыгы чыгат ишинен улам. Ары-бери карыз сураса чыкпайт, акыры Сергейге билдирүү жазат, 5 миң доллар берип тур, чогултуп кайра берем деп. Сергей дароо эле рубль менен акчаны салып жиберет. Бакыт байке жанын чаап иштеп, 5 миңдин 3 миңин чогултат да,  жаңы жылдын алдында Сергейге азырынча            3 миңди ала туруусун, калганын кийин берерин айтты. Сергей дароо эле «колуңдагы акчаны үйүңдү толук бүтүр, же бизнеске сал, менин Айтматовду тааныткан ардактуу кыргызым»- деп жооп жазган экен. Ыйладым дейт Бакыт байке, аялы экөө ыйлашыптыр… Айтматов каза болсо да анын арты менен Орусиядын бир тууган тапканын айтып берди. Айтматовго абдан ыраазы экен…

Үй тапшырма: Эссе жазып келүү: “Адамга эң кыйыны – күнүгө адам болуу”-деген Ч.Айтматовдун сөзүн кандай түшүнөсүңөр? Өзүңөр жөнүндө жазгыла. Кантип адамдык сапатты күнүгө сактай аласыңар?

Критерийлер:1. мазмунду ачуу

  1. 8-10 сүйлөм
  2.   сабаттуу жаз
  3.   креативдүү идея кош

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер