КОШУУНУН КАСИЕТТЕРИ

  • 23.11.2023
  • 0
КОШУУНУН КАСИЕТТЕРИ

 

Жаңыл Жантаева,

Бишкек шаарындагы №71 Тоголок Молдо атындагы мектеп-интернатынын башталгыч классынын мугалими

Математика сабагы

Классы: 1-класс

Сабактын максаттары:

Билим берүүчүлүк: Кошуунун касиеттери жөнүндө маалымат алышат, кошуу амалын терендетип окушат.

Өнүктүрүүчүлүк: Алган билимдерин өркүндөтүшөт жана өз жашоосунда колдонууга багыт алышат. Сабакта кабыл  алуусун, эске сактоосун жана логикасын ѳнүктүрѳт.

Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар берилген тапшырмаларды, мисалдарды аткаруу менен топто иштеп,  шамдагайлыкка, бири-бирин сыйлоого тарбияланышат.

 Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү.

Сабактын формасы: Мелдеш сабак.

Колдонулуучу усулдар жана ыкмалар: Айтып берүү, суроо-жооп, интерактивдүү, сынчыл ой жүгүртүү ж.б.     

 Керектелүүчү каражаттар:  Окуу китептери, иш дептер, түстүү сүрөттөр, интерактивдүү доска, видео, көрсөтмө куралдар.

Сабак  аралык байланыш:  Математика, музыка, сүрөт, мекен таануу

Уюштуруу: Окуучуларды сабакка даярдоо. Сабактын тазалыгын текшерүү жана жоктоо. Топторго бөлүп, алтын эрежени түзүү.

Саламдашуу:

Адегенде саламдашып алалы,

Саламатсыңарбы, менин сүйүктүү балдарым!

Мен силерге сабагымда арнаймын,

Анан дагы жакшы маанай каалаймын.

— Анда балдар, силер менен жагымдуу маанай түзүп алалы.

— Балдар, келгиле эки колду белибизден өйдө көтөрөбүз.

— Ушул мен көрсөткөн “жакшы” жана “коёнекти” алмак-салмак жасайбыз. Кимдики окшошуп жатат?

— Азаматсынар, балдар! Кээ бирибиз жасап, кээ бирибиз жасай албай калдык, ээ? Үйдөн колубузду көндүрүп, жасап келебиз. Анда биз азыр күлүп тургандай жагымдуу маанай менен сабагыбызды баштайлы.

Балдарды электрондук журналда жоктоо

Алтын эреже:

— Сабакты баштарда алдын эреже түзүп алалы. Баракта чапталган 5 манжаңарга эреже түзөлү, а силер доскада илинген  эрежелерге номур коесуңар.

1) Убакытты туура пайдалануу

2) Сулуу жана элемент менен жазуу

3) Бири-бирин сыйлоо

4) Бири-бирин жана мугалимдин сөзүн уга билүү

5) Кол көтөрүп жооп берүү

Окуучулардын ишмердүүлүгү:

  • Сабакка даярданышат.
  • Окуучулар саламдашат.
  • Сабакка эмоционалдык маанай түзүлөт.
  • Топторго бөлүнүп алтын эрежени түзүшөт.

Үй тапшырманы текшерүү: 61-бет №8, №9 тапшырмалар.

№8  Фигуранын жактары 3, 5, 4

№9 Кайсы сандар жетишпейт 1, 2, 3, 4 ,5, 6, 7, 8, 9

— Балдар топто бири-бирибиздин тапшырмабызды текшеребиз, кимдики жок болсо, эскертүү берели.

Окуучулардын ишмердүүлүгү: Топто окуучулар бири-биринин ишин текшерет жана ким аткарбаса, эскертүү беришет?

Окуучулардын билимин актуалдаштыруу: Сабактын темасы жана максаты айтылат.

Сабактын жүрүшү

Кошуунун касиеттери

— Кана балдар, азыр класста канча кыз канча бала отурганыбызды санайбыз. Баарыңар ордуңардан туруп, музыка бүткөнчө кол кармашып бийлейсиңер! Ким кайсы жакка токтоп калса, ошол орунга отурасыңар. Көрдүңөрбү балдар, башка орундарга отурсаңар, класстагы сумма өзгөрдүбү? Кайрадан баарыбыз доскага тизилебиз балдар, отурган ордуңарды карагыла, бошпу? Бул  эмнени түшүндүрөт?

Окуучулардын ишмердүүлүгү: Окуучулар класста канча кыз, бала бар экенин айтышат. Ордуларынан туруп бийлешет кайсы орунга туш келсе, бийлеп, отуруп калышат. Демек, окуучулар орун алмашуудан сумма өзгөрбөгөнүн түшүнүшөт. Кайрадан баары доскага чыгып 0гө каалаган санды  кошсо, ошол сан келип чыгарын түшүнүшөт.

Практикалык иш:  Эми 62-бетти ачабыз, сызгычтын жардамы менен чын эле 0 санына каалаган санды кошсок, ошол сан келип чыгарын далилдейбиз, баарыбыз доскага көңүл бурабыз. Балдар досканы карашат. Чын эле  0 санына каалаган санды кошсо, ошол сан келип чыгарын айтышат.

 

Бышыктоо:

1-тапшырма

— Кана балдар, алдыңарга дарак берилген, ага мөмө жемиш өстүрөбүз.

— Ал үчүн балдар, ушул  кол чатырды айлантып кармайм. Ар бир топтон бирден окуучу келип, кесип,  тапшырма, мисалдарды  алат. Берилген кошуу амалындагы суммаларды табабыз, кайсы топ биринчи бүтсө, ушундай быйтыкча алат.

2-тапшырма

Класска 10 парта коюлган. Ага дагы 2 парта кошулду. Класста канча парта болуп калды?

3-тапшырма

Китептеги  кесиндини ченеп, канча дм, канча см бар экенин жазасыңар. Мен туура жоопторду алдыңарга коемун, ошону менен бири-бириңерди текшересиңер. Кайсы топтуку толук, туура болсо, 3 быйтыкча, бирөө туура эмес болсо 2 быйтыкча, 2 туура эмес болсо, 1 быйтыкча алат.

Окуучулардын ишмердүүлүгү: Бирден окуучу келип, кол чатырдан бирден кесип кетишет, аны топ менен аткарып  доскага илишет.

4-маселени топто иштеп, тууралыгын доскадан көчүрүп жазышат.

5-маселени аткарып, ченеп, сызышат.

Эс алуу мүнөт:

— Бий коюлат. Окуучулар музыканын коштоосунда бийлешет, бий аркылуу эс алышат.

Жыйынтыктоо:   

                   

Бүгүнкү өтүлгөн теманы жыйынтыктайбыз.

— Баарыбыз 10 манжаны ийинден өйдө алабыз, мен кошуу амалдарын айтам, силер манжалар менен иштейсинер. 4+5 =9 эми ушул эле амалды орун алмаштырып иштейбиз. Демек, балдар, орун алмаштырсак сумма өзгөрбөйт.

Окуучулар колундагы кошуу амалын, кошуунун касиетин көрсөтүшөт. Мисалы 5+6, 0+8 суммасын орун  алмаштырып иштешет.

Үй  тапшырма:

Үйдөн 62-бет 6, 7 мисалдарда жуп жана так сандарды ажыратып жазып келишет.

Рефлекция:

Бүгүнкү сабакта өтүлгөн кошуунун касиеттери түшүнүктүү болдубу? Үйрөндүңөрбү? Анда светофордун 3 өңүнүн жардамы менен колунарда турган түстүү тегеректерди алып, түшүнсөңөр — кызылды, түшүнбөсөңөр — жашылды, дагы түшүнгүңөр  келсе, анда сарыны көтөрөсүңөр.

Баалоо: Кайсы топ жеңсе, ошол топко жакшы деген баа коюлат. Окуучулар жооп бергендерине жараша бааланат.

Окуучулар бааларын угуп, күндөлүктөрүнө баа койдурат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер