МАКСАТ — ИЙГИЛИККЕ КАДАМ

  • 22.05.2023
  • 0
МАКСАТ — ИЙГИЛИККЕ КАДАМ

Табылбек кызы Бермет,

Ак Суу районунун Теплоключенка айылындагы

Академик М.Мамакеев атындагы  мектеп–гимназиясынын математика мугалими

Классы: 7-класс

 Класстык саат

 Сабактын формасы:   аралаш сабак

Сабакта колдонулган усулдар:  интерактивдүү, практикалык-көрсөтмөлүү.

Сабактын ыкмалары:   акылга чабуул, ийгилик багы, беш манжа, фиш боун, ийгилик мунарасы.

Баалоо ыкмалары: топтук баалоо, өзүн-өзү баалоо.

Баалоо критерийлери: ар бир окуучуга кишинин элесин берген стикерлер таратылып берилет, окуучулар сабакта жетишкендиги боюнча өзүн-өзү баа коюп, аты жөнүн жазышып,  доскадагы “Ийгилик ракетасына”  чапташат, түшүнбөй калган нерселерин да белгилеп жазышат. Ал эми топторду баалоодо ар бир мүчөнүн толук кандуу жообуна  1 ден доллар ( баракка чыгарылган) берилет, кайсы топтун доллары  көп болсо, ошол топ жеңүүчү деп табылат.

 Сабактын жүрүшү:

 Уюштуруу этабы — жагымдуу маанай. 2 мин

 Мугалимдин иш-аракети:

— Саламатсыңарбы менин сүйүктүү окуучуларым! Силер менен жүз көрүшүп жатканыма абдан кубанычтамын!

Бүгүн сабакта биз 3 топто бөлүнүп иш алып барабыз.

(окуучулар даярдалган саякат жолдомолорунун негизинде топторго бөлүнүшөт)

— Кана эмесе окуучуларым сабакты баштаардын алдында силер менен бирдикте “Сыйкырдуу кутуча” оюнун ойномокчубуз.

Ал үчүн силер өз тобунарга тиешелүү кутучанын ичин карап класстагы “Эн мыкты окуучунун” сүрөтүн көрөсүздөр да айтпай турабыз, аягында жыйынтык чыгарабыз.

Мына ар биринер класстын мыктысын көрүп алдыӊар, ушундай жагымдуу маанай менен сабагыбызды баштайлы.

Окуучунун иш-аракети

— Саламатсызбы! Рахмат! Биз да сиз менен бирге сабак өтүп жатканыбызга кубанычтабыз!

Саякат жолдомолорун алышат (I топ — Мальдива, II топ — Дубай, III топ — Анталия )

Окуучулар “Сыйкырдуу кутучанын” ичиндеги  күзгүдөн, өздөрүн көрүшүп, эмоцияларын көрсөтүшөт.

(Уялуу, жагымдуу таӊ калуу менен, мугалимди кунт коюп угушуп, көӊүлү көтөрүлөт)

Жаңы темага киришүү. Теманы божомолдоо-2 мин

Мугалимдин иш-аракети:

Акылга чабуул –

сүрөткө түшүндүрмө бергиле.

Бул сүрөттү кандай адамдар менен салыштырсак болот ?

Ойлорду угуп, максатсыз адам менен салыштырып  темага багыт берүү.

Демек балдар максатсыз адам сууда агып бара жаткан  устун (жыгач) сыяктуу. Ошондуктан максат кое билип, бийиктиктерди багынталы.

Анда эмесе силерди максат менен ийгиликтин дүйнөсүнө жетелемекчимин.

Окуучунун иш-аракети

Бул сүрөт агым менен кетип бара жаткан кишинин, жасаган ишинин жыйынтыгы жок адамдарга окшош.

Себеби ал суунун нугу каякка бурса ошол жакка кете берет, ал эми тосмолордо токтоп калат, качан суунун агымы күчөмөйүн ал жерде тура берет.

Мындай окуучулар да бар алар сабакка максатсыз келип кетишет.

Окуучулар максатсыз адам менен устунду салыштырышат

Ийгилик жана максат ж.б. варианттар айтылат.

Бүгүнкү сабактын темасы:

Максат – ийгиликке кадам;

Бүгүнкү сабактын максаты

Мугалимдин иш-аракети:

(окуучуларга жогорудагы жазылган сабактын максаты тааныштырылып, талкууланат)

Силер байкагандай эле максаттуу адам ийгиликке жетишүү менен кыялдарын орундата алат.

Окуучунун иш-аракети

Теманы белгилеп жазып алышат.

Окуучулар максаттарды окуп, өз ойлорун кошот. Темага берилген  максаттар талкууланат, окуучулар тарабынан кошумча ойлор жазылат.

Мугалимдин иш-аракети:

Доскадан чыккан слайдтагы сүйлөмдөрдү окуйлучу. Хор менен:

Мен күчтүүмүн!

Менин колуман бары келет!

Мен максатыма жете алам!

Ал эми азыр силер ушул сыяктуу ишеним сөздөрүн ичибизден өзүбүзгө айтып, смарт доскадагы “Ийгилик багына”  жазабыз.

Сабакта өзүбүзгө болгон ишеничти арттыруучу сөздөрдү айтып, максатка жетүүнүн алгачкы кадамдарынын бирин жасадык.

Окуучунун иш-аракети

Окуучулар мугалимдин артынан үнүн жогору көтөрүп, кайталайт.

Мен өзүмө ишенем!

Мен ийгиликтүүмүн!

Мен барына жетишем!

Мен мыктымын! деген сыяктуу мотивация берүүчү сөздөрдү ойлонуп, смарт доскадагы “Ийгилик багына”  аффирмацияларды жазышат.

 Жаңы теманы түшүндүрүү, маалымат берүү   — 3 мин

Мугалимдин иш-аракети:

“Максатсыз жашаган адамдын  башка жандыктардан айырмасы жок” деген  Сарт акенин учкул сөзүнөн бул темага киришким  келди.

Ар бир инсан бул дүйнөгө жакшы үмүтү менен келет эмеспи. Турмуш бул бүтпөгөн күрөш экендиги бардыгына маалым, ошол күрөштү биз бир гана ийгиликтүү болуп жеӊе алабыз балдар.

Максатсыз адам ийгиликке жете албайт.

Азыр силерди максатка жетүү жолдорун чагылдырган видео роликти көрүү үчүн көнүлүнүздөрдү экранга  бурам.

Видео https://youtu.be/cAWVFZCEX8U

Силердин кандай максаттарынар бар?

Окуучунун иш-аракети

Экрандан Сарт акенин сөзүн окушат

Мугалимдин сөзүн кунт коюп угуп, видеороликти көрүп, андагы максат коюп ийгиликке жетүү жолдорун белгилеп жазып алышат.

   Ийгиликке жетүү үчүн эмгек кылуубуз керек, жакшы окушубуз керек деген сыяктуу ойлорун айтышат

Ар бир топтоп бирден окуучу  видео боюнча ой пикирин айтуу менен, максаттарынан  айтышат.

Мугалимдин иш-аракети:

1-тапшырма

Окуучуларга смарт доскадан  сүйлөм чыгаруучу сүрөттөр көрсөтүлөт.

Балдар азыр 4 сүрөт-1 жооп оюнун ойнойбуз. Силер сүрөттөрдү байланыштырып , сүйлөм чыгарууга аракет жасайсынар.

  • Башкалар уктап жатканда үйрөн.
  • Башкалар бекерчиликтен зеригип жатканда оку.
  • Башкалар ойноп жатканда эмгектен.

 Окуучунун иш-аракети

Катылган сөздөр чыккан учурларда окуучулар, темага байланыштырып сүйлөм табууга аракет кылышат.

4.Чыгармачылык жумуш / Практикалык иш — 4 мин

Мугалимдин иш-аракети:

Улуу инсандардын айткан накыл сөздөрүнө чечмелөөгө аракет кылып көрөлү.

2-тапшырма

I топ   “Жолду билгенге жол берүү үчүн бүткүл дүйнө артка чегинет”  — Девид  Стар Жордан

II топ   “ Адам –өзүнүн акыл-оюнун азыгы, эмнени ойлонсо, ошого айланат” — Махатма Ганди

III топ  «Ийгиликке карай лифт жок,  андыктан  арты артынан кадам таштоочу тепкичтерди пайдалануу керек” — Джо Жирард

Окуучунун иш-аракети

Ишти билген кишиге берүү керек, ар бир адам жок дегенде бир ишти жакшы жасашы мүмкүн, ал эми билбегендер андан үйрөнсө болот.

Ой бул күч, адамдын ойлогон  нерсеси сөзсүз кабыл болот, андыктан жалаӊ жакшы нерселерди ойлонуп, ийгиликке умтулалы.

Ийгилик бул кадам артынан кадам аркылуу келүүчү нерсе. Ийгиликке бир иш жасап коюп жетем деген ой туура эмес. Анткени мындай учур болсо дагы, адам бул ийгиликти көтөрө албай калышы мүмкүн  деген сыяктуу ой пикирлер айтылат.

 Мугалимдин иш-аракети:

3-тапшырма

Кана балдар силердин алдыӊарда  QR код менен катылган тапшырмалр турат , смартфондордун жардамы менен аны ачып алалы.

I топ

II топ

III топ

Эми смартфондордон чыккан сүрөттөргө окуя түзөбүз. Позитивдүү аяктаган окуя болуусуна багыт берилет.

Окуучунун иш-аракети

Окуучулар берилген QR код менен катылган тапшырмаларды сканерлөө жолу менен ачышат.

Сүрөттөрдү байланыштырып “Ийгиликтүү окуя” түзүп, топ менен бирге жактап беришет.

Мугалимдин иш-аракети:

  Азыр силерге  12 шт А 4 форматында барактар жана клей берилет ушул каражаттарга силер берилген темага ылайык чечмелөөлөрдү жазып, талкуулап, ошол эле барактар менен  «Максат мунарасын”  жасайсынар.

4-тапшырма

I топ

«Ийгиликтин ачкычтары эмнелер?»

II топ

«Максат деген эмне ?»

III топ

«Максат ийгиликке кадам» — темасында

ар бир командага, берилген суроолорго жооп берүү менен «Максат мунарасын”  жасашат.

Окуучунун иш-аракети

Окуучулар берилген баракчаларга бирден жооп жазышат. Берилген клей жана барактар менен мунара жасоого аракет кылышат. Бул жок нерседен, шарты жок жагдайларда да бир нерсе ойлоп табууга жол түзөт.

Мугалимдин иш-аракети:

5- тапшырма

Жалпы класс менен иштейбиз ар бир топтон 2 ден окуучу чыгат.

Смарт доскада  “Фишбоун”  оюнуна керектелүүчү каражаттар турат

Тема:      Максат

Скилеттин жогорку жагында ийгиликтүү адамдар , астынкы жагында алар эмненин негизинде ийгиликке жеткендигин жазышат, жыйынтыгында адал эмгектен ийгилик жаралаары баса белгиленип окуучуларга айтылат

Окуучунун иш-аракети

Смарт доскага “Фишбоун” ыкмасына ылайык жооптор жазышат

Жогору жагына Илон Маск деп жазышса, тушуна “Тесла” үлгүсүндөгү машина

Ч.Айтматов деп жазышса — жазуучулук өнөр деген сыяктуу жоопторду жазышат.

Демек бул инсандын бары максат коюп, тынымсыз эмгек кылып, ийгиликке жетишкен деп жыйынтыкташат.

Кайтарым байланыш/ Рефлексия-2 мин

Мугалимдин иш-аракети:

“Беш манжа”

Манжаларынарды калем саптын жардамы менен  баракка түшүрүп алып , ар  бир манжанарга ийгиликке жетүү үчүн силерде кандай сапаттар болуш керек экен , жазып берсенер.

Мугалим ушул баракчада жазылган сапаттарды балдар дагы да өнүктүрүүсүн , башка жаман сапат кошулбоосун эскертип айтып турат. Манжаларды жыйнап алат

Окуучунун иш-аракети

Окуучулар кагазга маркердин жардамы менен манжаларын түшүрүшүп , өзүндө болгон оӊ сапаттарды жазышат.

Терс сапаттар турмушта ийгиликтерди багынтууга тоскоолдук жаратаарын түшүнүшөт

Мугалимдин иш-аракети:

Урматтуу окуучулар жана ата энелер (ата энелер тарбиялык сабакка тартылат) , сиздер азыр экранда көрсөтүлгөн шилтеме менен кирип , суроолорго жооп берүүнүздөрдү өтүнөм.

https://forms.gle/7RH51EXGretxipmM8

https://forms.gle/beBAjvYV3WFMcCwQ8

Бул сабактан эмне ала алдынар? — деген суроого жооп берип ( ар кандай форматта) инстаграм баракчасынан класстын  аккаунтун белгилеп киргизип коесунар.

Окуучунун иш-аракети

Окуучулар шилтеме аркылуу анкетанын суроолоруна жооп беришет.

Мындай тапшырмалар көндүм болгодуктан, окуучулар тез арада аткарууга далалат кылышат.

Сабакты баалоо-

Мугалимдин иш-аракети:

Балдар силерге таратылып берилген стикерлерге өзүнөргө өзүнөр баа коюп , аты жөнүңөрдү жазып жана түшүнбөй калган нерселериңерди белгилеп жазып, доскадагы “Ийгилик ракетасына” чаптайбыз.

Топтун лидерлери упайларды эсептеп, санын айтышат. Жыйынтык чыгарылат.

Окуучунун иш-аракети

Стикерлер берилген көрсөтмөгө ылайык толтурулуп “Ийгилик ракетасына” чапталат. Лидерге упай саноого көмөктөшүшөт.

Үй тапшырмасы-1  мин

Мугалимдин иш-аракети:

Кийинки сабакка бир жумалык SMART  мерчем түзгүлө жана күн сайын аны анализдегиле. Анда силер конкреттүү максатты жазып , жана ага жетүү мөөнөтүн белгилегиле. Жума сайын максат коюп , аны ишке ашырууну адат кылгыла.

Бул максаттарды ишке ашыруунардын аракетин чейректин аягында ата-энелер чогулушунда талкуулайбыз. Андан ары максат коюну адатка айлантууга аракет кылабыз

 Окуучунун иш-аракети

Балдар максаттарын өздүк күндөлүктөрүнө түшүрүшөт. Күндө кылган иш аракеттерине анализ берип , жыйынтык чыгарышат. Ата-энелерге маалымат берилгендиктен , алар көзөмөлдөп турушат.

 Сабактын корутунду этабы — 1 мин.

Мугалимдин иш-аракети:

Элибизде   “Аракет кылсаӊ – берекет” — деп бекеринен айтылган эмес

Кандай ишти баштабагын, аны жакшы ниет менен баштап, талыкпай эмгектенсеӊ, акыры бир күн анын үзүрүн көрөсүӊ .

Ийгиликтүү адамдардын чөйрөсүнө аралаш, сен да ийгиликке жакындайсын.

Окуучунун иш-аракети

Максат коюп, аны ишке ашырууга багыт алышат.

Жакшыга жанашуу,  жамандан адашуу керек деген сыяктуу ойлорун айтышат.

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер