КӨПӨЛӨК КАНЧА ЖАШАЙТ?

  • 28.04.2023
  • 0
КӨПӨЛӨК КАНЧА ЖАШАЙТ?

Мырзабаев Таалайбек,

Түп районундагы  К.Карачев атындагы № 21 Сары-Дөбө орто мектебинин

башталгыч класстын мугалими

Адабий окуу сабагында балдар адабиятын интеграциялоо

Предмети:  Адабий окуу

Сабактын темасы:  «Көпөлөк канча жашайт?» Лела Кистаури

Классы:  3а – класс

Күтүлүүчү натыйжалар:

Окуучулар чыгарманын мазмунуна карата берилген ойлорду ырасташып  же жокко чыгарышат; ой пикир жана факты менен иштешет;

Электрондук https://bloomlibrary.org/kyrgzstanOkyyKeremet  сайты

башкы каарманга карата класстер, синквейн түзүшѳт;

natgeotv.соm сайты менен иштешет;

окуянын айлампасын түзүшѳт

Стратегиялар\ыкмалар:

«сандык катары»,  «ооба  же жок»,  «сүйлөмдөрдү толуктоо»,  «окуянын картасы»,          «айлампа», «сөздөрдүн  дубалы»

Керектелүүчү каражаттар:

Басмадан жарык көргөн  китептер, суроолор, тапшырмалар жазылган карточкалар (ватмандар)

Видеофильм  «Көпөлөктүн жашоосу»

natgeotv.соm сайты менен иштешет; проектор, экран, смартфон, планшет

Окутууну уюштуруунун формасы:  жуптарда, кичи топтордо,  жалпы класс менен иштөө.

Иштөө кадамдар:

Текст менен таанышканга чейин  1-кадам:  «Мээ чабуулу» ыкмасы  колдонулат.

Ой пикирлерин угуу  максатында проектордон   сүрөт көрсөтөм

Окуучулар  эки минутанын ичинде проектордон көргөн сүрөт боюнча жеке, жупта иштешип ой пикирлерин айтышат.

Ой пикирлер талкууланат

КӨПӨЛӨК КАНЧА ЖАШАЙТ?КӨПӨЛӨК КАНЧА ЖАШАЙТ?
2-кадам:      Проектордон   сүроттү  180 градуска бурулганын көрсөтөм

Окуучулар кайрадан талкуу жүргүзүшөт, талдашат. Бул сүрөттөн факт жүзүндө эмне экендигин ырасташат.

Жыйынтыгында окуучулар ой-пикир жана фактынын айырмачылыгын ажыратып билишет.

3-кадам: Жаны сабакка киришүү

Окуучуларга «Көпөлөктүн жашоосу»   тууралуу  кандай  билимдери бар экендигин билүү максатында карточка, таблица таратып берем.

                                              «Ооба» же «Жок» ырастоолор

Өз алдынча иштешет  жана флипчартка доскада жыйынтыкташат

КӨПӨЛӨК КАНЧА ЖАШАЙТ?

Тексти окуганга чейин суроолорду берем:

  • Көпөлөктөр тууралуу эмнелерди билесиӊер?
  • Китептин мукабасын көрүп , кандай ойго келдинер?
  • Автору ким экен?

  КӨПӨЛӨК КАНЧА ЖАШАЙТ?

КӨПӨЛӨК КАНЧА ЖАШАЙТ?

4-кадам: Окуучулар текст менен Электрондук nttps: // bloomlibrary.org/kyrgzstanOkyyKeremet сайтынан таап таанышышат.

Тексти мугалим жана  окуучулар чынжырча түрүндө көркөм окушат, окуу учурунда суроолор берилип талкуулар болуп турат.

  КӨПӨЛӨК КАНЧА ЖАШАЙТ?КӨПӨЛӨК КАНЧА ЖАШАЙТ?

              5- кадам: Текст менен таанышып окушкандан кийин

«Көпөлөктүн жашоосу»  илимий таанып билүүчү маалыматтык Google планета сервисинен видеофильм  көрсөтөм  natgeotv.соm сайты менен иштешет;

6-кадам: Окуучулардын тексттин мазмуну боюнча алган түшүнүктөрүн бекемдөө үчүн төмөнкү  тапшырмаларды аткарышат.

«Ооба же жок » ыкмасы менен мурдагы жана окугандан кийинки ойлорун ырасташат.  Жыйынтык чыгарышат.

                                                          Таблица менен иштешет

1-тапшырма:  «Ооба же жок»   ыкмасы (окуучулар жекече аткарышат, андан соң жалпы класста талкуулашат).

Чыгарманын негизги мазмунуна, башкы каарманга байланыштуу сүйлөмдөр берилет. Окуучулар  «ооба»  же  «жок»  деп өз ойлорун ырасташат.

2-тапшырма: Окуучулар берилген сүйлөмдөрдө калтырылып кеткен сөздөрдү толуктап жазышат жана көркөм окуп беришет (жуптарда же кичи топтордо иштешет).

 

 Андан сон окуучуларды үч кичи топко бөлүштүрөм жана тапшырмаларды берем.

Кичи топтор тапшырманы аткарышат. Жалпы класс алдында презентациялашат.

КӨПӨЛӨК КАНЧА ЖАШАЙТ?1-топко «Окуянын картасы» топто чыгармадагы окуянын стрелканын багыты боюнча флипчартка жазып иштеп чыгышат.

2-топко «Сандык катар»  окуучулар  «Көпөлөктүн жашоосу»  тууралуу ирээти менен баскычтар аркылуу сүрөттөрүн коюп чыгышат. Флипчарт доскага илингенде жалпы талкуулап катасы болсо оңдошот.

  КӨПӨЛӨК КАНЧА ЖАШАЙТ?  3-топко «Айлампа» топтогу окуучулар текстеги окуяны ирээти менен айлампа аркылуу сүрөттөп беришет. Доскада презентациялашат. Катасы болсо окуучулар жалпы оңдошот.

КӨПӨЛӨК КАНЧА ЖАШАЙТ?КӨПӨЛӨК КАНЧА ЖАШАЙТ?   Кайтарым байланыш, рефлексия:

 Окуучуларым медиа сабаттуулук боюнча сынчыл ой жүгүртүүгө, ой пикир  жана фактыны ажырата билүүгө, керектуу сайттардан маалымат алып талдай билүүгө үйрөнгөнүн суроо жооптор аркылуу бышыкташат.

Билимдерин, жетишкендиктерин баалоо:

Формативдик баалоо менен окуучунун жетишкендиктерин баалоо экранына шарттуу белгилер менен жана электрондук күндөлүккө жазып ата энелерге жиберем.

Үй тапшырмасы:

Жогорудагы стратегияларды колдонуу менен окууга сунушталуучу китептер: «Асмандагы  кит»

Автору: Сиддхарт Чакраварти

Иллюстратору: Кавери Гопалакришнан

Электрондук https://bloomlibrary.org/kyrgzstanOkyyKeremet  сайтынан окууну сунуштайм.

Тексте кездешүүчү жаңы сөздөр жана керектелүүчү таблицалар:

«Сөздөрдүн дубалы» ыкмасы

Ар бир сөз чоң жазылып өз-өзүнчө кесилип алынып доскага чапталат

көпөлөк            монарх       лимонница      кардинал    баскыч   личинка  гусеница  куурчакча   курт   30-45 күн  метаморфоза

«Ооба же жок» ыкмасы

ЫрастоолорообаЖок
Чыгарманын башкы каарманы — курт.
Көпөлөктөр көп жыл жашайт.
Көпөлөктөр канаттуулар дейбизби.
Көпөлөктөрдүн түрлөрү көпбү?
Көпөлөктөр 4 баскычты басып өтөт.

«Сүйлөмдөрдү толуктоо» ыкмасы

-Көпөлөк абдан _____!  Ал өзүнүнүн _____ менен көздү суктандырат. Көпөлөктүн жыт  билүү _______ күчтүү.

Колдонулуучу сөздөр:      Кооз, көркү, сезими

«Окуянын картасы»

Башкы каарман

Көпөлөк

Окуя болгон мезгил

Жай мезгили

Окуянын башталышы

Көпөлөктүн көп түрдүүлүгү

Окуянын ортосу

4 баскычты басып өтүшү

Чыгарманын аягы

Көпөлөктүн канча жашаары

Окуядан эмне түшүндүм

Көпөлөк жана көпөлөктүн жашоосун

 «Айлампа» ыкмасы

Көпөлөктүн жашоосу         Көпөлөктүн түлөрү

Көпөлөктүн балдары              Көпөлөктүн баскычтары           

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер